МУРАТОВ Абдыкерим: АБДЫКЕРИМ МУРАТОВ: «ӨЗГӨРҮҮ»

Шиңгил аңгемелер

Борбордук аянт. Лениндин айкелинин алды. Буерден жылына эки жолу – майрамда «Ура-а! Ура-а!» деп туу, шар, гүл, плакат көтөрүп өтчүбүз. Трибунада тургандарга кол булгалоочубуз.

Эми аерге топтолуп, «Ур! Ур!» деп кыйкырчу болдук. Трибунада тургандарга муш көрсөтөбүз.

А эртең кантебиз, билбейм?..

 

 

ТЕБЕЛЕНГЕН ТАНКТАР

Карагыла, танктарды коюп коюптур. Үстүнө балдар чыгып, тебелеп ойноп атышат. Тим эле чурулдашып, жыргашат. Бири ок атар жеринде, бири каз тамандын үстүндө, бири бооруна жармашкан, бири капкагын ачып, ичинен башын кылтыйтат. Бүт эле оюн, тамаша, күлкү, ызы-чуу, талашып-тартышмай. Бири түшсө, бири чыгып, майкандап тебелеп атышат.

Бир убакта ушул танктар аянттан өтчү эле го, сүр болуп, күрүлдөп, дабышы кулак-мээни жеп, элдин үшүн алып, жерди титиретип, ангере жолду жырта турган күч менен. Балдар ошондо «кызыл шапкелердин» ары жагында көзүн алайтып, ичинен дымып үн катпай коркуп, чоочуркап, чочулап турчу.

Эми ошо балдар ошо танктарды минип ойношот…

 

ОРТОДО – ЖОЛ, ДАРЫЯ

Мен Сизди сагындым…

Ортобузда – жол. Сиз – ары жакта, мен – бери жакта.

Бирибизди бирибиз көрөбүз – колубуз жетпейт, кыйкырышабыз – үнүбүз жетпейт. Машиналар шоокуму доошубузду угузбайт, автокыймыл үзүлбөйт, өтүүбүзгө жол бербейт Сизге чуркап жетүүгө.

Ортобузда – дарыя. Сиз – аркы өйүздө, мен – берки өйүздө.

Бирибизди бирибиз көрөбүз – колубуз жетпейт, кыйкырышабыз – үнүбүз жетпейт. Дарыянын шоокуму доошубузду алып кетет агызып, суу үзүлүп токтоп турбайт Сизге чуркап барууга.

Жолдун бир жагында – мен, бир жагында – Сиз, кесип өтсөк, токтойт автокыймылы, бүт тиричилик катынашы үзүлөт, каргайт бизди адамдар.

Дарыянын бир өйүзүндө – мен, бир өйүзүндө – Сиз, кечип өтсөк токтойт суунун кыймылы, бүт тиричилик азыгы анда түгөнөт, ааламды ачарчылык каптап, каргайт жандуу-жансыздар.

Мен Сизди сагындым…

Ортодо – жол, дарыя, кесе албайбыз биз экөөбүз аларды…

 

ЭШИК

Бир жолу гөр көөлаганы келдик. Көркалардай жерди тырмалап каза баштадык. Оо бир убакта жаныбызга келип сагызган шакылыктады, ал мага минтип айтты:

— Кайткыла! Силер каякка баратасыңар?! Оодүйнөгө эшик ачып атасыңар го?! Ачпагыла, ал эшикти, кайра жапкыла! Толтургула, топурак менен! Силердин эшигиңерден адамдардын бары чыгып кетсе буякта ким калат?!

Будүйнөдөн оодүйнөгө эшик ачып аткан менин колумдан күрөгүм ыргып кетти…

 

РАМИСТИН ТРОЛЛЕЙБУСУ

Аялдамада турсам, кудай ай, бир троллейбус келатат, кыпкызыл, жолдун бир аягына, бир буягына чыгат, кайра түздөлүп калат, кайра аякка-буякка кыйшаңдайт. Акыры булкунуп келип аялдамага токтоду. Чыктым. Шашып орундукка отурдум. Троллейбуста жалгыз эле киши – Рамис акын. Мен ага кошулдумбу, жокпу, билбейм. Башка жан адам жок.

Жулкунуп-булкунуп, гуулдап, кайра жөнөдү. Бир аякка, бир буякка өткөн троллейбус менин ажалымдай сезилди. Корктум. Бир аялдама араң чыдап, анан түшүп калдым.

Ийрелеңдеп, «Ну, погодинин» поюздарындай, аякка бир, буякка бир өткөн троллейбустун терезесинен ар кимге кол булгалап каткырып коюп, чачтарын тикчийтип Рамис жалгыз, өзүнчө жыргап алыстай берди…

Ал түшкөн троллейбус кайда барып токтойт, токтойбу, жокпу, же бирдекени сүзүп, бирөөнү майып кылып коёбу, же өзү майып болуп калабы, билип болбойт, кетип эле баратат, кетип эле баратат…

 

КАРЫЗ

Саадат таяжемдин мурдунан кан шүүшүңдөп агып, токтобой койду. Аны кылды – болбоду, муну кылды – болбоду.

