МУРАТОВ Абдыкерим: АБДЫКЕРИМ МУРАТОВ: «ЧАБАЛЕКЕЙЛЕР, КАЙРА КАЙТКЫЛА»

АҢГЕМЕ

Кемпир бүгүн күндөгүдөн да эрте турду. Таң сүрүлүп, Чыгыш жак жарыгын Батышка карай кууп баратыптыр. Ал намазына жыгылып атып кокусунан эстеп калды. Былтыр ушундай саратанда орозо болбоду беле? Быйыл он күн алдыга жылса, орозонун убагы келип калды го? Ойлоп-ойлоп, качан айт, качан арапа экенин, орозо качан башталып, курбан айт качан өтөрүн эстей албай койду? Жаңыларга окшоп чысланы билсе кана? Балдардан сураса бекен, алар кайдан биле койсун? Айт-арапада өлгөндөргө багыштап, чалына атап куран окуп бата кылбаса болобу, арбагы бата тилеп жакындарына келип турат дейт, ошол арбагын сумсайткандан көрө өлгөнү артык эмеспи, куранды ким окуйт, эркек жоксунуп өзү окуйбу, өткөндө небересин айтса, «куран оку» десе, «куранды билбейм эне, анан көрө мектепте жаттаган ырым бар эле, ошондон айтып бата кыла берели» дебедиби, чунак бала.

 

Отуз жетиге кирип калды, жаштыгы калбады. Куранды окушту үйрөнүп албай, кокус төрүнөн гөрү жакын турат, жарык дүйнөнү таштап кетип ийсе, куран билбейт элем деп туруп береби, ким билет, бу балага ишенип да болбой калды, же атасына «апа өлүп калды, эмне кылсаң өзүң бил» деп тилграмм урабы? Кызык бала чыкты. Жаңы көрүнгөндө айылда азыркыдай эмес жаш балдар жок, баарынын сүйгөнчүгү эле, анда кемпирдин да жаш чагы, колдон колго алып, жерге койбой көтөрүшөр эле. Атын эркетелип, «Козубай» деп өзү койгон. Жакшы көрчү, азыр Дале жакшы көрөт го… Көрөрүн көрөт дечи, ошон үчүн келбедиби? Баласын багышайын, экөөнө караан болуп, түйшүгүн жеңилдетейин деп карыганда тамырынан ажыраган дарактай болгонуна карабай, баарына кайыл болуп отурбайбы? Көрсө, Козубай өзгөрүп кетиптир, таза өзгөрүптүр, башкача чыгып калыптыр, ким билет балким кемпир түшүнбөй жаткандыр, заман өзү ушинтип өзгөрүп аткандыр. Анан ошентип өткөн бир жыл ушу Козубай небиреси айылга барыптыр, өзү шаарда сот, ошондону баары тааныйт, айылда баары сыйлашат, биздин уул деп мактанып калышат, булар барганда келим-кетим көбөйүп, көбү үйүнө чакырышып, бир-эки жума турушат да, кайра жөнөп калышат.

Ошондо «өлгөн жерлер бар, бата кылып кел» деп калды атасы. Козубай унчукпады. Чыга берди. «Кайда барасың? Батага бар!» Атасы кайра ачууланды. Ачуусу жаман. Куду эле атасындай, ыраматылык абышкасы да ошондой эле. «Ме, мынабуну кий!» Жылаңбаш кетип аткан баласына башындагы калпагын сунду. Кеткен, башын жерге салып чыгып кеткен. Кийин айтышты. Өмүрбек чалдыкына бата кылганы барыптыр. Барса, балдары жок, кемпири эле бар экен, ал киши адатынча жадырап тосуп алып, карындагы майын бузуп, короосундагы өрүгүнөн күүп келип, куран окуйт го, эркек эмеспи деп турса, кайдагы көңүл айтуу, кайдагы куран, эч нерсе укпагандай, билбегендей, кичинекей чагында эчен кирген, а шаарга кеткени бир жолу да баш бага элек үйдөн бир пиала чай ууртап басып кетиптир.

Деги балдар кантип баратат? Чөбүрөсүнө «кулпуловатты» үйрөтүп койсом деп атты эле, зирек бала үйрөнүп алат эле…

…Кокусунан кемпир намазынын сөзүн адашып алды. Кай жерге келгенин таппай калды. Кайра башынан баштады. Кайра дагы адашып кетти. Кызык, неге адашат? Чалынын арбагы келип турат бекен? Эки жагын каранды. Эч ким жок. Кайра баштады. Дагы адашты. Дагы баштады. Эми эле баштаганда кайдан-жайдан экени белгисиз, көз алдына айылдагы эски тамы тартыла калды. Тамдын үстүнө чыгып алган эчкилерди, кулпун сууруп ыртыгып, ичине кирип арак ичип аткан мастарды элестетти. Абышкасы тамды айлана карап, кемпирин таппай жүргөнсүйт, анан кокусунан эле кеткиси келди. Кетип калсам эмне болот деп ойлоду. Чөбүрөсүн кыйын, көнүп калды, башкаларга баары бир. Чын эле кетип калса бекен? Ошентсе бекен? Анан ошол ойго токтоду. Кантип кетет? Акчаны кантен? Самолетко кайдан түшөт? Андан ары кантет? Качып кетеби?..

Кыйын экен. Кайра айныды. Намазын баштап кирди. Анан кокусунан чабалекейлердин үнү угулгансыды. Кемпир шарт бурулуп үн чыккан жакты карады. Жок. Балкондо көрүнбөйт. Бузулган уясынын орду турат. Жайнамазын бүктөп, балконго чыкты. Көрүнбөйт, жөн гана элестеди окшойт. Кайда кетишти экен? Эмнеги кетишти экен? Ар бир адамдын өзүнүн чабалекейи болот дейт, андай болсо булардын чабалекейлери…

Шаарга кемпир эрте жазда келди. Өзүнүн келини – ушул Козубайдын апасы жөнөттү. «Барып Козубайларга тамак-аш кылышып бериң, Айбекке каралашың» деп кулак-мээсин койбой айта берди, кемпири укпамыш болуп тим койду, дагы эле айта берди, кайра-кайра кайталап айта берди, жадатты. Барбайм дей да албады, башынан кемпир андайды каалабайт, акыры унчукпай жүрө берди, келинине мени оор көрүп калдыңбы дегиси келди, карыганда шаарга барып өлөйүнбү деп айтайын деди, кайра айныды, койчу көңүлүнө кетип калбасын, энем ушинтти эле деп эстеп жүрбөсүн деп тим болду. Кемпир келгенден бир жума өтүп-өтпөй чабалекейлер келишти. Алар ачык турган терезеден адегенде түз эле үйгө кирип алышты. Айбек жер тээп кыйкырып, кичинекей колдору менен кармашка далалат кылып артынан айланып-тегеренип чуркап жүрдү, кемпир болсо эмне кылар айласын билбей, «жаныбарым, жаныбарым» деп берер оокатын издеп жалынып-жалбарып атты. Сырттан кемпирдин небире килини Гуля кирип келди да, жылтырак жыгач эмеректер, толтура килемдер, айнек идиштер жайнаган бөлмөнүн ичинде жан-алакетке түшүп, уя салар жер издеп жүргөн чабалакейлерди көрүп: «Ушулар эле жетпей жатты эле… Кайдан келди?! Чыгаргыла!» деп эки колун көккө шилеп айдап калды. «Меники, тийбегиле, мам, тийбе!» деп кичинекей бала апасынын алдын тороп, тизесине жабышып жүргөнүнө карабай, бирде эки колу менен санын чапкылап, бирде алакандарын ургулап Гуля аларды кууп жүрдү.

