МУРЗАЕВ Низамидин: ИТТИН ТУМАРЫ

Низамидин МУРЗАЕВ

Аңгеме

Сарыбай бай  Сарыкашка күлүктү минип, бир чаарынын этин куржунга салып бөктөрүп, Аладөбөттү ээрчитип өмүрүндө биринчи жолу бирөөгө астейдил иши түшүп, бушайман болуп, таңкы салкында  жөнөп келатканда, Кожомүшкүр молдо кечээ келген  меймандары, эки-үч коңушусу менен дасторкон  үстүндө кызуу маектешип олтурган.

— Адам баласынын көйгөйү туулгандан  өлгөнчө түгөнбөйт. Ар бир күндүн өз көйгөйү бар. Ошол көйгөй-маселени чечип атканда адам  адам экенин унутпашы керек, — деп Иброхим дамылла бир маселени жыйынтыктап айтканда, Кожомүшкүр молдо  баш ийкегенче: “Көз ирмемде да адам экениңди унутпа”, — деп кошумчалап койду. Антсе да өз көйгөйү өзүн ичтен кыжалат кылды…

 

Кожомүшкүр молдо Тажикстандын Жерге-Тал районунан. Дүйшөнбү шаарында молдочулукта  окуп жүргөндө ушу Иброхим тажик досу менен таанышкан, жети жыл чогуу окушкан. Иброхимдин Сөгөттөгү үйүндө Душанбеге  баратып да, келатып да жети жыл ичинде көп жолу конок болгон. Тажиктер  өтө меймандос эмеспи, бар тапканын коюп, дастарконго  түркүн жер-жемишти жайнатып, үндүк союп меймандачу. Алма, өрүк, шабдаалы, алмурут алардын бакчасында төгүлүп турчу, каалашыңча жеп, Дүйшөнбүгө ала кетишчү. Кожонун атасы жоктугун билген Иброхимдин атасы Давлатбек карыя жолкиреге экөөнө бирдей акча берчү. Дүйшөнбүгө да тынбай соогат жөнөтүүчү. Иброхим менен Кожонун тамак-ашы, жаткан-турганы жети жыл бир болду. Окуу бүтөр жылы Кожонун энеси кокус дүйнөдөн өтүп кетти. Уулу окуусун бүткөнүн, үйлөнгөнүн көрбөдү, небере жыттабады…

Ошондо да Иброхим Кожомүшкүрдү  жандап Дүйшөнбүдөн келген.Үйлөнгөндө да ушу Иброхим күйөө жанчы болгон. 90-жылдардагы Тажикстандагы  жарандык согушта жашоо кыйындап, Кожомүшкүр Алайдын Кулчу айлына келин болуп түшкөн жалгыз  эжесин аркалап келип, алардын эски үйүндө турганына  эки жылга жакын болду. Ошондон бери адам деп артынан издеп ушул Иброхим  досу гана келип олтурат. Андан башка издей турган деле эч кимиси жок экен. Ата энесинин үй-жайын коңшуларга дайындап коюп келе берген. Эми  атайын издеп келген досун бир союш союп  коноктой албаганына кыжалат болду. Досу түшүнүктүү адам, ошентсе да кыргыз качан мейманын  ойдогудай күтө алган эмес – ыя? Бул айылга көчүп келгенден бери эжесинин чоң уулу Кабылга кошуп беш-алты балага молдочулуктан бекер дарс бергени болбосо,башка иши жок, кирешеси да жок. Ошо жээни Кабылды тескейге жөнөттү, бирөөдөн карызга союш алып кел дедеди эле, анысы куру кол келди. Эми күңгөйгө кеткен, келе элек…

Саратандын  ысыгында Ош жактан келатып, машине жолдон төрт чакырым аралыктагы алыс бул айылга  жөө басып, коон-дарбыз, жер-жемиш көтөрүп, эки шакиртин  ээрчитип, ал-жайын сураганы  атайы келиптир Иброхим.“Чайдан  куяйын”, — деген сөзүнө Иброхим болду дегендей колун пияланын үстүнө  тосуп койду. “Сизди да жакшы меймандай албай…”, — деп күңк-мыңк  этти. “Ээ, Кожом, ар ким барына баатыр. Пайгамбарыбыз барына шүгүр кылган. Ушу дидарлашканыбыз өзү канымет. Ансыз да мен келгенден бери ары-бери жакка убара болуп атасыз. Тамак-аш ушунча болот. Уруксат болсо, биз сапар уласак”, — деди токтоо гана.

