МУРАТОВ Абдыкерим: АБДЫКЕРИМ МУРАТОВ: БОТОБАЙ ЫРЧЫ

Биз бала кезде, мындан жарым кылымдай илгери Ноокатта Ботобай ырчы тууралуу көп айтышар эле: «Ботобай мындай ырдайт эле», «Ботобай мындай адам эле», «Токтогул менен айтышкан, Барпы менен айтышкан» деп. Биз болсо китептен Токтогул жөнүндө окуп, Барпы тууралуу окуп, бирок Ботобай атабыз тууралуу бир ооз сөз окубай капа болор элек. Анын себебин кийин гана билдим.

Ботобай ырчы тууралуу «Кыргыз адабияты» деген энциклопедияга мындай мүнөздөмө киргизилген: «Ботобай (1861–1944) – акын. Ал Кыргызстандын түштүк өрөөнүнө, Өзбекстандын көп жерине таанымал болгон. Орозаалы аттуу чоң акындын шакирти. Айрым кабарчылар Жунус атап, уруусун паракенде дешкен. Бирок 1971-жылы акындын санатын айтып берген кабарчынын да Ботобай Жунус уулу аталышы кандайдыр бир чаташуу барбы деген ойго алып келет. Ботобай 1861-жылы Өзбекстандын Кожо-Абад районуна караштуу Каныя-Бостон деген кыштакта кедейдин үй-бүлөсүндө туулган.

Айрым маалыматтарга караганда, акын өмүрүнүн алгачкы кезеңинде Өзбекстандан чыккан корбашыларга ырчылык кылып жүрөт. Кийин иштин түпкүлүгүн түшүнүп, алардан четтеп, куугунтукка алынат. Ботобайдын көп жылдар бою оозго алынбай, чыгармачылыгы иликтөөгө кирбей калышы да ушуга байланышкан. Антпесе ал деле өз мезгилинде көп жерлерди кыдырып, Өзбекстанда өткөн тойго атайылап чакыртып келише турган чоң акын болот. Өзүнө шакирт күтүп, ырчылыктын жөн-жайын үйрөткөн. Буга Сыдык Алайчиевдин чыгармачылык өмүр жолу ачык далил.

Жашында ата-энеден жетим калган Сыдыктын акындык шыгы бардыгын бир тойдо байкап, ат мингизип, тон кийгизип, өзүнө шакирт кылып алып жүрөт. Төрт жыл өткөндөн кийин батасын берип, топко түшүрөт. Ботобай 1936-жылы республиканын борборунда өткөн олимпиадага катышкан. 1937-жылы анын «Күлүк аттын сыны», «Терме», «Сүйүү», «Ленин тууралуу ырлар» деген чыгармалары жазып алынган. Алар борбордун фондуна сакталууда. Ботобайдын чыгармаларынын элдик поэзия менен болгон карым-катышы, акындын ага таасирленүүсү, «Күлүк аттын сыны» аттуу ырынан ачык эле байкалат. Муну аттын сын-сыпатын берүүдө «семиргени сүмбөдөй», «кашка тиши кадоодой», «кулун жүрүп тай болгон, кунанында шай болгон» сыяктуу эпостогу салттуу формулалардын колдонулушу айкындап турат…» (Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. – Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. – 2004, 102-104-бб.)

Ботобай тууралуу бир топ маалымат 7-томдук «Кыргыз адабиятынын тарыхынын» 5-томунда берилет. Анда Ботобайга арналган макаланы фольклорист Батма Кебекова жазган. Анын маалыматы боюнча атасынын аты Юнус, же Жунус болушу мүмкүн, же анын ырын жыйнаган адабиятчы Жаки Таштемиров 1971-жылы Кочкор-Атада Ботобай Жунусов дегенден жазып алыптыр. Мындай болушу мүмкүн эмес, менин оюмча, Ботобай Жунусовдун ырларын дагы бир Ботобай Жунусов жаздырды деген дал келүү реалдуу эместей, анткени Ботобай деген да, Жунус деген да Түштүк Кыргызстанда анчалык көп учурабаган ысымдар. Бул кимдир бирөөнүн жаңылыштыгы болсо керек, көбүрөөгү жазып алган кишиники болушу мүмкүн.

Б.Кебекованын маалыматына караганда Тоголок Молдо:

Анжиандын Куршабда
Ботобай деген бар экен,
Акын экен шул тапта
Акындыгы мыкты экен,
Айткан сөзү ыкты экен, — деп баа бериптир.