Чабалекейлер уя салар бурч издеп, эки-үч айланып учту да, тигил келиндин коркунучтуу сүрүнөн айбыгып, кайра-кайра «чырлыйт» деп, коштошконсуп чыгып кетишти. Кемпир коркту, ошол бойдон келбей коер бекен деп коркту, келини кууп жатканда, «тим койчу, ушулар жамандык кылмак беле, биз менен чогуу жашай берсинчи» деп айткысы келди, айтайын эле деп эки-үч жолу чыгынып көрдү, айта албады, «ишиңиз эмне, сиздин үйүңүз беле» деп коерунан коркту, антсе эмне дейт, туура да, өзүнүн үйү болбогондон кийин, кемпир билип аткан, бу үйгө алар өтө кыйналып жетишкен, көп жыл үжүрөдөн үжүрөгө көчүп-конуп жүрүшкөн, бул үйдүн ээси эми ушулар да.

Чабалекейлер кетип калышты. Кемпир менен чөбүрөсү балконго чыкты. Чабалакейлер алыста-алыста таарынгансып кетип жатыптыр. «Булардын аты эмне?» Улутунуп, капа болуп турган Айбек чоң энесине суроолуу тигилди. «Чабалакей». «Чабалекей». Айбек энесинин айтканын бир кайталап алды да «Булардын картинкасын бизде, садикте ласточка дейт» — деп койду.

Ошол түнү кемпир Айбекке чабалекей жөнүндө жомок айтып берген, аны өзү качан, кимден укканын билбейт, эс тарткандан эле ошол жомок менен жашап келатат, анча-мынча бирөөлөргө айткан болуп коет, анын жылда биринчи чабалекейлерди көргөндө кайра оюна келет.

Илгери-илгери… деп башталчу ал жомок, Жер жаңы каймактап, Адам Ата менен Ово Энеден башка жер үстүндө эки аяктуу эч нерсе жокто, адам тукумун улаш үчүн аларга көп нерселер керек болуптур, ошолордун бири от экен. Ошондо Адам Атанын жакын досу Чабалекей жарыктык, пайда болуптур да, от издеп чыгыптыр. Көп күн, көп түн жүрүптүр, деңиздерден, токойлордон, мухиттерден, муздардан өтүптүр, бир жерден алоолонгон чоң өрттү көрүптүр, жапайы өрт жанына жакын баргандарды куйкалап, тилин соймоңдотуп, жалынын пайдасыз көккө бүркүп жаркырап күйүп жатыптыр. Өрттүн ээси кырк кулачтуу, жети баштуу ажыдаар экен. Жылтылдаган сыйдам денесин отко кактап, оозунан жалын бүркүп отту айлана соймоңдоп, бирде өрткө кире калып, чызылдатып майын ээритип ысыкка жыргап ооналактап, кайра чыгар терекке чыгып, туш-тушка көз салып, отун кызганып, кароолдук кылып жүрүптүр. Ажыдаардын көзү ызгып кеткенде чынар теректе жашырынып турган чабалекей отко боюн таштап, оозуна толтура кыпкызыл чок салып Адам досуна жөнөйт, ошондо ажыдаар ойгонуп кетип, чабалекейди билип жер силкинтип туш-тушту чапкылап, чынар теректи түбү менен жулуп ыргытып, оозунан от бүркүп узун куйругу менен учуп бараткан чабалекейди чааптыр, байкуш чабалекейге ажыдаардын куйругу тийип, көчүгүнө чейинки арткы канатын экиге бөлүп таштаптыр, ошондон чабалекейдин куйругу эки ача болуп, чок салып келген оозу күйүп, чоктой кызыл өң алыптыр кантсе да ал Адам Атага от алып келип, биздин тукумубуз ошол чабалекейдин отунан тамак бышырып, жылынып өзүнүн тилегинде пайдаланып калыптыр.

Кемпир ушул жомокту айтып берди. Айбек түшүнбөгөн жерлерин кайра сурап, кээ бир сөзүн билбей калып атты, орусча айт деди эле, энеси да ал тилди кайдан билсин, иши кылып экөө ушинтип түшүнүштү окшойт, экөө тең көпкө тунжурашып ойлуу жатышты. Жылдыздар көбөйүп, аларды аралап сулуу Ай сүзүп баратыптыр. Ай жаңы гана тууптур, иймейип бели кичинекей, аппак, бир кертим Мырзачөлдүн коонундай кең асмандын ээсиндей акырын каалгыйт. «Айдан аман кыл, жылдан эсен кыл, кудай». Кемпир оң жамбаштап өзүнчө күңгүрөнүп койду. Кызык, калаа менен айылдын көп жерлери окшобосо да, мына ушул асманы окшош. Жылдыздары окшош, Айы окшош, Саманчы жолу, Үркөр, Жетиген, Алтын Казык – Кутпа, Чолпон-Тараза жылдыз – баары өз өз ордунда, бир гана… Бир убакта чөбүрөсү: «Дагы келеби?» деди. «Эмне?» «Чабалекейлер». «Билбейм. Келээр». «Отун алып келбесе да, өздөрү келсин, сен айт, бабушка». «Айланайын эсиңден». Кемпир аны ойго чөмүлттү.

Булардын тамына жыл сайын чабалекейлер келчү. Жыл сайын булардын чабалекейлери биринчи келип, уя салып кирчү, кемпир сүт илчү илмектин үстүнө уясын баштайт эле, абышкасы уянын астына тактай кагып коет, анан тамын бүткөрүп, ооздоруна кичинекей тоголок ылай ташып келип, аны кынактап бир жерден коюп олтуруп бүткөрүшчү да жай ортолоп калганда балдарын учуруп кетчү. Бирок дайыма алардын уясын чымчыктар тартып алчу, абышкасы чымчыктарды таш менен уруп, уяны көрүп отурчу, антсе да баары бир чабалекейлер тамын алдырып коер эле да, анан бир нече күн бир бурчка кысылып чурулдап уктачу, күндүз жаңы үй куруп киришчү, кышта чабалекейлер кеткенден кийин кардын сарыккан сууга уяга кирип жибитип, анан бир күнү «талп» этип бузулуп түшчү, ошондо кемпир менен чал кейишип, бир нерседен өксүп калгандай элге окшоп тамын оңдобогонуна өкүнүп калышчу, баары бир там-ташын жаңыртпады, «ушул тамда өсүп-өндүк, ушунда өлөбүз» деп калчу абышкасы, а жаңы үй салгандардын айрымдары көпкө чейин үйүнө чабалекейлерди жолотпой кууп да жүрүштү. Кийинки жылы дале баарда булардын ошол жаман тамына ошол чабалекейлер издеп келип, ошол жерден табышчу, ал жылы дале алар уясын тарттырып, дале ошол көрүнүш кайталана берчү.

Эртеси кайра булардын жетинчи кабаттагы үйүнүн балконуна келип чабалекейлер айланып-айланып учушту. Кемпир ойгонуп кетти. Ар бир үйдүн, арбир адамдын чабалекейи болот деп калышчу, алар жазда келгенде издеп жүрүп, өз адамын, өз үйүн таап, уясын ошондо гана салат экен дешчү, балким чындыр, баягында маркум абышкасы өлгөндө чабалекейлер жай ортосунда эле өлүк чыккандан кийин кетип калышкан, кийинки жылы келбей коер бекен деди эле, кечигип болсо да келишти. Негедир ошол жылы балапан басып бала учуруп чыгарышпады. Чын эле ошол чабалекейлер өзүнүн, небиреси Козубайдын, чөбүрөсү Айбектин, келини Гулянын энчиликтүү, ушуларга демөөр туткан канаттуулары болду бекен?

