ӨМҮРБАЕВ Сагындык: САГЫНДЫК ӨМҮРБАЕВ: ЭЛЕТ КЫЗЫ

АҢГЕМЕ

Элет кызы жүргүнчүлөрдүн арт жагында түштү. Түшөрүн түштү да оозун ачып дел боло калды. Ырас, ал баарына — чар тараптан түшүп, туш-тарапка жөнөп жаткан кыжы-кыйма калкка да, аянтка тизилген санат жеткис машинага да, таштан уюткан жумуру түркүктүү кооз автовокзалга да таңыркай карап дел боло калды.

Анан кантсин, бала болуп башына жүн чыкканы чоң шаар дегениңди азыр көрүп отурат. Көргөнүнө курсант болгон кыздын уурту жыйылып, жүзү жымың этти. Анын али наристе болпойгон жүзү жымың этти да тегерек көздөрү кичирип, күлүңдөй түштү. Ошол эле замат, аны бирөө ыргыта койгондой оңкосунан кетип баратып жер таянып оңолду. Кыз дагы өзүнүн ылдамдыгынан калды го, болбосо тумшугу менен жер саймак. Жер таянып туруп жатып арытан эркектин баркылдаган үнүн укту:

— Көз жокпу сенде! Жолго турасыңбы?!— Муну айткан, ийнине чоң таңылчак көтөргөн олбурлуу киши экен. Андан да жыгылган кызды эликтей карап, бер жакта бараткан аялдын чыңкылдаганы жүлүнгө тиет:

— Оо, эңирейген байкуш десе! Элет кызы тура! Үстү-башын кара!..— Селт дей түшкөн кыз адегенде эле тигил аялдын үстү-башын анан өңү-түсүн карады. Ой, укмуш ай! Аны караган элет кызынын бети чымырап кетти. Тиги чыңкылдаган аялдын эки ийниндеги арчындамасы болбосо анын бел курчоосунан жогору жылаңач. Юбка сыяктанган көгала немеси юбка эмес эле кол чатырдай далдайып, аялдын боюна коошпойт. Кыз адегенде анын киймин көрүп уялса, эми анын өңүн көрүп коркуп кетти. Түйгөн чачы тайдын чычаңындай сороюп чокусунда, ныл койгон кирпик, каштын ортосундагы көз дегениң да киши корккудай. Оозу чөкөтаандын тумшугундай татарып, алынбаган тырмактары арбайып…

Элет кызы ушул аял көрбөй эле, жомоктогу түрү суук жез кемпирди көргөндөй бүткөн бою дүр этти да андан көзүн ала качты. Ушу тапта бир көк «Волга» лып токтоп, жанагы жүк көтөргөн кишини анан тиги түрү суук аялды отургузуп жөнөп кетти. Терезеден баш чыгарган түрү суук аял жөн кетпей элет кызын эликтей карап… Кыздын кулагынан ал аялдын чыңкылдаган үнү көпкө кетпей туруп алды: «Элет кызы тура! Үстү-башын!»

Бул үндү кулагына кармаган кыз өз киймине да бир сыйра көз чаптырды. Үстүндө апасы тиккен штапель көйнөгү, бутунда атасы ултарып берген өтүк, колунда чемодан.

Элет кызы шаар аралады. Ал бирде айланасына таңыркай. карайт, бирде туталанып өзүнчө жүдөп барат. Таңыркаганы — жашыл бакка бөлөнгөн шаар, көк зоодой заңгыраган көркөм үйлөр, жаркыраган көчөлөр, кыйма-чийме зыпылдаган кооз машиналар. Эми уйпалап аны жүдөткөн — өз денесинен аккан кара тер. Тер мынча көп агарбы! Айылда жүргөндө чым этпеген кыз азыр тимеле боругуп барат. Өзү эмее колундагы бет аарчы терге чыланып, штапель көйнөгү сыгып алма болду. Боруккан кыз бу тапта туталанып ичи уйгу-туйгу.

