МУРАТОВ Абдыкерим: АБДЫКЕРИМ МУРАТОВ: БҮГҮНКҮ АҢГЕМЕЛЕР ЖӨНҮНДӨ АДАБИЙ СЫН

Соңку жыйырма-жыйырма беш жылда кыргыз адабиятында өзүнүн китебин өзү чыгарган авторлордун гана жазгандары анча-мынча окурмандарга жеткени болбосо дээрлик жазуучуларга мамлекеттик камкордук көрүлбөй, кимдин эмне болуп жатканы менен эч кимдин иши болбой калган. Анан эле акыркы бир аз жыл кээ бир жазып жүргөндөр демөөрчүлөрдүн эсебинен, же туугандарынан насыя алып бирин-серин китептерин чыгара баштады. Бул китептердин көбүнө кирген аңгемелер да советтик доордо жазылгандар, көптөн бери сандыкта сакталып келгендер, демек аларды азыркы адабият катары кароого да толук мүмкүн эмес. Ошондой авторлордун кээ бирлеринин эски жана жаңы аңгемелери менен соңку китептеринен таанышып чыккандан кийинки айрым ойлорубузду ортого салып көрүүнүн эбин таап отурабыз.

Мамат Сабыровдун балалыкка баштаган «Жолу»

М.Сабыров – таанымал журналист, «Ленинчил жаш», «Кыргыз руху», «Асаба», «Агым» газеталарында иштөө менен очерк, публицистика, интервью, репортаж, кайым айтышуу, маалыматтык макала сыяктуу оперативдүү жанрларда өзүн такай көрсөтүп келди жана ал чыгармачылыгы аркылуу улуттук журналистикабыздын соңку жыйырма беш-отуз жылындагы талашсыз көчбашы авторлорунун алдыңкы сабына чыкты. Дал ошол журналисттик оор түйшүктөн, андан башка редакторлук иштерден бошой калганда адабий жанрда да иштөөгө мүмкүнчүлүк таап келген экен, ал эмгеги менен жакында «Жол» деген китеби чыккан соң тааныштык.

Ал жыйнакка өткөн кылымдын 80-жылдарынан жазыла баштаган аңгемелеринен тартып, али сыясы кургай электерине чейинки жыйырма үч чыгармасы кирген. Аңгемелер менен таанышып жатып мен дүйнөлүк прозадагы үч классикти эстедим: биринчиси француз романисти Гюстав Флобер; экинчиси орус карасөзчүсү Василий Шукшин, үчүнчүсү – араб Нагиб Махфуз. Биринчиси өзүнүн туулуп өскөн чакан шаарчасы, андагы адамдарды жазып отуруп Руанды дүйнөгө таанытты, өзү да дүйнөгө ошол аймак, андагы адамдары аркылуу таанылды, экинчиси Алтайдын Бий районунун Срости деген кичинекей кыштагынын кишилерин, болгондо да «апенди чалыш» «чудиктеринин» кылык-жоруктарын ошол айылдыктардай эле кандай болсо ошондой сүрөттөп айтып берип отуруп эле, окурмандардын дилине жеткирип салды. Үчүнчүсү кырктан ашык романдын, көптөгөн аңгемелердин, драмалык чыгармалардын автору. 1911-жылы Мисирдин борбору Каирде туулган. Ошол жерден философия факультетин бүтүргөн. Анын «Жаңы Каир», «Миддак мааласы», «Күзгү» деген романы дүйнөлүк окурмандарга кеңири белгилүү.

Өзгөчө «Ак сарайлар арасы», «Кыялдын ак сарайы», «Канттуу үй» деген аттардан турган үчилтиги Каир шаарындагы бир үй-бүлөнүн үч муунунун турмушун чагылдыруу менен китеп окуучуларга абдан жаккан. Муну «Каир трилогоиясы» деп коюшат. Дүйнөнүн көптөгөн тилдерине которулган. Бул романдарында 1916-жылдан 1944-жылга чейинки египеттик чындыкты өтө реалдуу көрсөткөндүгү менен «XX кылымдагы Египет пирамидасы» деген атак-даңкка арзыган. Жогорудагы романы үчүн Нобель сыйлыгын алган. Бул сыйлыкты адабият жагынан алган жападан жалгыз араб жазуучусу.

М.Сабыровдо да ошондой касиет эң биринчи көзгө урунат, ал Ноокаттын Күнчыгыш ныптасындагы Кашкалдак кыштагын, андагы балалыгын, көргөн-билгенин, тааныш-билиштерин жазып отуруп, турмушка жана жашоого эстетикалык мамиле кылып таалим-тарбиялык мааниси зор аңгемелерди жаратып коюптур. Автор каармандарын китептерден, кинолордон, кабинеттерден, эмгек талааларынан издеп убара болбойт, ал жазгысы келген адамдар анын алдына өздөрү баягы бала чакта көргөн бойдон мен мындаймын деп келе калат да ошолорду эле шилтей салса окумдуу да, кызыктуу да аңгемелер чыга калып, алар бизге ушунчалык жакын сезилип кетет, ошондой адамдар биздин, сиздин айылда да бар экендигине ынанасыз, бирок аларды сиз жазбай жүргөнүңүзгө, башкаларга айта албай келгениңизге өкүнүп каласыз.

Мисалы, баарыбыз эле айылдагы мектепти, мугалимдерди билебиз, бирок алардын кылык-жоругун, жүрүш-турушун классташтар жолуга калганда гана кеп кылганыбыз менен сабыровдук жумшак юмор, сабыровдук эске тутуу, сабыровдук көрөгөчтүк менен жаза албайбыз. Мына агайларга жазуучунун болжолу мектепти бүткөндөн жыйырма жылдан кийинки берген «өндүрүштүк характеристикасы». Ражап агай: «Кыргыз тили китебиндеги көнүгүүлөрдү биринин артынан бирин жаздыра берет. Анысын жазып бүтүп, агай бүттүк десек, кийинкисин көчүргүлө дейт. Ошентип отуруп, бир чейректе эле үч эли келген китепти бүт көчүрүп салабыз. Кээде көчүр дегенден өзү деле тажайт окшойт, үнүңөрдү чыгарбай, гужулдабай секин сүйлөшүп отургула дейт. Биз эле болсок балээни тынч сүйлөшөбүзбү. Кимдин ким менен мушташканын, кимдин аялы кетип калганын талкуулап киребиз. Ушундай сенсациялуу жерине келгенде Ражап агайдын «локатрлары» чычкан аңдыган мышыктын кулактары сымал кыймылдап кетет».

Бакир агай: «Ал бети бырышкан, чачы куудай аппак чал. СССРдин тарыхы китебин ордунан турбай окуп берет. Четинен, үтүр-чекитине чейин калтырбай окуйт. Биз карап турабыз».