Неге калаанын көп кабат үйлөрүнүн бирине да келбей дал ушулардын балконун тандашты экен? А балким?.. Чын эле… Чын эле ошондой болуп жүрбөсүн?… Анда алар кантип кемпирди таап келишти болду экен? Баягында самолетто келатканда көргөн чоң-чоң кыштактарды, башы тоодон башталып учу түгөнбөгөн узун аңыздарды, дарыяларды, жанында бараткан киши көрсөткөн Арсланбаб-Атанын токоюн, анан самолеттун бооруна тийейин деп асманга өсүп келаткан аскаларды, суу камаган көк көлдү басып өтүп бул жакка кантип келди экен? Балким, чын эле ошондой болгондур, чын эле кемпирдир издеп келгендир? Бүжүңдөгөн бүкүр кемпирди кантип издешти болду экен? Тооба, айран таң кала турган иштер көп. Ушул окшош үйлөрдөн эле өзүңдүн үйүңдү таба албай канча кыйналасың, а булар болсо… Бир жолу кемпир таза адашпады.

Ошондо келини жумушка кетип жатып «Мен бүгүн кеч кайтам, Айбекти бакчадан алып коюңуз» деп дайындап кетти. Кемпир жок дей албады, үйдү таап келе албайм дебеди. Көндү. Айбектердин бакчасына барып отура берди, отура берди, ар ким баласын жетелеп кетет, Айбектайы жок, ана күтөт, жок, мына күтөт, жок, сүйлөшөйүн десе бүт эле орустар экен, бир убак бир кыргыз келин келип калды: «Эмне отурасыз, жеңе?» «Небиреме келдим эле». Анан ал келин ичкери ээрчитип кирип бир орус аялды көрсөттү, ал ууру кармагансып, кемпирди көпкө тиктеп турду да, тилийпону менен бирөөгө сүйлөшүп калды. Сүйлөшүп атканы келини Гуля экенин кемпир боологолоду, анан жаңкысын кемпирге кармата койду, кишилерге окшоп кулагына тоссо, келини сүйлөп кирди: «Эне, Айбекчикти сизге берүүгө ишенбей жатышыптыр, мен айттым, бере бергиле деп, алып кетиңиз, жылуу кийгизиңиз, тезирээк кетиңиздер, анан үйгө барып, жумуртка кууруп бериңиз, ичинен үйдү бекитип отуруңуздар, Козубайга да мени кеч келет деп айтып койгула» деди да, сүйлөбөй калды, анан кемпир тигинисин орус аялга берди. Айбекти алып көчөгө чыкты.

Гуля айтпаса деле ошондой кылат да, келин да кызык, кийинтпей тургансып, көчөдө ойноп жүрүп ала тургансып, тамаксыз калтырганга окшоп, «жылуу кийинтиңиз», «тезирээк кетиңиздер», «жумуртка кууруп бериңиз» дейт. Айбек экөө кетип атып эле кемпир адашкансып калды, паамы жетпей калды. Кайсы үй экенин биле албай божомолдоп кете берди. Ушул болсо керек деди, бурулду, алдына барды, окшободу, өтүп кетти, кийинки үйдүн биринчи эшигине барды, ушул окшойт, «бул эмес» деди чөбүрөсү. «Ушул, тез бас» деди кемпир. «Бул эмес». Бала да айтканынан кайтпады. Кемпир лифтинин гүрүлдөгөнүнөн коркот, тепкич менен чыга берди, кайсы кабатта экенин ажырата албай калды, төөнүн көзүндөй кичине карай турган айнеги бар эшик баарында эле бар, ошондон карашат, каалабаган киши болсо ачпай коюшат экен, баягына бир-эки жолу Гуля ошенткен, ачпай койгон, эшиктин алдында жаткан пол сүргүч чүпүрөктөн таанымак, өткөндө Гуля кемпирдин катып жүргөн эски мамазий көйнөгүн салып коюптур. Ичи ачышса да, унчукпай калган, эмне кылмак, кантсе да келини да, үй ошонуку, эмне кылса өзү билет, бу кемпир бир мыйман да, жок мамазий көйнөк салынган эшик жок, кайра түшүштү, башка үйгө барышты, издешти – жок, кемпир коркуп калды, өңү купкуу болуп кетти, дагы башка үйгө барды. «Мына, — деди Айбек бир убак, — таптым».

«Кана, кантип таптың?» Кемпир сүйүнүп кетти. «Скамейканын мобул жери сынык эле, Коля сындырган». Чын эле ошол жерде экен, мамазий көйнөгүн көргөндө, айылдагы өз үйүн көргөндөй кубанган, калаада ушундай быжылдаган көп үйлөрдөн баары бир үй жакын болот турбайбы деп калган ичинен.

Тооба, чабалекейлер да бир адамга жакындап, ошону мадат кылып, ошого ыктап үй салат экен да ошол жерде бала чыгарып, анысына бир кайлардан оокат апкелип, жетилтип, канаттарын күүгө келтирип, таптап, анан башка бир үйгө, башка уяга бөлүп чыгарат турбайбы, адам көбөйүп, там көбөйгөн сайын булар да көбөйө берет экен, ылайым ошенте берсин…

Ошол келген чабалекейлер балконго уя салып киришти. Айбек күн сайын аларды көрөрү менен кубанып жетине албай, ордунан кайра-кайра секирип делбектеп калат, үйгө киргизейин дейт, мамасынан коркот, ошол балконго тим койгонго да ыраазы.

Кийин алар бала чыгарышты. «Чырлыйттап» кумуранын башындай уясынын оозунан чыгып алып жан талаш жем сурашчу, эне чабалекей менен эркек чабалекей удаама удаа каттап тоюндуруп жүрдү. Анан ошондо бир окуя өттү. Койчу, аны эстебейинчи деди кемпир…

… Кемпир намазын кайра башынан баштады. Канчалык эстебейин десе да ошол окуя эсинен кетпей туруп алды. Гулянын туулган күнүндө болду бул иш. Кемпир менен Айбек балкондо жаткан, тигилер үйдө он бештей аял-эркек ичип-чычып бир нерселер болуп аткан, бир убакта балкон ачылып бирөөлөр чыкты. Кемпир коркуп кетти. Чыккандардын бири чалынып жыгылды. Кемпир Айбекти өзүнө бекем кучактап унчукпады. Тиги орусча бир нерселер деди, чамасы сөгүндү го, кайра турду. «Энем болуш керек бул жерде». Козубайдын доошун тааныды. Экинчиси аял экен, бирок Гуля эмес, ит урган тиги келин Козубайды өпкүлөп кирди, кемпир уялып өлүп калды, алардын иши жок, «барбай койдуң го, барчы, барчы» деген гана сөздү айтат, башка сөз жок. Козубайда болсо «энем болуш керек эле» дегенден артык үн жок, кайра-кайра ошол сөздү кайталайт. Бир убакта балкондун эшиги кайта ачылды, бирөө чыкты, мунун Гуля экенин кемпир дароо эле билди. «Окшошкон ойноштор, дагы табыштыңарбы?!» Анын кыйкырыгы баарын чоочутту.

«Жогол, кет, куттуу үйүмдү баспа!» Бирөө чыгып кеткенсиди. «Ме, сага!» Анан бир нерсе тарс эте түштү. Ошондо кемпир башын көтөрүп Козубайдын башына тарелканын тийгенин көрдү. Тарелканын сыныгы учуп барып чабалекейдин уясына тийди, чабалекейлер учуп чыгышты, уя бузулуп түштү, кызыл эт балапандар Айбектин жастыгына кулады, бирок бала ойгонбоду, кемпир тура калды. Балапандар өлүп калыптыр.

Ошол ошол болду, чабалекейлер келбей койду. Айбек туруп алып ыйлады, кадимкидей өңгүрөп ыйлады, кемпир соороткон жок, ыйлап алсын, ошондо жеңилдейт деди, анан да кемпир «биз жакпай калганыбыз үчүн, бизди чанып кетти, балдарын учуруп алып биротоло кетти, эми кайрылып келбейт» деп айтты. Айбек ишенди. Кемпир ачуу менен айтты, чөбүрөсү ишенсин деп айтты. Анан экөө кызыл эт балапандарды алыс бир жерге барып жаңы гана тигилген өрүк көчөттүн түбүнө корумдап келишти…

…Кемпир дагы намазынан адашты. Үй ичи жарый түштү, караса, терезеден күн шоолалары жайнамазаны түшүп жатыптыр. Болду эми, күндүн мурду көрүндү, багымдат каза болду, күн текши көтөрүлгөндө Айбекти бакчасына алып барып келип жаңыртып даарат алып окуюн деди.

