МУРАТОВ Абдыкерим: АБДЫКЕРИМ МУРАТОВ: МЕЗГИЛДИН ЧАГЫЛГАНЫН КАРМАП ОЙНОГОН СҮЙӨРКУЛ ТУРГУНБАЕВ

Өткөн кылымдын 50-жылдарынын орто ченинде «конфликтсиздик» деген теориянын чидеринен, интерноционализмдин жасалма шаблонунан жана дагы башка ар кандай идеологиялык кысымдардан бошой баштаган советтик адабият ичтен кайнап, жанар болуп атылып чыгууга аракет кылып, өзүнчө ээ-жаа бербей, булкунуп жатты. Бул биринчи кезекте дымагы күчтүү, студенттик аудиторияда социалисттик реализм деген адабияттын методун тапкан теоретиктердин лекцияларына канааттанбай, алар менен кермур айтышып отурган, тээ дүйнөлүк адабияттын дөө-шааларынын арасынан өз аттарын кыялында көрүп жүргөн жаштарды ойготту. Мурдагыдай жазууга мүмкүн эместигин, адабият деген башкача болорун ушул муун ири алды жонтериси менен жоруптап билип гана калбай, өздөрү ошондой жаңы, башкача бир адабиятты жаратууга киришти.

Мына ошол космос жылдарынын дымактуу муунуна Сүйөркул Тургунбаевдин кирип калганы да кокустук эместей. Ал түздөн түз кыргыз поэзиясынын «жаңы генерациясына» келди жана ошол дүйнөдө улам байып, улам өзүн толуктап жашап келе жатат.

Туңгуч жыйнагы «Салам сага, жаш өмүр» деген мурдагы муундардын китептеринен таптакыр башкача поэтикалык ат менен чыккан жыйнагы адабий сында анча бааланбай, барк алынбай калган менен кийинки «Кечки троллейбус» жыйнагы жакшы сөзгө арзыды. Кыргыз жаштар поэзиясына жаңы ысым келгенин демонстрациялаган бул кибиреген китеп чын эле улуттук адабиятыбыз жаңы нукка бурулуп жаткандыгын, жаңы окурман үчүн жаңы ойлорду, заманбап формаларды табууга куштарлык ички кыртыштан да өнүп чыкканын өзгөчө бөлүп көрсөттү.

Адабий жыйындарда сөз болуп, авторлор тизмесинде ысмы аталган менен «Кечки троллейбустан» соң он жылдай С.Тургунбаевдин ыр топтомдору чыкпай калды. Жок, бул ал кишинин ыр жазбай койгондугунан эмес, ал киши жазып дале жатты, а түгүл орус тилине айрым ырлары которулуп да жатты, бирок башкаларчылап лениниана, партия, жумушчу-дыйкан союзу, эмгек темасы дегендей адабиятка социалдык заказды кабыл албады, жүрөгүнүн буйруганын жаза берди, ошондонбу, же башка бир себептенби, же басма жаатын тейлеген кишилерге жакпаганданбы, айтор, далай жыл кыргыз поэзиясы бир жакшы акындын жакшы ырларынан өксүү тартып жүрдү. Бирок билинбей турмуш, адабият жыла берди, акын Сүйөркул Тургунбаевдин ыр дүйнөсү да ылгана берди.

Анан анын ыр китептери 80-жылдардан кайра биринин артынан экинчиси  чыга баштады. С.Тургунбаев көп жазган жок, бүт жазганы болсо эки том болор, болбосо бир эле том. Бирок ал өзүнчөлүгүн, жеке акындык дидарын көрсөтө алды, бул чыгармачыл киши үчүн, деги эле инсан үчүн өзгөчө нерсе эмеспи.

Сүйөркул Тургунбаев 1940-жылы Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айлында колхозчунун үй-бүлөсүндө туулган. 1959-1964-жылдары КМУнун филология факультетинде окуйт, андан соң бир жылдай Алай районунда, Кызыл-Кыя шаарында мугалим болуп иштеп, кайра Фрунзеге келип, ар түрдүү кызматтарды аркалап жүрүп, 1967-жылдан баштап Улуттук илимдер академиясында илимий кызматкер болуп эмгектенүүгө киришет. Токтогулдун ырларын текстологиялык жаткан талдоо менен шугурланып, аталган багытта илимий китебин авторлош жарыкка чыгарат. 1970-1984-жылдарда «Кыргызстан маданияты» жумалагынын сын бөлүмүн башкарат, 1986-1988-жылдары Кыргызстан Жазуучулар союзунда адабий сын боюнча таалимчи болуп иштейт. Андан соң Басма сөз жана маалымат, Юстиция министрликтеринде, эл аралык «Zaman Кыргызстан» газетасында эмгектенген.

