МУРАТОВ Абдыкерим: АБДЫКЕРИМ МУРАТОВ: «ЛИМОН»

Шиңгил аңгемелер

Сыртта суук. Бир топтон бери бурганак тыным албай кыштын каарын кабарлап турат.

Бул экөөнө болсо чилденин суугу билинбейт. Жылуу үйдө, калың жууркандын ичинде.

— Мелис, баягыдан жегим келип жатат, – Келин күйөөсүнө ыктай өзүнүн жылуу кучагына имере тартты.

 

— Баягың эмнең, жаным?

— Баягычы? Атам Сочиге курортко барганда алып келген.

— Ай, мен кайдан билейин? Биздин үйлөнгөнүбүзгө төрт гана жыл болбодубу, а атаңдын курортко барганы качан?!

— И-ий, эмне эле? Сарычы? Тилимдин учунда эле турат?

— Сарыдан көп неме жок, кайсы бирин билейин?

— Сарычы? Алмага окшош. Жейт ко?

— Ай, алтыным, лимонбу?

— Ий, лимон! Лимон жегим келип атат.

— Ушундай кычыраган суукта кайдагы лимон. – Жигит келинчегин шылдыңдай күлүп койду.

— Мыскылдабачы! Чын эле жегим келип атат. Бая күнү базардагы ашканада лимон ширесинен компот кылышыптыр. Үч стакан ичтим, кесиндилерин калтырбай жедим. Баары мени карап таң калышты. Жинди го дешти окшойт…

— Ай, бечарам, деги жан-алың сообу?

— Соо болчу беле. Колуңду берчи?

Келин күйөөсүнүн колун аяр кармады да, акырын тартып келип, өзүнүн үч жылдан бери күттүргөн курсагынын үстүнө таштады.

— Чын элеби? Чын элеби? Алтыным… Лимон эмес, мен сага…

Жигит сөзүнүн ар жагын уланта албай калды, анткени анын сүйлөөгө эриндери бош эмес эле…

 

ЖЫГЫЛУУ

Чоң эне өткөн күндөрүн эстеп, кыңкылдап ийик ийрип, чарпаяда олтурган. Москвада окуган небересинин чоң уулу – төрт жашар чөбөрөсү чуркап келди.

— Чоң эне, чоң эне! Жыг-ый-дым. Ий-ла-ган йок-мун! – Чөбүрө энесине канап жаткан маңдайын көрсөттү.

Наристесинин маңдайынан агып сызылып түшкөн канды көрүп кемпир коркуп кетти.

— Ий-й, айланайын! Эмне турасың! Ыйла!

Ансыз да ыйлагысы келип, буулугуп, жыгылганга бир аалам болуп, ата-энесин сагынганга андан бетер куса болуп турган бала кантсе да өзүн араң кармап турган жеринен озондоп ыйлап жиберди. Кемпирдин шаштысы кетип, чуркап барып, кийизден жулуп алып күйгүздү да, баланын маңдайына курмушу басты.

— Ыйлаба, уулум, – деди кемпир кичинекей чөбүрөсүн бооруна кысып, — эч нерсе эмес, азыр эле сакайып калат, бирпаста эле жыгылганыңды унутасың. Бул турмушта көп жыгылып, көп турасың, бул жыгылыш эч нерсе эмес.

Бала ыйлабай калды. Кайра ойногону көчөгө велосипедин жетелеп чыгып кетти.

Айылга каттаган акыркы автобуста кемпирдин быйыл онду бүткөн жалгыз уулунун төртүнчү баласы – небиреси келди.

— Чоң эне, эч кимге айтпай эле коюң, мен экинчи экзаменден жыгылып калдым, — деди небиреси кирип келип эле чоң энесине.

— Мейли, ананайын, кайра жакшы болуптур, чөп-сөп да орулбай турат.

— Сизге эле! Ушул жерде олтуруп алып, мени өтпөй калса экен деп кудайдан тилеп…

— Быйыл өтпөсөң, келирке өтөсүң. Окубагандар деле жашап атпайбы. Силер эле окуу деп… Мен өлсөм жанымда болосуң, андан гөрөк кошок кошушту үйрөнүп ал. Таяк кармап ыйлап турасың…

Кечинде чоң эненин уйкусу качып кетти. «Эмне уулум дагы ичип алып бирөөлөр менен чатакташты бекен. Саар менен шашылыш кеткен же ишинен тынч эмеспи, болбосо жанагы ыраңы суук катыны дагы бир нерсе деп койдубу?» Эне ушундай ойлорду биринен сала экинчисин ойлой берди.

