МУРАТОВ Абдыкерим: АБДЫКЕРИМ МУРАТОВ: «ӨЗҮМДҮ ӨЗҮМ»

Шиңгил аңгемелер

Айлыма бардым. Жүрөгүм элеп-желеп, өзүм өзүмө батпай, сагынып, кусаланып, балалыгымды издеп жүрдүм…

Ар кимге жүгүрүп барам да, суроо узатам:

— Мени тааныйсызбы?

Атам жооп бербеди.

— Мени тааныйсыңарбы?

Инилерим унчукпайт.

 

— Эй, мени билесиңерби?

Кошуналарым тымпыйышат.

— Бу менмин го, мен!

Достор терс карашат.

— Ушу мектепти бүткөмүн, жакшы окуганмын, азыр аны-муну жазып жүрөм.

Мугалимдерим да унутушуптур…

…Бир убакта сабагынан үзүлүп түшкөн алма башыма «топ» этип, төбөм төмпөйдү да, көзүмө жаш келди. Дендароо болуп туруп, анан эсиме келип, чуркап бардым да, кыпкызыл алманы колума алып өпкүлөп-өпкүлөп ийдим.

— Ырахмат, ырахмат, кызыл алмам, ырахмат. Мени ушул өскөн айлымда жалгыз гана сен тааныйт турбайсыңбы?..

 

ЖОМОК

Алты жашар Эсенбек жатышка шашылды. Эми ал чоң атасынын түгөнбөс жомокторун угат да, эртең менен балдарга кандай укса, ошондой кылып бузбай айтып берет. Эзели чоң атасынын жомокторун угуштан тажабайт.

— Эсентай! Жаттыңбы, кагылайын? – Чоң атасы жомогун башташка даяр болуп калыптыр.

Эсенбек шашылып жууркандын ичине шумгуду.

— Жаттым! Айта бериң?

Чоң атасы бир аз унчукпай туруп акырын улутунат да, сөзүн баштайт.

…1943-жылдын кеч күзү эле. Биздин жоокерлер Белоруссиянын кыштактарын бошотуп жатышкан.

— Ий-й, чоң ата, сиз мени алдап жатасыз, жомок да ошентип башталчу беле?

— Анан кантип башталат?

— Илгери-илгери өткөн заманда… деп башталат ко?

— А, чунак бала десе? Макул.

Чал дагы узак жөтөлүп, анан өзүнө келгенде кайра баштайт.

— Илгери-илгери өткөн бир заманда фашист деген жоо тынч жаткан элге басып кирген экен. Ошондо Бекташов деген жоокер болуптур. Ал тилийпон улаштырган сывязда экен. Бир күнү душман эми гана чегинип кеткен бир кыштакка сым тартып жер астын казып жүрсө, буту кокустан бир оюкка түшүп кетет. Бекташов адегенде коркуп кетет да, анан өзүн токтотуп, акырын өзүнө-өзү «Живойсуңбу, Бекташов!» деп суроо берип алат да, караса блиндаж – жер төлөө экен, немистер ичиндегилер чыгалгыс кылып бекем жаап кетишиптир. Ал тырмалап эптеп жер төлөөнүн үстүнө басылган жыгачтарды чыгарат да, ичин карап селейип катып калат. Ичи толо балдардын өлүктөрү экен. Немистер чегинип кетип атып бир айылдын балдарын бүт тирүүлөй жер төлөгө камап кетишиптир. Байкуш балдар тырмалап-тырмалап жерди казып ийишиптир, кең жер төлөөнүн бир бурчуна корголошуп олтурган-олтурган жеринде жан беришиптир.

Чоң ата узак-узак жөтөлдү. Бала туруп, анын башын кармады. Көк чайдан пиялага толтуруп куюп берди.

Кайрадан тынчтык болуп калды.

Бир топтон кийин небере кайра тынчтыкты бузду:

— Чоң ата, эмне үчүн алар балдарды өлтүрүшкөн?

— Ээ, балам, олоруң өз душманынын тукумун үзгүсү келишкен адам жегичтер да.

Бала унчукпай калды. Ал чоң атасынын жомогунун ичине кирип кеткен эле.

… Дагы бир жылдан кийин кичинекей Эсенбек да мектепке барат, анан китептерден окуп кечээ өткөн Ата мекендик улуу согуш жөнүндө билет, мына ошол согушка катышкан миллиондогон жоокерлердин ичинде чоң атасы Бекташов да бар экенин билет. Ошол жоокерлер өзүнүн жана өзүнө окшогон көптөгөн балдардын өмүрүн коргоп калганын түшүнөт. Азырынча чоң атасынын айткандарын жомок катары угат.

Ылайым эле бала үчүн чоң атасынын айткандары жомок бойдон калсын, ылайым түбөлүк жомок бойдон жүрө берсин!

 

ТИШ

Эки келин мактанат:

— Кызыңдын канча тиши бар?

— Төрт! А сенин уулуңдукучу?

— Алты!

Кызга жигит жагынат:

— Күкүгүм, сага мен отуз эки алтын тиш салдырып берем!

Эки кемпир наалыйт:

— Сенин канча тишиң калды?

— Тиш кайдан?! Бары түгөндү. Өзүңдөчү?

