МУРАТОВ Абдыкерим: АБДЫКЕРИМ МУРАТОВ: «УЛАКЧЫ»

Аңгеме

(Кубат акени туурап…)

Отурган. Күнгө кактанып отурган. Там башында үймөк чөптө кышкы алсыз күнгө жибишип отурган. Ким болмок эле? Эргеш улакчы да. Улак десе Кытайга барган, улак десе Ооганга барган, улак десе Орунборго барган, улак десе Ташкенге барган, аякка эми атасынын башына өткөрөт, «визаң кана?» дейт, бу пусурманда виза айлансынбы, виза түгүл паспорт жок, паспорт алгыла деп колхоз актүпдары кыйнай бергенинен, жадата бергенинен районго барып сүрөткө түшкөн, өлө какайтып тарткан өзбектин баласы, эмики жумада келиңиз, чыгарып коем деген, эмики жума кайдан барат, улак калбайбы, улак-улак деп жүрүп унутпайбы, унутпай башын жеп калбайбы, барат, бир күн барат, эсине келгенде барат да, барса, сүрөтү жок, аягынан издейт – жок, буягынан издейт – жок, жоголуп өлсөчү, башка бирөө алып кетип калыптыр, сүрөткө түшпөй эле тая-ярин алып кетип калса керек арамза баччагар, жүрсө керек азыр Эргеш улакчынын сүрөтүн башбуртуна чаптап алып ар кимге көрсөтүп, атасынын башына ар кимге көрсөтөбү, айылынан чыкпаган кыргызга анысынын ат погундай кереги барбы, жатат да жүктүн тагинда.

 

Ошол улакчы Эргеш жаткан тамбашта. Пахталуу шымды жайып койгон. Чөпкө жайып койгон, кудайдын Күнү кургатсын деген. Күн карама туудай күнгө жайган. Күнгө балли, Эгеме балли, бирин ак көрбөй, бирин кара көрбөй, бирин кызыл көрбөй баарына бирдей тийет. Автопортетин тартат, биз портретибизди туубузга тартып алганбыз, Күн деп тартып алганбыз, күнкараманы тартып алганбыз, кырк уруулуу кыргыз кырылышкыла деп кырк чачисин чыгарып койгонбуз, башкалар байрагына штатын, губернясын тартат экен, өзбектер жылдыз кылып областтарын тартыптыр. Биз кыргызбыз да, кырылышканбызда, чабышканыбызда ошону ойлоп, эстетип тартып коюппуз. Ошол туубуздай турат там башындагы чөпкө жайылып Эргеш улакчынын шымы. Туу желбирейт, желек желпинет, байрак парпырайт, пахталуу шым желбиребейт да, желпинбейт, парпырабайт да, баркырабайт, атасынын башына ошентеби, каткан да, катып калган, кечээ улакта кар болгон, суу болгон, кан болгон, сийдик болгон, пок болгон, кысталак талашкандардын тери тийген, чимкириги тийген, какырыгы тийген, аттын таноосунан чыккан суу тийген, өзүнүн табарсыгынан чыккан, чучугунан чыккан суу тийген.

Ха-ха… анан атасынын башына кургайбы? Кышкы күнгө да шым кургайбы, өзү пахталуу шым болсо, улакчынын шымы болсо… Тоорсуп калар бекен деди. Тоорсубайт. Зыңкыят. Колдон колго өтүп, айылдан айылга барып, Наманганди, Карванди, Ноокенди, Сузакты, Кара-Сууну, Ошту кыдырып Алайга келген өңү өчүп, өзү өчүп, ырайы кетип бүткөн сартчапанды кийип алган, жыпжылаңач этине желбегей жамынып алган. Болгон кийими ошол. Кемпири зордоп кийгизип койгон, кийими жок калганда, жон териси көрүнүп калганда кийгизген. «Как баштап»,  «түгөттөп» атып кийгизген. Кийбей өлсүн, улакка болбойт. Такымга улак таштап, аттын соорусуна чапсаң эле колуңа илешет, шамал коюн-колтугуңа кирип, буканын табарсыгындай көөп чыгат, парашүт болот. Ой, ошондо желкеңден чечип ыргыткың келет. Ошо, ошо чапан жондо. Питтеп кеткен. Питин терет. Аста алып жерге коюп коет, Алланын жандыктары да, убал. Эки тырмактын ортосуна коюп сыгып салганда имне? Булар деле адамдардай да! Кишилерди ошентсе болобу? Ой ошентип эле атат. Талап эле атат, алып эле атышат. Кемпири айткандай албаган эле, талабаган эле шу дөңгөч, шу нымтырак, шу путу жок, шу оозу-тили жок, жани жок, габи жок, эби жок, сыны жок, накуста Эргеш сөрөй. Колхоздун килтейген миң уйлук короосун жөн эле талкалап, бөлүп алышты, кысталактар.  Эми атат, эми камайт, эми  Орунборго сүргүн  кылат  деп  турган  киспуруштарды. Бу  өкмөтүң  өзү  дале  адаболгонбу – унчукпады. Анан ат сарайды,  эгин кампаны,  клубду, мончону ойда талашты  го. Кемпири айткандай, ой ошол  кемпири  өлүп кетейин гений ой,  бу  Эргеш  дегениңер  ат  үстүндө  текенин  калтасын  талашкандан  башканы билбейт ой,  уктап  атып  кемпиринин  жумшак  жерин улак  экен  деп  тартып калып… такымга  бастырып…  кылбаганы  калбады.