Алымкул агай: «…сабак башталар замат чөнтөгүн сыйпалап кирет. Төш чөнтөгүн, көт чөнтөгүн карап таппаган соң Турсунбайды карайт. «Бар, Зеби эжеңен күкүрт сурап келчи» дейт. Зеби эже мектептин полун жууп, отун жагат. Ширеңкеси такай жанында. Агай «Беломорун» дембе дем соруп алган соң, контрамарканын алдына барат да курун чечип, күрс-күрс жөтөлгөнчө этегин шымданат… Манас менен Семетейден, Курманбектен башталган элдик оозеки чыгармачылык билинбей эле согуш жылдарында күйөөлөрү, агалары фронтко кетип, Жаман-Адырда орок оргон биздин айылдык кыз-келиндердин фольклоруна өтүп кетет. «Он эки жаштан боо байлаа-ап, ооруду мени-ин билеги-им» дейт агай созолонтуп. Ашыгылык ырларын ырдаганда өзгөчө жыргап калат» ж.б.

Ушинтип-ушинтип орус тилден берчү Шейшекен эжеке, көлдүк Жекшен агай, адабиятчы Базарбай агай, географиядан окуткан Рахманберди агай, Төлөн агай, а түгүл бир жолу сабак берген электрик Камил ака менен жана алардын фонунда булар окуткан 70-жылдардын окуучулары менен бир-бирден таанышып отурабыз. Ар биринин өз-өзүнчө образы ачылып барат, алар Ноокаттын «III интерноционал» мектебинин мугалимдери гана эмес, жалпы кыргызга таандык мугалимдер, биздин жүрөгүбүздөгү, балалыгыбыздагы агай-эжейлер сыяктанып туруп алат. Адабияттагы мүнөз түзүүнүн типтүүлүгү, каармандардын бейнесин образдуу жаратуу деген жазуучулук чеберчилик дал ушунда жатпайбы. Автор да аңгемесинин аягында мындай куласага келет: «Албетте, биздин агайларды идеалдуу педагогдор деп айткым келбейт. Бирок кээ бири кайтыш болуп, кээ бири карылыкка баш коюп калышкан бул кишилерди эстеген сайын эт-жүрөгүм элжиреп, сагына баштайм. Анткени, алардын ошол сырткы одонолугунун, катуулугунун артында терең адамгерчилик, бир таза сулуулук бар эле. Институттарды, университеттерди бүтүрүп, галстук тагып жүрүшкөндөрү менен алар биз жашаган «кышлакы» чөйрөнүн бир бөлүгү, жакшылык жамандыкта таажияга, тойго барган, башкалар сыяктуу эле тамеки эгип, мал багып, жайкысын бири-биринен суу, саман талашкан айылдык тургундар болчу».

Аңгемечи ошол мугалимдерин ашыкча шөкөттөбөйт, аларды айылды алдыга тартып бараткан локомотив катары да көрсөтпөйт, а түгүл буларды интеллигент деп да тили сынган сөздөр менен мактап отурбайт, болгонун болгондой, көргөнүн көргөндөй айтып таштайт да, булар да арабызда эле жүргөн кулпенделер деп көркөм боёктор менен көзгө сүртүп берет.

Айыл темасын көтөрүүсү, айыл адамдарынын ички дүйнөсүн, психологиясын ачып берүүсү, айылда туулуп өсүп, эми шаардык боло албай турган каармандын ички санаркоолорун берүүсү жактан «Жол» жыйнагындагы аңгемелер орус прозасында 60-жылдарда аябай оожаланган «деревенская прозаны» (А.Яшин, В.Тендряков, Ф.Абрамов, В.Белов, В.Распутин, Б.Можаев, В.Шукшин, Е.Носов, И.Акулов, М.Алексеев, В.Личутин, В.Лихоносов, Б.Екимов…) элестетет. Булардын чыгармалары жөнүндө ошол тенденциянын таанымал өкүлү В.Распутин ал жазуучулар «адептик жактан таза адамды – азыркынын жана келечектин адамын издеп табуу аракетинде болду» десе, экинчи бир өкүлү В.Белов «бир дагы жазуучу айыл-кыштак проблемаларын аттап өтө албайт, себеби чынын айтсак бул улуттук проблема» деген. Мына ушул орус кыштак жазуучуларынын ушундай темага кайрылышы бекер эмес болчу, себеби алардын бир башаты ошол жакта турган, ыймандык таза инсандар ошол кыштактарда тазаланып жашап жаткан. Алардын дагы бир өкүлү В.Шукшин өзүн «бир буту – кайыкта, бир буту – жайыкта» турарын айтып, ушул абалдын өзүнүн «плюстары» бар экендигин, «ал жактан – бул жакка», «бул жактан – ал жакка» деген бул айыл-кыштак тууралуу ой гана эмес, шаар тууралуу да, демек Орусия тууралуу ойлор болорун айтат. Мына ушул процессти М.Сабыровдун «Жол» жыйнагынан кадыресе байкайбыз. Ал аңгемелер айылдын ыймандык деградацияга учурай элек кезинин, адеп башатыбыздын баяндары сыяктанат.

Китепке баш сөз жазган Султан Раев жыйнактын баа-баркын аябай кылдаттык менен салмактаган экен, мындай деп жазыптыр: «…Мамат досумдун чыгармаларын окуп жатып, мезгилдин бир бүктөмүндө жоготуп жиберген купуя бир дүйнөнү кайрадан таап алгандай сезимде калдым. Жаш курагыбыз жарыша өскөн досумдун турмушту ушунчалык нукура таанып, ар бир сөзүндө жашоо илеби жаткан дүйнөсү өзгөчө бир тагдырдын тузу сындуу туюлду мага. Ушунчалык лирика менен назик сезимдин, катаал чындык менен үлбүрөгөн баёолуктун, карапайымдык менен улуулуктун, эң башкысы – жашоо деми буркурап, сезимдин тунук булагы оргуштап жаткан бул аңгемелерде турмуш Портрети турат. Маматтын дүйнөсү менен адабияты эгиз, ал түркүн образдардын чыныгы галереясынан жаралган». Дал ошол жазуучунун дүйнөсү менен адабияты эгиз болгону үчүн не бир эсте кала тургандай образдарды жазып атпайбы. Мисалы, алардын бири Нурасил («Нурасил»), СССРдеги бүт аскерий учкучтардын окуу жайларынын аттарын, жетекчилерин билип алган, бирөө менен сүйлөшсө, ошол жерде окуй тургандай сүйлөшө берет, адамдарга Ооганстанда согушкамын деп ишендирет, жөн эле турган жерден бир бейтаанышка эки чыпта картошка алып келип үйүңүзгө түшүрүп беремин деп убада кылып ийет, автобустагы тааныш-бейтааныштарга да ар нерселерди айта берет, а түгүл АКШ президенти Рейганга өчөшүп ачкачылык кармап аткан доктор Хайдерге кат жазып жиберем дейт, «онон көрө биз жакка келиң, тайкар эшек алып беребиз, Сами ава, Досмат ава деген чалдар бар, шолорго кошулуп тойлорго барасыз, жилик жейсиз» деп жазсам болобу деп сурап коёт, бирок булары үчүн Нурасилди айыптай албайсың, анын ички дүйнөсү таза, адамгерчилиги бийик инсан деп билесиң.