— Менде эмненин тиши. Эми гөрдө бутту узун сунуп жатыш эле калды.

 

УШУЛ ЖАКШЫ НЕРСЕБИ?

Цирк.

Манеж.

Кичинекей мышык килтейген төөнү жетелеп алыптыр. Адамдардын бары муну көрүп, мышыкты алкап кол чаап кирди. Мен да алаканымды алаканыма тийгизип баратып, чочуп кеттим. Ушу жакшы нерсеби – мышык төөнү жетелеп баратса. Ушуга кол чабуу керекпи?!

 

КАРААН

— Ушул балам багат мени, жанымдан чыкпай караан болот! – Кичине чагымда, Көкдөбөдөгү алачыгыбызда, жатаарда энем күн сайын ушул сөздү мага багыштап, кайра-кайра кайталап айтар эле.

Эми ата болдум. Шаарга кеттим. Турмуш-шартыма шылтоолоп кипкичинекей баламды айылга калтырып атсам, энем уулума жалооруп атыптыр:

— Ушул балам багат мени, жанымдан чыкпай караан болот!

А мен энеме караанымды таптырбай жүрөм…

 

КӨК БЕТ, ТИЛ АЛБАС КЫШ

Күз күндөрүнө канбай калдым. Бышыкчылык жыттанган сары кез жер бетиндеги бийлигин дагы жүргүзө түшүшүн кааладым.

Кыштан корком. Эски оорумдун козголушунан кабатырланам. Сууктан чочуйм.

Кечээ кыш түшөргө окшоп калган. Мейли, мен аны киргизбейм деп терезелерди жалтырак сур кагаздар менен тостум, жылчыктарын кебездеп бүтөдүм, эшиктерди жылуулап жаптым, көшөгө-парданы түшүрүп, анан бейкапар жылуу жууркандын ичине шумгудум.

Күз – сүйгөнүмү коё бербей, экөөбүз эркелешип, кытыгылашып, каткырышып, ырдашып, жыргашып, ооналакташып жаттык эле…

…Көзүмдү ачсам, бүт теримден өтүп сөөктөрүмдө көк бет, тил албас кыш жүрөт. Баскынчы кыш өпкөмдүн ичине кирип беймараал уктап атат…

 

ДОСУМДУН КУТТУГУ

Ар майрамда досумдан куттук кат алам. Алардын баарында эки гана сөз жазылат – «Бактылуу бол!».

А бактылуу болдумбу, жокпу, билбей келем.

Эртең майрам, досум дагы тилекнаамысын жиберет – «Бактылуу бол!».

 

БЕШИКТИН СӨЗҮ

Бул адам бир убакта мага батып, менде жатканда, мен аны терметип, алдейлеп уктатар элем. Анда ал – менин балам, менин бир боорум болчу.

Кудай, ай, ошол балам, койнумдагы кичинекей перзентим, бешикке сыйган балам, чоңоюп, бою, акылы өсүп, бу чоң ааламга сыйбай калды.

Кайдасың, чүрпөм? Неге сен чоңойдуң? Неге сен бешикке батпай кеттиң?!

 

ЖОЛДО. СААТ. УБАКЫТ

Бутум жерге тийип-тийбей убакыт үнөмдөйм деп отуз үчүнчү жазымда шашып келаттым. Алдымдан чыккан жолоочудан саат сурадым.

— Он бир!

Андан бетер шаштым. Акыры убакытты утуу керек эмеспи? Отуз үчүнчү жаз. Кадамымды эсептеп, тездеттим. Он…, жыйырма…, жүз…, эки жүз…, беш жүз кадам аттадым.

Дагы жолоочу жолукту. Кайра саат сурадым.

— Он бир!

Таң калдым. Неге саат өзгөрбөйт? Эмне болду?! Же убакыт жылбай калдыбы? Же мен беш жүз кадам баскан жокмунбу?

Та-аң…

 

КЫЗЫМ БЕШИКТЕ УКТАП ЖАТАТ

Жер жарылып, асманды капкара булуттар басып, кулак-мээни тундуруп, аалам дүңгүрөп, тоолор көчүп, суулар ташып, ызы-чуулар абаны жаңыртып, демим кыстыгып, түрү суук бир караан муунтуп… акыры кыйналып чочуп ойгондум.

Ойгонсом, кандай бейпилдик, кандай тынччылык!

Кызым бешикте уктап жатат, ууртунда күлкү уялайт. Периштелер алтынымды эркелетип ойнотуп жатса керек. Жыргап атышкандыр. Көтөрүп бийикке-бийикке ыргытып атышкандыр.

Ай терезеге түшүп келип, кызымдын бетин сылап, акырын нуру менен мээримин өткөрүп жатыптыр. Алтын кызым – Айсулуум Айдын жылуулугун, сулуулугун, мээримин – бүт кубатын өзүнө сиңирип уктайт. Чачтарына жылдыздар кадалып, жымыңдашып ойноп, бийлеп жүрөт.

Кызым бешикте уктап жатат, аалам бейпил, түн жымжырт…

 

АЙГА ОКШОГОН ОРОК

Уста эле ал.

Орок жасады Айга окшотуп, уулуна атап.

Азыр ошол Ай-орок мүрзөсүнүн үстүндө турат. Дат басыптыр…