ӨМҮРБАЕВ Сагындык: САГЫНДЫК ӨМҮРБАЕВ: АКЫЛ-ЭСТИН ДАРЫГЕРИ

АҢГЕМЕ

Алашалбырт. Көктөм кечи кыштак үстүндө далайга момурап турду да эртеден чуу салып жүрүп, мына азыр гана үйлөрүнө тараган балдар менен кошо жашынып көрүнбөй калды.

Жаратылыш мемирей түшүп, бир оокумда жанды-жаныбарлардын тынч уйкусун күзөткөн коңур түн үргүлөп жатты. Ушу тапта аптыга чыккан аялдын үнү коңур түнгө бир тийип, уйкудагы кыштак кулак түрдү:

— Бала жоголду-у! О, балам жок, журт! Таң аткандан барбаган жерим калбай!..— Бул үн кыштактын бирде башынан, бирде аягынан чыгып эл ойготуп жүрдү. Ушу бала жоготкон аялдын жанында бир капааттанган эркектин үнү бар. Алар менен дагы бир кыздын чыйпыйы чыкканы угулат. Күнү-түнү менен ой-тоону чарк айланган ушул үй-бүлө он жашар Калматайын жоготту. Бала эч кимдикинде жок, бирге ойногон балдардын бирде-бири көрбөптүр. Четтеш колхоздогу тууган-туушкандын баарын түгөл кыдырып, суу-суунун боюн артышты, жок. Ана, таң атып келет үй-бүлө али аяк баспай баланы гана издеп жүрүшөт.

Бала башка жакка кетпептир, сууга да акпаптыр. Аны бир буйгаттагы дарактын түбүнөн эси ооп жаткан жеринен табышты. Балада тил да, кыймыл да жок сулк. Эмне болуп кеткенине көзү жетпей элеңдеген эне-атанын баягыдан бетер үрөйү учту. «Э кудай! Бу кандай шумдук?! Деги бала тирүүбү, жараткан?!» Баланын жаны бар экен. Анда-мында гана желкесин тартып тирт этип, күнү-түнүнө тилсиз жаткан баланын оорусун адегенде «аруу» деп, андан соң, «талаадан бирдеме даарыган» деп болжошту да ошондон бакшы-бүбүгө көргөзүп, күнү-түнү менен молдого окута баштады. Балага адегенде тамак оозантып турушту эле, эми аны да токтотушту:

— Илешкени бар, тамак болбойт.

Ушуну айткан молдо баланы таңып алып чыркыратып сабап окуду. Таяк жеген ачка баланын чыңырыгы ата-энеси гана түгүл ушул айылдагылардын сай-сөөгүн сыздатты. Бирок молдонун «окуусунан» үмүт эткен аларда арга жок эле. Бир гана бая тестиер кыз баланын үстүнө түшө калып жатты: «Урбагылачы?! Урбасаңар» Анын тоготчу молдобу, кызды силкип ыргытып, үй ичинде күпүлдөп чамгарак атып жатты. «Жети кабат чырмап алган жанды оору! Жанды оорудан жан калат. Иншаалла! Ана четинен кача баштады!..» Эси кеткен эне-ата тигинин алдында чимирик атып жатты:

— Айланайын молдоке! Тапкан-ташыганыбыз тартуу, башыбыз да…

Молдонун азабына бала далайта туруштук берди. Бирок улам алдан тайып баратты. Күндөр өтүп, ай айланды. Молдо белен жообун айтып дагы эле эне-атаны ишендирип:

— Дарттын ашынып калган убагы, арбашып атат. Күчү кайтканда көрбөсө… — дейт. Башы каткан эне-ата ага да макул, молдо докторго көргөзүүнү алардын оюнан чыгарып таштады. «Жанды ооруну доктор көрсө күчөп кетет.» Ай бою оору менен алышкан эне-атанын алы кетип, бала андан бетер, араң эле колтугу согуп калды.