Анан күндөгүдөй эле чала тоют болушун небиреси Козубай менен келини Гуля жумуштарына кетишти. Чуркап эле жүргөн. Кызык, эрте менен жумуш башталарга чукул калганда турушуп, бир нерсе шам-шум этимиш болуп анан жөнөшөт, бир өмүр ушинтип өтүшөр бекен, ишемби, жекшемби күндөрү болсо уйкунун адебин беришет, жаңылыштан ойгонуп туруп да кетишпейт, түшкө чейин уктай беришет, уктай беришет… Илгери кемпир жаңы келин болуп келгенде кайын энеси айтчу: «Саар тур, сааркы ырыскыдан калба!» Ошентип эрте турууга, таңдын мурду канай электе ойгонууга көнүшкөн. Бир жолу да дени соо болсо, кемпир күндөн кеч тура элек, күн сапары менен тирүүлүк сапарына кошо чыгат, кыштакта күн көтөрүлүп ысый баштаганча канча-канча иштерин бүтүрүп алчу, көрсө, ырыскысы ошол турбайбы. «Булардын сааркы ырыскы менен да иши жок» деп коет кемпир күңгүрөнүп. Акырын басып барып Айбектин бешенесинен сылап ойготту. Тамак берди. Тамак ичпейт, ичкиси келбейт, ар нерсени бирден тандап, бирден жемиш болот да, ыкыйып туруп калат, ушинтсе бала кантип оңолот, киши тамак менен киши да…

Бир жолу ыраматылык чалы чөп чаап жатканда алты катырманы бир олтурушта жеп, артынан бир күн уюткан айранды жутуп алган. А анча айранды бу Айбек жыйырмага чыкканча ичет.

Айбек бүгүн да ыйлайт бекен? Күндө эле бакчага барарда кыйнамай адаты бар, «барбайм», «барбайм» деп ыйлайт, алдап-соолап араң алып барышат, «бүгүн барбай эле коеюн да» деп калат, андай болсо кана, энесине да жакшы болбойт беле, жылдыздуу бала, кемпирге ушул гана ылым санап, ушуга аны-муну сүйлөп бергенде оңуп калат, «кийин дегенде, кийин, барасың дегенде, барасың» деп келини май көчүккө шапаттап кийиндирип, алып жөнөйт, же кемпирге кошуп берет, жолду ката туталанып, көзүнө жаш толуп ыйлагысы келип барат, кемпир болсо Гуляга «барбай эле койсун да, мага эрмек болор» деп айта албайт, бир жолу айткан, келини кагып салган, «үй күчүк болуп олтурбай, балдардын арасында жүрсүн, ал жакта витаминдүү оокаттар берет, атайын окуусун бүтүп келген билимдүү кыздар тарбиялашат» деген. Ошондон кийин андай дебей калды, айтса, айтпаса, төгүнбү, алар деген болгону ликбезде окуган кемпирдей эмес да, кат таанышат, билим десе, билимдери бар, беш-алты жыл окушкан, орусча билишет. Анан дагы бир жолу Айбекке чабалекейлер жөнүндө жомок айтып берип атса, «көрүнгөн нерсенин баарын айта берип баланын башын оорутпаңчы» деп кагып койгон, ошондон кийин Айбек күндө «жомок айтып бериң» дейт, кемпир жомокторун Гуля жокто гана айтат.

«Сен эмне бакчага баргың келбейт» десе, чөбүрөсү, «эжекелер уктагыла деп урушат, ыр жаттатат, туура эмес айтсак, мамаңарга айтам, детдомго айдап ийем, зоопарктагы жыландын торуна камап коем дешет» дейт ыйламсырап. Курган балдар ай?! Туулгандан эле буларга «ары тур, бери тур, жаткыла-тургула, отур-отурба, укта-уктаба» дей берип жадатып бүтөт окшойбуз, илгери андай эмес эле, бала деген бала эле, деги ушу балдар өздөрү айткандай детсад, үй, телевизордон башка эмнени көрөт болду экен деп ойлоду.

Кудая шүгүр, бүгүн Айбек ыйлабады. Унчукпай күндөгү бакчага барчу жол менен алдыга түштү. Жолдо күндөгү көрүнүш: шашкан адамдар, баары өзү менен өзү, бирөө менен бирөөнүн иши жок; кыштактагыдай бирине бири жолугуп узак божурашпайт, ал-жай сурашпайт, салам айтышпайт, сүйүнчүлөп бир нерсеге жыгышпайт; «оо, жүргүлө, паланчанын баласы аскерден келиптир, учурашып келели», «Паландардыкына ууз ашка жүргүлө», «Түкүнчө уулуна той бериптир, баскыла», «Өйүзгө батага топтолуп атабыз, чыккыла» деп бирине бири кыйкырышпайт; шашылып бала жетелегендер, жетекке көнбөй артына кетенчиктеген балдар, сүттүн кезегине ашыккандар, автобуска чуркагандар, таксиге кол көтөргөндөр, гезит сатып алууга кезекке тургандар…

— Айбек, сен мени сагынасыңбы? – Кемпир ой басып келатып ушинтип айтты.

— Бүгүн детсадга барбай эле коеюн да, эне? – Айбек токтоп калды.

— Ийи?

— Сени сагынам да.

— Жок, мен бир жакка кетсем сагынасыңбы?

— Билбейм. Сен кете элексиң да. Сен келгенден бери эле кетпей жүрөсүң да.

— Мен кетейинби?

— Кетпечи, чоң эне? Сен кетсең мени мамам менен папам балкондон таштап ийет.

— Анан сен эмне болосуң?

— Анан мен жерге тийип канап кетем.

— Айланайыным ий, айланайыным, жетинчи кабаттан ыргытып ийсе, кантип эле канап эле кетесиң. Кудай өмүрүңдү берсе экен. Бир кемпир чоң энем бар эле деп эстеп жүрөр бекенсиң? Жүр, берекем, бакчаңа бар, мен кетпейин… Сенден кайда кетейин…

Айбек басар-басмаксан болуп тайсалдап араң кадам шилтеп бакчанын балдарына кошулду.

— Кечинде эрте кел, чоң эне? — деди ал короодон кирип жатып.

Кемпир бир топ карап турду. Чөбүрөсү, тукуму – күйөөсүнүн, кайын атасынын, өзүнүн канын ушул бала улантып кетет. Карабайсыңбы, адам канча көп жашайт. Эсине киргенде бир кемпир жүрчү, апасы аны таенем дечү, кийин апасы, атасы, өзү, чоң кайын атасы, өзүнүн кайын атасы, күйөөсү, уулу, келини, небиреси, небире келини, мынтип чөбүрөсү Айбек. Айбектин баласын көрсө, кыбырасы… Койчу, ага чейин кор болуп кетпейби, карылык жеп бүтпөйбү, али дагы жыйырма жыл, ооу, ал кайда, кудайдын ушунчалыгына да шүгүр.