Бул баага караганда Ботобай Куршаб жактан (азыркы Өзгөн районунун Кара-Суу району менен чектешкен тарабы) болуп айтылып жатат.

Дагы бир факт: кадимки Сыдык Алайчиев (Бала ырчы) мындай маалымат берет: «Сыдык ырчы муңгуштун ичиндеги ордогочун (кодогочун болсо керек – М.А.) уруусунан болот. Анын бала чагы оор күндөргө туш болуп, жетимчиликтин азабын бир топ тартат: 3 жашында атадан, 9 жашында энеден ажырап, аталаш бир тууганынын колунда калат. Турмуштун азабынан ар кимдин малын багып, жан сактайт. Атасынын бир тууган карындашынын күйөөсү Абдибайит деген жездеси Булак-Башыга (азыркы Өзбекстандын Анжиан облусуна караган жер болуу керек – М.А.) алып кетип, өзүнүн иниси Калматка малайлыкка берет. Калмат Сыдыкты жакшы карап, кийиндирип, эмгек акысын төлөп турат. Табиятынан ырга шыктуу Сыдыктын өнөрүн байкаган Калмат алгач ирет Курбанбай дегендин тоюна алып барып ырдатат.

16 жаштагы Сыдык ошол тойдо ата-энеден ажырап, ага менен жеңенин көзүн карап, көрүнгөндүн малын багып, жарытылуу акы албай, өлбөстүн күнүн көргөн балалыгын ырдап өтөт. Баланын ырын угуп отурган белгилүү ырчы Ботобай ошол күнү кечинде Сыдыкты жездесинен сурап, жылына 40 сом төлөмөк болуп алып кетет. Мына ушул окуядан кийин Сыдыктын тагдырында чоң бурулуш болот. Бир жагынан тоюнуп, кийинип, кызмат акысын алып тыңып калат. Экинчи жагынан ал таланттуу ырчынын шакирти болуу менен ырчылык өнөрдүн чоң мектебине аралашат. Акындын өзүнөн жазылган бардык маалыматтарда чыгармачылык шыгынын өсүшүнө Ботобай ырчынын ар тараптуу жардамы болгон» (Орозова Г. Сыдык Алайчиев. Китепте: Кыргыз адабиятынын тарыхы. 7 томдук. А.Акматалиевдин жалпы редакциясы астында. 5-т. Б.: Шам, 2002. – 343-344-б.).

Бул маалыматка караганда Ботобай ырчы акын катары элге белгилүү болгон кезде Анжиан менен Оштун ортосундагы айылдардын биринде жашаган. Ошол эле Бала ырчынын маалыматы боюнча Ботобай аны 1912-жылы Сагын бийдин ашына ээрчитип барып, ал жерден кадимки Сатылган уулу Токтогул менен учураштырат, Сыдык ырчы Ботобайдын баркын Токтогулдан кем койбойт.

Дагы бир жерде Аравандын болушу Мансуркулдун тоюнда, экинчи учурда 1913-жылы Маргалан шаарындагы Сайдамат байдын тоюнда кадимки Молдо Тойчу катышкан тойдо ырдашканын айтат.

Ноокаттын Шанкол айлынын тургуну, партиялык кызматта, чарба жетекчилигинде, агартуу тармагында көп жыл иштеген Аран Мамажунусов мени менен маегинде минтип айтканы бар: Бир жолу Ботобай Чүй жакка барып калат, ошондо ал жерликтер «Суусамыр кандай жер» деп сурап калат, ырчы болсо «жакшы жер, бирок Чоң-Алайга жетпейт» дейт. Бул сөздү угуп, бизди кемсинтти го деп ал жердин бийи Ботобайды каматып коёт да, жигиттерин «Чоң-Алайды билип келгилечи, чын эле кандай жер экен» деп ошол жакка жиберген экен. Көп өтүп жигиттери Чоң-Алайды мактап келет, ошондо жанагы бий акындан кечирим сурап, астына ат мингизип, ызаат-урмат менен элине жиберген экен деп айтышат.

Ошол эле Ноокаттын күнчыгыш жагында жашаган киши – Аран аке бала кезибизде Ботобай деп укчубуз, ырдап келет дешчү деген сөздөрдү көп угар элек дейт.

