МУРАТОВ Абдыкерим: АБДЫКЕРИМ МУРАТОВ: «ҮРКҮНБАЙ… ҮЧ ТАЛАК… ҮЧ БАЛА…»

Аңгеме

Үлүшкө тийген жерине Үркүнбай быйыл тамеки кылды. Былтыр тамеки жакшы пул болду, куда кааласа, быйыл да түзүк болуп берсе, күздө түшүмүн өткөрүп, балдарын, аялын эки-үч сыйра кийиндирип, бир саан уй да алып аламын деп купуя ниет кылып жүрөт. Аңызда эгилгенине үч-төрт эле күн болгон көчөттөрүнө кайталап бир суу койсомбу деп барган Үркүнбай. Үлүшкө кошо Орусияга кеткен дагы эки тууганынын жерин күздө ижара акысын берем деп, иштетип аткан. Баары бир жерде, узатасынан жөөктөрдү алып аялы экөө кар астында калчылдап өстүргөн күнөсканадагы көчөттөрдү он күн тынбай тигип чыкты. Кымбатына карабай дары чачты, көң септи, ансыз бул жерлер арыктап бүткөн.

 

Сарт бешимде самандай булут тоо артынан жылып келди да, заматта асман-көк капкара болуп, жамгыр төгүп кирди. Үркүнбай сугарып жаткан суусун эми башка жакка жыгып ийерде өйдө жактан бир тегирмен суу келди да, түз эле Үркүнбайдын тамекилерин аралай чапты. Кетмени менен чымдарды улам алышка ыргыткан менен болбой, жакында эле айдалган жумшак топуракты жемирип, Үркүнбайдын жеринде өчү бардай жогортодон келген суу анын жөөктөрүндө ойноп жүрдү. Көчөттөрдү көмкөрүп, ала-телек суу ичкен жердин баарын мойсоп бир заматта талааны аңтар-төңтөр кылды. Шаштысы кеткен Үркүнбай бир алдын бүт тулкусу менен алышка жата калды, бирок муздак, ылай сууга чыдабай ыргып турду да, сөгүнүп-сагынып отуруп калды. Улам жаан басаңдап, сел да токтоп, алай-дүлөй бороон болуп, күн ачыла түштү. Жанагы жаан, ага кошулган суу Үркүнбайдын кыштан бери кылган мээнетин шыпырып кетиптир. Өзүнө окшоп шөмтүрөгөн бирин-серин гана көчөттөр жазгы желге термелип турат. Көйнөк-башы сыгып алма суу, колу-буту титиреп, эриндери калчылдайт.

Айыл жакты карады. Эч ким көрүнбөйт. Ошондо ал термоско ала келген чайын эстеп, аны койгон жерге жүгүрүп барды. Барса, термосу тоголонуп жатат. Ичи ылайга толуптур. «Энеңди урайындыкы!» деди да, сол бутун болушунча бийик көтөрүп, термосту балчыйта тепти. Айнектери пакча-пакча болуп майкандалып жатып калды.

Дагы айыл жакты карады. Аялы көрүнөт бекен, ысык чай, жылуу кийим алып келет бекен деп үмүттүү карады. Караан көрүнбөйт. Кетменди ыргытты да, айылга жол тартты.

Келсе, аялы уктап жатыптыр. Тим эле мемирейт. Жыргал эле ушунуку, эшиктеги кыямат менен иши да жок. Бешиктеги баласы ыйлап жатат. Эки баласы сел көргөнү сайга кеткен го, көрүнбөйт.

— Энеңди урайындын катыны, тур! – Ачуу менен аялын жулкуп ыргытты. Аялы чочуп кетти. Учуп эле турду.

— Бала ысытмалап, чочуп… түндө бир да уктабай кылыпмын! – Аялы көзүн ушалап күйөөсүнө жалдырай карады. – Эмне болду, күн көп жаадыбы?

— Атаңдын башы болду!

— Атама эмне асыласың!?

— Жок дегенде талааны бир карап койбойсуңбу!?

— Мен ойноп атыпмынбы? Бала ооруп атат!

— Балаң менен жерге кир!

— Балага асылба!

— Кыйкырба дейм! Жогол дейм!