Кокусунан эле өлүм жөнүндө суук ой келе калды. Жан алгыч келип, азыр жаныңды бер деп сурап калсачы, ушинтип туруп эле чымын жан көкүрөктөн учуп кетсечи? Айылга барайын, эл-журтка барайын дейби, небирем менен келинимдин ынтымагы жакшы болсун дейби, чөбүрөм эс тартсын дейби, жан алгычың ага көнсө гана, ким билет ушинтип бакчанын короосуна сүйөнүп турганда алып кетер, анда Айбек «чоң энелеп» чыңырып келбейби, үйүн көрсөтпөйбү, өлүмдүн шааниси ый менен да, доктурлар кыйкырып жүрчү ак машинасына салып алып кетишип, союп, ичиндеги баданинин таза жерлерин ооруп аткан бирөөгө салып берип, ичин көңдөй кылып карматпайбы, өткөндө небиреси ээрчитип келген бирөө ошентип айтпадыбы, илгери болуп калды эми, баягы бир жылы борбордо өлгөн кызын Шакир айылга алып барганда ичин тигип коюптур, жууп атышкандар ичин жарган экен деп калышты, кемпирди да ошондой кылсачы, кудай анын бетин ары кылсын, кетер жерине бүт мүчөлөрү толук эле кеткени макул.

Оюнан чочуп кетти, караса, Айбек ойноп калыптыр, акырын жылды. Балким Айбеги да жок жерде, көчөнүн ортосунда жан берсечи, үйүнө тепкич менен чыгып баратып жан берсечи, үйдү ичинен жаап алып үзүлүп кетсечи? Балдары келгиче өлүгү сасып кетпейби!?

Кудая тооба, өлүм эле келип калган да бүгүн эсиме деди да ал жөнүндө ойлонбошко астайдил аракет кылды, бирок ой деген кууса кетпеген нерсе экен, кичинесиндеги атасынын өлгөнү тык эле эсине тартыла калды. Баары чуркурап ыйлай беришти, ыйлай беришти, атасы көзү ачылып-жумулуп, сүйлөй албай тилден калып кыйнала берди, бир убакта бир кемпир алып чыгып кетти, ошол бойдон атасын көрбөдү, эртеси көрүстөнгө алып кетишти, жакшы өлүм болду дешти, кийин апасычы, купкуу болуп, буттары тартыла берди, кызын кармап турган колу түшүп кетти, оозу ачылып баратты, ээгин таңып, буттарын бириктирип жазып жатышты, кийин да көрүстөнгө алып кетишти, экөөндө тең бир айылдын бүт эркеги топурак салууга барышты. Ошондон бери эле адамдар өлөт, аларды кичинекей көрүстөн тартып алат, эч ким дүйнөгө түркүк болбоду, күйөөсүнүн өлгөнүн көрбөй калды, болгону каракагаз келди.

…Кемпирдин ою кокусунан бузулуп чочуп кетти. Караса, көчөнүн ортосунда турат, бир киши машинадан башын чыгарып, бир нерселер деп урушуп жатат. Бир кыргыз кыз көчөдөн жетелеп өткөрүп койду. Ыймандуу неме экен, бирок кемпирге кийингени жакпады. Ушул да кийимби? Көйнөгүнүн арты кудум эле ичке белине чейин дырдай жылаңач, капкара болуп эти күйүп, түлөп бүтүптүр, кичине эле бир нерсе тосулса, кийим дейт экен да булар. Илгери маркум киши – абышкасы айтып калар эле, билегиңди көрсөтчү деп, кемпир анда кыз кези, уялып калар эле, Ай чыкканда жолугушуп Айдын жарыгында билегин көрсөтчү, ошого бети чымырап, уяты канга тээп, кандай кыйналар эле, ушунча жыл бир жашап, абышкасына да бир жолу этин көрсөтүшпөптүр, азыркыларчы… тооба, небиреси менен небире келини а түгүл мончого да бир түшөт, бетсиздер десе…

Небиреси Козубай ушул келинди алып келгенге чейин, эч кимге айткан эмес, окуп-чокуп жүрүп табышыптыр, айылдан үйлөн, ага үйлөн, буга үйлөн десе унчукпай басып кетчү, атасы менен апасы болсо унчугушпайт, азыр ар ким өзү билип калган, биз алып бергенди жактырмак беле дешет, акыры айта берип кемпир да жадаган, чөбүрө көрөйүн десе ынанбадың, үйлөнбөсөң так өт деп тим болгон. Бир күнү эле эшиктин алдына машина келип токтоп, Козубай менен үч-төрт кыз-жигит түштү. «Келин келди!» «Келин кут болсун!», «Көрүндүк бериңиз!?», «Кудай жалгасын!» деген эле сөздөрдү кемпир эшитип калды, ыйманы ысык кыздардын бири «ушул келиниңиз» деп көрсөтө салды, анысы ушу – Гуля, жылмайып турат, кемпир алардын башына суу тегеретти, келининин бетинен сүйүп, жоолук салды, кийин алардын тоюн беришти, эки күнгө созулду бу той, сөз айтпаган киши калбады, чамасы, дүйүм тамактар жасап кыз-келиндер ээси ооганча иштешкен, кийин окуусун улантканы шаарга келишти, келини көпкө төрөбөй жүрдү, туубас катын алган окшойсуң деп Козубайды жемелесе, «сактанып жүрөт, жанагысын жактаса, илимин жазып бүтсө, анан төрөйт» деп койгон, кудая тооба, куда бербесе кантип тууйт, же ушул да каалаганда тууп, каалабаса туубай коё турган нерсеби? Ушунун бир балекети бар окшойт, болбосо шаардагылардан сегиз-он балалуу болгондору жок ко, же алар жатпайбы, кантип эле, бүт эле бир-эки балалуу…

Өткөндө эле Козубай менен Гулянын бир чатагын угуп калды кемпир. Адатынча Айбек экөө көпкө сүйлөшүп, анан уйкуга киришкен кемпирде кайдагы уйку, көзү илинет да, кайра ойгонот, өткөн-кеткенди элестете, бир убакта эле тигилердин бөлмөсүнөн алардын катуу сүйлөшкөндөрү угулуп, Гуля ыйлап жаткансыды. Кемпир тыңшап бир топ турду, токтоп калар бекен деп атты, болушпады, жакын барды, эшигин акырын ачып койду, сөздөрү кадимкидей угулду: «Төрөбөйм, өзүң төрө!» деди келини тыңшап турса ый аралаш. «Төрөйсүң!» «Төрөбөйм!» «Анда төрөгөн бирөөнү алам, сен чыгып кет!» «Сен өзүң чыгып кет, мага Айбек болсо болду… Сени элдин баары тааныйт, сотсуң, ажырашканы келген келиндердин бирин алып ал!» «Алсам, алып алам! Эмнеси бар экен!? Сага окшоп баладан илимди артык көргөндөр менен жашагым келбейт!» «Жашабасаң жолуң ачык, кете бер! Менин илимиме асылба!» «Илим деп илимден эмне кыйраттың?! Жазганыңды ким окуду, кимге пайдаң тийди? Кандидат болдуң, өлүп кетейин эми доктор боло албайсың!» «Ишиң болбосун, сага окшоп арам акча алып абийиримди сатпайм, күнөөлүүнү күнөөсүз деп, айыпсызды күнөөгө жыкпайм».