«Салам сага, жаш өмүр» (1969), «Кечки троллейбус» (1969), «Жарыктын ыры» (1979), «Эки аска» (1982), «Касиет» (1985), «Жылдыз» (1988), «Новый день» (1989), «Жарыктын ыры» (1990), «Күндүн көзү» (2005), «Жагалмай канат жапан ыр» (2011) деген ж.б. поэтикалык китептери окурмандарга туртууланган.

С.Тургунбаевди акын катары аны айныбай таанытып турган башкы белгилери кайсылар?

Биринчи кезекте Сүйөркул акын ойлордун поэзиясын жаратат, б.а. анын көп ырлары тирүүчүлүктүн ар кандай көйгөйлөрү жөнүндө акыл чаргытат жана окуп аткан кишини да бу дүйнө-тиги дүйнө, жашоонун маңызы, өлүм-өмүр жөнүндө ой калчоого мажбурлайт. Мисалы, «Футболисттин мүрзөсүндө» деген ыры бар, анда айтылган ой: бир кезде бул белгилүү футболчу болгон, анын аты дүңгүрөп, оюнуна эчен адамдар кол чаап, эчен-эчен дарбазаларга топ тээп киргизген, эми болсо тагдыр аны топтоголок топ кылып, эч бир чыккыс дарбазага камап салган.

Же «Шүдүгөрдө» деген ырда лирикалык каарман:

Тебелеп беделерди,
Качырып чегирткени,
чочутуп жыландарды,
үркүтүп көпөлөктү,
учуруп пырылдатып,
бытпылдык-бөдөнөнү,
ичимден обон созуп
кыңылдап ырдап коюп
кымбат ыр — «Эсимдени»
келатам шүдүгөрдө
ойлонбой эчтемени.

Чыккан соң мен кашатка
жосунсуз ишти туйдум —
чочутуп шунча жандын
бузупмун тынч турмушун.
Үркүтпөй бөдөнөнү,
Тепсебей беделерди
чет менен бассам эмне
аралап боп-бош жерди, —
деп ичтен бир сезимим
өзүмдү жемеледим (Тургунбаев С. Жарыктын ыры. – Ф.: «Адабият», 1990. – 14-б.).

Сүйөркул акындын лирикалык каарманы мына ушундай табият койнунда тазалыкты сүйгөн, аруулукту аваз кылган, пакиза дүйнөнү ошол калыбында сактап калууга аракет кылган гумандуу инсан. Анын башкы принциби — «акындарга бергиле жайлоолорду» деген чакырык. Жазгы жамгыр, кышкы кар, күзгү барик, жайкы көл сыяктуу табияттын толгон-токой көрүнүштөрү акын менен дайым бирге жүрөт, алар бири менен бири ажырагыс гармонияны түзүп турат, акын алардын тилин да, дилин да билет. Мына ошол татаал табияттын кыймыл дүйнөсүндө ошол кыймылды башкарып акын жүргөн болот.

Экинчиси, ал ассоциативдүү ой туюмундагы акын, б.а. ойлорду жана сөздөрдү, саптарды жана турмуштук кырдаалдарды бири-бири менен окшотот, жакындатат, алыстатат, карама-каршы кылат. Мисалга «Түн» деген ырды окуп көрүңүз:

Адамдар төрөлөт түндөрдө,
Адамдар көбөйөт түндөрдө.
Адамдар сүйүшөт түндөрдө,
Адамдар өлүшөт түндөрдө.
Түн — чоң сыр
Түн — дүлөй турмуш,
өз балдарын жутуп
жана тынымсыз
кайра ордуна
төрөп жаткан Мезгилдей (Тургунбаев С. Касиет. – Ф.:«Кыргызстан», 1985. – 100-б.).