Эси кеткен эне-атаны кайра баштан кырсык чырмады. Алар мына кечээтен бери өз босогосунда буркурап отурушат. Алар баягынын үстүнө алиги кызын жоготушту. Түндөтөн бери андан дарек жок. Чал-кемпир жер чапчып, муну уга калгандардын кээлери кызды элирип кетти деп жоруй коюшту. Там-таштын түбү, бак-шактын арасын карап тинтип жүрүштү. Жедеп табылбаган соң мунун баарын тиги кемпир-чалдын шоруна жоруп тим болушту:

— Тукум кууган оору го булардыкы?! Тиги баласына окшоп бир кычыкка жыгылып, ошо мекен көзү жумулду бекен?!

Кыз үйүнөн түндө туруп кетиптир. Аны эч ким билбей калыптыр.

*   *   *

Жашыл дарак чүмкөнгөн шаардык мелтиреген тротуарында шашыла баскан бир улгайган аял бар. Адеп көзгө урунган анын тоо мөңгүсүндөй аппак чачы, кабат-кабат турмуш чыйыры чиймелеген ойлуу жүзү салабаттуу да, жылдыздуу. Бул аялдын негедир көңүлү бөлүнүп, ашыгып бараткан түрү бар. Тагынбай колуна кармап алган боолуу саатты улам карап алып, көчөдөн-көчөгө өтүп ылдамдай басат. Дал ушул тушта анын бет алдынан чыга түшкөн кызыл көйнөк кыз сөз сурай калды:

— Бу шаарда балдардын ооруканасы кайда экенин билесизби? Мына ушинткен кызыл көйнөк кыздын чарчап, кыйналган өңүн, дагы жүрөгүн өйүгөк бирдемеси бар экенин дароо анын өңүнөн көрө койду да шаша утурлап калды:

— Билем, балам, билем, жүрү мени менен.

Кыз сүйүнүп кетип аны ээрчип алды. Булар көчөдөн-көчөгө өтүп дагы бир топ жол басышты. Бир оокумда туташ бийик үйлөрдүн маңдайына келген бул экөөнүн көзүнө мындай жазуу чалынды: «Фрунзе шаардык милиция бөлүмү». Балдар ооруканасын издеп келаткан кыз кулундай селт этип, жанындагы улгайган аялды карады. Ошо тушта арытан чыгып келаткан зыңкыйган милиционерди утурлай баскан бул аял андан адегенде кечирим сурап, анан колундагы саатты көргөзө сүйлөдү:

— Көчөдөн берегини таап алдым. Аялдын алтын сааты экен. Ошол арада бир топ майда балдар ойноп жатышкан. Ушулар балалык кылып үйүнөн алып чыкпасын деп сурасам, эч кимисиники эмес экен. Бет-маңдайда азык-түлүк магазини бар эле, ошого келгендердин жанынан түшүп калдыбы деген ойдо магазинге кирип да жарыя салдым. Саат жоготкон киши андан да табылбады. Ошентип ээси чыкпаган саатты алып мында силерге келатсам, береги кызым жолукту. Эми ушул сааттын ээсин табышып берүүгө бир жардамдашсаңар экен. Ээси ушул саат үчүн канчалык капа болду. Мына бул бармак басым буюм үчүн анын канчалык нерви кетти! Эми силер биз болуп ээсине тапшырбасак ушуну үчүн адамдын ден соолугу кетет. Өзүңүз билесиз, бу нерв деген ден соолук. А ден соолуктан асыл эмне бар? Ээси муну жоготкон экен, ал нервин (аз да болсо) жоготсо ким табат? Ал оңойлук менен табылбай турган нерсе. — Ушуну айтып өңү кычкыл тартып ушу тапта өзү бир нерсе жоготкондой туталанып турган бу аял бир оокумда жаандан кийинки күндөй жарк дей түштү: — Кокус, ушунун ээси бүгүн эле табылып, колуна карматсак кандай гана кубанар эле! Так ошол кубануунун өзү канчалык ден соолук экенин билесиз го?

