ӨСКӨНАЛЫ Эркалы: ЭРКАЛЫ ӨСКӨНАЛЫ: КУДАЙ СҮЙГӨН КУЙРУЧУК

АҢГЕМЕ

— Бу үч жылы мурдагы окуя. Жаркынбай таякем уулунун чочогун кесип, сүннөт той өткөрдү. Аракты башта оозума кылайып алып көргөн эмесмин. Алабуурул болуп, кызып алышкан туугандарым мени дагы ой-боюма койбой, кыйнап-кысташты. «Өзүң дөө болсоң, ушу сага кеп болмок беле?» дешип, сыраякка толтура арак куюп, жалынып-жалбарып, сунуп туруп алышты. Көңүлчөөк жаным, көзүмдү чылк жумуп, баягы сыраяктагы мелт-калт аракты тартып ийдим. Башта ичип көрбөгөндүктөнбү, какап-чакап, чүчкүрүп-бышкырдым. Көзүмдөн жаш агып кетти. Бир маалда кудай бетин көрсөтпө, башым тегеренип, жер-суу көчүп баратат. Кускум келип, эшикке чыктым. Андан аркысын билбейм, эсимде жок. Эшиктин алдына узунуман түшүп, дардайып жыгылып калыптырмын. Элге-журтка уят болупмун. Ошентип, үчүнчү жолу арактан жыгылгам! — деди Кожомкул балбан Куйручукту тиктеп, жылмайып.

— Ушу үчүнчү жыгылганың өтө кызыктуу экен! — Куйручук карс-карс күлдү.

Экөө эшикке чыгышты. Жарыктык Айжарык жылдыздарын ээрчитип, батышты көздөй бара жатыптыр.

Сөзбалбан менен Күчбалбан шоркурата шорпо ичип, бешбармакка көңүл жайгарып, жаздыкка баш жөлөп, уйкуга кетишти. Куйручук кызыктай түш көрдү. Түшүндө Ой-Теректеги баягы шейит экөө ат үстүндө эңишип атышыптыр… Ал ойгонуп кетти. Ойбешикте термелди. Төшөгүнөн кооп, бүлбүлдөгөн чырактын билигин чоңойтту. Кийине баштады. Чырактын билиги чоңойгондо, Кожомкул да ойгонду. Түн араң жарымынан ооган эле.

— Ээ Куке, түнкатып каякка барасыз? — Койдон коңур Кожомкул аңкайып, Куйручукка суроо узатты.

— Ой-Теректеги шейит менен күч сынашып, күрөшүп келемин. Сен киши менен күрөшөт экенсиң, а мен шейит менен күрөшөм. Же өзүм шейит болом, же шейитти биротоло жеңип келем!

Жалгыз атчан Ой-Терекке таңкаракчысы супа салганда, киши таанылар, таанылбас болуп калганда жетти. Эски бейитке жакындаганда аты тык токтоп кошкурду. Кош кулагын тикчийтти. Ал ээрдин кашынын алдындагы үч кырлуу, жоон өрмө камчыны алып, атты такымга тартып жиберди. Ат камчыга ууга түшүп, алга жөнөдү. Ушу учурда агыш караан бейит тараптан чуркап чыкты. Ат кетенчиктеп кошкурду. Аңгыча, баягы шейит атты суулуктады. Бир колу ээрдин кашына асылды. Куйручук ээрдин кашына асылган шейиттин колун сол колу менен ээрге кошо ныгыра басып, оң колу менен атты камчыланды. Үрккөн ат жулкунуп, булкунуп баратты. Жалгыз атчан сүйрөлүп келаткан шейиттин жонуна, көчүгүнө удаама-удаа камчы салды.

— Шейит болсоң мени жут! Бейит болсоң мени жут! Эл-журтта эмине аласаң бар?

Үч кырлуу жоон өрмө камчы шейитти чучуктай чыңыртты. Жүрөгү түшкөн шейит атчан кишиге албарстыдай жалынды. Ал жалынган сайын атчан киши ага камчы чабат. Куйручук шейитти атка сүйрөтүп отуруп, таң агарганда Кызыл-Ойдогу Түркмөн болуштун айылына келди. Болуш төшөктөн тура элек окшойт, ал ат үстүндө заңкылдап кыйкырды:

— Ой Түркмөн! Тур! Эшикке чык!

— Ким бул!

— Мен, Куйручукмун!

— Жайынча элеби?

— Сага аял ала качып келдим!

Түркмөн кийинип, эшикке чыкты. Куйручук шейиттин колун бошотту. Ал сендиректей түшүп, жерге көмкөрөсүнөн жыгылды. Жамынган шейшебинен дайны жок. Дал-далынан айрылган. Бечаранын араң эле жаны калыптыр. Куутумшук, шейит эмес эле, анжыяндык сарт экен… Сарттын айтуусу боюнча, алар төртөө имиш.

Куйручук менен Түркмөн болуш жана анын баш жигити калчылдап корккон сартты атка тетири мингизип, Ой-Теректеги эски бейитке апкелишти. Ой тобо! Бу түгөнгүрлөрдүн амалдарын кара! Эски мүрзөлөрдү оюп казышып, бейиттин чок ортосуна жеркепе жасап алышыптыр. Үч сарт качып кетиптир. Жеркепе кадимки там үйгө окшоп, дегеле кенен-чонон казылыптыр. Төрт бурчуна төрт чырак коюлуптур. Жылкы, уй, койдун эттери алабаканда илинип турат. Жерге чөп төшөлүп, үстүнө ала кийиз, шырдак салыныптыр. Беш-алты кап ун-талкан жыйылып турат. Аңтарып-теңтерип көрүшсө, сегиз аттын ээр-токуму, жүгөн, куюшкандар табылды.

Теңирдин жолун тепсеген ууру-кески сартты Куйручук менен Түркмөн жылаңаяк жөө айдашып, кызылчоктун колуна тапшырышты.