Ушинтип сүйлөшө беришти, уруша беришти, Гуля да жемин жедирбей, ый аралаш эркекти демитип баратты. Бир убак «тарс» дей түштү, бири бирин бир нерселер менен ура башташты, чыдай албай кемпир кирип барды. Тигилер токтоп калышты. Кемпир эч нерсе деген жок, дуңкуюп тигил экөө кызарып-татарып бирин бири карашпайт. Ар нерсеге алаксымыш болуп кемпир бир топко жүрдү, тигилер унчугушпайт, ичтеринен сөз тандап атканын билди, баары бир кемпир кетпей койду, бир бурчка кыңкайды, таңга маал турса, келини дырдай жылаңач үстүн жаппай керебетте бышылдайт, небиреси кийимин чечпей диванга кулаган экен, ошол бойдон кетиптир. Булар эми жаман болот ко, ажырашат бекен деп жүрдү кемпир. Кайдан? Эртеси эле Козубай чоң көтөрүнчөк көтөрүнүп, оозун сасытып кирип келди: «Акча алдым» деди алып келгендерин аялына карматып жатып. «Мына, сага Айбек, саат». Уулуна кутудагы бир нерсе сунду. «Саатпы? Электронныйбы?» Гуля таң калды. Кайра-кайра ал жак-бул жагына тегеретип оодарып жүрдү, адегенде өзүнүн, анан уулунун колуна такты, чын эле саат экен, жазуулары көрсөтүп атат. «Мына, сага Гуля». Ал аялына чоң түйүндөгү бир нерсени узатты. «Базардагы достордун жанын койбой, өзү алты жүз элүү экен, жети жүзгө алдым, анан аз-мазга майлап ийдик». Гуля кубанганынан эмне кыларын билбей, энесинин көзүнчө эле күйөөсүн өөп-өөп атты, мейли деди кемпир, мындай кылыша берсин, урушпаса болду. Гуля тонун кийип, күзгүнүн алдына барды, чемодандан төрт түрдүү өтүгүн, төрт түрдүү жемпирин, эркек тумагын, кундуз тебетейин алып чыгып ар бири менен кийип көрдү. Түйүн бошоду. «Магачы? Мага эмне алып келдиң?» дей албады кемпир. Унчукпады. Айбек менен Гулянын кубанганына, ошол экөөнүн көңүлү ачылганына эле ыраазы болду, дайыма эле ушинтип турушса экен деп тиледи. Анан тигилердин пальтосу менен саатын көрүп көңүлү кайт болду. Көзүн буруп кетти. Кантип эле ушунун баары бир айлыкка келсин, мунун баары бирөөнүн акысы да, арам да деп койду. Өзүнө эч нерсе алып келбегенине шүгүр кылды.

Айбек күндө суу алып берчү жерге келди. Бүгүнкү сапарына кызуу киришип Күн кыйла көтөрүлүп калыптыр. Намаз окуй албай калганын эстеди. Даараты сынды бекен? Неге бүгүн ой басып эле калган? Ал анан тез жетүүгө үйгө ашыгып жөнөдү. Шашып баратып унутуп кала жаздаптыр. Акыр-чикирлер төгүлгөн ящикти акмалап карады. Күн сайын эки-үч жолу карайт, бул жердегилер кемпирди ушул жерден көп көрүшөт, нан терип жүргөнүн көрөт, биринчи жолу кемпир жугунду төгөйүн деп барып, чакасын көтөрө бергенде, караса, нан жатат, бүтүн нан, аза бою дүркүрөп кетти, жарыктык нан, убалың кимге экен деп колуна алды, катып калыптыр, айылга алып кетем, уюма алып барып берем деди күбүрөнүп, ата-а, «убалды билбеген кишилер ай, кудай, пенделериңди өзүң кечир» деп койду, кийин дагы бир жолу кесим-кесим суу болгон нандарды терип атса, өтүп бараткан Козубай көрүп калган. «Эмне кылып атасың, эне?»

Ал жакын келип акыр-чикир арасынан нан издеп, аларды беймарал колу менен илип алып, түйүнгө салып жаткан энесине карады. «Нан терип атам». «Ой, жарыктык кемпир, нанды эмне кыласыз?» «Уюма алып кетем, нанды кор кылып ыргытып ташташыптыр». «Коюң, эне, уят, эл башкача ойлобойбу». Бейтааныш адамдай Козубай чыгып кетти. Кемпир көнгөн жок, ошенте берди, ага кошулуп дагы бир кемпир келет, чачтары апсайган, индикара кемпир, ал нан албайт, шише чогултат, кээде экөө жарышып келип калат.

Бүгүн да кемпир биротоло нан карай кетейин деп акыр-чикирлердин арасына көз салды, көрүнбөйт, кудая шүгүр, бул кемпирди көргөн көпчүлүк түшүнө баштады, нан ыргытчу болбой калды, бошогон бөтөлкө жатат, берки кемпир көрүнбөйт, төрт-беш күндөн бери көрүнбөй калды, мурдагы күнү кошуна үйдүн кире беришинде бир кемпир өлүп, ким экенин эч ким тааныбай, өлүкканага алып кетишти деп Гуля сөз кылды эле, балким ошол кемпир окшойт. Кудай ошондой өлүм бербесин.

Кемпир көргөн көзүнө ишенбей кетти. Асманга жеткен күкүрттөй үйлөрдүн арасында бир уй баратыптыр, артынан жети-сегиз жашар балдар ээрчип, улам-улам жакын барышып, уйдун куйругун тартып коюшат, жарыктык малдын алар менен иши жок, козголушу жай, чың тойгонго ныксырап, жалкоо кыймылдайт, балдар менен да иши жок, желиндери толуп калыптыр, чамасы түндө келбей талаада түнөп калган го деп ойлоду кемпир, анан өзүнүн уюн эстеди. Кантип калды экен, ээсин сагындыбы? Келини кантип саап жатат болду экен? Эмчегин оорутуп койбоду бекен? Желинин жууп жатабы? Ийдирип саайбы, же ага карабай эле эмчектерин оорутуп тарта береби? Музоосу кантип атты экен? Дагы эле кечинде өзү көнгөн жерге – кемпирдин жаман тамына барып алып жатты бекен?

Балдар дале уйду ээрчип, туш келди айдап, тамаша кылып жүрүштү, ушул уйга каткан нандан алып чыгып берейин деп ойлоду да кемпир үйүнө дагы шашылып жөнөдү. Капысынан эле уйдун аянычтуу катуу бөкүргөнү кулагына шак дей түштү, чочуп кетип карай салса, көзүң жамандыкты көрбөсүн, жол боюндагы уйду бир чоң машине койдуруп кетиптир, балдар туш-тушка чуркап качып баратат, шопур машинасынан чыгып, балдарды сөгүп кирди, заматта эл топтоло калды, жер жайнаган кан урунду кемпирдин көзүнө. Кемпир таргыл уйдан көзүн албай бир топко карап турду, чатыраган желининен сүт агып кан менен биригип каражолду башка түскө боёп ийди. Курган уй, сени ажал айдап келген экен да мында, адашып шаарга неге келдиң экен деп кейип койду, койчу эми, уйга деле кейибей, ажал жетсе адам дале өлөт турбайбы деп өзүн кайра жубантты, баары бир ошол уй көзүнөн кетпей туруп алды.

Кемпир үйдү көңүлсүз ачып кирди. Эч ким жок, эч ким менен сүйлөшө албайт. Кайра эсине түштү. Жакында арапа болуш керек, кокус бүгүн болуп калсачы? Мусурмандардын мечити бар деди эле го, бирөөлөрдөн сурап ошону тапса бекен? Анан кокусунан дагы бир ой келди. Кетсе бекен? Кантип? Паспортун издеп кирди. Жылтырак, келини эстеген сайын сүртө берчү, бирок бир жолу да урунуп көрүшпөгөн оор-оор айнек идиштери толтура шкафтын ичинен таап алды. Тааныды. Жапжаңы да. Келининикин да, небиресиникин да билет, экөөнүкү тең эски, уруна беришип ошондой кылып алышкан, а өзү ушул жакка келерде гана албадыбы. О, баягы жылы почточу бала, паспорт албасаңар, пенсияңарды бербейм деп, сүрөткө түшөсүңөр, документ алып, биздин киши болосуңар деп акчасынан кармап калганда, сүрөткө түшкөн, сүрөтчү бала оромолуңузду алып, жылаңбаш түшүңүз дегенде, ынабай, өмүрүндө эркектердин көзүнчө жылаңбаш турбаган аял болбой атып оромолчон түшкөн, кийин сүрөтүн алганы барса, «ой, эне, сиздин сүрөтүңүздү тааныбай бир кемпир алып кетип калыптыр» — деп койгон, «сен да бир кемпирдикин бере бер, мен паспортума чаптап алайын» десе, «анда мен камалып кетем» деп болбой койгон. Ошол ошол болуп паспорт алынбай калган. Кийин самолётко зарыл болуп калганда онду бүткөн кичи небиреси бир күндө эле бүтүрүп салып, «мына, эне, паспортуңуз, сизден мынча сом» деп пулун алган. Ошол паспортун тааныды. Нуру кеткен көзү менен кемпир өзүнө окшош бирөөнү көрдү. Оор айнекке бастырып ташташыптыр учуп кете тургансып. Эми пулчу? Пулду кантет? Канча сом эле? Жолдон базарлык да алат. Жанагы небире келини эсепке бышык, тыйынын санап турат. Мындай болушун билгенде ошол ары-бери жумшагандан майда чака арттырып калбайт беле? Кокусунан колундагы оор идиши түшүп кете жаздады. Сынып калса ээ? Келини эмне болор эле? Энесин сабаса керек? Кызык, ушул канча сом болду экен? Сатсачы, бирөө алабы? Жол киреге жарайбы? Билет берип аткан кыздарга берсеби?

