ПАСАҢОВА Зинакан: Мүрзөдө өскөн гүлдөр

Зинакан ПАСАҢОВА

Аңгеме

Чөбү тапталбаган жолдун нугун зорго таап, бутка ширелген тулаң чөптү жирей басып, атамдын жайына келе жаттым. Өмүрүмдөгү эӊ узак да, армандуу да, сагынычтуу да жол…

Атамды жерге бергенибизден кийин кыркынчы күнү ушул жол менен жайына келгеним эси-көөнүмдөн кетпей жүрөгүмө батып калган. Ошондо али балакатка жете элек сезимимди майыштырган кайгым кандай жаңы болсо, дөбөлөнө үйүлгөн боз топурак да ошондой жапжаңы, таш боор, муздак эле. Мен үчүн аска-тоодой болгон адамды бизден айрып, кара жер алдына түбөлүккө чыккыс кылып жашырган Кудайдын улуу акыйкатын танып, каяша кылганым отуз жылга созулду…

 

Саргайып, куурай баштаган чөп жаап калган жолдун билинер-билинбес нугу менен Тоголок-Дөбөдөгү көрүстөнгө чыгып бараттык. Тапталбаган жолду көрүп таң калдым.

– Бул жакка эч ким каттабай калганбы? – деп сурадым алдыда үнсүз жол баштап келаткан инимден.

– Бул көрүстөнгө азыр сөөк коюшпайт, – деди үкөм.

– Эмнеге?

– …

Кайталап сураган жокмун. Үкөмдүн үндөбөй калганында сыр бардай. Бул суроомо да, өмүр, өлүм жөнүндө чиеленишкен бардык туңгуюк ойлорума да атам жаткан жеринен тура калып жооп берчүдөй эрээркеген, кусаланган сезимге алдырып, толуп-ташып турам.

Бир таман жолдо каркырадай тизилишип артыбызда келатышкан эки тестиер уулум менен инимдин кичинекей балдары өз ара кужулдашат. Бала да, көӊүлдөрүндө али эч нерсе жок. Мүрзөгө келген адамды өлүмдүн сүрү жеӊип, тунжураган ой басып калат эмеспи. Өмүрдүн аягы ушул дөмпөйгөн дөбөчөлөр экенин моюнга алуунун өзү кандай оор. Жарык дүйнөнү кыйып, бир жарым кулач жерде түбөлүккө жай алуучу күндөн эч ким качып кутула алган эмес. Жашыӊ өткөн сайын бул акыйкатты жүрөгүӊ сыздай туясыӊ. Кайсыл бир акылмандын сөзүн эстедим: “Жашоонун сырын түшүнгүң келсе көрүстөнгө бар”.

Тоо боорундагы көрүстөндүн темир тор тосмосунун эшиги зым менен чырмалып жабылыптыр. Иним зымды чечип ачкандан кийин кире бериштеги коко тикенектерди жулуп, ары жак-бери жагын тазалагыча үндөбөй күтүп турдук.

Мүрзөлөр эскире баштаптыр. Жыгач тосмолору чирип түшүп, кээ бирлеринин соройгон бирин-экин гана мамылары калган. Жер менен жер болуп тегизделе баштаган билинер-билинбес дөбөчөлөрдү абайлап айланып өтүп, сиздин жайыңыздын башына келдик, Ата! Көзүмө эң биринчи эле урунганы арча тосмонун бир жак капталындагы жыгачтын жерде жатканы болду. Жүрөгүмдүн бир жагы урап кеткенсиди.

– Оңдоп койбойсуңарбы?! – Кейип жибердим үкөмө.

– Жайды оңдобойт экен мусулманчылыкта. Молдодон да барып сурадык. «Болбойт» дешет, – деди үкөм бук болгон үнү менен.

Жанымда тегерете отурушкан балдарымдан, жээндеримден айбыгып, көз жашымды зорго тыйып турам. Бала чагымдагыдай эч кимден корунбай, уялбай өпкөлөп катуу ыйлап, өмүрүмдө көргөн бардык ызамды, өксүгүмдү, кейишимди жууп-чайып кете тургандай кылып, көз жашымды селдетип төгүп алар ээн жерди да муңдаш адамды да ушуга чейин табалбадым. Мен ыйласам бир гана Сиздин алдыңызга келип ыйлагым келчү…

О, акылманым, биз эс тарткандан баштап «Мен өлгөндө ушул жерге коесуңар» деп белгилеп көрсөтүп жүргөн бийик дөбөдөгү жайыңызга күндүн нуру мурда тийип, жылгадан ылдый соккон айдарым шамал түз келип урунуп, жыпарын чачып турат экен. Сиз тирүү кезиңиздегидей эле эртели-кеч табиятка суктанып, улуу тоолордун койнунан суурулуп чыгып, айылды жарып өткөн кашка жолдон көзүңүз өтө бизди зарыгып күтүп, жашыл ааламга, тунук асманга, балбылдаган ай-жылдыздарга сонуркай тиктеп, ошодон каниет алып жашап жүргөнүңүздөй туюлуп кетти.

«Мага темир-тезектен, таш-бетондон эстелик тургузбагыла» деген керээзиңизди эстедим. Үстүңүздөгү басаңдап чөгүп бараткан топуракка кадимки талаадагыдан эч айырмасы жок чөптөр, шыбак, бетеге, кызгылтым беде, кызыл, пуштуу, көк теңге гүлдөр ыргалып өсүп турат. Дагы отуз-кырк жылдан кийин жаткан жайыңыз биротоло тегизделип, арча тосмолор да мезгилге туруштук бералбай кулап түшүп, өзүңүз сүйгөн табигатка айланып кетээриңизге аз калыптыр. Ал учурда биздин да көзүбүз өтүп, сизди эстеген, жай башыңызга келип турган эч ким калбайт экен. Ошон үчүн эстелик койбогула деп катуу дайындап, даанышмандык кылган экенсиз.

Маркумдар жаткан мүрзөлөр качандыр бир убакты-сааты келгенде тегиз жерге айланып, урпактар үчүн эгин айдаар, чөп орулуучу, мал жайылар кадимки талаа болуп тирүүлүккө кызмат кылары табигаттын мыйзамы тура.

Биздин айылда мындай эски көрүстөндөр көп. Аларда кимдер көмүлгөнүн азыр эч ким айтып бералбайт. Бул гөрүстөндөргө каттаган жолдор да унутулуп, нугу эчак өчкөн. Ушул акыйкатты айтууга бая үкөмдүн оозу барган эмес экен. Мен да бул акыйкатка жетиш үчүн өтө узак жол басыпмын. Кээде тирүүлөргө караганда маркумдар улуу сабак берүүгө кудуреттүү тура.

Гүлдөр өскөн, күн тийип турган, жыпар жыттуу жел аймалаган гөрүстөндөн кайтканда канча жылдаган убайымдын жүгүнөн, кусалыктан бошонуп, тирүүлүктү сүйүп, бир сөөмгө өсө түшкөндөй көңүлүм көтөрүлүп келаттым.

Кайыр-кош, Ата!