Кемпирлердин бири адамдын сөөгүн тапкыла, анан ошого канды тамызып туруу керек деди.

Сөөккө Амира эже бармак болду, бир чети кудагыйы, бир чети табып, киринечи. Эч ким каттабай калган, жолу-дөңү билинбеген эски кабырларды аралап көрүстөндүн ортораагына өттү. Тапты. Боппоз сөөк. Жатат. Боппоз болуп. Ким билет, кимдики экенин, качанкы экенин.

— Оо, сөөктүн эгеси, берип тур сөөгүңдү? Үч күндө кайра алып келип, ордуна коём. Жаңкы кыздын мурдунун каны токтобой атат. – Амира эже ушинтип жалынды. Куран окуп, бата кылды. Сөөктү ээсинен сурап алды. Таза дасормолуна ороду да, артынан бирөө тартып кала тургансып, шашып жөнөдү.

Сөөктү алып келди. Сөөккө кан тамды. Бир… эки… Улам аз-аздап, анан кан токтоду.

Көртиригликтин көп иши менен Амира эже үчүнчү күнү сөөктү алып баралбай калды. Ошо күнү сөөктүн ээси түшүнө кириптир: «Карызыңызды алып келбейсизби, аманатты унуттуңузбу» дегенсиптир.

Амира эже карызын таң атып-атпай алып жөнөптүр…

 

КУМАР

Жалалабат курортуна чыга бериште Шорбулак деген жерде отура берет бу киши. Же элге окшоп ылай сыйпанып, туздуу суу менен эти, бетин жуунуп дарыланбайт. Башы-көзүн гана ачык коюп, жыпжалаңач этине баткак сыйпап аткан бул жердеги дартына даба издеп келгендер менен ныпым иши жок, аларды карап да койбойт. Бирөө менен ачылып да сүйлөшпөйт. Адамдарга сырдашып айтып берер болгон сөзү эле ушу:

— Созокто мачитта кароол элем. Күндө эле, жылда эле буердин теректери кажылып калат. Бир күн таңкы супасаадакта карап турсам эки киши эле бир эшекти адеп эле көтөрүп, адеп эле жерге чабат, эшек байкуш онтойт, жан талашып качат. Ага болобу, дагы эле көтөрүп урат. Чочуп кетип, «Эй, кысталактар, имне кылып атасыңар, эшекке тийбегиле!» деп кыйкырдым. Мындай карасам ичтеме жок – эшек да, адамдар да. Кажылган терек турат. Келме келтирдим.

Кийин мени сен айнып калдың деп кароолчулуктан бошотушту. Ошондон бери ушерге келем. Күндө бир келип кетпесем бовойт. Азыр мынабул бадамдуу, мистелүү жылга менен, анабу теректердин кыл учунан асмандан жерге тийбей бирөөлөр келип көчүрүп өтөт. Элечек кийген, акбоз төө минген эне өтөт, чачвактарын чубалтып, шыңгыратып, жылаажын доош чыгарып катындар өтөт, кылыктанып кыздар өтөт, назданып, майда чачын айдалыга салып келин өтөт. Шарактаган сеп өтөт. Күндө ушул көрүнүш. Күндө ушинтет. Олор өткөндө теректердин башы жерге тийип-тийбей турат. Ошону көрөм, анан алар тез эле өтүп кетишет, болду, үйүмө кайтам. Атайын ошого ооу Созоктон келем.

Чал ушинтип айтат. Башка кеби жок.

Күндө бешим кеч бу кишинин өңүнө кызыл жүгүрүп, жүзү тамылжый түшөт, ошондо баягылар өтүп жатат ко деп түкшөмөлдөйм…

 

КЫЗЫМДЫН ИЗИ

Таңдан туруп, жаңы жааган карда кызым экөөбүз бакчага баратабыз. Кечиккени менен иши жок, кызым кыйыктанып, баскысы келбей, ар шылтоону бир айтат.

Мен алдыда, кызым төрт кадамча артта, ээрчишип баратабыз.

Бир убакта кызым:

— Ата, ата, менин изими тебелебе! – дейт. Таң калдым.

— Мен сенин алдыңда, биринчи басып, карга из салып баратпаймынбы? – дейм.

— Жок, мен баса турган жерди басып койдуң, менин изими тебелеп койдуң, — дейт тетириленип.

Карайм, андай дале эмес. Мен – алдыда, кызым – артта. Кадамымды аста гана коомай бир да из түшө элек жаңы эле жааган кар бетине таштайм.

Кызым болсо, болбойт, ачууланып кирет:

— О ата деп атам! Менин изимди баспа деп атам!

Чын эле кызымдын изин басып койдумбу?..

О, кудай ай, бирөөнүн баса турган изин бастырбачы?..