Шакирттери да туура дешип баш ийкешти. Кошуналар да табак-табак аш, айран, каймак алып киришти. Дагы бири каттама, бирөөсү чабаты жасап келишти. Антсе да досун союш менен коноктой албаганына   арданып турду, кайсы жердик болбосун, кайсы жерде болбосун, кыргыз меймандос  эмеспи… Өз оюна  сүңгүй түшкөн  Кожомүшкүрдү сырттан угулган аттын  дүбүртүнө улай: “Эй, молдо Кожо барбы?! деген эркектин жоон үнү селт эттирди.

Жепирейген тамдын жалгыз көздүү кичине сынык айнегинен албууттанган аттын сөлөкөтү көрүнүп, кайра жоголду. Молдо сыртка көңүлсүз чыкты да, эшик алдындагы чоң катар талдардын саясына  атын байлап аткан Сарыбай байды, тиги байланган ат айтылуу күлүк Сарыкашка  экенин  тааныды. “Сарыбай  бай… Сарыбай бай… Гм…Сарыбай бай бул үйгө бир да келген эмес эле, эмне иш болду экен, ыя?”

Салам-алик айтылып, эсен-соолук сурашкандан  кийин Сарыбай бай:

— Иш болуп калды молдоке, бир иш. Бу сиздин гана колдон келет, — деп калды.

— Үйгө кирели анда, жакшы келипсиз, — деп молдо Сарыбайды  үй жакка тартты.

— Киши барбы үйдө? — үнүн акырын чыгарды Сарыбай  этияттангансып.

— Мейман  да бар, кошуна-колоңдор да бар үйдө, — деди молдо.

— Андай болсо молдоке, мындай басалы. Өзүңүзгө гана айтчуу сөз бар. Чш-ш-ш, — деп сөөмөйүн эрдине такап, куду эле бирөө аларды карап тургансып эки жагын каранып алды да, үйдөн алыс,  талдардын көлөкөсү жакка колтуктап жөнөдү.

Сарыбай бул үйдө болбогону менен Кожомүшкүр  Сарыбайдын үйүндө болгон. Анын үйү тиги он үйлүү Сары-Булакта. Тогуз уулу бар. Быйыл кышта, алай-дүлөй катуу бороондо түн ортосунда байдын эңгезердей эки уулу келип: “Атабыз ооруп калды, дем салып коюңуз”, — деп көшөрүп олтуруп алып барышкан эле. Андагы суукту айт, бороонду айт, караңгылыкты  айт. Болбой эле отуруп алышты. Дагы саал тартынчактаса зордоп өңөрө салып кетчүдөй түрлөрү бар эле алардын.

Барса, төркү бөлмөсүндө башына бир кичине жаздык коюп, эски тонун жамынып, жүзтөмөн түшүп, ичин кармап, көзүн ачпай, сөзгө да жооп бербей  жаткан экен Сарыбай бай. Молдо кайтканча бай бир ооз сөзгө келген жок. Ошондо дем салып кайткан. Эртеси бороон басылганда балдарынын бири ат менен кайра жеткирип койгон. Ал кайтканча Сарыбай бай  эч кимге сүйлөгөн жок, онтогон да жок. Молдо кайтаарда гана көзүн бир ачып, обдулуп туруп жатып алган.

— Атаңар көзүн ачты, куда кааласа жакшы болуп калды. Улактын шорпосунан  ичиргиле, — деп келе берген.

Эки-үч күндөн кийин гана балдары келип :

— Кудайга шүгүр, атабыз  жакшы болуп калды, — дешкен.

