ӨМҮРАЛЫ Чоюн: ЧОЮН ӨМҮРАЛИЕВ: КЫРК ЖЫЛ КИЙИН…

Эмесе, оболу азыркы биздин кыргыз акын жазуучулары, сынчылары түшүнгөн дегеле «көркөм дөөлөт» деген эмине, ушуга келеличи. Бул биринчиден, сизге окшоп жалаӊ ыр жана аӊгеме жазгандан башкага баш оорутпай (балким, билбей!) бир ыргактуу гана кыдыӊдап жашап келаткандардын жашынып алган ыңгайлуу коргону эмеспи? Экинчиден, ошол «көркөм дөөлөт» деген түшүнүгүңөрдүн өзү бир жактуу, чектелүү. Анткени «көркөм дөөлөт» деп, мисалы поэзия, прозада, сиздер ыр, поэма, новелла, повесть, роман өӊдүү, д.у.с. негизинен батыш, орус руханий континенттери өздөштүргөн, жетишкен форма-мазмундарды гана тааныйсыздар, макулдайсыздар.

Анын ичинде да, байыркы гректи айтпаганда, жаңырган Европадан берки эле кезеңдерди – ренессансты, классицизмди, романтизмди, реализмди. Мына ушул – силерге акыркы эталон! Профессионал адабият! Чеги! Тапкан сюжетиӊер, курган композицияӊар, түзгөн диалогуңар, сүрөттөө ыкмаӊар, баары, баары – ушуякта тегиӊер. Мен бул чоӊ адабий дүйнөнү эч качан танбаймын жана Баялиновдон баштап Айтматовго чейинки басылган жолдо кыргыздын дүйнөнү көркөм-эстетикалык өздөштүрүүсү кыйла байыганына сыймыктанамын. Бирок да «көркөм дөөлөт», «профессионал адабият» дегендин жападан-жалгыз чен өлчөмү да ушуну менен чектелет деп ойлобоймун. Анткени, ар бир улуттук адабият үчүн чыныгы профессионализм дегендин табияты, чынында, улуттун жан табиятында жалгаш жатат. Ошон үчүн япондордо поэзиянын туу чокусу деп бир, эки демде айтылар, ошо айтылып бараткан мерчеминде иероглиф сүрөтүндө кошо жарк чийилип кетээр чулу уютунду – хокку, танкалар эсептелет;

Кытайда болсо дүйнөнүн миң кыл түстөгү ажарланган ажайып келбетин бар байлыгында толукшута бериш үчүн…эки гана түс – ак, каралуу монохром живопись кудуреттуу саналат.  Европадагыдай, Винчилердин миӊ кыл куюлушкан түс боёктору эмес! Б.а. бияктагы критерий – канчалык эң аз каражат менен ошончолук улуудан улуу мазмуунду туюнта алсаң, ошол чыныгы профессионализм;

Батыш керсейе карап койгон (аларды туурап биз дагы!) Чыгыштагы «эпическая», «назидательная», «повествовательная», «приключенческая», «аллегорическая» ж.б. д.у.с. терминдерге тебелете бастырылган элдик адабият алдында да ана ушул керемет жатат;

Ана ушул кереметтерге киндиктеш да, өзгөчөлүү да, көчмөн дүйнөнүн көй санаты да жатат;

Биз, чындыгында, кыргыздын ошол эӊ түпкү  кайнарынан жалганаар-азыктанаар кыргыздын жаңы, чыныгы адабиятынын жолун чала да элекпиз. Эстетикасын түзө, ача элекпиз. Ал капарыбызда да жок, али. Чыныгы «улуттук көркөм дөөлөт», Мелис (Абакиров – ред.) ага, менимче, ушунча тереңдерде жашырынып чөккөн.

Дагы: азыр, билгенге, өтө бир жооптуу кезең; бир чети – эки жүз жылга жуук орус оторчулугунан берки тынымсыз маңкурттала келген кресттелген тагдырдан арылуунун; экинчи чети – ушу азыр жан дүйнөбүздү  жан жактан куушуруп кирген глобализмде престтелген абалдан суурулуунун айласын издеп жаткан чагыбыз. Ушундайда башын төө куштай кумга катып алып, учурдун улуттук өктөм проблемаларынан качып, «жазуучу деген көркөм дөөлөт гана жаратат» деп он жылдап чакан бир роман (чынында, көлөмдүү эле повесть!), жазып алып, анан; «жазуучу деген бир, эки жакшы чыгармасы менен эле атакты алат» (М.А.) деп койкоңдоп акыл үйрөтүп алчаӊ-чалчаӊ басып калса, ошол жарашабы сиздей атактуу жазуучуга (А.Стамовдун аныктамасы)!