Мына күн кечтеп барат. Издеген окуу жайын али таба албай, издеген окуу жайы түгүл, шаардын кай тарабынан келип, кай тарабына баратканын билбей башы маң.

Кыз көпкө маң болуп тура берген жок, эл менен кошо агып кете берди. Оозундагы жалгыз сөздү нечен кайталап сурай берди:

— Экинчи техникалык окуу жайы кайда болот?..

Бул суроого кээлер баш чайкап өтүп, кээлер: «баланча көчө менен түкүнчөдөй барсаң…»— деп жол төтөсүн айтышат.

Үйлөрдүн боорун карап, көчөдөн-көчөгө түшкөн кыз таппай суй жыгылды. Кайда бет бурса көкөлөгөн үйлөр, мелтиреген асфальт, көк мелжиген теректердин күмүш бариктери бийиктен шуудурап, жашыл шаарды жашартып кулпунткан тоонун мөлтүр булагы… Чарчаган кыз тунук сууну көрүп токтоно албады. Отура калды да бети-колун жууду. Сергий түштү. Береги өтүп бараткан аялдан:

— Экинчи техникалык окуу жайын…— деп келатканда, оозундагысын бүт айттырбай арттан бирөө унчукту:

— Экинчи техникалык окуу жайыбы? Мен да ошого барам.— Жалт карай салса өзү теңдүү кыз келатыптыр. Анын бою узун, тептегерек көгүш көздүү ак жуумал кыз экен. Бет маңдай келген бою шырыктай ак жуумал кыз береги элет кызына көңүл коё тиктеди да анан кол сунуп тааныша кетти:

— Менин атым Света, а сеникичи?

— Меники Аня.— деди элет кызы токтолбой. Чынында анын аты Алма эле.

— Абдан жакшы!..— деди Света Алманы колтуктай басып.— Абдан жакшы, Аня! Жолдош болобуз. Бирге окуйбуз. Мен да жаңы кирдим окууга. А сен документтериңди өткөрдүңбү же?..

Алма орус тилинен начар эле. Светанын сүйлөгөнүнүн теңине түшүнсө, теңи бүдөмүк калып… Бирок «документ» дегенден улам, аны өткөрө элегин айттырбай билип, башын чайкады.

Эки кыз троллейбус менен окуу жайга жете келишти. Жок жерден Светага жолугуп калганына Алманын да чечекейи чеч, эртеден берки убарасы заматта унут боло калды. Документтерин иреттеп колуна кармата салган Света аны директордун кабыл алуу бөлмөсүнө баштап кирди да минтти:

— Бар, кире бер, уялба. Ушул окууга ынтызар экениңди билдирип, чыныңды айт, уялба! Биз деле сенчилеп…

Канча кайрат кылганына болбой Алманын жүрөгү опколжуп, айтаар кеби алкымына кептелип, колу калтырап турат. Көйнөгүнүн жеңиндеги бырыштарды колу менен сыдырып сылай берди. Жана бетин жууганда сергий түшкөн неме азыр көл-шал терге бастырып… Жанындагы Света канча сүрөсө да шарт кирип барууга батына албайт беле, бу жолу аны чыйраткан тиги өзү катар кыздардын кирип-чыгып жатканы болду. Тиги кыздар береги кире албай турган элет кызынча уйпаланбай, жайнап кирип, жадырап чыгып жатышат. Акыры тобокел деди белем, Алма да директордун эшигин ачты. Эшик ачаар менен ал буурул чач кишини көрдү.

Алма аяк баскан жерине токтой калды эле а тиги буурул чач киши озуна унчугуп утурлап калды:

— Келе гой, садага, келе гой!— Аны минтип алпечтей сүйлөгөнү бул элет кызына өз колу менен өнөр эшигин ача салгандай болуп, бул бөлмөнүн ичи жаркып кенелип, Алманын өз үйүндөй тааныш, жылуу көрүндү. Кыздан сүрдөө качып, түз басып барды да документтерин сунду.