Милициянын старшинасы али үнсүз турду. Ал береги бет алдындагы жүзү жайнаган ак чач аялды ушу тапта таанып тургандай карап, кайра эле анын алаканындагы алтын саатка көз токтотот. Старшина бул ишке таңыркаган жок. Азыр бет алдында күндөй жарк этип адам көңүлүн жаздай жадыратып турган береги улгайган аялга эмне айтарын биле албай турду: «Адам аттуунун баарынын сезими ушундай тунук болуп, көңүлдөрү так ушул аялдын көңүлүндөй чаңкайып турса эмне?! Анда адам кыянаттык дегенди эбак унутуп, айрымдардын уурулугу, тартипсиздиги биздин түшкө да кирбес эле.» Старшина ушуну ичинен ойлоду да ары кирип кетип бир заматта өзү менен иштеген эки кызматкерди ээрчитип чыкты. Ал өз көзү менен көрүп кубанган ишке тигилерди да күбө тарткысы келди. Жолдошторун күбө коюп, өзү алтын саатты өткөрүп алып жаткан старшина энесиндей улгайган аялдын колун кубана кысты:

— Ыракмат! Сиздин кирсиз ниетиңизге ыракмат. Сиз бу табылга менен анын ээсин гана сүйүнтпөй, бизди да кубанттыңыз. Адамдар арасындагы айрым бир бузулуп бараткан ниеттерди дарылап айыктырууга даба болосуз. Аты-жөнүңүздү…— деп келаткан старшинанын сөзүн бөлүп чебелектеди бул:

— Кокуй, андай дей көрбөңүз! Ашыра мактоо менин ажалдай душманым! Ушу сааттын ээси азыр табылган күндө да мен жөнүндө ага айтуунун кымындай кажаты жок. Ушул жоголгон саат ээсин тапса мен мүдөөмө жеткеним ошол. Мага уруксат этсеңиздер кайтайын. Мындан да шашылыш, мындан да зарыл жумуштар күтүп турат.

Милициянын кызматкери менен ашыга коштошкон ушул улгайган аял жанында турган кызыл көйнөк кызды коштоп, ашыга жөнөдү:

— Жүрү, балам, жүрө гой. Сени да кечиктерип койдум көрүнөт.

Кызыл көйнөк кыз тепилдеп ээрчип да баратты, баары-жогун айтып да баратты. Кыздын тиги эле Кеминден келгенин, өзүнөн кичүү бир тууганына «аты жок оору» жабышканын баштан-аяк уккан кары баланы бир нече айдан бери молдого окутуп жатканын билгенде секирип кетти. Жаны кыйналды, ошол эле замат баланы кыйноодон куткарууга далбас урду.

«Жанды ооруга зыяны тийчү доктордон» жаа бою качкан молдо менен эне-атасынан береги жаш кыз да түнү менен качып чыгыптыр. Мынабу тепкедей кыздын чыйрак жүзүнөн турмуштун чыныгы күрөшүн көрдү. Жаркыраган жаңы менен чирип бараткан эскинин, алсыз дин менен алп илимдин ортосундагы айыгышкан күрөштү көрдү ушул азыр. Мына минтип жарыкты карай качкан кызга эбедени эзилген улгайган аял аны бооруна басып жалбарып турду. Анан ошол эле күнү Кеминди карай кыйналып жаткан балага жөнөдү.

*   *   *

Дарексиз жоголгон кызды ээрчитип, араңжан баланын үстүнө кирип барган кары табып, эси кеткен эне-ата үчүн асмандан түшкөндөй болду. Ай бою тилсиз жаткан бала улгайган эне-атаны күүдөн тайдырып салыптыр. Андан да мынабу кызынын көрүнө жоголушу тимеле буларды… Бала кыялы, бала кубанчы кимдин гана эбеденин эзип, өт жүрөгүн созбогон. Бала азабы кимдин гана сөөгүн сыздатпаган. Ушул азыр баласы менен кошо кыйналып турган эне-атанын кайгы-кубанычына орток болду, мынабу алардын кызын ээрчитип келген улгайган аял. Мунун доктор экенин, кыз мына ушул докторду издеп «жоголуп кеткенин» ата-эне эмес айыл-апа тегиз угушту. Доктор мында келип жатышкан адамдар менен мурунтан аралаша жүргөндөй, башынан эне-баладай маектешти.