Же дагы бир аңгеменин каарманы Кара-Суунун Савай айылынан Фрунзеге келип камакка түшкөн баласын бошотуп алуу үчүн чайханада тааныбаган эле бирөөлөргө арыз жаздырган баёо бир кемпир («Арза»). Ал окуяны мындайча айтып берип, арыз жаздырат: «Жаллаваттагы техникумду бүтүп, үч ай мал дуктур болуп иштеп, анан армияга барды. Кийин келип, Оштогу политехнический институттун 5-курсунда окуп аткан жеринде шул иш болду. Ичпейт эле, чекпейт эле. Жердеги чөпкө ям зыяны жок бала эле. Иштен башы өйдө болгон эмес. Тели-теңтуштарын тойго айтип келатып, Кара-Суудан запрапкага кирет. Кирет экен дагы шлангини машинасине салып, куй дегиче болбой менин өчүртүм эле деп бер жактан бир бала келет. Кой үкам, мен куюп алайын десе менин саңа окшогон акам жок дептир. Ол бирди айтат, бул бирди айтат. Олор бешөө, баариси мас экен. Уулумду көптөп тебишип, колун кайрып запрапканин аркасына алып кетпаратканда бир-эки кары кишилер ажыратып калышыптыр.

Келип, үйгө кирди ям аркасынан мелиса келди». Ошентип андан ары каармандын сөзү менен анын бала үчүн жан үрөп күйпөлөктөгөн энелик мээрими да, алдуу алсыздарга дайыма үстөмдүк кылган турмуштун катаалдыгы да, караңгыдан жарык издеген үмүт да, чоңдорго арыз жазса, түрмөдөн бошотуп, мажбурга кесип берет имиш деген ишеним да, кагазды колуна кармаганча майпаң-майпаң этип Акүйгө карай кеткен аял руху да улам ачылып барылат.

М.Сабыровдун каармандарына түштүктүк колорит, түштүктүк сүйлөө речи, жүрүм-турум мүнөздүү, ал окуяларды узартып отурбай, улам-улам жаңы ойлорго, жаңы бейнелердин сүрөтүн тартууга ооп, бир окуядан экинчисин жаратып барат. Эң негизгиси анда турмушту журналисттик көрө билүү артыкчылыгы бар. Айталык, «Автобуста» деген аңгемеде төрт адамдын диалогу, сырты келбети, сөздөрү аркылуу эле адам тууралуу ой жүгүртүүлөрдү жаратса, «Баатырда» социализм мезгилиндеги балдардын пахта тергени жардамга барып экспулатацияланганы, андагы Баатыр аялдын адам болбой эле Баатыр болуп калгандыгы майда, бирок таамай тартылган штрихтер менен бир нече деталда баяндалып берилет.

«Жол» китебинен дагы бир олуттуу изилдөөгө алына турган жагы – андагы диалектилик, говорлук лексиканын, синтаксистин, жалпы эле кашкалдактыктардын тилинин кыйла чебер колдонулушу. Мындай нерсе ноокаттык жазуучулар М.Гапаровдо, К.Бобуловдо, М.Ашырбековдо, А.Матисаковдо анча-мынча көрүнгөн, бирок алардын китептери чыккан учурда редакторлор андай түштүктүк тилди оңойлук менен кетирчү эмес. Эгемендүүлүк алганы ар бир айыл сөзүн каалаганча колдоно баштадык, бир тамга жетишпесе да илегилектек авваттардын майин тилинде Нууман Саади «Кызыл» жана «Хан Шырдак» деген эки романын, баткенчилердин тилинде Мурзапар Үсөн үч-төрт романын жазып салды. М.Сабыров да элдик тилдин ширелерин китебинде эң сонун пайдалана алган. «Жердештер» аңгемесинде «Кыргызстан» мейманканасынын 5-кабатына келген айылдыктар менен шаарда турган жердештеринин сүйлөшкөнүнө бир назар таштаңыз эле:

« — Ылдыйдан жөн эле киргиздиби?

— Ичким жок экен. Ояка бастым, биякка бастым, липке бардым, ошол жерде эле ывырсып жүрө бердим. Кандай анан биз жак, тамеки ниме болуп атат, шону айтчи?

Орунбай ака жакыныраак жылып отурду.

— Бардыгы тынч, отурушат. Биз келатканда тамеки эгилип бүтөйүн деп калды эле, азыргыча бүтсө керек.

— Картишка, мака мени күтүп, эгилбей тургандыр?

— Али ич ким эге элек. Турат бардыгыныкы.

— Механик отпускеге чыгың деп таза кыстады. Жамгыр жаап атат, баари бир үйдө ич канча иш кылалбайм, кийинраак чыгайын дедим эле. Чыга бербей… Көбү эле падменшигин жөнөтөт. Менин шеригим оорукчан, мындай алыс жактарга келе албайт. Илаажи жок, өзүм келдим да. Азали күн өтпөйт десең.

— Иши кыйын бекен?

— Кыйын деле эмес, толке шу үйдү сагынат экенсиң. Анавы тоолорду көргөн сайын сагынып кетем. Окшош я?»

Мына ушул чакан диалог бир караганда көркөм чыгарма үчүн зарыл болбогондой эле көрүнгөнү менен дал ушунда адамдардын татаал мамилеси, убактылуу шаардыктардын тууган жерге тартылып турган кандайдыр бир керемет күчү жаткансыйт. Дебют-жыйнак да ушундай «анавы тоолорду көргөн сайын сагынып кетем» дегендей шаарда туруп алып айылды сагынып, айыл тууралуу жазылгандыгы менен бизге жакын жана бизди балалык баёо күндөрүбүзгө, аруу учурубузга ээрчитип барат…

«Бүкүрдүн үйлөнүү үлпөтү» кандай өттү?

«Айтыш» коомдук фондусунун «Калемгер» адабий клубу үч жыл адабияттын бир топ жанрларына, анын ичинде карасөздүн майда формасы болгон аңгемелерге конкурс жарыялап, жаздырып келгендиги, эки жолкусу жыйынтыкталып, жеңгендердин чыгармалары «Булак – 1» жана «Булак – 2» деген альманахтарга чыккандыгы адабият менен анча-мынча тааныштарга гана эмес, көпчүлүк окумал журтка да дайын.

Мен да «Булак – 1» жыйнагында калыстар тобунда (А.Токомушев, Б.Шамшиев менен бирге) иштеп, ошол китепке редакторлук кылып, ал эми «Булак – 2ге» өзүм да аңгеме («Күн эжей») сунуш кылган киши катары алгачкы эки жылдын аңгеме кырманы менен анча-мынча таанышмын, алардын кызыл данын да, саман-топонун да көрүп калдым десем аша чапкандык болбос.