Ылдыйда  келатат.  Топ  атчан  келатат.  Бүт  дүйнөнүн  кар тозоңун  ээрчитип  келатышат. Жерди  көтөрүп  келаткандай,  Күндү көтөрүп келаткандай, Жараткандын  өзүнөн  келаткандай. Учушат. Сызышат. Дүйнөлүк  революцияны  көтөрүп  келаткандай.  Бери  сала  беришти.  Ой  бирдекени  талашкандай. Алдыда  маалимдин  кашка  башы бар,  Көлдөн  келген  тосток  көз,  Нарындан  чыккан  суу жорго,  маймыл  баш, Урумга жетер күүсү бар  Имар  улакчынын  ахалтекин  түркмөн аты, Кара-Суунун  көк кашка  бээдөө  аты – баары-баары келатат.  Дүпүрөп  келатат.  Күтүрөп  келатат. Башкарма  болуп  жүргөн Байзакты  тааныды, парторг  болуп  жүрүп покко  жарабай  калган Пазылды  тааныды, борбордон бермер болом деп келип виночу болуп кеткен Белекти  тааныды, жүз  миң койдун  бермеси  болуп жүрүп,  койчулардын  эркеси  болуп жүрүп  чычкак улагы  жок калган  Тезекти  тааныды, прораб  болуп  кудай менен  гана сүйлөшүп калган, эми эки кабат  үйүнөн  башка «пыш» деп  коер мышыгы жок пыянкечке кандидат болгон  Боронбайды тааныды. Келатышат. Уруп-согуп чапкылап, алкынып, терминип келатышат. Соорунун Эргеш бере тургансып келатышат. Атасынын башын береби, улак таштагандарга бере берип гений кемпири  айткандай  гүрүк тоогунан башка ичтекеси калбады, «эми таштаса, тоогуң бастырып аткан палакта тукумуңду бер» деген, «ого да ынабаса, өзүңдүн  ээр кашына ыйкала берген сайдын ташындай чулуланып катып калган  эки тукумуңду бер» деген. Ошентет. Берет. Бербеске иланжиси жок. Улак ушундай.

– Эй, эй! – Эргеш улакчы там башында кыйкырып кала берди. Улакчылар өтүп кетти. Көздү күйгүзүштү.

– О, какбаш бар! Жөнө дөңгөч! – Кемпири ач айкырык салды. Чапанды желбегей жамынып, тамбаштан түз эле жайдак аттын үстүнө ыргып минип түштү. Эки бут менен  бирдей нукуганда улакка көнгөн, аламанга  түлкүдөй кирип үйрөнгөн, улакчынын не кыларын андан мурда билген, кампүтер ат сызып жөнөдү. Тез эле улакчыларды аралап кирип барды. Ушулардан ала  албаса өлүгү келбейби наамарттын. Алдыга өттү. Балыктай сүздү. Алтанына  жанашты. Капырай анысын тааныбады. Тили буруу. Көз айнекчен. Галстукчан. Кардай ыраң, боппоз. Калайык «Эргештеп» кыйкырышты. Көпчүлүк «улакчылап», «баллилеп», «үйүңө буудай толгурлап», «атаңа ыракматтап», «адигинелеп», «алайлап» кыйкырып атты. «Ал, эле ал!» «Тарт, эле тарт!» — Кемпиринин доошу чочутту. Улакка жакын барды. Түй, ат-а! Улак эмес – кап! Кап тартып жүрүптүр. Апсаласи пир болду. Токтоп калды. «Тарт, эле тарттап» кыйкырды. «О, как баш, мен айткан кридит ошол!» деди кемпири. Ошо болсо мына деп кирип барды улакчы. Тартып алды. Жеңил экен. Такымга басты. Алдыга озду. Жарашпады. Өзү тартып көнгөн улакка, эчкиге, торпокко окшободу. Бир колуна көтөрүп көккө серпти. Жон териси – чапаны да ак карга түштү…

Эргеш улакчы энеден туума жылаңач болуп күүлөнүп, улам денеси от алып кызып чаап баратты. Ал миллион доллар кредит алып чаап баратканын, анысы кабынын оозунан чууруп баратканын, мунусу сомду улам жеп, түртүп, зордоп отурарын, анан үч жыл өтүп үстөгү менен төлөп берерин кембагал алайчы кайдан түшүнсүн. Кыйраткансып кыйкырып, жыпжылаңач чаап эле баратат, чаап эле баратат…