МУРАТОВ Абдыкерим: АБДЫКЕРИМ МУРАТОВ: «ТЕШЕБАЙДЫН ТЕРЕКТЕРИ»

 Аңгеме

Адегенде «шуу…шуу…шуу…» деген шоокум чыгып барып, анан «карс» деген үн чыгарып, отуз жыл көк тиреп турган терек жерге жалпайып жатып калды… Жо-ок, жаны чыгып жатып калардан мурда ал күү менен кара, как жерге тийип, дагы ордуна барып тик туруп кала тургансып, көккө бир серпилип алды. Серпилип алды да, мурдагы ордуна кайра жетпестигин, кайра шамалга төш тиреп шуудурап турбастыгын билгендей жер менен жер болуп суналып жансыз денесин кыймылдата албай жатып калды…

Терек менен кошо Тешебайды да бирөө көтөрүп чапкандай, эми эле сулк кулап түшкөндөй нес болуп тик бойдон катып турду…

 

Акыры өмүрүнүн жарымын ушул теректердин шуудурун тыңшап, жаз алды ушул теректердин арыгын казып, акыр-чикирин тазалап, түз өссүн деп улам астыңкы бутактарын кыйып салып эрмектеп келе жатпады беле…

Туура отуз жыл болуптур. Ошондо экинчи уулу Бердибай туулган жыл. Булардын теректери тез жетилет деп Гүлбаардан эки десте калемче алып келип тамаркасынын башына тиккен. Анан калемчелеринин жарымын отургузуп атканда эргенчиге жарап калган тун уулу Эгемберди жете келип:

– Ата, ата, жүр, апам чакырып атат. Ичи ооруп атыптыр. Таянемди айтып келет экенсиз, —  деген.

Ошондо Тешебай ичине бирөө күлкү салып койгонсуп, ичтен кудуңдап, өзүнчө эле жолго батпай кайын энесин эрчитип келген. Кечинде Бердибайы төрөлгөн. Теректер да эгилип бүткөн. «Бердибайдын теректери» деп койчу теректер улам бой жетип, улам көзгө көрүнгөн сайын. Көзгө көрүнгөн сайын теректердин шуудураганы көбөйүп, Тешебай эки баласы менен анын көлөкөсүндө супада жатканды, балдары биринен өтүп бири атасынан «ат» кылып мингенди адат кылып алышкан. Арыда ата менен балдардын оюнунан кызыгып, буларга чай алып келе жаткан Бүажар өзүнчө эле терисине батпай бактылуу келчү…

Бердибайы бешке чыкканда бекен, бир күн эле шок баласы терекке чыгып алыптыр, жаш терек баланы көтөрө албай сынып түшөт. Үйдөгүлөр баары ызы-чуу, аялы Бүажар ыйлап алган. Бердибайда болсо коркконгобу, же талуу жери катуу тийип калдыбы, же үн-сөз жок, же өң-алат жок, сулк эле жатып калды. Атымча кемпир келип «апаптап» атат, «апаптап» атат. Тешебай болсо балтасын көтөрүп теректерди четинен кыйып таштаймын деп чамынып алган. Кошуналар кой-айга түшүп зорго кармап калды.

Бала өзүнө келгенде сүйүнө түшкөн Бүажар эрине эркелей:

– Өзүңүз да, Бердибайдын теректери дей берип… Бала болсо менин теректерим деп ээлеп алып…

Ошондон кийин «Бердибайдын теректери» дегенин токтоткон Тешебай.

А эл болсо «Тешебайдын теректери» дешет. Эрте баардан тоо тарапка бир кар баскан кеч күзгө чейин бул теректердин астындагы алыштан бир байлам суу үзүлбөйт, анан күндүр-түндүр не бип парандалар байырлап, өзгөчө бир шаң-шоокумдуу жер болду.