Уулу түн жарымда келди. Эне акырын туруп муздап калган оокатты жылытууга киришти.

— Мен оокат ичпейм! – деди уулу корс этип.

Анан энесинин бутун кучактап ыйлап жиберди.

— Ревизия келди. Менин айыбымы табышты. Силерди багам деп жүрүп… Көр оокаттын айынан… Бутуна жыгылып ыйласам да текшерүүчүлөр кечирбей коюшту…

Уулу кадимкидей бышактап ыйлап атты, анын ыйы өзүнө жарашпай турду.

Чоң эне уулуна эч нерсе айтпады, ушул күнү чөбүрөсүнө, небиресине айткандай акылдарын айта албады…

 

ЖУМУРТКА ПЛАНЫ

Район борборунан башкарма көңүлү чөгүп кайтты. Эми эле биринчи секретардын айткан сөздөрү кулагында биринен сала экинчиси жаңыра берди: «Жетишет эми, жумуртканын планы дагы толбоду. Эт тапшырууда райондо эң арттасыз! Өткөндө тапшырган этиңиз эң эле сапатсыз экен, иштебесеңиз арызыңызды жазыңыз да, кете бериңиз!»

Башкарманын «Газиги» түз эле канаттуулар ферма башчысынын үйүнүн алдына токтоду.

— Силер үчүн сөз угуп жүрө берет экенмин да, жетишет эми!  Эмне кылсаң ошол кыл, жумуртка планын толтур! – деп сөзүн баштады башкарма саламга да келбей ферма башчы чыгары менен.

Канаттуулар фермасынын башчысы таң атканча тынчы кетип чыкты. «Канткенде жумуртка планы толот? Тоокторго кесел тийип кескин азайып кетти. Аларга акт түзүп, отчёттон чыгарсаң дагы бале! Эмнеси болсо да планды толтуруу керек».

Эртеси ферма башчы үрүң-бараң таң атканда тоокканага жетип барды.

— Кайдан болбосун жумуртка планын толтур, — деди ал өктөм сүйлөп, — дагы жыл аягына чейин он сегиз миң даана жумуртка даяр болсун!

— Ой, ал кайдан болот же күндө ар бир тоок үчтөн жумуртка туушу керекпи?

— Билбейм, үчтөн тубабы, алтыдан тубабы, иши кылып план толсо болду!

— Ой, кантип болот? Өзүм кошо тубайынбы?!

— Өзүң кошо тубасыңбы, катынаң кошо тубабы, мени аны билбейм, жыл аягына чейин он сегиз миң жумуртка даяр болуш керек дедимби, болду, сөз бүттү, болбосо башкача сүйлөшөбүз.

Тоокбагарды катуу ой басты. «Кантип он сегиз миң даана жумуртка алууга болот?! Кантип?! Эч мүмкүн эмес!»

Анан ал өзүн көздөй жабалактап келаткан тооктор тарапка басты. Ойлонуп келатып ачуусу келип алдынан жем сурап чыккан бир тоокту катуу тээп жиберди. Байкуш тоок ачуу бир кыйкырып алды да, канатын каккылап, өзүнүн ээсинен ары учуп кетти…

 

ЭЧ НЕРСЕ ТҮШҮНБӨГӨН ТРОЛЛЕЙБУС

Мен аны дайыма көрчүмүн. Бир гана жекшемби күндүн өтүшү мен үчүн тозок эле, анткени ал күнү экөөбүз көрүшпөй калчубуз. Ал дайыма түшүмө кирип, таттуу уйкумдан ажыратып, көпкө көзүмдү чекчейтип жаткырчу. Аппак өңү, бетиндеги кичинекей калы, аста жылмайганда уурданып көрүнө калган тептегиз катар тизилген тиштери, эки өрүм чачы күнү бүгүнкүдөй эсимде. Бир гана мен ага канча жолу карасам да, акмалап артынан узак жерге чейин ээрчип барсам да, көзүмдү албай мелтиреп тиктеп козголбой олтура берсем да, ал мени бир жолу да жакшылап карап койчу эмес.