Мында турмуштагы карама-каршы жагдай-көрүнүштөр (төрөлүү — өлүү; жутулуу — көбөйүү) образ ачууга кызмат кылып, дүйнөнүн жана адамдын татаалдыгын көрсөтүү үчүн, ойду тереңирээк жана эффективдүү жеткирүү максатында кызмат кылат. Акындын баамында турмуш бул — «материя чырмооктой оролошкон буту-колго», «ыпыр-сыпыр жайнап жаткан», «кечки араба бака-шака, калдырттап бара жаткан кайткыс жакка», «бирде ал — кечки автобус эл шыкалган», «бирде ал асылкечтей жарык жамал» ж.б. Ошондой образдуулук акын демин делебе кылып, ыр дүйнөсү жаңырып турат.

Үчүнчүдөн, ал эмоциялуу акын, предметин жай баяндаганга караганда буркан-шаркан түшкөн сөз дайрасы менен нөшөр сындуу сабалап айтып берүүнү жакшы өздөштүргөн. Бул өз мезгилинде «эстрадалык акындар» деген баа алган орус поэзиясынын таасиринен улам акын дүйнөсүнө оошуп келгендей элес берет. Анын көркөм аңдап көрүүсүндө жазгы кыздар мындайча түрлөнүп, кубулуп, кулпуруп, шаңдуу ыргак алып чыга келет:

Гүлдөрдөй
барчалары бажырайган
күнөстөп чыгат кыздар көчөлөргө
түрлөнүп,
турмуштун шамдарындай жалжылдашып,
дирилдешет жаш кайыңдай,
айнектердей аруу нур чагылтышат,
толкун кечип жүрүшкөндөй
толкуп-толкуп ыр ырдашат,
бүт калаа,
бүт талаага күлкүлөрүн жаңыртышат.
Желбиреп туулар менен
тизилип параддарга
жаштык чыгат аянттарга.
Күн алдында күү калкыйт,
сүйүү калкыйт,
Жаштык барат
той-тойлоп, сүйүү бойлоп,
Көл, деңиз,
дайра кечип,
тоолор ашып
турмуштун токойлорун шуудуратып (Тургунбаев С. Жарыктын ыры. – Ф.: «Адабият», 1990. – 24-25-бб.).

Төртүнчү бир нерсе — акындын ырларында сөздөр жаңы кырынан көрүнүп, башка бир түсүн стилистикалык-эмоционалдык жагдайга ылайык кубулта калат да, балык сууда туйлагандай дат басып жаткан кыргыздын көөнө сөздөрү, өзгөчө түштүк лексикасы ырларда туйлап чыгып, күтүлбөгөндөй жаңы поэтикалык баа-баркы бар сөз айкаштары, сүйлөм курулмалары, антонимдик, синонимдик түрмөктөр пайда болот. Мунун өзү тилчилерден дыкат изилдөөнү талап кылган кызыктуу кубулуш.

С.Тургунбаев аксакал муун акындар тапкан табылгаларды жээрип, өз чыйырын, өз үчүн дайым издейт да, өздүгүн көрсөтүүгө аракет кылат. Окурман бул тургунбаевдик табылга десин үчүн жанын сабайт. Ар кандай чыгармачылык натура үчүн бул башкы нерсе эмеспи. Андай болсо акындын жалпы поэтикалык бейнесине таандык, бешенесинен таанылып турган, ага гана мүнөздүү бир ыр менен таанышыңыз:

Сен – дөңгөлөк,
Мен – дөңгөлөк,
Жер – дөңгөлөк,
Турмуш дагы – дөңгөлөк.

II
Кеттик анда,
Чоң сахнага,
Жанды жанып,
Кымкуут салып,
Жүрө бермей
Өтө бермей дөңгөлөп.

III
Жаз – дөңгөлөк,
Күз – дөңгөлөк,
Ай – дөңгөлөк,
Кыз – дөңгөлөк
Карай калсаң көз алдыда,
Бардык дүйнө көч-көч болуп,
Бир дегенче миң дөңгөлөп,
Кайдадыр бир зып-зып этип,
Кайып барат өңдөнөт.

IV
Дөңгөлөктөр дүйнөсүндө
«Өлбө жаным, өлбөлөп»,
Дөңгөлөктөр дүйнөсү
Тыным албай дөңгөлөп,
Турмуш күтөт өңдөнөт.