— Жоголсом жоголом, жообумду бер?!

— Бердим жообуңду, кет!

— Кетсем, биротоло кетем, үч баламды алып кетем!

— Кетмектен кет!

— Жообумду бер анда!

— Бердим жообуңду! Бар, жогол! Койдум гана үч талак!

Ушинтип айтып Үркүнбай үстүнө чагылган түшкөндөй чочуп кетти. Эмне болду? Эмнени айтып салды?

Аялы Бүзейнеп үч талакты угар менен ыйлап ийди. Үркүнбайга тик карабай, өксүп ыйлай, баласын бешиктен чечти, кийим-кечелерин жыйнаштырды. Үркүнбай үндөбөдү. Ачуунун баары, азаптын баары бир сөз менен чыгып кеткендей Бүзейнепке аеолуу да, боор ооруй да көз жүгүрттү. Бирок сыр бербеди. Азыр адатынча мойнун кучактай эркелеп кирет деди.

Бүзейнеп ыйлаган бойдон бир колуна баласын көтөрүп, бир колуна түйүнүн алып дарбазага салбай, дарча эшиктен чыгып кетти, ары жактан сайда сел көрүп келаткан эки баланы өзү менен ээрчитти.

Үркүнбай көмкөрөсүнөн жаткан бойдон козголбоду. Ачуу жаш көкүрөктү муунткандай кыйнала берди. Бешикте баланын жаткан жерин кармады, жылуу экен, жыттап көрдү, наристенин өзүнчө бир башкача жыты келип атты. Ошентип ал көпкө жатты… Жатты… Жатты… Келип калышар, кайненеси ээрчитип келер деп күтө берди. Кайненеси келсе да, келип күйөө баласын урушса да, жаакка чапса да ыраазы эле.

Жок, келбеди. Караңгы кирип, түндүн бийлиги орноду, бирок жан адам андан кабар албады. Курсагы курулдап очокко барды. Казан асылып туруптур, ачса, девзира күрүчтөн палоо басылган экен, ошондо эсине бүгүн базар күн экени түштү. Казандагы аштан бурдап-бурдап сугунуп кирди. Майлуу кылып, жештүү кылып жакшы баскан экен аялы палоону. Аялына жана балдарына буйрубаптыр. Балдары палоону жакшы көрөт. Ар базар сайын кой майына палоо басат да, өз тамаркасында өстүргөн памидорго көк пияз, болгар калемпирин, райкан кошуп шакарап кылат, анан дасторкон четинде оо бир убакка чейин бажырап отурушат. Эми болсо Үркүнбай өзү жалгыз. Балдар эмне кылып жатат болду экен деп жүрөгүн бир зилдетип алды. Өзүн өзү сөктү. Өзүн өзү ургулап-ургулап алды.

Эртеси таң эрте туруп Үркүнбай айыл этеги жакты карады. Бүзейнеп балдарын ээрчитип келатат бекен деди. Көрүнбөйт. Эч ким көрүнбөйт. Аңызга кетип калды. Сексен сотых жеринен сербейип сексен түп көчөт калбаптыр. Эми эмне кылат? Кайра жер айдатып, кайра тамеки эгеби, ага каражат да, күнөсканага көчөт да жок. Бу сел Үркүнбайдын эле эмес, этектеги элдин баарынын эгинин кыйратып кетиптир. Түштөн кийин эмчийес дейби, экологийа дейби, айтор бир жактан бир кишилер келип, Үркүнбайдын жерин өлчөп-ченеп, кагаздарга кол койдуруп кетти, төлөп берет экен дешти. Көпчүлүк эми тамеки болбойт, айыл өкмөтү жерди айдатып берсе, мака-жүгөрү сээп таштайбыз, жок дегенде малга азык болор эле дегендей сунуш менен өкмөтбашына кайрылды. Буларды угуп туруп Үркүнбай өзүн кайра дагы бир жектеп алды. Кое турса баары эле ордуна келет экен, буга эле мынчалык ачуусу келип, аялына акаарат келтирди экен?

