ӨМҮРАЛЫ Чоюн: ЧОЮН ӨМҮРАЛИЕВ: МУУНДАР БАЙЛАНЫШЫ

Бир курдай коомдук ишмер Д.Сарыгулов экөөбүз Якутияга улуттук «Ысыых» («Ыйык», биздеги «Нооруздай» белгиленет) майрамына чакырылып барып келдик. Россиядагы аз сандуу улуттардын Ассамблеясынын 1-курултайы, түрк калктарынын дүйнөтаанымына байланышкан симпозиум жана Ч.Айтматовдун «Деӊиз бойлой жорткон ала дөбөт» повести боюнча коюлган спектаклдин мааракеси белгиленди.

Үчөө теӊ Россия турмушундагы орчун окуя. Келген соӊ алган таасирлер тууралу «Замандаш» журналына макала жаздым. Макала көлөмдүү болуп кетиптир деп, «Ысыых» майрамы тууралу бөлүгү басылып, калганы кийинкиге калтырылган. Ошо бойдон кийин да жарык көрбөй бапкемде калып кеткен. Залкар замандаш агабызга сырттан жасалган сыйды ачык көрсөтүп турган ошол учурунда жарыяланбай калган материал үзүндүсүн да «РухЭшке» сунуштай кетүүнү эп көрдүм…

Якут жергесиндеги үчүнчү бир үлкөн мамлекеттик деӊгээлдеги окуя – кыргыз сыймыгы Чыңгыз Айтматовдун «Деӊиз бойлой жорткон ала дөбөтү» боюнча коюлган спектаклдин 25 жылдык мааракеси болду. 25 жылдан бери бул спектакль Саха республикалык драма театрынын сахнасынан түк түшпөй келет экен. Мен спектаклдин сахналык адеми чечилиши тууралу айтып отургум жок.

Ал өз заманында эле баасын алган. Спектакль СССР Мамлекеттик Сыйлыгына арзыган. Айтаарым башка. Бул жолу Саха калкы биздин даӊазалуу агабызды ушунчалык бир улуу ызаат, сый ынтаа менен күткөнүнө өзүм күбө болдум. Повестти сахналаштырган саха элине эӊ белгилүү маданий ишмерлердин бири Андреев (айтса, «Монголфильм» тарткан «Чыңгыз хан» фильминин бир режиссеру да ушул киши экен) биздин илимий конференцияга да катышып, Чыңгыз Төрөкуловичтин келер-келбеси арсарлыгын, учурда бейтап экенин кейип айтты. Эл ичинде «келет-келбейт, келбейт-келет» деген эле күбүӊ сөздөр. Бизден да бир маал сурап коюшат, жердештери катары, биз ал киши жүрөгүнөн операция болгонун, «жол азабы – көр азабылыгын» айтып тим болобуз. Анан эле бир күнү, таӊда: «Келет экен, жок, келиптир» — деген кубанычтуу кеп тарап кетти. Сүйүнгөн жүздөр, көздөр…

Бирок эртеси эле шаабайлары сууду. Чыңгыз агабыз келүүгө ушунчалык дилгир болуп, атургай, маалын да билдирип телефон уруптур. Бирок кантесиӊ, кайран жүрөк, аттиӊ, сексен, акыркы кезеӊинде, балким ашыкча толкунданып койгон агабызды кайрадан төшөккө жыгыптыр. Узакка учууга дарыгерлери уруксат бербептир. Бирок спектакль соӊунда Айтматовдун жогун билгизбей Владимир Санги ага көрүүчүлөр алдында төгүлүп-чачылып бир сүйлөп берди дейсиӊ!

Повесттин жазылыш тарыхын, Айтматов менен досчулугун, анын талант дараметин, кереметин… Мен кыргыз уулу катары мында да сыймыкка чалкып отурдум. Анан, Кыргызстандан келген өкүл катары мага сөз берилди, сахнага чыктым. Спектакль режиссеру Борисовго кыргыздын ак калпак, сайма чепкенин жаптым. Кыргыз атынан кыскача сөз сүйлөдүм. Анан, намыстын иши экен, Айтматовду чындап түшүнүш үчүн анын элинин көкүрөк гүйүн угуш керек деп спектаклдин өмүрдүн өлбөс-өчпөстүгүн даӊазалаган керемет-финалына тогой Токтогулдун атактуу «Өмүр» деген ырын саха эпосу «Олонхонун» обонуна жууруй коӊгурап созуп жибердим.