V
Сен – дөңгөлөк,
Мен – дөңгөлөк,
Максаттар да дөңгөлөк,
Бул жарыкта бардык затың,
Дөңгөлөк дух өңдөнөт (Тургунбаев С. Жарыктын ыры. – Ф.: «Адабият», 1990. – 66-67-бб.).

«Дөңгөлөк» деген бул ырда акындын негизги бөтөнчөлөктөрү – философиялык ойлорунун тереңдиги, айтайын деген оюн кайманалаштырып, метафоралаштырып берүү ыкмасы даана көрүнүп турат. Акындын идеясы – турмуш деген тынымсыз чимирилген дөңгөлөк сыяктуу, ошол дөңгөлөктө биз да чимирилип дөңгөлөп баратабыз, биз менен кошо ааламдын, адамдын, кала берсе ошол дүйнөнүн өзү дөңгөлөп барат дегендик. Ойдун масштабдуулугу, ошол эле кезде жыйнактуулугу бул ырдын көркүн ачып турат да, ар бир строфа канчалык чоң сөз боло турган нерсени лаконизм менен берип жаткандай, өз-өзүнчө главаларга ажыратылып сунуш этилет.

«Бир сырдуу акын» (Бишкек, 2000) деген Сүйөркул Тургунбаев тууралуу чыккан китепчеде анын поэзиясын калемдештери төмөнкүдөй мүнөздөйт: «70-жылдарда поэзияга ойчулдук менен өзгөчө маанайды, өзгөчө салыштырууларды тартуулап, жүрөктө өчүп-жанган эмоция, айкүрлөнгөн өмүр, шоокумданган жарык, купия дух жөнүндө ырдап, предмет менен кубулуштун жаңыча кырларын ачып, Сүйөркул Тургунбаев келди» (Ж.Мамытов), «Сүйөркул Тургунбаевдин ички дүйнөсү, анын баатырдык фатализми, өз алдынча турмуштук философиясы кооз парадоксалдуу афоризмдерге толгон ырларынан көрүнүп турат» (М.Синельников), «Ал дүйнөлүк айлампа, тирүү дүйнөнүн ар кыл албан түстүү байланышын «жүрөктүн акылы» менен аңдап, бир катар ырларды жазды. Мисалы «Дөңгөлөктөр», «Дүйнө» аттуу ырлары… ыр ушунчалык жөнөкөй, акылга, эмоцияга бай ыр. Ырдагы ойдун тереңдиги, мазмундун салмактуулугу, таасирдүүлүгү кимди да болбосун кайдыгер калтырбайт» (Алым Токтомушев), «С.Тургунбаевдин поэзиясы – булой тегеретиштин поэзиясы, интеллектуалдык поэзия» (Ж.Бөкөшов) (Бир сырдуу акын: Сүйөркул Тургунбаевдин чыгармачылыгы тууралуу пикирлер. – Б.: «Сабыр», 2001. – 5-б.).

Демек, С.Тургунбаев жалпы эле өткөн кылымдын экиничи жарымындагы адабиятка жаңыча көзкараш менен келгендердин, ой менен эмоцияны айкалыштырып орус жана дүйнөлүк поэзиянын учурдагы модалуу формаларын өздөштүрүүгө аракет кылгандардын бир өкүлү болуу менен ал айрым өзү курактуулардан өзгөчөлөнүп, рационалдуу жол менен ыр жазуудан качып, поэтикалык ой айтууда сезим менен акылдын айкашына көбүрөөк басым жасады. Бул, талашсыз, анын, андан өтүп, кыргыз поэзиясынын утугу болду. Ал баары эле окуп түшүнө бербеген, атайын билим-даярдагы бар, интеллектуалдуу адабиятты жаратууга көбүрөк ык койду жана кандайдыр бир даражада анын чыгармачылыгын эксперименталдык чыгармачылык деп атоого болот.

Сүйөркул Тургунбаевдин мындай утугунун эки булагын өзгөчө белгилеп кетүүгө тийишпиз.