Билебиз, Гоголь деген бир кеменгер деле гениалдуулуктун сересине жетип алып, анан: «адам деген бул жашоодо ооз менен эле орок оро бербей бир практикалык иш да жасашы керек экен го» деп зарлап «Өлүү жандарын» өрттөп ийген эмеспи, орустун учурдагы зарылган проблемаларына баш оту менен сайылып кирип кеткен эмеспи, жалаң «Выбранные места из переписки с друзьями» каттарынын үстүндө иштеп… Толстой чал деле акыры «көркөм дөөлөттү» мындай жылдырып коюп «моралчыл» болуп кетти эле го түз. Болбосо бүтүндөй бир доорду өзүндө уютуп «Былое и думылар» неге жазылат, кандайча жаралат? Герцендердин «көркөм дөөлөттөрдү» түзө албай  калганынанбы? Мындай мисалдар адабиятта жыш ко.

Айрымдар, азыр «биз Айтматовду классик дегенден уялабыз»  деп жазышчу болду. Ар жагында саал кыйгылы жатса да, ырас эле «адептүү» уялып кетишет. Бул, жакшы. А далайыбыз, түз эле ал киши менен тирешүүнү туруктуу эрдик санап калбадыкпы азыр. Айрым белдүү акын, жазуучуларыбызды кой, кечээги балакай калемгер, эптеп журналист, орто чыкма окумал да бүгүн Айтматовго кол шилтеп сүйлөп койсо эле өзүн абройлуу сезе түшчү болду.

Өйдөтө сизде да «саал кыйгылы турат» дедим. Жок! Айтматов эч кандай кыйгыл-кычкылы жок, уялбай этпей эле, түптүз жана салтанаттуу: «ооба, ал – классик!» деп айтаар залкар. Кыргыз прозасындагы Сыдыкбековдун, Касымбековдун өзгөчөлүү ордун, мектебин айтпаганда, артыкча 60-жылдардан кийинки адабият анын кудуреттүү прозасы менен өтмө-катар байланышта өнүгүп, Айтматов чыгармачылыгынын мыкты салттарын, бай тажрыйбасын өздөштүрүп, өз кыртышына байырлатып кондуруп келгени-ак! Факт!

70-ж. баштап 90-ж. башына чейин ар бир чыккан макала, интервью, ой толгоолору да өзүнчө окуяга айланып, бүтүндөй бир зор державанын – СССРдин адабий-коомдук аң-сезимин түгөл бийлеп турганы да факт! Астафьев, Распутин, Белов, Межелайтис, Бондарев, Гамзатов, Карим, Кугультинов өңдүү дөө-шаалардын эң алдыңкы кыркаарын ээлеп! Бул, кыргыз баласы сыймыктанбай турган кеп бекен!

А сиз, жок болбой эле көзү тирүүсүндө эле дүйнө классик катары тааныган бир кыргыз кулунун классик деп айткандан уялып: «классик деген бир заман, доор өтүп, сынактан өткөндөн кийин эл тарабынан берилет да. Ал улутттук эмес, жалпы адамзаттык мааниге ээ» деп олуяланасыз. А чынында мындай «олуялыгыңыздын» артында текеберлик турганын элебейсиз.

Эмесе классик дегендин сиз айткандан башка да мындай белгилери бар.

Ал, биринчиден; «жалпы адамзаадалыкка» чейин биринчи ирээтте «улуттук»! Чыныгы, нагыз «улуттук» касиет тегинде дайыма жалпы адамзаттык мааниге ээ чыгат. Анткени, маңыз – бир, жалпы. Анан да улуттук классик башка калктарга, б.а. жалпы адамзатка да дайыма нукура өз касиетинде да жете бербеши мүмкүн. Пушкиндин чыныгы улуулугу орус тилинде гана жашайт дешет, Алыкул түбөлүккө кыргыз акыны гана бойдон калгандай.

Экинчиден, классик улут адабиятынын өнүгүшүндөгү белгилүү бир зор этапты өз боюнда толук камтып, жыйынтыктап калат. Айтматов ошондой. Ал, жана айтылгандай, орус жана дүйнө адабияты жеткен-тапкан асыл тажрыйбаларды кыргыз зилинде өздөштүрдү. Кыргызтааным кыйырын кеңейтти. Кыргызтааным асманында (көркөм адабий) ал бир зор чатыр болуп жайылып жатыры. Силер «уялып» же Кекилбаев, Пулатов, Сангилерге «ууру», жашынып алып, аа канчалык суумылтык сундуруп аткылабагыла, кандай гана ойдолоп-кайкалабагыла, баары бир ошол зор алкактын алдындасыңар. Айтматов арыстандын көлөкөсүндөсүңөр!