Мага негедир биринчи жыйнакта (биринчи жылы) азыркы рыноктун катаал окуяларын чагылдырган, мурдагы социализм менен азыркы капитализмдин өткөөл учурун, карама-каршылыгын чагылдырган аңгемелер көп түшкөндөй сезилди эле, кийинки жылы татаал адамдын ар башка полюстагы ички дүйнөсүнө үңүлгөн аңгемелер арбындагансыптыр. Балким менен оюм субьективдүүдүр, балким бул калыстардын эстетикалык табитине ылайык болуп калгандыр, бирок көрүнүп турган нерсени айтып коюш биз үчүн парыз. Канткен менен кыргыз аңгемесинде динамикалык кыймыл, жандануу бир жылда эле байкалып кетпеши табийгый көрүнүш болгон менен эки «Булактын» бири бирин таза эле кайталап калбагандыгы дурус жышаан, «Калемгердин» байге уюштурганынын акыбетинин аз-аздан болсо да кайтып жатканы.

Конкурс жашыруун өтөт, б.а. бири-бирин билбеген, чогуу отурбаган калыстарга автору көрсөтүлбөй, чыгарманын өз гана берилет. Анан ар бир калыс ар бир наамдагы аңгемеге он баллга чейин баасын коёт, ошондон жалпы сумма чыгарылат да, эң көп балл  алгандар катары менен орундарга коюлат. Кийинкилерин билбейм, мен катышканы ушундай болгон. Мында эч кандай тааныш-билиш, туура эмес баалоо, ашыруу, төмөндөтүү болушу мүмкүн эмес, балким калыстардын бирөө-жарымынын табитине карата андай-мындай айырмачылык болуп калышы мүмкүн, бирок мыкты чыгарма өзү эле топтон суурулуп, мына мени карагыла, мени тандагыла деп бөлүнүп турат.

Ырасын айтканда конкурска түшкөн аңгемелердин арбын бөлүгү тээ совет учурунда эле жазылганы алардын кагазынан, машинкага басылганынан, окуя-каармандарынан көрүнүп эле, алары мен эскимин деп айтып эле аткандай боло берди. Негедир жаштардан проза жазгандар чыкпай жаткансыйт, жазгандардын эң жашы кырктын кырын ашкандар.

«Булак – 2де» башбайгени Жумабек Токтогазиевдин «Бүкүрдүн үйлөнүү үлпөтүндө» деген аңгемеси жеңип алды. Жогоруда айткандай, мен өзүм да байгеге катышкан киши катары «Бүкүрдүн үйлөнүү үлпөтүндө» деген аңгеменин тандалышына, чыны, ыраазы болдум.

Чыгарманын башбайгеге жетишинин, бир жылдын аңгеме жанрынын эркечи болуп чыга келишинин чыныгы сыры эмнеде, неге бул аңгеме калыстар тарабынан тандалып алынды?

Автору Жумабек Токтогазиев алтымышка барып калса да, буга чейин массалык-маалымат каражаттарында иштеп келсе да, адабият майданында өзүнүн активдүүлүгүн көрсөтпөптүр, тагыраагы, жыйнак артынан жыйнак, повесть, роман дегендерин чыгарбаптыр. Дагы бир факт: «Кыргызстан пионери» газетасына 1975-жылы «Куштар таңга жуук ойгошунат» деген ат менен көлөмдүү аңгемеси жарык көрүптүр, бул кезде ал басылмадагы көлөмдүү прозалык чыгармалар кылдат эстетик жана эчкимге көзкаранды болбогон сынчы Камбараалы Бобуловдун гана колунан өткөнүн эске алсак, алгачкы дебюту да анчалык чабал болбогонсуйт. Анан неге адабиятта өз ордун издеген жок? Албетте, мунун ар кандай себептери болушу ыктымал, бирок биз үчүн негизи бул жердеги сөз конкреттүү аңгеменин айланасында болгону жөндүү.

Аңгеме эпиграф менен башталат. Кызыгы эле ушунда: адатта, автор киришсөз жазат, башсөз жазат, же жөн эле пролог жазып кете берет, а мында эпиграф, а андайды болсо салт боюнча таанымал бирөөдөн алат, учкул сөздөрдөн коёт, мында болсо өзүнүкү, автордуку: «Мындан жүздөгөн жылдар илгери эле адамдар күндүн ар бир кызарып баткан изин узата карап, бүтүн өмүрлөрүнүн кетилип жаткан дагы бир күнү менен зар какшап коштошчу экен… Биз ошолордун урпактарыбыз». Ушундай. Эпиграф ушундай. Бул бир карасаң философиялык сүйлөмдөрдүн, бир карасаң эчен-эчен айтыла берип, деле берип тарпы чыккан ойлордун «Бүкүр…» менен кандайча байланышы бар дейсиң. Көрсө, бар экен, ошол мындан жүздөгөн жылдар илгери бабаларыбыз сыяктуу эле күн узатып, таң тосуп жатып, адамдык абийир, кишилик жүз деген нерселерди тебелеп-тепсеп, жеке өзүбүздүн кертбашыбыздын жыргалы үчүн бардык нерсеге барат экенбиз, себеби биз да жүздөгөн жылдар мурдагылардын урпактарыбыз да, ошон үчүн башкача болушу мүмкүн эмес сыяктанат. Адам ыйманы өзгөрбөптүр, ошол-ошол бойдон келатат экен.

Андан ары аңгеменин башы минтип башталат: «Жайдын толукшуган кези. Дубал боорундагы сааттын жебеси кечки бешти көрсөтүп, мезгилдин өтүп жатканына арман кыла, жан далбастап чыкылдап жатты…» Автордук ой эмнени сууруп чыгат: жай, саат, убакыттын өтүп жатышы… Болдубу, ушул элеби? Жок! Андай эмес. Жай, кечки убакыт, мезгил өткөнүнө жандалбастоо, арман кылуу – бул аңгеменин алгачкы чалгыны. Китепке жазган башсөздө адабиятчы Рысбек Эшматов белгилеген стилиндеги «чеховдук теңсалмактуулук менен акутагавалык ар кыл ракурстан кароо манерасынын» башталышы. Айтматовдун «Жамийласынын» башталышындагы сүрөтчүсү жана анын сүрөттөрү, «Биринчи мугалимдеги» кош терек сыяктанат. Бирок аңгемеде аңгемедей кыска.

Андан ары окуйлу: «…Үч бөлмөлүү үйдүн ичи дагы өзүнө ылайыкталып чакан-чакан. Бул үйдүн төркү бөлмөсүндө дасторкон жасалгаланып, төртөө отурушат. Төртөөнүн ортосунда шараптар  мелт-калт. Каалоолор эбак эле айтылып, шараптар ичилип жатты. Экөө — эркек, экөө — аял. Төртөөнүн өмүр жашы төрт башка. Ошентсе да алар үйлөнүү үлпөтүн белгилеп олтурушат».

Болочок окуянын чалгыны эми андан ары улантылды. Кызык, көрсө, бул жерде үйлөнүү үлпөтү экен, автор той дебейт, үлпөт дейт, мында да купия сыр жаткансыйт. Дагы кызыгы ошол үлпөттүн катышуучулары төртөө эле экен, болгондо да төртөө төрт башка курактагылар экен. Төртөөнүн төрт башка куракта болушу, төртөөнүн төрт жакты карашы, бир үлпөттө төрт гана кишинин, анын да экөөсүнүн үйлөнүп жаткандар экендиги андан бетер окуяны чиелип, тагдырларды татаалдаштырып, төрт эле кишини бири-бирине алыстатып, аңгеме окуп жаткандардын бүйүрүн кызытат.