Буурул чач кишинин сөзү гана түгүл өзү да жумшак, мүнөзү да жибектей белем. Ал өз колундагы документтерге көз чаптырып отуруп, кыздын ал жайын, ата, энесин, үй турмушун баарын сурап, баарынан кабар алды да акыры анын арызынын башына кол коюп, окууга алынганын айтты. Сүрдөп, калтаарып араң кирген кыз, азыр койну толо кубаныч көтөрүп, маңдайы жарыла сүйүнүп сыртка чыкты. Света күтүп туруптур. Шап колдон алган ал кучагын жайып:

— Өттүңбү? Куттуктаймын, Аничка!— Ушинтип жадыраган Света элеттик кызды ого бетер эргитип салды.

Келер менен жайланышмак түгүл окууга кирер-кирбесине күмөндөр келген кыз, жуунуп, тазаланып эртеси эле жатаканадан орун алды. Качантан куштар кылган калаада да, андагы окуу да биздин кызга кыйкырса — үн, сунса — кол жеткистей эле. Эми кара, баары оңунан чыгып, баары ойдогудай болгонун. Буйдалбай окууга кирип, жаркыраган жатакана алып, а түгүл кийим, тамагынан бери камсыз болуп отурбайбы: Света сыяктуу сонун жолдоштор таап!..

Баарынан да өз атасындай алпечтеген буурул чач директорчу! Атасы эмей эмне. Кыз жатса-турса ал кишинин бүркөлбөс жаркыраган кабагы, жибектей жумшак мүнөзү көз алдында, алпечтеген мээримдүү үнү кулагында. Кантип ысык көрүнбөсүн ал агай! Элеттик кызга өнөр эшигин ачкан ошол агай болду го. Анан бул жолдошу Света жетектеп!..

Быякка чыгарда Алманын атасы кызынын окууга өтпөсүнө чындап ынанган да анын кайра келерин айткан: «Балам ай! Акыры тил албадың! Убара болуп кайра келесиң да!» Ушинткен атасы, айылдагы окууга өтпөй келген далай улан-кызды мисал кыла сүйлөгөн. Энеси андан бетер тызылдап…

Баары жайына келип, баарынан санаасы тынганына карабай, Алма адегенде чүнчүп жүрдү. Чүнчүгөнү — сабактардын баары орусча. Сабактардын өзү түгүл аттарын так айта алгыдай эмес. Мисалы, обществовведение, общая технология, спецтехнология…

Элет кызынын чүнчүй түшкөнүн байкаган булардын тарбиячы мугалими сабактан тышкары дайым өзү жардам берип сүрөөгө алды. Калган убактын бүт бойдон баягы — Света менен өткөрүп, жатса-турса жаны бирге. Адегенде эки сөздүн башын кошо албай элейген элет кызы эми атайын сүйлөшүүгө жарап… Анын сезимин ойготкон биринчиден, Света сыяктуу жолдоштору болсо, экинчиден, анын көзүн ачкан практикалык сабак болду. Бүгүн окуп өткөн сабакты эртең эле цехтерден кыдырып көрүп, иштеп көрүп көзү канды.

Ырасын айтсак, окуган окуусу да,— иштээр иши да кызга чоочун эмес экен. Мына биринчи цехте— өз атасы баккан койдун жибек жүнүн жууп, экинчисинен сыгып, үчүнчүсүнөн боёп, төртүнчүсүнөн кургатып, бешинчисинен аралаштырып, алтынчысыкан — аппагынан көз уялган жүн таралып, анан ийрүүгө, андан кийин чыйратууга, эң акырында токууга түшүп жатат. Мунун баары биздин кызга кыйын түгүл эң кызык! Ал ушул турмуш, эмгек кайнаган цехтен чыккысы жок. Цехтетиги татаал машиналарды башкарган чеберлердин колунан көзү өтүп күндүр-түндүр ошолордун жанына жүргүсү бар. Кантип эле кызыкпайт! Бул албан өнөрдү кантип үйрөнбөй чыдайт элет кызы. Тоодо өсүп мал арасында чоңойгон кыз тиги өздөрү баккан кой жүнүнөн мынча керемет кездемелер токуп алса, не деген укмуш! Бул керемет, бул кызыктуу иш элет кызынын уктаса түшүнөн, ойгонсо өңүнөн кетпей, бул албан комбинат, татаал машиналар кызды бир эсе сүрдөтсө кайра ошо замат сүйүнтүп жиберет.