Буга караганда Ботобай бүтүндөй Фергана өрөөнүнө таанымал ырчы болгон, Чүй жакка, Фрунзеге да барган, Чоң-Алайды да жакшы билген.

Жанагы аны Куршабдан деген Тоголок Молдонун айтканы да, ырларынын Кочкор-Атадан жазылып алынышы да толук мүмкүн нерсе, анткени азыр эми Өзбек Республикасына бөлүнүп кеткен Кожо-Абад, Булак-Башы, Каныя-Бостон деген жерлер Куршабга да, Ошко да, Кочкор-Атага да жакын, жалпы Фергана өрөөнүнүн толтоосу.

Ал эми Ноокат ал жерлерден алысыраак эмеспи, кандайча Ботобайдын өмүр жолу Ноокат жана ноокаттыктар менен байланышып калат дегендер болушу мүмкүн.

Кыргыз жерин узун-туурасынан түрө кыдырып, ыр-күү топтогон Буудайбек Сабыр уулу биз менен маегинде: «Ботобай кезегенде Токтогул, Калмурза, Барпы сыяктуу чоң акындардын бири болгон экен. Ноокаттан чыккан. Ошол кезде кара-суулук Бала ырчы Сыдык дегенди өзүнө шакирт кылып, учкаштырып алып, өзү менен баласындай жүрчү экен. Бир жолу ошентип шакирти менен келе жатып, бозүйдү көрөт, бир келин жүргөн, «шуну кошуп ырдачы» дейт. Анан шакирти ырдап кирет, угуп отуруп, «ээ жакшы болгон экенсиң» деп ыраазы болот. Ушул жерде ал ырчылыктын үч шарты бардыгын, ар дайым, ошону аткарууну суранат. Биринчиси – ырдаганы барганда келин-кыз келип калат, ошолорду карай бербегин дейт. Экинчиси – үй  ээсинин уруксатысыз тамбашына чыгып, атыңа бир боо чөп да сууруп алба деген насаатын айтат. Үчүнчүсү да бар эле, бирок мен унутуп калдым», — деп айтты.

Демек, анын пикири боюнча да Ботобай ноокаттык болуп чыгат. Анын ыймандуулугу, насаат айткан акылмандуулугу да ушул эскерүүдөн байкалып турат.

Ботобай ырчынын ноокаттык болуп калган жөнүн Б.Кебекова мындайча бериптир: Кожо-Абаддын Каныя-Бостон деген жеринде туулган болочок ырчы жетиге чыкканда атасынын көзү өтөт да, апасы баласын ээрчитип Ноокаттын үстүндөгү Кара-Таш деген айылга төркүндөрүнүкүнө алып келет. Эки жылдай жүрүп, анан «жээн эл болбойбу» же башка себептери болгонбу, айтор, кайра туулган жерине кетип калат. Ошерден орун-очок алат, үй-жай күтөт, аңгыча  Кеңеш өкмөтү курулуп, кызылдар чыгып, аларга каршылар чыгып, большевиктерге жерин бербей жигит кураган Жаңыбай паңсат, Сабыр, Самат деген адамдардын арасында жүрөт. Алардын ырчысы болуп советтерге каршы ырларды жаратат.

Кийин негедир түшүнүксүз окуядан улам байлыгын таштап, балдарын алып, тага журтуна – Ноокатка кайра келет. Менин оюмда, бул качуунун же жөн эле журт которуунун бир нече себептери болушу мүмкүн. Биринчиси, эли-жерин орустан коргогон жигиттердин ичи ыдырап кеткенде алардан көңүлү калган болушу ыктымал; экинчиси, кызыл армиянын активдүүлүгүнөн корккон болушу да мүмкүн; үчүнчүдөн, жеке таарынычтар да бул жерден кетүүгө мажбур кылгандыр. Мындан башка себептери да бардыр, айтор, 1920-жылы ал Ноокатка келет да, анын калган чыгармачылыгы бүтүндөй Ноокат жери менен байланышат.

Ботобай көп белгилүү ырчылардын устазы болгон, ошол эле кезде өзү да ырчылыктын сырларын устаттарынан, алардын ичинен Орозаалы дегенден үйрөнгөн. Аты уламышка айланган Орозаалы Кокон ордосунун ырчысы болгон, аны Кудаяр хан өзү ырдатып уккан, ошол шартта ал устаты Меке-Мединага барып, ажылык парызын аткарып да келген. Ботобай болсо анын кызматында он үч жыл жүрүп, ак батасын алган. Аны менен кадимки Парпы апыз, Бала ырчы Сыдык, Ташмат, Абдымомун, Жолдош, Арзыбай деген ырчылар үзөңгүлөш жүргөн.