Бул чыныгы табып аял мына ушу жашка келгени канча бир эненин күйүтүн, көз жашын бөлүшпөдү. Оору балдар менен кошо ооруп, кошо азаптанып жатып, нечен наристелерди, кечен бир ууздай улан, кызды калыбына келтирди. Бул жөнүндө анын оозу айтпады иши айтып жатты. Адамдардын ага болгон урмат-сыйы аны ого бетер күчүнө-күч кошуп, демдентип отурду.

Анын өмүр жолу… Адамдардын өмүрү, адамдардын таалайы үчүн ал өз жанын унутуп, баарынан кечип коюп иштеген жылдар. Мына ушу тапта да эс-учун жыя албай жаткан оору баланын үстүндө турган кезде дайым өз денинен чыккан чүрпөлөрүн ойлойт. Өз денинен чыккан чүрпөлөрүнүн кыйналып жаткан учуру, андагы өзүнүн кырчын кези, балдарына чарк-көпөлөк айланып турган күнү…

Ошол жылы… 1922-жыл эмес беле. Киевдеги медицина институтун бүтүрүп турмуш путёвкасын жаңы гана колуна алган жаш врачтын үлүшүнө кабат кыйынчылыктар, кабат түйшүктөр тийбеди беле.

Жаш Совет өлкөсү тынчтык чарба курулушуна өтүүгө жаңы гана баш койду. Бирок ал жылдарда граждандык согуштун жеңиши оңойлук менен келбегени баарына маалым го. Согуштан жарадар болгон өлкө, бүлүнгөн чарба, чарбаны калыбына келтирүүдө журт башына түшкөн кыйынчылык, анан коллективизация мезгили, кулактар менен болгон айыгышкан күрөштөр, ошо таптагы коммунисттердин, комсомолецтердин бел чечпеген күндөрү…

Андагы жаш комсомолка — мына ушул улгайган аялдын үлүшүнө күрөш күндөрүнүн сабагы туура келди. Алар өздөрүнүн жаш өлкөсү үчүн, эмгекчи үчүн жанды оозго тиштеп коюп, окко көөдөн тосуп, кылыч мизинде жүрүп иштешпедиби. Так ошо жылдары анын үч баласы катарынан кызылчадан чарчап калды. Кыйын күндөрдүн кабат түйшүгүн көтөргөн жаш врач ошо тапта балдарын ажалдан арачалоого үлгүрө албай калды да тиштенип иштей берди. Жүрөк мыжыккан баланын күйүтү!.. Жаш эненин жүрөгүнүн айыкпас тагын басып кетти го ошол!

Мына ошол күндөн тартып, ошол чүрпөлөрүнүн кунун өмүр бою мына минтип оорудан кууйт. Балага жармашкан оору менен кашык каны калгыча кармашып келет. Оору бала бар деген кеп анын күн тынчынан, түн уйкусунан ажыратат. Ал ооруга каршы чабуулга аттанат да чарчоону, эс алууну унутат. Адамды ажал-азаптан куткарууга калганда жанын таштап жиберүү анын дени-каны менен бирге бүткөн касиети. Кочкул жалында калган адамды куткаруу үчүн сүрдүү өрткө сүңгүп кирген адамды көз алдыга келтирсек, бул улгайган табып так ошол абалда. Бул аял жайын ооруларды дарылабай, нервинен ооруган адамдарды, айрым учурларда акыл-эсине, кыял-жоругуна бүлүк түшкөн адамдарды дарылоого далбас уруп, аларды калыбына келтирүүгө бар кубатын, билимин жумшап…

Татаал сапардагы дарыгердин жолу кадам шилтеген жерде эле даңгырап турган жок, нечен туюкка кептелген күндөрү көп болду. Оңойбу, акыл-эске, адамдын акыл-эсине даба болуш, ооп бараткан акыл-эсти оңуна салып, кыял-жорукту түзөш не деген гана кол жеткис иш. Мүнөздү, акыл-эсти оңуна салышка жалаң гана талыкпай иштөө жетишпес, ага не бир жан терметкен мээримдүүлүк, айкөл, мүнөз, адам үчүн ар кандай азап-тозокко башын байлаган кайраткер болгондо гана иш оңуна көчмөк. Бул аял дал ушундай адам. Ал эл менен маектешип, ооруларды карап, айылдарды кыдырып жүргөнү-жүргөн. Бул аял оозундагы сөзүнөн да, жагымдуу мүнөзүнөн да мээрим төгүп, айлап, жылдап төшөктө жаткан оорулардын көңүлүн жубатып… Мына ушул мүнөздү, ушул ишти көрүп туруп оору гана эмес дени соонун көңүлү оболойт. Ата-а адамдардын бир-бирине мамилеси дайым ушундай болсо, дайым өмүр майрам күндөгүдөй шат болор эле. Көңүлдүн куунактыгындай бакыт кайда!