Жалпы баян ушул каармандардын ким экендигин ачып берүү менен, алардын тагдыр-таржымалын алдыбызга цыган аял пал  тарткандай көрсөтүү менен аңгеменин нравалык салмагы алдыңкы планга чыгып, эчен-эчен чыгармаларда айтылган адам дүйнөсүн аңтаруу вазийпасы ачыкка өтөт. Бирок ал кандайча каралып, кандай өңүттөн ачылат? Бул башка кеп!

Аңгеменин башында үй ээсине автордук мүнөздөмө берилет. Ал – элүүдөн ашып калган, бүкүр киши, автордун айтуусунда чал деп койсо да болот экен. Портретин жазуучу мындай тартат: «Чекесин кабат-кабат терең бырыштар басып, кекиртек териси биротоло шалбырап калган»… «Колдору негедир узун келип, тезесинен кыйла ылдый ашып турат. Деген менен чалдын булчуң эттери чың тартып али кайраттуу, демдүү да экени сезилет. Шадылуу салааларынан барсайып чыккан күрөө тамырлары көкмөк болуп, тээ каруу булчуңдарына чейин тартылган… Ырас, маңдай чачы эбак эле жыдып калыптыр. Чекесине толгон тилке бырыштарына жарыш кеткен кайраттуу жана узун буурул муруту анын маанайы пас, бирок токтоо өңүнө жарашып тургансыйт»… Мына каармандын биринчи көрүнүштөгү сырткы кебете-кешпири. Биздин башкы каармандын башталышында эле эмне деген контрасттуу портреттин тартып таштады, санап багыңыз: бүкүр жана үйлөнүү үлпөтү; барыш баскан жүз жана кайраттуулук; тизеден ылдый түшкөн узун кол жана демдүүлүк; чачы жыдыган маңдай жана шадылуу салаалар; маанайы пастык жана токтоолук ж.б. эки уюлдуу көрүнүштөр. Классикалык адабияттын таасири деген ушул, илгерки кыргыз адабиятында оң каармандардын оң сапаттары, оң портрети болсо, мында кайсыл нерсе оң, кайсыл нерсе терс экенин таба албайсың, адам татаал дүйнөдөгү татаал жандуу зат катары туруш турпаты менен чыга келет.

Дагы бир күтүлбөгөн нерсе – каармандын майып экендиги, бүкүрлүгү, анан ошонусуна карабай алты саны аман кишиче үйлөнүп жаткандыгы, болгондо да ошону белгилешеп үлпөт кылып отургандыгы. Дүйнөлүк проза, анын ичинде кыргыз карасөзү да (К.Акматов, М.Гапаров, К.Жусупов, Т.Мияшов, Ш.Абдыраманов, А.Саспай, К.Жусубалиев, О.Айтымбет, Н.Саади, ушул эле «Булак – 2» китебиндеги Э.Ажыканованын «Сейилкан» аңгемеси ж.б.) алты санынын бири соо эмес адамдардын тагдырын дурус эле жазышкансыды. Булардан айырмаланып, Ж.Токтогазиев бир эле күнкү (тагыраагы түнкү), төрт гана каармандын бир эле багыттагы ички сырларын ачып берүү менен обьектисине сүрөткерлерче мамиле кылат. Көп чыгармаларда окуя жайма жай улам өнүктүрүлүп барылса, мында даталдар аркылуу тагдырлар ачылат, автордук кыска баяндоо, диалогдор кимдин ким экендигин эки ооз сөз менен эле тастыктап берет.

Чыгармада бирөөсүнүн да аты жок: бүкүр, жаш жубай, жаш жигит жана аял. Мындай ыкма аларды конкреттештирип Асан, же Үсөн кылбастан, жалпылап, адамдардын бир тобунун жашоо образын, тагдырын бир көгөнгө байлап, адабияттын термини менен айтканда типтештирип турат, типтүү кырдаалдагы типтүү каармандарды жаратат.

Үйлөнүп аткан бүкүр, ал өзүнүн бүкүрлүгүнө арданбайт, кызыгы тойго келгендерди өмүрүндө биринчи жолу көрүп отурат, жаштыгынын үч жыл тогуз айын талаалап азып-тозуп жүрдү, мурда төрт жолу үйлөнгөн, мурунку эки аялы өз колунан каза таап, үчүнчүсү бүкүрдү таштап, төртүнчүсү да үч ай мурун каза болуптур, жаңы үйлөнүп атканы бешинчиси экен. Бешөөдөн бирөөн гана кыз алыптыр. Анан бүкүр «энди канттим», «энди эмне кылайын» дей берет экен. Бүкүрдүн беш ооз таржымалы ушул, башкасын билбейбиз. Чакан аңгеме үчүн ушул гана жетиштүү. Адабиятчылар М.Шолоховдун «Адамдын тагдырында» романдык сюжет бар болсо да, эмне үчүн роман кылып жазбагандыгын айтып жемелегендей болбойбу.

Экинчи каарман жаш жубай-жаш келин болсо жыйырма экиге эми караган, өңдүү, сулуу, бирок жылма сулуу, өзүнүн айтуусунда мурдагы күйөөсү ичкич болуп, келинди жүндөй тытып сабап жадаткан. Азыр үйлөнүү үлпөтүндө тойдо отурган жаш жигитти кылгыра карап, ылайыгы келе калганда ага жанталаша көз ымдап жатат.

Үйлөнгөндөр ушул экөө, мындай карасаң да, андай карасаң да эки бакыр, бир тукур боло албайт, кандайдыр бир себептерден зордук менен түзүлүп жаткан үй-бүлө сыяктанат, аначы болгону үч күн бир жаздыкка баш койгон өлүп жаткан, болгону үч күн бир жаздыкка баш койшон жубайлар., бир тукур боло албайт, кандайдыр бир себептерден зордук межубайлар болуп атпайбы. Алар биринчи сыноого ушинтип, ушул күнү кабылды.

Адабий чыгарманын каны болгон конфликттер, мүнөздөр кагылышы, коллизия дал ушунда жатат, жанагы жазуучу башында шыбыраган «өмүр жашы төрт башкалык» эми кыймылга кирди.

Аңгыча автор «эми буларды көргүлө» деп тойго келген жаш жигит менен аялдын бейнесин бере баштайт. Алар үлпөткө атайын дале келген эмес сыяктанат, алдап атышкансыйт, кыркка келип калган, сулуулугунун терең изи кете элек келин тигил «сулуулар менен эрте-кеч эрин тийгизишип»«аялзатынын маңызын билип калган» жыйырмага эми караган жигитти менин күйөөм өлүп калып, ушул кайниме башымды байлап койду, мен турмушка чыгып жаткан келинге алысыраак эже боломун дегени менен мунун баары жасалма, мунун баары бүкүрдү алдоо үчүн гана аткарылып жаткан спектакль сыяктанат.