Айылдын кыз-жигити да жолугушчу учурун «Ай чыкканда», «Ай батканда», «саат паланчада» деп алса эле болду, кайсыл жер экендигин айттырбай билишет. «Тешебайдын теректеринде» дешет. Жаштардын жолугушкандары го жакшы, анан алардын терек боорун каралап жазып кеткендери анча жага бербейт Тешебайга. Шок жигиттер өзүнүн аты менен кызынын атын жазат да, ортосуна чоң кошуу белгисин тартып таштайт. Анан эле балдар аскерге кетип калат. Аскерден келсе эле өзүнүн аты турат да кызынын аты «кошуусу» менен кошо кырылып калат…

Бул кыштактыктарда «Айылда кимдин баласы менен кимдин кызы сүйлөшүп жүргөнүн Тешебайдын теректеринен билип алгыла» деген сөз бар.

Ошентип теректер да өсө берди, айыл да өсө берди. Канча адамдар теректериңди сат деп келсе да, бир-экини карызга берип тур десе да Тешебай ынабады. Ниетинде Бердибай үйлөгөндө баарын сатып, тоюн өткөрөм деп жүргөн. Тели-теңтуштан да уялып бүттү, жолуккан эле адам эркеги болобу, ургаачысы болобу «балаң качан үйлөнөт», «балаң үйлөндүбү», «палан жерде бир кыз бар, барып көрбөйсүңбү» дей берип жадатты. Баласы болсо алдаса да, урушса да болбойт, али-бери үйлөнбөйм дейт. Сиз ажыга алы-күчүңүз барда барып келиңиз дейт. Ары тартышты, бери тартышты. Акыры Тешебай жеңилди. Баласы катын албай турган болду. Жок дегенде дагы үч жыл. Ал эми Тешебай карып калганча, алы-күчү барында Мекеге зыяратка барып келмек болду. Аны үчүн ушул теректерди сатса, барып-келишке, анан келгенден кийин бир ноопаз союп, элге той кылып беришке да жетет экен. Эсеп-чот ушундай чыкты…

Тешебай теңселе басып, жыгылган терекке барды…

Каап, ушуну ойлобогонун кара. Бу теректерде чымчыктардын сансыз көп уялары бар эмес беле. Азыр ал уяларда сары ооз балапандар канаттарын каккылай албай жаткан кез эмес беле. Каап, бир-эки апта коё турганда эмне? Ага да болбойт. Ажы башы акчасын тез төкпөсөңүз сизди тизмеден чийип таштайм, быйыл тизмеден чийилсеңиз, кийин «кара тизмеге» алынасыз да, өмүр бою ажыга барбай каласыз дебедиби. Ка-ап…

Жапжаш болсо да кара сакал коюп, аппак, узун халат кийген ажы башынын алдында ал кудай буйруса бүгүн-эртең теректеримди сатып пулун сом менен алып келем, өзүң доллар кылып аласың да, мени ажы сапарга барчуларга кошуп аласың деген убадасын эстеди. Анда теректердин башындагы кызыл эт балапандар назарга илинбептир да…

Ана дагы… дагы теректер кулап жатат. Ар бир теректен сансыз көп чымчыктын балапандары уясы менен кошо жерге түшүп, жер менен жексен болууда. Кээ биринин ичинде жумурткасы да жүрөт, кээ бир тыңыраак балапандар уядан жөргөлөп чыгып, ары куласа, энелери аларга жетпей чыйпылыктайт…

Тешебайдын не кылар айласы жок, эси ооду. Балапандардын уяларын терип, тамбашына бирден ташыйт, ансайын «ушунун баары сенин кылганың» дегенсип, аны тегеренип жалдырай «чырлыйттап» чымчыктар каршы-терши учушат…

Терекчилер илгеркидей эки киши эки жактан отуруп алып тартышкан араалар менен араалабайт экен, электр араасын коё койсо, «бир», «эки» дегенче кишинин жоондугундай теректер жалп жыгылат, анан өлчөп-өлчөп үч-төрткө бөлүп таштайт. Отуз жылдык теректин өмүрү бул терекчилерге бир насбай атымга келбей тамам болот экен. Тээ мурдалары теректи эптеп жыгып коюп, анан ал кургасын деп кабыгын жегенге эшек байлап коюп, же кабык жакшы отун деп кара тамеки эккен наспуруштар алып кетишип, иши оо кыйлада бүтчү. Булары болсо бөлүнгөн теректерди көтөргүч машина менен жүк машинага ыргытып коюп, дароо эле алып кетип атат. Анан буларын эртең эле базарга алып чыгып сатып ийет. Илгери усталар теректерди жыккандан кийин бир саратан жедирип, анан кийинки жылы иштетет эмес беле… Азыркыларга пул болсо болду…