Биринчи булагы – акындынадабиятчылыгы, адабияттын теориясын жакшы билгендиги. Анын далили катары 1978-жылы «Кыргызстан» басмасынан «Замандаштын дүйнөсү» деген китебин чыгарды, Жазуучулар союзунун газетасы болгон «Кыргызстан маданиятынын» сын бөлүмүн башкарды, ошол эле уюмда адабий сын боюнча таалимчи болуп иштеди. Жогорудагы сын китебиндеги «Поэзиядагы изденүү, мазмун жана түшүнүк» деген макаласында ал кездеги жалпысоюздук деп аталган адабий процесстин фонунда кыргыз поэзиясындагы изденүүлөр, алардын багыты, спецификасы, бул процесстин бетмаңдайында кала берүүчү шаблон, канон, догма, канатсыз жазмакерлик сыяктуу көрүнүштөр жөнүндө өз пикирин айтып, аны ачык-айкын далилдер менен аныктайт жана обьект үчүн зарыл болгон адабиятчылардын аргументин, сүрөткерлердин өз тажрыйбаларын мисалга келтирет. Автордун ою боюнча «Азыркы коомдун духовный натурасы бөтөнчө татааал, ал эми азыркы муун анын татаалдашкан организми. Алардын жан дүйнөсү майда-барат сезимдик искусствого козголбой, канааттанбай калды. Алардын табити, руханы ар кандай автордон чоң ойлорду, бийик интеллектуалдык канааттанууларды талап кылат». Ошон үчүн акын-сынчынын ой чордонунун негизин «адабиятка кокусунан аралашып калган» версификаторлор тарабынан түзүлгөн мазмуну тайкы, көркөмдүк салмагы жана жаңы ойлору жок, окурмандын эстетикалык сезимине таасир этпеген чыгармаларга каршы принципиалдуу күрөш түзөт. «Алар басма бетинде жайнап чыкса да, окурманга эскирген дидактикадай тажатма таасирден башка эчтеме бербейт» деген пикирди айтат. Мына ушул пикирлерин ал өз чыгармачылык тажрыйбасында апробациялоого аракет кылат. Адабияттын эстетикалык маселелерин аңдап көрүүдө ал өзүнө стили жакын авторлорго өзгөчө жылуу маанай менен бүтүм чыгарат. Мисалы, Рамис Рыскуловдун акындык шыбагасына мындайча баа коёт: «Анын ырларынын дээрлик көпчүлүгүндө ар кандай ой токтотпогон психологиялык кубулмалуулуктар, моменттик эркин стихиялык кыялдануулар, чачкын эрудиция, шарттуулуктар жана жалпылоочу касиеттер үстөмдүк кылат» (Тургунбаев С. Замандаштын дүйнөсү. – Ф.: «Кыргызстан», 1978.). Ал эми «Акындык чалгында болуу» деген макаласында С.Тургунбаев тарабынан ошол кезде даңкы чыгып жаткан таланттуу сүрөткер Сүйүнбай Эралиевдин чыгармачылык эволюциясынын маанилүү учурлары, биринчи кезекте анын формалык табылгаларынын жаңы мазмунга айкалышы, акындын турмушту чагылдыруу диапозону, чыгармачылыктын психологиясы, убакыт, адам жана сүйүү жөнүндөгү философиялык ойлор сыяктуу маселелер да чыныгы эстетикалык баага ээ болгон.

Ал эми экинчи булагы – акындынкотормочулугу.  Анын котормосунда кыргыз окурмандары А.Навои, Б.Машрап, К.Шаакерим, Букар жырау, Сүйүнбай Арон уулу, Магамед, Бердак, М.Шаханов, М.Канот, Я.Шиваза сыяктуу чыгыш акындарынын жана Э. По, Рильке, М.Лермонтов, В.Маяковский, Е.Евтушенко, А.Вознесенский өңдүү батыш классиктеринин ырлары, монгол элдик поэзиясынын берметтери менен таанышкан. Жогоруда көрүнүп тургандай, Батыш жана Чыгыш классикасынан, араттар фольклорунунан тартып, замандаш каламгерлерге чейин ар түрүү улуттагы, ар кыл адабий багыттагы, стилдеги акындарга кайрылуу ал үчүн теңдешсиз билимкана, өнөркана мектеп болгон. Мунун баары С.Тургунбаевдин дүйнөлүк поэзиянын агымына аралашуусуна жарык көрсөтүп берген. Ошол жарык аркылуу ал Жарыктын ырын ырдап, улуттук поэзиябызды бир кадам болсо да алдыга жылдырууга салымын кошуп келет.