*   *   *

Мына кереметтүү жаз. Жер жашарган мезгил. Жашыл кийинип майрамга чыккан табигат, майрамта чыккан эл.

Маңдайы жаркыраган аял демейкисиндей ашыга келатты бак арасында. Жаз майрамы. Ал адеп балдарды куттуктамак. Анын коюн-колтугу балдарга берер белекке толо. Анын балдарына арнар сүттөй ниети, жаз илебиндей жагымдуу илеби, мээрими бар.

Ана, заңгыраган үч кабат үйдүн босогосунан аттаган адам оорукананы эсинен чыгарат да тээ көл кылаасында жүргөндөй ажайып илеп, көңүл чалкыткан сулуулук дүйнөсүнүн кучагында термелет. Жумушчунун колунан, биздин адамдардын ак дилинен көтөрүлгөн бул жай сыркоо балдардын айыгуучу гана жайы эмес, алардын эрикпей эмгек этип, көңүлү чалкып эс алуучу жайы. Бул үй да жоомарт табигатка андагы адамдарда көлдөй чалкып көңүлдөргө мээрим гана төгүп турганы.

Майрамдай жайнаган бөлмөгө баш баккан ак чач аял өзүн күткөн, эртеден күткөн, эртеден өзүн сагынган наристелердин кучагында, курчоосунда калды:

— Василиса энем!

— Василиса энекем келди-и!

— Майрамыңыз кут болсун, энеке!

— Майрамыңыз куттуу!!.

Тыштагы жашыл дарактын бутагына толуп алып жазды тосо чурулдаган чымчыктардай балдар береги табып энекин этек-жеңине оролуп, куду эне жытын сагынгандай анын колу-башынан жыттагылап жатышты. Бул балдардын ар бирин өз атынан атап, ар бирин алпечтеген эне да аларга мээрин төгө жалбарып жатты:

— Гулинка! Болотчик!.. Калманчик!.. — Эне мына ушул эркелетүүсүнө аралаш колундагы кооз оюнчуктарын ар кимисине карматып, сумкасына толо конфетти аларга бөлүштүрүп:

— Менин тиричилигим, менин келечегим, менин кубанчым ушулар! Күндө бир маал өз колуман даам татышса атайын топук этишет кагылайындарым, бала да! — Ушинткен ал колунан конфет талаган балдардын кыялына кубанып, жадырап турду.

Деги анын жадыраган өңүнөн, жакшынакай күлкүсүнөн, мүнөзүнөн сыркоо гана эмес дени соо адам да даба алгандай. Анын колунан оюнчук-самолёт, анын колунан конфет алып ага эркелеп, ага эреркеп турган монтойгон кара тору бала чынында эле келечекте конструктор-учкуч болор, ушул биздин көк-чаңкай асманда жүрүп, ушул энесин эстээр…

Бул тээ алыс калган бала чагын, анда талма-эпилепсия болуп ооруганын, молдо окуганын эстеп күлкүсү келер. Ооба, өзүнүн бала чагындагы жараксыз ырым-жырымдан эбак арылып илимдин, техниканын бийиктигинде жүргөнүнө кубанар. Мына, бир ай эле мурун эс-учунан танып жаткан кара тору баланын колунда «самолёт», оюнда — бийиктик!

Ана, жергебизде жаз майрамы. Адам көктөмү — балдарды көктөтүп, балдардын акыл-сезимин оболотуп, майрам күндөрдүн салтанатын көркүнө чыгарган энелерге даңк!