Тешебайдын болсо балапандарды тергенге алы калбады. Кагыны кармап эки жыл мурда каза болуп калган Бүажары болгондо эмне. Эгембердиси болсо «элдин баары эле кетип атпайбы» деп Орусиянын биргөрүнө кетип, же элдин балдарына окшоп пул салбайт, же телефон чалбайт, имиш-имиштен Сака дейби, Сакаалың дейби, айтор, бир жагына кетип, сакал коюп, бир мечиттин молдосу болуп алыптыр. Ажыга да барып келген имиш. Ошону уккандан кийин Бердибайын чок басып, «атасынан мурда баласы ажыга барат деген эмне», «атасы тирүү турса…» деп эле сүйлөнүп… Анан кылганы ушул…

Саат басып, бүгүн терекчилер келерде Бердибайынын да иши кычап, «Абдыразак кыйшыктын» тамынын торсунун көтөрмөкпүз» деп кетип калганын карабайсыңбы, болбосо, германдын аскерлерин кыргандай теректерин четтен кырып келаткан мынабул кыйраткыч банданын балдарын жок дегенде бир жума коюп тургула дешмек…

Эми не ылаажы кыла алат? Ажы башы пул керек, пулуңузду мага дароо баарын алып келиңиз, мен Мекеде да, Мединада да өзүм керегинчеден берип турам, мен айткандай гана сарптайсыз дебедиби? Теректердин пулу тийсе эле, бир ноопазга чактап акча алып калат да, калганын бир тыйынын коротпой ажы башыга алып барат.

Өткөндө Тешебай райборбордогу ажы башынын үйүнөн чыгып келе жатса, бирөөлөр жөргөлөк машинада он фляга бир нерсе алып келишти, «бул эмне» деп сурай койсо, мойсопут эле киши «асал» дейт. «Эмне кылат, мынча асалды» десе, «Мекеге алып кетпейби» дейт. Ошондо Тешебай ыраазы болду, ажы башчыга ыраазы болду, Мекеге бал алып барып, зыяратчыларга таратып берет экен деп ыраазы болду. Келип Бердибайга айтса, баласы кыткылыктап күлөт, «ой ата, ата, ой, баласыз да, баласыз, бала эле бойдонсуз, ал деген сатат, бул жерден алганынан ал жакта он эсе кымбатка сатат» дейт. Балээ басты. Ажы башчы чайкоочулук кылабы? Кантип эле? Жанагы пулун шаштырып атканы да ошондонбу?..

…Теректердин теңинен көбү сулап калды…

Терекчилер ак чайнектен карандай суу ичип атып эле бакылдап-шакылдап биринин сөзүн бири укпаган абалга келди. «Ичтей ачылды, ич ачышты, анабул сары эт балапандарды кууруп кел» деди кара көк тарткан шадылуу немеси жаш жигитке жерге кулап түшкөн уясында чыйылдап аткан балапандарга карап.

«Ысылык албайт белең, старикти жакшы эле тептиң го» деп калды дагы бири булардын чоңумун деп эсеп-чотун чыгарып жүргөн жигитти зекип…

Аны сайын жерге кулап түшкөн балапандар мээге жетер үн менен чыйылдашып, кимдир бирөөдөн жардам күтүшөт. Жардам берер бир гана Тешебай. Кантип жардам берет, ал да алсыз да, анан калса ажыга барышы керек, колундагы уулу айткандай алы-күчтөн тайый электе мусулмандык парызын аткарышы керек? Же терекчилердин акчасын албай, баарын жолго салсабы да, калган теректерди, ал теректердеги балапандарды сактап калсабы?..

Анын көз алдына акча күткөн ажы башы тартылды, кулагына терекчилердин бака-шакасы угулуп, баарын балапандардын чыйылдаганы басып кетти…