 

КЕМИРҮҮЧҮЛӨР ЖАНА КЕМИРИЛҮҮЧҮЛӨР

Асманда Күн турат чакчайып. Жер Күндү айланууда бизди үстүнө отургузуп алып. Ошондой Жерге отуруп алып Күндү айланып жүргөн кезибизде, бир жолу эки тогузунчунун ортосунда кысылышкан, куркулдайдын уясындай ысык, тар классыбызда үстүнө арбалээлер жазылган эски парталарда аткананын терезесиндей терезебизден фельдшер ака доктурканасын кантип ачып, анан бирпаста эле кантип мас болуп аларына таң калып, оозубузду агайлар айткандай Ошту каратып отурчууда зоология дегенден сабак өтчү ак чач агай:

— Жаныбарлар кандай класстарга бөлүнөт? – деп баарыбыздан сурап калды. Шашкалак классташым, өмүрү көтөрүлбөгөн колун «Мен эле, мен, мен эле, мен, мен айтам» деп безилдеп атып көтөрдү да, биз таңкала башына чөп сындырып койгуча, жаныбыздагы мал пүнкүттүн акырларынан уурдап чыккан чөнтөгүндөгү дайди тооктор тууган тукумун макам кармап, аш-пеш дегиче:

— Кемирүүчүлөр жана кемирилүүчүлөр! – деп шарт айтып отуруп алды.

Туура эмес айтканы үчүн агайдан «сыйлыкка» «эки» алды.

Байкуш классташым, өмүр бою бирөөлөргө кемирилип жүрүп, бир жакшылык көрбөй, ошонун азабын тартып, акыры өлүп тынды…

Түндө тар класс, ак чач агай, бурчта отурган классташым түшүмө кирди: ошол суроо, ошол жооп. Агай бул жолу – түшүмдө ага «5» койду.

Неге ушинтти, билбейм?..

 

АКЫРКЫ

Күздүн эң акыркы күнүндө акыркы троллейбуста эң акыркы аялдаманы көздөй, быйылкы жылдын соолуй баштаган акыркы гүлүн кармап, акыркы үмүт менен акыркы жолку жолугушууга баратам.

Акыркыдан корком.

Оо, кудай, акыркыдан корком…

 

ЖҮРӨК

Жүрөк – айгыр. Өз үйүрүн башка үйүрдөн коруп турат. Шамалбы, карбы, нөшөрбү, аны карабай үйүрүн кызганганы – кызганган, коруганы – коруган. Ал ошол кайтарган жылкылардын деминен, келбетинен, чырайынан азык алат да, кумар жазат. Чөп оттобойт, жем жебейт.

Жүрөк – айгыр. Анын күрөшү бүтпөйт, анын кайтаруусу тамамдалбайт, түгөнбөйт.

 

СҮРӨТ

Бул сүрөт мага ыйык – атам отуз төрттө, мен он бирде, карындашым беште экен. Атам оңуп кеткен боз купайке, сары тумакчан. Мен болсо жалтанып турган, сүрөтчүнүн фотоаппарытынан качан чымчык учуп чыгарын күтүп корккон кара, тоголок, жоош бала.

Мына бүгүн отуз төрткө толдум. Кызык, тун уулум он бирге, кызым бешке чыгыптыр.

— Жүргүлө! – дедим аларды шаштырып, — Эч кимди кошпой, өзүбүзчө бир сүрөткө түшөлү, эстелик болсун!

Куду ошондогудай атамдын элесин берип (кастюмум, чачым, галстугум, шаардык келбетим гана окшобой калды), балдарымды да ошол сүрөттөгүдөй кылып отургузуп «чырк» эттирди фотоаппаратчы.

Анан мага кокусунан бир ой келди: «Уулум азыркы мага окшоп отуз төрткө чыкканда ушул сүрөттү эстээр бекен, ошондо анын он бир жашар уулу, беш жашар кызы болоор бекен?!»

 

БАРИКТИН ТҮШҮ

Даракка чыктым да, барикке айландым. Барик болдум.

Тамырдан, сөңгөктөн, бутактан өтүп, анан мага келип аткан жердин демин шимирип аттым. Кандай ырахат – жер деми, турпак жыты.

Боюмду узак-узактан дүйнө жортуп келаткан желге тостум, жел экөөбүз аймалашып ойнодук. Кандай укмуш – аба жыты, булут жыты, асман жыты, деңиз жыты…

Уктап кеттим. Түшүмө күз кирип, бактагы бариктер менен кошо жаз, жай өлүп, бу дүйнөдөн көчүп, мени кошо муунтуп баратыптыр…

Менин, байкуш бир бариктин, түшүн жоруп бергилечи, адамдар?..

 

АРМАН

— Атажуртум, мен сени бирбоорум дейм, энем дейм, атам дейм, жүрөгүм дейм…

— А сен мени качан уулум дейсиң?.. А качан?!..

— .    .    .    .   .    .    .    .    .