О, чиркин, эл деген эл экен, ырдын экинчи кайрыгына киргенде эле күтүүсүздөн зал кошо коштоп кетсе болобу! Бир түрмөк менен эле бүтөйүн дегем, эрксизден экинчиси, анан үчүнчүсү уланып кетти. Зал дуулдап кол чапты. Ушинтип, даӊктуу агасы келбей калса да, даӊксыз бир иниси болуп, анын ордун жоктотпой, «атан жокто тайлак бар, кому жерде калбаска» кырдаал өзүнөн өзү түзүлүп, тагдырга мен ыраазы сахнадан түшүп кеттим.

Борисов болсо башында бакай калпак бакыйып, үстүндө баркыт чапан төгүлүп, аны чечпей, сыймыктуу сахнада көпчүлүктөн бөлүнүп көөлгүп жүрдү. Кыргыз карааны, барааны… Ушунда Айтматов агабызга кычаш тийише берген бияктагы айрым бир агаларыбыздын жоругун эстей: «Атаӊгөрү-ай, өз мекенинде чындап эле пайгамбар жок экен ээ» — деп дагы бир ирет тереӊ күрсүндүм. Өзү барбай калса да, бир-ак ысымы менен эле бир боордош элдин жүрөгүндө кыргыз толкун ойнотуп, повестиндеги мухит сүйүүнү чөгөрүп салган адамдын каратоо кадырын ушинтип сыртта жүргөндө, да бир жолу, чындап бир билдим.

Саха туугандар өзүн, өткөнүн сыйлап, салттуулукка кандай зор маани берери ушул мааракелик спектаклдин жыйынтык бөлүгүндө да бир ирет айкын көрүндү – ар бир актёр чейрек кылым бою ойногон ролун эми жаӊы муун өкүлдөрүнө өзгөчө бир ритуалдуу-символдуу кезмек-кезмектешип өткөрүп берип жатышты.

Үстүндөгү костюмдары, колундагы символдук белек-белгилери, биринен бирине өтүп жаткан тилектери, жок, жүрөктөрү (!), баары кайталангыс, баары олуттуу, улуттук нурктуу жана шаӊ-салтанаттуу эле. «Ысыыхтын» деми мында да ысык төгүлүп турду…

Айтматовго кандаш инилик озуйпам спектаклден кийин да уланып кетти, сыйтамак залда. «Айтматов келет, автограф берет» — деп ушул салтанат-мааракеге карата атайын чыгарылган, басма боегу али кургап боло элек жаӊы «Тоолор кулаганда» романынын тушоокесери кошо уюштурулуптур.

Бир маалда китеп кармаган айрым кишилер менден автограф жазып берүүмдү өтүнүп кайрылды. Мен: «Анткенге акым жок, автор эмесмин» — деп моюн толгодум. Жок, болушпай эле: «Сиз кыргызсыз, Айтматовдун жердеши-кандашысыз, бизге ушул эле жетиштүү» — деп жаалап кетишти. Оӊтойсуз, кыйылып, «өз кыргыз» атымдан эки-үчөөнө колтамга салдым. Аӊгыча, ана, бирин бири көрүп, китеп кучактаган кишилер тегерегиме жыйылып кетсе болобу!

Бирине кол коюп алып, экинчисине жок дей албай, бир жагы ыӊгайсыз, экинчи жагы, «эмне, кыргыз экеним жалганбы» — дегендей сыймыктанып, ар биринин атын сурап жазып, Кыргыз наамы-Айтматов атынан өз кол тамгамды ойдолотуп шилтеп жаттым. Алар ушуга эле Кудайга миӊ ыраазы эле. А мен… мен да ушу тапта, дүйнөлүк залкар Буура Хан алдында аргасыз Эрке Тайлак «бактылуу күнөөлүү» элем.

«Ысых» күндөрүндөгү дегеле бизди ойго салган бир нерсе бул болду: биз катышкан Хаӊалас улусунда (баса, кыргыздар: «район», «обулус» деп эмгиче эле оӊколоп жүрбөйбүзбү!), андан да зор республикалык масштабдагы өткөрүлгөн шаӊ-салтанаттарда улус да, шаар да башчылары өзүлөрү орус улутунан экенине карабай, жалаӊ якутча кийинип, тебетейлерине куш канат сайынып, атургай сүйлөшкөндө да биринчи бөлүгүн якут тилинде таза сүйлөп, ошондон соӊ гана кайра аны орусча оодарып айтып жатышты.

Биздеги, эпадам, эки өзгө улут өкүлү катышып калса, жалаӊ интернационал тилде өтүп калар чоӊ-кичине жыйындарды эстеп, «өсөр эл өзүн сыйлоону да унутпайт» деген эгемен кыргыз накылын сакадай сахалар тиякта ишке ашырып салганына кубандым. Уялдым дагы…