Кийин байдын  “кеселин” элден укту. Чоң уулу Ырысбек байгесине  төө коюлган чоң улакта Сарыкашка  аты менен  улакты байгеге алып баратып маарага жетпей жыгылып, алдырып коёт. Бери жакта чобур ат минип  акмалап жүргөн  бай катуу күйүп,  “ичим” деп ат жалын кармайт. Үйгө апкелишет. Ичин кармап  үч күн жатат. Догдурга алып баралы дешсе, такыр жолотпойт. Үч күндөн кийин молдону алып барышкан тура, көрсө. Балдары дем салдырып, тумар-жаздырып калышкан. Ошондо Кожомүшкүр:

— Атаңар дүнүйөгө  катуу берилбесин, арты  жаман болот. Дүнүйө үчүн ичи ооруган болбойт, дүнүйө колдун кири, — деп да эскерткен.

Ошо Сарыбай ушу. Кийин Сарыкашкага тумар  алдыртты ортончу баласы Суранды жиберип. Ошондон кийин Үч-Улакта  Сарыкашка баш байгени албадыбы. Буга молдонун өзү да таң калды.

Талдардын көлөкөсүнө жеткенде:

— Итке тумар керек эле… — деп аттын ары жагында  акактап жаткан Аладөбөттү камчы менен жаңсай көрсөттү.

Кожомүшкүр итти байкаган эмес экен. Өзү мынтип  кыжаалат болуп турганда итти байкамак кайда-а… Аттын жанында ысыктан тили саландаган  эшектей чоң Аладөбөттү эми көрдү. Жан-алы калбай ага үрүп турган  кошунанын итин барсыңбы-жоксуңбу деп карап койбой, чаңкылдакты ит ордуна көрбөдү Аладөбөтү.

Бул айылдагы чоң ит эле кошунасынын ушу ити эле, ушуну ит экен деп карап койсо кана. “Чык!” деди Кожомүшкүр кошунанын  итине, ал да ошону күтүп тургандай:  “Мына мен да өз милдетимди аткардым”, — дегендей четке чыга берди.

“Уста кудай ар бирөөгө өзүнө жараша көйгөй берген турбайбы. Кембагалга меймандын, байга иттин…”деп ичинен ойлоп:

— Итке тумар жок, — деп бурула берди эле, кетип калабы деп бай шашып калды.

— Эмне үчүн жок? Адамга бар, атка бар, үйгө бар, эмнеге итке жок? –дегенче алыстай түшкөн  молдого жетип колтуктан алды. “

— Ал ит да! — деди молдо колун байдан бошотууга аракет кылып.

— Бери кара, молдоке. Тигини… тигини! — деген Сарыбай атты, атка салынган чоң кызыл куржунду көрсөттү камчы менен.

— Эмне бул?!

— Эт, чаарынын эти, куйругу эле мындай,- деп эки колун манжалаштырып, курсагын көрсөттү бай, — Чо-оң, өзүм союп келдим. Тумар үчүн! Башы куйкаланган, мүчөлөрү толук. Он литр кымыз да бар. Илимиңе айланайын, молдоке, бир нерсе кыла көр!

Унчукпай ойлоно түштү Кожомүшкүр. Анан кыйылгансып:

— Итке тумар жазылбайт эле да-а… — деди акырын.

Анын ушул бошоң чыккан үнүнөн Сарыбай итке деле тумар чийсе болот дегендей ишарааны туя калды. Ошол замат молдонун колун бекем кармады да:

— Кырып салды, жарымын кырып салды, жарымын кырып!.. — деп титиреп кетти бай.

— Эмени?! — деп таңданды молдо.

— Эмнени кырмак эле, койлорду! Бээлерди, кулундарды!

— Ким кырды? Ит кырдыбы?

— Карышкыр! Карышкырлар кырды. Оо-у-у, энеңди урайындар! — деп Сарыбай  эриндери титиреп, боргулданган терин аарчый албай же Кожомүшкүрдүн колун коё бербей, бөрүдөй улуп,  тыбырчылап ийди, — О-оуу… кырды. Эки үйүр жылкынын тайларын, бир короо койдун жарымын кырды, дагы кырып атат. Колума бир түшөрсүңөр, териңерди сыйрыбасамбы! Бирөөлөр күчүгүн алып кетиптир, акмактар. Ошонун өчүн  карышкырлар менден алды.