Балким, бул алкактын чегинен суурулуп чыгып кеткендин жалгыз бири – Кубатбек Жусубалиевдир. Анын «Гимн» баштаган керемет аңгемелери, «Муздак дубалдар» романы, «авангард ырлары» XX кылым ортолой батыш адабияты жеткен бир бийиктик – «төкмө» прозанын («поток сознания») салтын мыкты өздөштүрүп, аны кыргыздын төкмө табиятына жууруп алды. Бул – Айтматовдун алкагынан сырт кубулуш. Бул – жаңылык! Алиги Айтматовго текеберленгендер ушул өңдүү сапаттык жаӊы чектерге чыга аласыӊарбы. Шегим бар.

Ал эми сапаттык жаӊы чектер, чептер кыргыз рух айдыңында турушат зыңгырап, катар-катар. Бул алынышы күтүлгөн чептер-чектер, акыйкатта, бир гана кыргыз адабиятынын Айтматовдон кийинки бийиктиги болбойт, ал дүйнөлүк адабияттын бийиктиги болот. Жалпы адамзатты таң калтыраар ачылыш чек болот. Бизде мындай ачылар саатын зар күтүнүп жаткан жалама бийиктиктердин бар экени силердин капарыңарда да жок, түшүңөргө кире элек, ойлонгондон да коркосуңар. «Көркөм дөөлөт», «профессионал адабият» деп өзүңөр көнгөн аңгеме, повесть, сюжетиңерди гана түшүнөсүңөр. Ал эми Айтматовдон кийинки чыныгы, таасын, бийик, мыкты жаңычыл айдаңгыр – кыргыз прозасынын манасталыш процессии аркылуу гана өтүшү мүмкүн (Жусубалиев ушунун бир кичине учкуну). Муну, мисалы, элестүү болсун үчүн, XX кылымдын экинчи жарымындагы дүйнөнү таңгалдыра удаама-удаа көз жарган, дүйнөтаанымы бизге тектеш латын америкасынын романистикасына (Астуриас, Борхес, Фуэнтес, Маркес ж.б.) салыштыра карап боолгосо болор.

Бирок аларда кантсе да Манастагы ческиз психологизм, ченемсиз эпика, таасын реализм, табышмак ирреализм, каңгыткан трагедия, кайыпчан метафора, ж.б. д.у.с. касиеттер өксүйт, не ар киминде ар жерде, ар башка, бир-бир, үзүл-кесил чачырап жатыры, учкунданып, сыныкталып… Ал эми Манаста анын баары бир – чулу сом ширелген, айласыз улуу күрр уютулган! Күпүлдөп!  Бир!

Кыргыздын жаңы прозасы, XXI кылымдагы жаңы Айтматову ушул нукта жаралат. Кыргыз үчүн да, дүйнө үчүн да жаңы сөз айтып!  Дүйнөлүк улуу бийиктикке айланып!  Кыргыз прозасынын чыныгы улуу келечеги ушул жакта жатат. Ушул дыңга буту малынмайын эми чыныгы залкары чыкпайт кыргыздын.

Ага дейре Айтматовдун карааны дагы далайга, далайга, далайга дейре кыргыз адабий горизонтун калдайып ээлеп, төшжары жаап жата берет. Анын «классик» экени мезгил арытып ушинтип билинет. Айтматов да мындан ары өзүнөн аша албайт. Ал бир зор адамдын мүмкүнчүлүгүнөн зор эрдигин кылды. Кең дүйнөнү кеменгер өздөштүрүп чыгармачылыгына жууруп алган кыргыз улуттук духтун дүйнөлүк биринчи пионери болду. Кыргыз улут духу өзүн адабий айдыӊда ушул чыңгызсапар аркылуу сапаттык жаңылаар чекке тиреп келди. Алгы чек прозаэпос – XXI кылымдын проблемасы…

Эгер биз уялсак, бут алдыбызда ушундай улуу дың жатса, ошону көрбөгөнүбүзгө, билбегенибизге, өздөштүрүүгө умтулбаганыбызга уялышыбыз керек.

Сиз тыңчыкма жазуучу катары да, бир мамлекеттин көркөм дөөлөтүн уюштургуч жазуучу Бирлигинин биринчи орун басар жетекчиси катары да, акыйкатта, башыңыз  ооруса ушул багытка оорушу керек…

«Кыргыз Руху» гез. 19.VIII. 2005-ж.