Келини Гуля ушундайларды топтошту эле жакшы көрөт. Пулунан бир тыйын көрсөтпөйт, чогулта береби, же карызына берип коёбу, бир күнү эле ак машинада бир жигит килем алып келсе, бирде ушундай идиштерди алып келет, тооба, асманга асылган жанагы чырагы эле жаңы пулга эки миң экен, а бу килемдерчи, он килеми канча болду экен, жыгач-ташы канчага турат экен? Кудай атсын, муну кайдан табат, бир жолу айылда кеп кылышкан, дарыны дарыга куюштуруп, «кымыя» дейби, бир нерседе иштейт экен, ошонон жаңылык таап атыптыр, ошол дарыларын сатат экен, бир жолу жетпей калып, камала турган болгондо чоң кызматта иштеген таякелери ортого түшүп алып калыптыр. Анан кемпир өзү да көрүп жүрбөйбү? Төрт бала, эки кыз булардыкына алмак-салмак келет, аларды түнү бирден ээрчитип кетет, «мугалимдерине көрсөтүп, дайындап келейин» деп калат, эки жолу ошол ээрчитип кеткен бойдон эртеси келген, анда Козубай он күнгө Ысык-Көлгө кеткен эле, эртеси келип «түндө автобус жок келе албай калдым, эне» деп койгон, а Козубай барда болсо автобус жок болуп калбайт, түн жарымда болсо да жетип келет, анан экөө бир топко урушат. Ошол алты баланы окууга өткөрүп жүрөт чамасы, төртөө өтсө да чоң иш, «булар саан уй да» деген өткөндө Козубай. Окууга өткөн балдар көп берет имиш го. Козубай да ошенткен.

Эки жыл өз күчү менен тапшырып өтпөй, аскерге барып келген, сотко катчы болуп, повестка таратып жүрүп, ошерден тааныш таап атасын кыйнап акчасын алып, кийин сот болгондо оң келсе бир айда эле таап берем деп жүрүп, өтүп кетти, атасынын ошол акчасын дале кайтара элек, атасы кечип ийген, арам акчасын албайм деп бүтүм чыгарган. Кемпирди болсо жаш кезинде оку десе окубай койгон, абышкасы да ошенткен, мугалимдин көзүнө көрүнбөй качып туруп алышкан. Ошондо окубай коюп ырас эле кылганбы, же жаман кылыштыбы, аны азыр ойлошпойт. Эмки балдар пул берип окуп…

Небире келини бул үйдү ошолордон түшкөн дарамат менен да толтурат окшойт, деги буларды ким билсин…

Анан кечиндеги окуя, таза жаман болду, ушуну көрбөй, укпай эле өлсө болот эле карыганда. Көрүп калды. Өз кулагы менен эшитти, өз көзү менен көрдү.

Бакылдап сүйлөгөн семиз киши, Козубай, Гуля – үчөө чай ичип отурган, бир убакта бүжүрөп «азыраак болуп калды, айып этпең» деди да кагазга оролгон бир нерсе сунду. Кемпир өтүп бараткан жеринен тык токтоду. Билди, акча экенин түшүндү. Козубай азыр акчасы менен башка уруп айдап чыгат деди. Антпеди. Аны небиреси ойлоп да койгон жок. Оролуу кагазды Гуляга узатты: «Эсептеп кел» деди. Анысы башка бөлмөгө кирип кетти. Кемпир деңдароо болуп калды. Буту шилтенбей койду. «Болуптур, анда, — деди небиреси тиги кишиге, — бара бериңиз, сотту кайра бузабыз да, тергөөчү менен сүйлөшүп, айыпты кайра беркиге оодарабыз». Ушинтип айтты. Эткээл киши Козубайдын колу-бетинен өөп узап кетти.

Мына ушул окуя кемпирдин тынчын алды. Төрөлгөндө сүйүнүп карындагы майын бузуп оозандырган, адырашман терип келип ага киринткен, элеп-желеп болуп досун чакырып киндигин кестирген, эркелетип Козубай деп ат койдурган небиреси, айтканын кылышып, окутуп-чокутушкан Козубай ушинтип сот болуптур. Адамдардын тагдыры ушуга калыптыр, ушу бала кишилердин кылмыштарын терип-тескеп жатат экен. Мындан көрө өлгөнү артык эмеспи… Койчу, кетүү керек. Арам тамак жегиси келбейт, өлөргө жакын күнөөгө баткысы келбейт.

Кемпир айнек идиштерди бирден кармап көрдү. Чын эле билет берип аткан кызга берсе бекен, «ушуну ал да, пашпортуму көрүп, бир билет жазып бер» десеби?

Ал балконго чыгып Айбек экөө жаткан жерде чогулткан нандарын карады, турат, «муну алып алайын» деп ойлоду. Чабалекейлер дале көрүнбөйт. Келбей коюшту. Кемпирдин бир нерсесин кошо алып кетишкенсишти. Эми келбейт, чамасы. Кетип калышты. Биротоло кетишти, ооба ошентишти. Кайда кетти болду экен? Барып алып келсеби? Кечирим сураса бекен? Ошону билишеби, чабалекейлер? Билер? Андан көрө кечирим сурап, анан алып келсе, булар кайра таарынтышпайт бекен? Ай, ким билет?

Алысты карады, кыбыр эткен канаттуу куш көрүнбөйт, семиз труба чубалжытып кара түтүнүн асманга үйлөп, аппак болуп көп кабат үйлөр гана заңкаят, арасында тиш чукур жыгач жок, какыраган сай, бир убакта чамасы суу жүргөн экен, азыр жок, алыста-алыста ак кар баскан чокулар көрүнөт, алардын башында аппак булуттар ар-ар жерде үзүм-үзүм болуп турат. Биздин айыл кай тарапта болду экен деди кемпир ичинен, бирок ал суроосуна өзү да боолголоп жооп таба албады, тим гана бир жагына кетээрмин эми деп койду.

Кошуна үйдүн балконунан ит үрдү. Шаардагы жалгыз таанышы аял – ошол иттин ээси. Акчаны ошондон сураса бекен? Бербейт го? Бираз-биразда итин ээрчитип булардыкына келип калат. Иттен башка эри да, баласы да жок. Ошону ойнотуп, киринтип, тарап, тамак берип, уктатып, алдына алып эркелетип, өөп-жыттап кечке эрмеги, алеги ошол. Узун кезекке туруп эт сатып берет, үстөлгө өзү менен отургузуп, түнү өзү менен алып жатат. Кемпир «итти коюп, эрге тийбейсиңби?» десе, «адамды жек көрөм, эр иттей болмок беле» деп койгон. Гуля болсо ал кеткенден кийин «ишиңиз эмне экен» деп урушкан. Анан да бир жолу ошол аял «уулуң менен келиниң кыйынсынбай мага салам берип жакшылап жүрүшсүн, болбосо, мен алардын ким экенин билем, кестирип ийүү колуман келет» деп коркуткан. Сот да кесилмек беле деп маани бербей койгон кемпир. Ошол аял азыр да адатынча итин кучактап балкондо отурат. Ушуга жок дегенде кеткенин айтып койсо бекен? Койчу, балдарын шылдың кылат да, анан көрө тим эле кете бергени жакшы.