— А тумардын буга кандай тиешеси бар, — деп таң калып сурады молдо.

— Ай! Түшүнбөй атасың, молдоке! Бул короочу ит. Бир да жолу мурда короого карышкыр жолоткон эмес, чычкак улак алдырган эмес! Бир жумадан бери үңкүйүп жатат, кеселби, көз тийдиби, билбейм. Тамак ичпейт. Андан бери койго карышкыр ар  түн сайын тийет. Баарыбыз түнү от жагып, мылтык атып, бала-чака – баарыбыз  түнү бою иттин милдетин аткарып, ит болуп чыгабыз. Ит сактайт да короону, мен сактайт белем!..

Сарыбайдын түрүнөн кыйналганын, айласы кеткенин көрдү, койлорун миң ашуун деп уккан, жарымы кырылса, “мал ачыгы жан ачыгы” дейт ко. Бирок итке кантип тумар чийип берет?!

Ангыча  жайлоого кеткен жээни Кабылдын карааны көрүндү. Ысыкта аты кара чап болуп тердеген, өзү араң келгендей бул ысыкта. Жолу болбогонун билдиргендей башын чайкап койду.

— Атты байлап, үйгө кирип эс ал. — деди жээнине.

Кабыл ансыз да атынан түшүп аткан.

— Молдоке, кышта дем салдың, тумар бердиң өзүмө, атыма. Колуңду кур койбодум. Ошого дагы өзүңө келдим. Болбосо тиги Шибээдеги  молдо Касымга барайын, — деп үмүтү үзүлгөндөй  башын шылкыйтып  атын көздөй басты.

— Токто, — деди Кожомүшкүр, — атайы үмүт тартып келипсиң, бир кагазды чийсе чийип берейин, көңүлүң калбасын. Бирок бир шарт менен, алды кийин эч ким билбесин муну, тумардын күчү кайтып калат.

— Жок, жок. Эч жан билбейт, экөөбүздөн башка… -деп азыр эле үмүтү үзүлгөн бай жанданып, кубанычтан жүзү жайнап, бетине кан жүгүрүп, тетиле түштү.

— Эмесе мындай байым, кымыздан дагы бир он литр, беш-он литр сары май болсо байым… Үйүмдө мейманым бар. Итиңе дем да салып коеюн… — деп бурула берип “болору болду” деп ичинен күбүрөдү.

— Куп болот, молдоке. Кымыз да, май да болот. Балдар кечке алып келет, — деп Сарыбай ишенимдүү сүйлөдү.

Экөөлөп аттагы оор куржунду араң түшүрүшүп, эт менен кымызды ашканага  киргизгенден  кийин Кожомүшкүр кагазга тумар  жазып берди да:

— Шарга ороп, кайышка тигип, иттин каргысына   бекем тагып кой! Бирөөгө көрсөтпө!

Кагазды өтө аздектеп, сынып калчу идиштей этияттап бүктөп, сол көкүрөк чөнтөгүнө салгандан  кийин бай сүйүнүчтүү аттанып кетти. Ичинен  ал “Тазасына бересиң да молдоке, сени тамагыңдан байлап коем!” деген оюна сүйүнгөнүн молдо туйган жок. Артынан Аладөбөт эч жакты карабай, башын төмөн салган бойдон көңүлсүз жөнөдү.

«Бул иттин тамагына бөрүнүн тиши кирген же жара чыккан”, — деп күмөндөдү Кожомүшүкүр.

Бай узай элек эжесинин үйүнө майга кеткен аялы келди. Колундагы кастрюлдагы майды көрсөтүп:

— Кудай деген кур калбайт, — деп жылмайды эле, ашканадагы  эт, кымызды көрсөтүп:

— Ооба, байбиче, кудай бизди кур койгон жок, шүгүр. Эми Кабыл экөөң эт салгыла, эжемди, жездемди чакырып койгула! — деп меймандар олтурган бөлмөгө кирип кетти.

Рахим дамылла дагы  үч күн жатып чер жазып сүйлөштү. Төртүнчү күнү кошуна-колоңдон төрт ат сурап Кожомүшкүр меймандарды Тажикстандын чегарасына чейин алып барып, таксиге салып кайтты.