Сүрдөткөнү— татаал техниканын тетиги, сүйүнткөнү— өзүнүн келечеги. Келечекте өзү да береги машиналарды башкарып отурарын эстегенде Алманын жүрөгү элеп-желеп. О, кереметтүү келечек күлө карай көр, биздин элет кызына!

«Бир көргөнүн жасемдебейт. Укканын — унутпайт!— деп макташат бул кызды мугалимдери. Айткандай ал практикалык сабактардан бүт «беш» менен окуп, мугалимдерин да, классташтарын да кубантты. Ким кубанбайт. Кечээ күнү келген тянь-шандык чабандын кызы бүгүн техниканын тетигин билип, бактысын, келечегин шаар ичинен издеп, комбинат койнунан тапса.

Бир иштеп, бир окуган шаардык комсомолка курбулары аны жерге тийгизбей алпечтеп: «Биздин Аничка!»— деп келишет. Алма ийгиликтерин капарга албас карапайым, жолдошторуна жугумдуу да сыйлуу. Мактануудан чоочун өскөн жупуну кыздын али уяңдыгы кала элек.

— Аничка, сен уялба! Уялыш жарабайт… Кел сүйлөшөбүз… Ушинткен курбусу Света аны ой-боюна койбой, аны менен моюндаша отуруп өз өмүр баянын айтып кирет.

— Мен ушу шаарда туулгамын. Атам заводдо— слесарь, электросварщик, энем фабрикада— тигүүчү. Атам иштеген завод да, энем иштеген фабрика да мага өз үйүмдөй сүйкүм. Атамды ээрчий жүрүп көргөн зор завод, энем менен жүрүп кыдырган чоң фабрика кандай сонун! Сени да ээрчитип барып көргөзөм. Эмгек кайнаган зор заводдун дабышы укмуш, тимеле жер солкулдап… О, анда иштеген атамчы! Зор денесине калдайган комбинизон кийип, алагай көзүнө чоң көз айнек тартынган ал киши күүлдөгөн чоң заводдун кожоюнундай көрүнөт. Ооба, ал өзү да ошентип келет.

… Согуштан жарадар болуп кайткан атам күндөп, түндөп ушул заводдун курулушунда иштеди. Согуштан жарым жан кайтып, баш-учун албай ишке кирген атамдан бетер, ал кан күйгөн күндөрдө апам да түн уйкусунан, күн тынымынан кечип, фабрикасында санмиң даана кийим тигип жатты. Анткен апамын азыр мээнети кайтты. Бүгүн өзүнүн фабрикасынын ардактуу адамы— депутат. Өткөн каардуу күндөрдүн кыйынчылыгын көөдөн менен тоскон атам да ошол балбан көөдөнүнө балбылдаган орден такты. Ал өз ишине сыймыктана, эл сыйына ыраазы боло сүйлөйт: «Кыйын күндөрдө бул заводду өзүбүз курдук! Бүгүн өзүбүз кожоюнбуз!»— Баса, атамын ал айтканы ырас да Аничка!.. Мына өзүбүздү эле алалычы… Техникалык окуу жай… жаңы курулуп, ишин жаңы баштап жаткак комволдук комбинат… Биз бүгүн ушул комбинаттын ички техникасын үйрөнө баштадык. Ооба, биз бул жаңы комбинаттын техникасын үйрөнүн, ишин баштаган пионербиз! Ал эми, да бир он чакты жыл өткөндөн кийин комбинаттын ээси— өзүбүз! Кандай сыймык!..

Света ушуну айтканда кулун-тайдай ойноо кыздар каткырып айкалыша калды. Айкалышкан кыздардын татынакай эриндери бирин-бири аймалап жатты!

— Светка!..

— Аничка!.. Ах, биз кандай бактылуубуз!..