Кемпир кайра үйгө кирди. Чын эле ушул жылтырак сервант толо идиштерди алмаштырып ийсе бекен, жол киреге жаратсабы?

Кемпир ошондой кылды. Ошол идиштерден үчөөнү алды. Араң-араң көтөрдү. Эски жоолугуна түйүп алды.

Көчөгө чыгып таксилердин кезегине барды. Көп такси турат, адам жок. Бир кыргыз жигит менен сүйлөштү. Колундагы сабы алтындалган хрустал салат салгычтардын бирин узатып, «Айланайын, уулум, ушуну ал да, самолёт учкан жерге жеткирип кой» деди. Анын машинасы арт жакта экен, таксилер бирден кетип аныкы келгиче кемпир шопур жигит көрсөткөн жерге барып жашырынып отуруп турду, аны тиги таксист өзү чакырып алды. Билет саткан кызга да ошентти. Дароо эле азыр уча турган самолётко билет жазып берди, жазып берди да өзү чыгарып келди, «жакшы кыз экенсиң, атың ким айланайын» десе, кассир кыз «анын сизге эмне кереги бар» деп койду, экөөнүн ортосунда башка сөз болбоду.

Самолётко отурганда кемпир бул чечиминен коркуп кетти, айылга барганда эмне деп барат, качып келдим дейби. Айбек кантет? Кайра түшүп калса бекен? Айнек идиштен бирөө калды. Аны менен кайра артка жетет, күндөгүдөй эле Айбекти бакчадан алып келет, тамак жасайт, небиреси, келини келет. Мунун эмнеси жаман, кааласаң ысык суу, муздак суу, газ, кирине турган жери бар…

Анан келини сервантты карайт да, айнек идиштерин таппай калат… Кой, кетүү керек. Эмне болсо ошо болсун. Пенсиясы чогулуп калгандыр, баарын салып ийет, өзү эптеп жашай берет, айыл эмеспи, күн өтө берет да, буларга кыйын, баарын сатып алышат. Акчасын коротпой салып ийет да, кат жаздыртат: «Мен аман-эсен келип алдым, өмүр-жашым акырындап баратат, кыштакта эле турганым оң экен, силер эптеп жашай бергидейсиңер. Айнек идишиңерди издебегиле, мен аны жол кире кылып алдым. Карыган киши туура эмес кылса, айып көрбөгүлө. Ушул акчага ошондой айнек идиштерден сатып алып койгула. Буюмубузду уурдап кетиптир деп ырымы кылбагыла. Айбекти жакшы чоңойткула. Кошкула, тынч болгула» деп небирелеринин бири жазып берет.

Самолёт ордунан козголуп, учуп жөнөдү. Кемпир коркуп баратты, жанындагылар менен сүйлөшөйүн десе, тил билбейт, келатканда келини курут салып берип ырас кылган экен, ырабдайын ачып келген, азыр оозуна салар эч нерсе жок, болгону оор айнек идиш, ал же көңүл ачар, же жей турган бир нерсе болсо экен?

Самолёт өзүн таштап ийди, кемпир коркуп отургучту бекем кармап алды, көзүн жумду, жүрөгү алкымына келип тыгылып калгансыды. Бир жолу уулу айткан эле, жарым жолго жеткенде суу берет деп, чамасы жарым жолго келип калышкан го, бир кыз суу таратып келатат, бирди ичип кичине жаны ордуна келе түштү. Терезеден карады. Кызык, булуттардын үстүндө баратышат, ар-ар жерден ак кар, тоо, тоо башында топтолуп калган көлмөктөр көрүнө калат. Жерден карасаң булут кандай бийиктей сезилет, көрсө алар тоонун эле башында айланчыктап жүрө беришет турбайбы, асман алардан ары да созулуп кете берет окшойт.

Анан кайра шаарды таштап баса бергени эсине келе түштү. Мына эми Жер төмөндө калды, алар Жерден үзүлүштү, башка жакта болуп калышты, небиреси Козубай менен Гулянын үйүн эстегиси келбеди, ошол үйдөн ушул самолёттун ичи жакын көрүндү, артыгыраак сезилди, коркуп баратса да ошондой ойлоду, биротоло ушул самолёт менен учуп жүрө берсе болор эле, бирок Жер деген Жер экен, өзүн сагынтат турбайбы, өзүндө жашаган адамын өзүнө тартат экен. Кемпир айыл-апаны, үйүн тез эле көргүсү келди. Кантип калды экен деп ойлоду.

Самолет кайра силкинди. Ал чочуп кетти. Түшүп бараткансыды. Көзүн бекем жумду. Колун ушар кармады. Жанындагы дардайган киши уктап жатат, самолёттун түшүп кетери менен да иши жок, кокус болсо, кудая тооба, уктаган бойдон кете бере турган.

Кемпир жүрөгүн кармап калды. Алар баары төмөн түшүп бараткансыды, бир убакта ал өзүн токтотуп, кайра терезеден үңүлдү. Үйлөр, жашыл талаа, жолдор… кибиреген жандар көрүндү, кокус эле күнгө көзү чагылыша түшүп, уялып кетти, чүчкүргүсү кыстап, анан көзүн тартып алайын десе, Күн менен самолёттун иллюминаторунун ортосунда чабалекейлер ойкуп-кайкып учуп жүрүшүптүр.

«Чабалекейлер, чабалекейлер, бул жактарда белеңер? Ушунчалык бийикке чыгып кеттиңерби? Силер эми кайтып барасыңарбы?.. Силерди көргөнүмө шүгүр…» деди. Муну айтарын айтты. Канаттарын Күнгө кактап, Күндүн табынан ысык сиңирип атышкан чабалекейлер самолёт менен жарышып ары-бери өтүп жатышты. Көз алдына бул элес-элес тартылды. «Кайткылачы, кайтып барып Айбегимдин балконуна үйүңөрдү салгылачы, кайткылачы… кайткылачы, кайтып баргылачы…» дейин деди, бул сөздү айта алдыбы, айта албай калдыбы, өзү да билбеди. Жүрөк тушун кармады, муздак тер бүт денесин басып, бутунан чымыраган бир нерсе денесин куурулуштуруп мемиреп баратты…

Күндөгү тиригилик өз нугу менен өтө берди.

Болгону кемпирдин небире келини саптары алтындалган хрусталь вазаларын жоготуп, ууруну табуу үчүн милицияга арыз жазды…

Болгону кичинекей Айбек чоң энесин күтүп-күтүп зарыгып, анан эркектаналыкка барды: илебин бек тиштенип, эч кимден корккусу келбей күндөгү энеси экөө келчү жол менен келе берди, бир гана күндө энеси экөө суу ичүү автоматка келгенде бир аз турду, «мейли эми, эртең энем менен келгенде экини ичем» деп ойлоду да, чуркап, чуркап тааныш жерлер менен кетип баратты…

Күндөгү тиричилик өз нугу менен өтө берди…

Болгону самолёт аэропортко келип конгондо бир жүргүнчү кемпир түшпөй калыптыр, колундагы нан жана хрусталь идиш салынган эки түйүнүн кучактап, иллюминатордон сыртты тиктеген бойдон жүрөгү токтогон экен, анын каректери алган жакта кемпирдин айлынын үстүндөгү ак карлуу чокулар туруптур…

Болгону ушундай өзгөрүүлөр болду, а тиричилик өз агымы менен кете берди…