— Тажикстанда  эл тынчып эле калды, досум. Дагы бираз чыдасаңыз,  өзүм келип көчүрүп кетем, — деп Рахим досун ажырашаарда  бекем кучактады.

— Кана, насип билет, — деп койду Кожомүшкүр.

Ошондон бир апта өткөндө күн тийе элек Сарыбай бай атчан келди. Бул жолу байдын көңүлү толук, бетинен каны тамылжып, дүйнөсү түгөлдөй, бөйжөңдөбөй токтоо көрүндү.

— Аттан түшүңүз, үйгө кириңиз! — деген Кожомүшкүрдүн сөзүн кулактын сыртынан кетирип:

— Аладөбөттүн тырмак алдысын өзүңүзгө алып келдим, молдоке. Үч күн мурун  карышкырдын ушул дөбөтүн алды, кечээ канчыгын басты, — деп  Сарыкашканын бөктөргөсүндөгү көкжал карышкырдын терисин Кожомүшкүрдүн алдына таштады да,  аттын башын шарт буруп кете берди.

Ошол жылы кышта Аладөбөт уук-суук жети карышкыр алды. Кийинки жылы он бирди алды. Эл ичинде бул иттин аты Алайга тарады. Байдын Сарыкашкасы Алайдагы  улактардын баш байгесин таштап турду.

Сарыбайга аттын байгесинен да өз даңкын чыгарганы керек эле. Байдын  даңкын Сарыкашка менен  Аладөбөт дүңгүрөттү. Улак болгон жерлерде конок алынса,  эң биринчи байдын аты алынып, өзү сыйлуу конок болуп жүрдү. Ал конок болгон  жерде итинин канча бөрү алганын, кандай алганын  көп сурашчу. Албетте, иттин күчтүүлүгүн, коркпостугун, шамдагайлыгын көркөмдөп айтчу бай. Аладөбөт алган карышкырлардын саны да көбөйүүчү. Бирок ага тагылган тумар жөнүндө эч качан сөз кылбады.

Кеп арасында ыңгайы келгенде гана Кожомүшкүр жөнүндө өтө илимдүү, өтө күчтүү молдо деп жүрдү. Тез эле Кожомүшкүр Алайда “күчтүү молдо” атыгып кетти. Дем салдырып, тумар жаздыргандар көбөйдү. Балдарды да окутуп жүрдү. Турмуш-тиричилиги да оңолуп, колуна көп эле мал бүттү. Бирок Кожомүшкүр тез эле Чүй жакка көчүп кетти.

Сарыбайдын Аладөбөтү дагы бир жыл карышкырларды  коён алгандай алып турду. Күлүгү дагы бир жыл улакта топ чачып жүгүрдү. Анан кайсы бир улакта жыгылып буту сынып, улакка жарабай калды.

Аладөбөтү карышкырдан кайтпады, өлөр өлгөнчө күрөштү. Акыры өзү карышкырга жем болду. Топ карышкыр Аладөбөттү жеп кетиптир, териси гана калыптыр. Терисин башына кептеп, таза жешиптир.

Издеп жүрүп карга-кузгун конгон коктудан Сарыбай өзү таап,  мойнундагы каргысын чечип ала келди.

Атын союшканда да үч күн жатты ичин кармап. Жатканда да жүзтөмөн жатат, маңдайын жерге коюп. Туруп кетти.  Аладөбөт өлгөндө да үч күн жатып, араң турду. Турары менен:

— Атты току! — деп атты токутуп, бир жакка жөнөп кетти.

Аялынын:

— Тамак ичип ал, — дегенин уккан да жок. Атты теминип катуу жүргөн бойдон Кожомүшкүрдүн жээни Кабылга келди.

Ээнирек жерге чакырып:

— Бир күчүгүм бар, Аладөбөттүн уругунан, ошого тумар жазып бер да, каалагыңды ал! — деди.

Кабыл тумар жазганды үйрөнбөгөнүн кайра-кайра айтып, карганып атып араң кутулду.