Булардын ичинде баарын туура түшүнгөн, ичинде кириш жок, жаш жубайын коноктор менен отургузуп коюп, чайын демдеп, тамагын өзү бышырып, «энди эмне кылайынын» токтотпой айткан, шарап ичирип, өзү да ичип жүргөн эле бул биздин байкуш бүкүр.

Ушул жерде автордук баяндоо күтүлбөгөндөй токтоп, баятан бери келе жаткан традициясын бузуп, эми тирүү адамдар эмес, «өлүү жан» – төрдөгү сүрөт «сүйлөп» кирет. Чынында бул автордун мыкты табылгасы, аңгеменин тузу, маңызы ушунда болуптур. Ал сүрөт бүкүрдүн соңку аялыныкы. Сүрөт-маркумдун айтуусунда түбөлүк денесин жашырган боз топурак кургай электе, көйнөгүнүн жыты кете электе кечээги бүкүр күйөөсү эми башка бирөөнү таап, ага кор болуп жатат, анысы бүкүргө тең эмес, кирин жууган да, тамак-ашын кылышкан да жок, ага жакшылык алып келбейт, бүгүнкү үлпөткө келгендер да ар кошкондон бир кошкондор, мунун баары алдамай дүйнөнүн алдамай адамдары. Бирок маркумдун бул сөздөрүн, сүрөттүн айткандарын бүкүр да, берки үчөө да уккан жок, биз гана окурмандар уктук, баятан бери боорубуз ооруп жаткан бүкүрдөн да көңүлүбүз биресе калса, биресе аны дагы да аяп кеттик.

Бүкүрдүн үйлөнүү үлпөтү уланып жатты: бир убакта конокко келген сулуу аял сыртка чыкты, бүкүр да чайын караганы сыртка чыкты, ошол арада үч күн мурда бүкүрдүн үйүнө аттап кирген жаш келин менен конок болуп отурган жаш жигит жабыша түштү, а түгүл кайсыл маалда, кайсыл жерден жолугушууну да убадалашып ийди. Акыры үлпөт да соңуна чыкты… Шам өчүрүлдү…

Аңгеме ушундайча тамам болду. Бирок анын ойлонтор идеясы калды: канткенде адамдар бири-бирин алдабай, таза жашайт, же андай жашоого болбойбу, турмуш деген ар дайым ушундайбы?

Чыгармада ыймандык проблемалар курч коюлганы менен былчылдашкан конфликт, татаал каршылышкан кармаштар жок. Ар бир каармандын өз жолу, өз түшүнүгү, өз тагдыры бар, ар кимиси өзүнүкүн туура деп эсептейт, ошол жол менен кете берүүнү каалайт. Жазуучу да каармандарынын тагдырына, жүрүш-турушуна кийлигишип, андай болбогула, мындай болгула деп акыл үйрөтпөйт, болгону татаал турмуштун татаал драмасын, бүгүнкү күндүн реалийлерин ачып берет, а андан сабак алууну окурмандардын өздөрүнө тапшырат.

Ошентип, «Бүкүрдүн үйлөнүү үлпөтү» – аңгеме-сыноо, аңгеме-исповедь, классикалык аңгеме жанрынын традицияларын кыргыз кыртышына сиңдирүүгө жасалган дагы бир кадам демекчибиз.

Ушул аңгемеси жана бир катар майда жанрдагы чыгармалары басылган «Чагылгандын изи» деген китеби менен Ж.Токтогазиев кыргыз прозасына кызыктуу автор келгендигин, адабиятты эстетикалык өңүттөн караган жана баалаган жазуучу арабызда жүргөндүгүн тастыктады.

Кыргыз аңгемелеринин контекстинде   «Кызыл өрүк»

Топчугүл Шайдуллаеванын «Кызыл өрүк» деген прозалык китеби (Шайдуллаева Т. Кызыл өрүк: аңгемелер, эсселер жана киноповесть. – Б.: «Улуу тоолор», 2017. – 236 б.) чыкканын угарым менен менин элестөөмө башка бир китеп келе калды. Ал Орозобек Айтымбетовдун 1980-жылы чыккан «Кызыл өрүк» деген аңгемелер жыйнагы эле. Анда адабият болуп-толуп, советтик жазуучуларга партиялык камкордук көрүлүп, бир жылда кыргыз жазуучуларынын жүздөн ашык прозалык китептери жарыяланып, элге таратылып турган кез. Айтымбетовдун «Кызыл өрүгү» кыргыз адабиятына жаңы көз караштагы, адабиятты классикалык деңгээлге көтөрө алчу жаш жазуучунун, турмуштун өтө эле көлөкөлүү, ачуу жактарын реалдуу чагылдыра билген автордун келгенин тастыктаган. Анда А.Саспаев, К.Жусупов, К.Жусубалиев, А.Жакыпбеков, М.Байжиев, К.Акматов сыяктуу «алтымышынчылардын» аңгемедеги илеби бир аз сууп,  бир тобу роман, повесть, пьеса жанрларына көчүп, чакан жанрдын мурдагы «буму» өчүп аткан кез. Ошол «Кызыл өрүк» топтому, андагы «Бүтпөгөн ыр», «Жымжырт шаар», өзгөчө «Ак чыйыр» деген аңгемелери окурман катары мага өзгөчө таасир эткен. Бирок кийин О.Айтымбетов тарых кууп кетип, «Кара кыргыздары» менен алектенип, аңгеме талаасын ээн калтырды.

Ошондон кийин кыргыз аңгеме казанын Ж.Жапиев, А.Матисаков, Б.Усубалиев, С.Раев, М.Сабыров ж.б. аңгемечилер өз-өзүнчө толтуруп турду да, жаңы кылым башталып чакчалекей заман келгенде аңгеме «базарына» баса турган да, окуй турган да кардар жок калып, жанр адабияттын, жалпы эле маданияттын башка салаалары сыяктуу эле терең кризиске кабылды. Ошол терең кризиске тушуккан мезгилде Т.Шайдуллаеванын «Кызыл өрүк» китебинин чыгышы мени аргасыздан кырк жылдай мурдагы О.Айтымбетовдун «Кызыл өрүгүнө» «кыялый саякат» жасатты…

Албетте, эки китептин окшош жагы – экөө тең окурмандардын жана адабий сындын көңүлүн бурдургандыгында, айырмачылыгы – эки автордун эстетикалык көз карашынын, турмушту чагылдыруу диапозонунун эки башка экендигинде, бири шамалдуу шаар Балыкчынын жана анын айланасындагы абрикостуу айылдын адамдарын жазса, экинчиси Баткендин кызыл өрүгүн жана баткенчилердин мүнөз-куйун жазып чыкты. Биринчи автор адабиятка партиялык цензура күч болуп турганда, дал ошол коммунисттик коомдук негативдерин көрсөтүп келсе (Ысык-Көл тууралуу очерктери үчүн партиялык чогулушта сындалган), экинчи автор да социалисттик доордогу жана андан кийинки эгемендүүлүк жылдарындагы негативдерди цензурасыз шарттарда, демократиянын шарданы менен алып чыкты.