Караңгы кеч жакындап келатты. Үйүнө баргысы келбейт. Бир ою аял-балдарын келген жок, келбейт деп атса, бир ою келип калгандыр дейт. Акырын басып, бөтөн үйгө бараткандай уурданып кирди өз үйүнө. Кирсе, баары чачылып жатат. Аялы да, балдары да жок. Чай кайнатып ичейин деп плитканы сайса, зырп этип ток урду. Анан колу титиреп, кайра сая албай койду. Ошондо аялынын «эркекке окшоп үйгө бир каралашсаң боло» деген сөзүн эстеди. Үйдүн майда-чүйдөсүн Бүзейнеп өзү бүтүрүп алчу. Эркектин ишин да кылар эле. Анан неге үч талак айтты? Кайсы күнөөсү үчүн?!

Үркүнбай эшикти шарт ачып, балдарын алып келүүгө жөнөдү. Айыл ортолоп барды да, андан ары буту өзү эле шилтенбей калды. Үч балага жеткизбей тосмо болуп үч талак турду.

Ушул жерде классташы Айжамалдын үйү бар. Бозокор. Эшигинен эл үзүлбөйт. Үркүнбай болсо арак да, бозо да ичпейт, ошон үчүн Айжамал менен иши да жок, ал жерге кирип-чыккандарды да көңүлү сүйбөйт. Негедир Айжамалдын үйүнө келгенде буту ошол жакка шилтенгиси келип туруп алды. Аны көрүп Айжамал таң эле калды. Алдына чоң чыны бозо койду. Дем албай тартып ийди. Жаны жыргай түштү. Дагы куйду. Дагы ичти. Кирип-чыккандар бүт эле Үркүнбайды карашат. А түгүл бирөөдөн «үч талак» дегендей дабыштарды кулагы чалгансып кетти. Ошол күнү ал шакар бозого мас болуп Айжамалдыкында түнөп калды…

Эртеси айылдын эң түз жигитин сөз ээрчиди…

Жан досу деп жүргөн Бирим келиптир. «Эмне болду» дейт. Айтты. Баарын айтты. Ачуу үстүндө үч талак айтып ийипмин, үч баламды сагындым деди. Сөктү. Досу сөктү. Эми бир жолун табабыз деди. Көп өтпөй апасы келди. Үшкүрүнүп-үшкүрүнүп, адегенде уулу Үркүнбайды тилдеп, анан тамекисин тилдеп, кала берсе кудайга да тилин тийгизип, акыры ыйлап-ыйлап ал да кетти.

Кийин кайра Бирим досу келди. Бишкекке муфтийликке барышың керек экен, ошолор жол таап берсе жашайсың, болбосо, жок ажырашасың деди. Ишенбеди. Айыл молдосуна – мечитке өзү барды.

— Эң оор күнөө кылдың, бирди айтсаң, жарашса болот эле, экини айтсаң, болот эле, үчтү айтат деген эмне?! – Молдо секирип кетти.

Ал жерде дагы бир классташы сакал коюп, хадис китебин колго кармап отурган экен, сөзгө аралашты:

— Дос, жаман болуптур, бир гана жол – катының башка бирөөгө никеге туруп, анан андан ажырашып чыгыш керек, ошонон кийин гана сен алсаң болот! – Муну угуп Үркүнбайдын жини андан бетер катуу келди. Карарып кетти. Ушул пок билбеген классташы ушинтип атса… — Керек болсо, дос, мен дале аяш менен никеге туруп берем…

Эл айткандай «хизбутчу» классташы ырсалаңдап каткырып күлдү. Үч талак ушул мечитке алып келди, ушуларга кор кылды. Мечиттен унчукпай чыга берди. Артынан классташынын бакылдагын үнү кулагын тешип кетти:

— Аяшты мен алсам, кайра сага бербейм!

Ушуну укканда Үркүнбай артына бир кылчайды. Жетип баргысы, ал жерден сасык сөз чыккан тиги сакалчандын оозун талкалай чапкысы келди. Бирок карманды. Өзүн токтотту…

Үркүнбай айылдын четине чыкты. Алыста чоң суу көрүндү. Үч талакты, үч уулун ойлонуп, өзүн жемелеп-жектеп, кыжыл болуп кыштакка батпай, бу кыштак эле эмес бу дүйнөгө батпай толуп-ташып баратты…