Атты чапкан бойдон  кетти Сарыбай. Кечке жуук Шибээдеги Касым молдонун үйүнө келип түштү. Касымды үйүнөн тапканына сүйүндү. Анткени менен “Итке тумар жазылбайт, жазылса да мен билбейт экенмин”, — деп эч макул болбоду. Айласы кеткен Сарыбай койнунан кайышка тигилген  үч бурчтук тумарды алып чыгып көрсөттү:

— Мына мага күчтүү молдо өз колу менен жазып берген, — десе да болбойт.

— Ошону тагып ал итиңе.

— Эй, бул тумар башка итке болбойт! — десе да болбоду.

Акырында Сарыбай:

— Ушу тумарды ачып окуп, ушуну эле көчүрүп бер, каалаганыңды ал. — деп жалооруду. Өңү бозоруп, көздөрү акырайып, эрди титиреп турду.

Касым молдонун да айласы кетти, бир жагы кызыктыбы, байдын колунан кайышты алып, тигишинен кесип, шарга кабат-кабат оролгон үч бурчтук кагазды шашпай кайра-кайра окуп, анан бырс күлүп жиберди.

— Айттым го, итке тумар жазылбайт, — деп баятан берки талаштан айласы кеткен Касым молдо жыргап күлүп турду.

— Эмне! Эмне! Кана! Үн чыгарып оку! — деп шашып айтты бай.

Касым молдо араб тамгасы менен  кыргызча жазылган  бир куплет ырды шашпай кырааты менен окуп кирди:

Ишим түштү итиңе,
Иттин богу бетиңе!
Итке тумар жок эле,
Кызыктым койдун этине.

Сарыбай өз кулагына ишенбеди.

— Дагы оку! — деп зекиди.

Касым молдо дагы бир жолу кырааты менен окуду.

— О-у-у! Энеңди урайын силердин! — деп молдонун колунан кагазды шап жулуп алды да, колундагы камчы менен Касым молдону өчү бардай чокуга эки салып чыкты.

Биринчи урганда селдеси учуп кетти,  экинчи чапканы  тасырайган башына шак эте түшүп, молдо олтурган жеринде эси ооп жатып калды.

— О-о-у-у, сениби кожо! Колума бир түшөрсүң! Териңди сыйрыбасам элеби! — дегенче кагазды печкедеги   алоолоп күйүп жаткан отко  салды да, калчылдап карап турду.

Эриндери, ээги титиреп, муруту сербейип көзү канталап чыкты, жаак булчуңдары, колдору таштай түйүлдү. Ичи ачышып атты.

Көз алдына  тумар үчүн союп барган чоң чаарысы, калтар  түлкүнүн, карышкырдын терилери, кымыз, майлар элестеп туруп алды…Ансайын ичи түйүлүп,                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                    ичегисин бирөө үзүп аткандай туюлду.

Ичин кармаган бойдон эшикти бир тээп ачып, сыртка чыгып атка  шарт минип, ат жалына өбөктөп, ачышып, от- жалын болуп күйүп-күйүп бараткан ичин кармаган бойдон күүгүм талаш чаап кетти…

Касым молдо бир оокумда  көзүн ачса аялы, уулу менен келини бетине суу сээп атышкан экен. Баласы:

— Азыр Сарыбайды милицияга берем, каматам! — деп күпүлдөдү  эле, Касым молдо:

— Тим кой, кудай өзү көрсөтсүн, — деп басып койду.

Таңга маал багымдатка даарат алганы чыгып, караңгылыкта эшик алдында  бирөө турганын көрүп:

— Кимси-иң?! Сарыбайсыңбы?! — деп коркконунан бакырып, колундагы чөгүндү түшүрүп жиберди.

Тиги караан:

— Кабарчымын. Бай түндө кайтыш болду. Бүгүн сөөгү коюлат. Сизди жакшы көрчүү экен, жаназасына өтүп берсин деп балдары жөнөттү, — деп күтүп калды.

— Об-бо-о, дүнүйө! Пенде ушубуз да!..Кам сүт эмгенбиз да, өлбөчүдөй болобуз да, – деди корккону дале басыла элек Касым молдо калтырап.