Т.Шайдуллаеванын китеби адабият оожаланып турган өткөн кылымдын 60-70-жылдарында чыкканда «көптүн бири катары» көрүнбөй өтө берер беле, анын багы адабият «өлүп», анын акыркы демине бир аз дем берип, оозуна суу куюп турган бири гана «РухЭш» сайты жашап турган учурга туш келгендигинде болду. Китепке кирген аңгемелер жана эсселер адегенде ошол электрондук булак аркылуу да элге жетип турду.

Китептин биринчи бөлүгүнө «Кызыл өрүк» деген циклдеги он алты эссеси кирген. Адегенде окурмандарга түшүнүктүү болсун үчүн эссенин табиятын ачып алсак: «эссе» сөзү француз тилиндеги «тажрыйба», «иштелип бүтпөгөн чыгарма» деген маанилерде болуп, очерктин өзгөчө бир түрү, анда жазуучунун турмуш көрүнүштөрүнөн жаралган ой жүгүртүүлөрү, кыялы берилет да документалдуулук менен адабий көркөмдүлүк бирдей катышып келет. Дүйнөлүк адабияттын тарыхында эссе өзүнчө жанр катары XII кылымда Европада пайда болот, анын өзгөчө өнүккөн жери Англия эсептелген. Эссенин стили образдуулугу, сүйлөө речине жакындыгы жана курчтугу менен айырмаланат, анда философия, эстетика, адабий сын, көркөм публицистика аралаш келет. Ф.Франс, бир тууган Манндар, Б.Шоу ж.б. авторлор эссенин эң мыкты үлгүлөрүн жаратышкан. Кыргыз адабиятында эссе деп аталбаганы менен ошол жанрга кирген чыгармалар бир топ эле жазылган. Атайын эссе деген жанрдык белги менен акын Алыкул Осмоновдун тагдыры жана чыгармачылыгы тууралуу Кеңеш Жусуповдун «Ыр сабындагы өмүр», жазуучу, драмачы Мурза Гапаровдун адамдык жана сүрөткерлик ажарын ачкан Абдыкерим Муратовдун «Көпөлөктөр өрөөнүн көксөгөн Мурза Гапаров» деген чыгармалары жарыяланган.

Т.Шайдуллаеванын эсселерин окуп отуруп, автор бир колхоздун, тагыраагы, Баткен районундагы «Москва» колхозунун тарыхый таржымалын, адамдарынын тагдырларын көркөм баяндар аркылуу ачып бергенин байкайбыз. Демек, бул айрым эсселердеги ретроспекцияларда коллективдештирүү учурлары тууралуу баяндалып кеткенин эске албаганда, баары автордун балалык кезиндеги, б.а., XX кылымдын 60-90-жылдарындагы окуялар, мунун өзү кандайдыр бир даражада бул чыгармаларга автобиографиялык маалыматтардын аралашып келгенин көрсөтөт. Бөлөк-бөлөк эсселер болгону менен аларды бириктирип турган жип бар, ошол жиптин башы 1934-жылдагы дарыя боюндагы айылдын колхозго кириши, мына ошол тарыхый окуянын карапайым бир адамдардын тагдыры аркылуу өтүшү менен башталат. Ошол айылдагы «бою узун, сөөк-саактуу, колдору тарамыштуу, узун, көздөрү күйүп турган», «мандаш урунуп отурганда тизесине койгон колдорунун манжалары жерге чейин тийип, төөгө мингенде буту жерди чийип калган» Бекмат бай «колхоздун суусун ичпеймин, нанын жебеймин» деп айылдан алыс Суу-Башы жайлоосуна кетип калганы турмуштук реалдуулук. Ушул кылыгы үчүн автор каарманын актабайт да, каралабайт да.

Коллективдештирүү темасы – советтик прозада ийнине жете иштелген тема, бул теманы тээ 1932-жылы эле М.Шолохов «Көтөрүлгөн дың» романы менен совет адабиятында, 1937-жылы эле Т.Сыдыкбеков «Кең-Суу» романы менен кыргыз адабиятында өтө бийиктикке жеткире жазышкан. Ошентсе да, совет адабиятында А.Твардовскийдин «Кумурскалар өлкөсүндө», А.Платоновдун «Котлован», «Чевенгур», В.Быковдун «Облава» деген классикалык чыгармалары жазылып тема дагы да тереңделген. Жанагы Т.Шайдуллаева бир айылдын колхоз тарыхын жазып жаткандай Б.Можаев «Мужики и бабы» деген чыгармасында да бир гана Рязанщина деген айылдагы окуялар хроникасын жазып, ошол чакан аймак аркылуу, бүт өлкөнүн масшабындагы колективдештирүүнүн оош-кыйышын көрсөтүп берет. Т.Шайдуллаеванын «колхоз эсселеринен» да жалпы эле кыргыз колхоз-совхоздорунун тарыхын биле алабыз.

Жогорудагы «Колхоз» эссесинде Бекмат байдын элден оолак жашап калышына карабай, өрүкзар чөлкөмүндөгү алгачкы колхоз – «Москва» деген ат менен ишин баштайт. «План» деген эсседе ошол колхоздун эт планы толбой раистин буйругу менен келген торпок чогулткучтар Токтожан кемпирдин өлүмтүгүнө деп багып аткан торпогун «оозунан көбүгү чыгып кыйналып», «оромолу башынан түшүп»: «мени сой да, анан алып кет торпогуңду» дегенине карабай тартып алган окуяны аябай таасирдүү, трагедиялуу баяндап берет. Социализмдин катачылыгы да, катуулугу да «Ополномочун» эссесинде жумшак юмор менен чымчыланат. Мындай юмор «Тандалган аңгемелер» бөлүмүндөгү «Доктур», «Молдо», «Кантор катын», «Прокурор» деген чыгармаларында да улантылат.

Ал доордун дагы бир элеси «Коммунизм оттору» аттуу аңгемеге сиңдирилген. «Жүрөгүбүз, жүрөгүбүз, коммунизм менен жалындай» деп «Кыргызстан отторун» хор менен ырдаган муундун жеке жашоосу, пендечилик турмушу жоктой, алар коммунизмди куруу үчүн колхозго күнү-түнү иштешип, мал багып, чөп чаап, тамеки тизип, аз гана айлык алып, ошонусуна ыраазы болуп жүрүшөт. Алардын бири Т.Шайдуллаеванын каарманы – жаш келин бригаттан коркуп, ооруп аткан баласынын жанында тура албай, же суранып догдурга алып бара албай колхоз чөбүнө кетип, түшкү тамакка балдар багылган «Талаа станына» келсе, ал жердегилер «Келинди жолунан тосуп эки билегинен кармап угузушту: «Кичинекейиң учуп кетти, кайрат кыл…» Муну уккан келин бир бакырып алды дейсиз, учу-кыйырсыз ысыкта мемиреп жаткан тынч талаа «дүң» деди. Келин чөптү колдору менен аймап жерге сулап жатып калды. Аны тегеренген аялдар бири колунан, бири бутунан, бири башынан кармап, жөлөп-таяп, көтөрүп сөөрүгө алып келишти. Бетине муздак суу чачышты. Бир аз эсине келген келин чарчап калган наристесин көтөргөн бойдон атып айылды көздөй жөнөдү». Мына ушул бир келиндин, анын жашабай калган наристесинин тагдыры социализм доорундагы колхозчулардын жалпы тагдырынын типтүү көрүнүшүн чагылдарат.