Ботобайдын чыгармачылыгында бир топ табышмактуу учурлар бар. Мисалы, биринчи суроо: 1936-жылы элдик өнөрпоздордун республикалык кароо-сынагына катышкан болсо да, 1944-жылга чейин жашаса да, Совет өкмөтү тарабынан неге анын ырлары, үнү жакшылап жазылып калбады?

Экинчи суроо: 1947-жылы Ноокатка барганда фольклор жыйноочу, мындайларды көргөндө баса калчу Каюм Мифтаков каза болгонуна үч эле жыл болгон Ботобайдын чыгармаларын неге толтура жазып келбеди экен?

Дагы бир нерсе – Ботобайдын сабаттуулугу канчалык экендиги тууралуу да маалыматтар толук эмес, менимче, ал Орозаалы устатында он үч жыл жүргөндө дини исламдын, ал аркылуу араб, фарс адабиятынын үлгүлөрү менен мыктылап таанышкан болуу керек.

Ботобайдын ырларында накта ноокаттык белгилер, башка ырчыларда учурабаган жергиликтүү колорит жакшы көрүнөт жана ырларын жеңил кураштырат.

Б.Кебекованын макаласында келтирилген Ноокаттагы Абдыкалык дегендин тоюнан чыккан кеп тууралуу бир үзүндү окуп көрөлү: «Тойго Ботобай, Арзыбай, Ташмат, Бала ырчы (Сыдык) болуп, көп ырчылар келишип, баарынын кичүүсү катарында Сыдык ырдап жүрсө, Ташмат туурадан чыгып, жаш ырчынын сөзүн бөлөт. Ошондон айтыш уланат. Сыдык каршысынын коного жарабагандыгын, эч кимге пайдасы тийбей, бозо ичип семиргендигин айтып, элди дуу күлдүрөт.

Той болгон жерди пайлайсың,
Өлгөндөн кийин Ташмат сен,
Бир теше жерди майлайсың, — деген сөзүн катуу каткырык менен коштойт. Ташмат ызасына чыдабай, Сыдыкты урмак болуп, камчы көтөрөт. Ошондо Ботобай ортого түшүп:

Шашылбай ырда, Бала ырчы,
Насыя кылбай Ташматка
Нак бергендей ырдайсың,
«Бозо кылып ичкин» деп,
Шак бергендей ырдайсың, — деп шакиртин теске салат» (Кебекова Б. Ботобай. китепте: Кыргыз адабиятынын тарыхы. 7 томдук. А.Акматалиевдин жалпы редакциясы астында. 5-т. Б.: Шам, 2002. – 326-б.).

Дагы бир эске алуучу нерсе – колдо болгон материалдарда Ботобайдын санат-насыят, терме ырларынын бар экендиги. Кыргыз фольклорун изилдөөчүлөр мындай ырларды ашкере таланттуу ырчылар гана чыгарып, ошолордун мурастары гана эл арасында калып келгендигин айтып жүрөт. Андай чен-өлчөм менен алып караганда да Ботобай таланттуу элдик ырчы болгон.

Анын чыгармалары аз жазылып калган, ошон үчүн кеңири изилдөө мүмкүн эмес деген пикир бар. Аз жазылып, анын атын атоонун кыйындагы чамасы жанагы Кеңеш өкмөтү чыгар астында «басмачы» деген жаман атка кабылып калгандар менен бир аз жүрүп калгандыгы болсо керек, дал ошол нерсе анын ырчылык багын байлап салган сыяктанат. Ал канчалык, неге жаңы өкмөткө каршы чыккандыгы, анан ал позициясы эмнеден улам, канчалык өзгөргөндүгү да өзүнчө изилдөөнү күтөт.

Менимче, Ботобайдын жазылып алынбаган ырлары эл арасында дагы да болсо керек, аны билгендер Ноокатта, Өзбекстандын Анжиан областында, Чоң-Алайда, дагы башка жактарда бардыр, кеп ошолорду жазып алып, бастырып, элге жеткирип, аны изилдөөгө алууда турат.