Эртең менен күзгүнүн алдында көпкө туруп, мүмкүн болушунча жаңы, таза кийинишим, чачымды сылап-сыйпап тарап жүрүшүм, бир гана ал үчүн эле. Бир блокнот толтуруп ыр чыгарып, кайра-кайра каттар жазып, бирок ал ырымды бере албай кыйнала берчүүмүн. Мен өзүмдүн кийинки турмушумду ансыз элестете албайт элем.

Тагдыр аны мага кайра жети жылдан соң кездештирди.

— Мени тааныйсыңбы? – дедим анын жолун атайлап торой чыгып.

Ал бир топко карап турду да, анан кокусунан ууртунда баягы жылмаюусу пайда боло калды.

— Тааныйм!

Мен сүйүнүп кеттим. Колунда оор жүгү – базарлыгы бар экен, аны көтөрүшүп алгым келди. Ал анысын мага карматпай койду.

— Кандай жаңылык? – дедим мен.

— Жаңылык дале жок.

— Мен үйлөндүм… Балалуу болдум…

— Билем…

— Кайдан?

— Билем да… 26-апрелде тоюңар болгонун, 10-февралда уулдуу болгонуңарды, аялыңыз сизден үч жаш, он төрт күн кичүү экенин…

— Анын баарын кайдан билесиң?

— Билем да.

— А сен турмушка чыктыңбы?

— Жок. Эр буйрубаптыр!

— Неге? Дагы эле бойдок жүрөсүңбү?

— Ооба, анан эмне кылам? Бир убакта мен жакшы көргөн бирөө өз сырын айта албай өзү менен өзү болуп кете берди, а мен жалгыз калдым…

— Кайда иштеп, кайда жашап атасың?

— Анын эми сизге эмне кереги бар?..

Ал мени менен коштошууга да үлгүрбөй, келип калган троллейбуска шашып чыгып кетти.

Зымга байланып, зымдан башка жакка чыгып кете албаган троллейбус, эч нерсени түшүнбөгөн троллейбус аны менден ыраактатып алып кетип калды…

 

АК ЧЫЙЫР

Талаа аппак. Бүт аалам аппак. Эки айылды туташтырган жолдун нугу билинбейт. Эки айылдан бири-бирине карама-каршы эки караан чыкты. Анын бири чоң айылда мугалим болуп иштеген кичи айылдык жигит. Экинчиси болсо чоң айылга мындан үч жыл илгери келин болуп түшкөн кичи айылдык кыз. Келин жигитти айылдан жаңы чыгып, аппак кардагы нокот сыңары каалгып келатканда эле тааныды.

Ал өзүнүн айылы жакты көп карайт да, бир топко улутунуп турат, өзгөчө бул адаты кийинки күндөрдө күчөп баратат. Жигит алыстагы караандын ким экенин билбей, ага жолугууну тездеткиси келип, бир түн ичинде гана жааган улуу карды күч менен жирей, тез-тез басып келатты. Бир убакта каршысындагы караан токтоп калгансыды, кайра артына кетти, он кадамча узабай кайра алдыга жылды.

Дал маңдайына келгенде гана жигит колунда баласы, түйүнү бар келинди жакшы тааныды. Паттайи галош, тизесине чейин кар малтап, көзүнө жаш алып келатыптыр. Аппак дүйнөдө эки чекит кезигишти. Алар эки айылдан эки чыйыр салып келип мына ушул ээн талаада биригишти.

Жигит аскерден келгенче, аны күтпөй качып кеткен кызына эч нерсе айткысы келбеди…

Келин сүйгөн жигити келгиче зордуктап аял кылып алган Бектурганды, анын үч жыл бою көргөзгөн кордугун бет маңдайындагы көздөрүндө от ойногон жигитке айтып түшүндүрө албасын сезди…

Алар кайра жолго түшүштү. Эми алар бири-биринен узап баратты. Жигит баарын эстен чыгаргансып чоң айылдагы ак мектепке шашып жөнөдү. Майда арымдаган келин салган чыйырга алымсынбай, өзүнчө чоң адымдап башка чыйыр салып баратты, келин болсо арбыштуу аттаган жигиттин изине түшүп, эми артына да кылчайбай, ушул чыйыр гана бакытка алып бара тургансып, жигиттин ар бир таманынын ордун аяр басып, ал салган чыйыр менен алдыга үмүттүү жөнөдү…