Автор өзү катышкан жана өткөн кылымдын экинчи жарымында жашаган муун жакшы билген колхоз хронологиялары кийинки эсселерлерде улам бир-бирден ачылып барат: коргондорду сүздүрүп, ордуна рещетка койдуруу; алгачкы комсомолдук той; колхоз клубу; колхоз кызыл үйү; шайлоо; айылга келген лөлүлөр ж.б.

Анын турмушту ар тараптуу чагылдырышына, адамдардын түрдүү катмарын көрө алышына узак жылдардан бери аркалап келе жаткан кесиби – социологдугу да, аялдар темасына көп кайрылышына гендердик саясат боюнча өкмөттүк эмес уюмдар менен байланышып жатышы да  таасирин тийгизген сыяктанат.

Ырас, айрым эсселерде документализм басымдуулук кылып, көркөмдүүлүк артка сүрүлүп калганын эске албаганда колхоз баяндары жалпысынан кызыктуу жазылган, алардын таанытуучулук жана тарбия берүүчүлүк жагы да бааланууга тийиш. Кечээ эле болгон сыяктуу окуяларды бүгүн карасаң – тарых, дал ошол тарых жазуучунун калеминен жандуу чыгармаларга өтүп, бир бүтүндүккө – кыргыз колхоздорунун көркөм летописине айланган, бул керек, кийинки муун үчүн керек.

Соңку жылдарда «Айтыш», «Калемгер» фонддору аңгемелер үчүн конкурстарды жарыялап келет. Мына ошол жарыштарда Элмира Ажыканованын «Боз дүйнө», Абдыкерим Муратовдун «Гаргарчи», Мусакун Сатыбалдиевдин «Көз ирмем», Элдияр Элчибектин «Иззудин» деген аңгемелери жакшы бааларын алды, Низамидин Мурзаев, Абдинаби Дабеков, Ризван Исмаилова, Кубанычбек Аркабаев, Насыпбек Асанбаев дегендей авторлордун аңгемелери менен тааныштык. Мына ушул аңгемечилердин сап башында Топчугүл Шайдуллаева жүрдү. Жогорудагы, эгер ушундай атоого мүмкүн болсо «жыйырма биринчилердин экинчи он жылдыгындагылардын» окшош оорусу бар, алар: көркөм ойлоолорунун стеоротиптүүлүгүнөн улам каармандарынын жана образдарынын, турмушту чагылдыруу ыкмаларынын окшошуп калышы; тилдик байлыктарынын улам азайып, чектелип баратышы. Ошол эле кезде алардын оң жактары да көрүнөт, ал: редакторлордун жана рецензенттердин, басманын көзөмөлү жоктугунан ар кимиси өз айылынын тилин батыл колдонуп жатышы, бул болсо, сөз жок, адабий тилдин байышына эң башкы булактардын бири болуп берет; экинчиси, социализм учурунда турмуштан жолу болбой, элден бөлүнүп калган, адамдар арасында, коомдо баа-баркы жок, майда, билинбеген пассивдүү каармандарды жазууга тымызын тыюу салынса (А.Саспаевдин «Сарала ит», Н.Сайдуллаевдин «Муса ава» аңгемелерин эстеңиз) эми дал ошондой каармандар авансценага чыкты.

Жогоруда бүгүнкү аңгемечилердин тилдик булактары тууралуу айтып өттүк. Бул өңүттөн караганда Т.Шайдуллаеванын да баткенчилердин лексикасын («каксоо», «даш», «чарпая», «жүк», «паркант», «пул», «этек», «саар», «жөөк», «панжара», «пешайван», «сөрү», «чилдирман», «идара», «кадакчы», «карасаң», «кисаапыр», «дүт», «орунча», «тана» ж.б.) ыктуу колдоно билгени кубаттоого татыйт.

Анын «Чыныгүл», «Долу» аңгемелери адабий сында да, окурмандар чөйрөсүндө да жакшы баага арзып келген. Буга «Орунча» деген аңгемени да кошууга болот. Бул чыгармаларда турмуш абдан кылдат изилденген, аялдардын ички дүйнөсү менен сырткы дүйнөсү бекем гармонияда тартылган, түштүктүк аялзатынын психологиясы, табышмактуу татаал да, сырдуу да жашоосу дал ошол баткендик колорит, баткендик фон менен ишенимдүү берилет.

Жазуучунун аңгемелериндеги маңыздуу стилдик ыкма – контрасттуу бүтүмгө келүү, финалда эки каармандын эки жээкте калышы, же бир эле окуянын эки түрдүү концовкасы. Мисалы, «Абысындар», «Көр казгыч» деген аңгемелер ушундай эки уюлдагы окуя-кырдаалдарды көрсөткөндүгү менен кызыктуу да, таасирдүү да.

Ошондой эле символикалуу образдарды да жакшы пайдаланат, мисалы, «Кара туман» деген аңгемеде бир күнү айылды кара туман каптайт, элдин баары караңгыда калат, бир гана жалгыз бой, эки көзү азиз келин туманды билбеди, өзү менен байланышып жүргөн кошунасы Эргеш жылуулук алып келип, төшөгүн жылытып кетмек. Шарп-шурп эткен дабыштан улам азиз келин: «Эргеш, сенсиңби? Эрте келдиң го, абайла, мен төшөктөмүн» дейт келген караанга. Ал Эргеш эмес эле ширеңке сурап келген Эргештин аялы Сайра болчу. Ушул окуяны баяндап келип автор аңгемесинин финалын: «…алааматтай болгон бул күн бир үй-бүлөнү чырга толтуруп, бир керилген сулуу келиндин көкүрөгүнө кетпес туман түшүрүп, бактысын колунан жулуп кетти», — деп бүтүрөт. Кара туман айылдан кетти, бир кара туман бир адамдын дилине кирип келди. Символ, жакшы табылган көркөм параллель.

Эл арасында, өзгөчө Баткендин Бужум айылында колдонулган «кара жаздык», «кантор катын», «Өрүк-Эне» деген ылакапка айланган адамдардын тагдырын бөлүп алып, ошолорду жалпыланган образ деңгээлине көтөрүп чыгат.

Китепке кирген көпчүлүк аңгемелерге мүнөздүү көрүнүш – сюжеттеринин кыскалагы, композициялык структураларынын жыйнактуулугу, ойлорунун контрасттуулугу.

Жалпысынан, Т.Шайдуллаеванын «Кызыл өрүк» жыйнагы турмуш көрүнүштөрүн, адам жана коом тагдырын аялдык, энелик көз менен сүрөткерлерче караган китеп болуптур…

«Ала-Тоо», 2018. – №4, апрель. – 144-158-бб.