РАИМЖАНОВ Мамат: МАМАТ РАИМЖАНОВ: КАШ-КАБАКТАГЫ ОКУЯ

АҢГЕМЕ

Бул чуулгандуу, ары каргашалуу окуя Ыдырыс чалдын үй-бүлөсүнө кадимки боз кыроо чалган күздүн бир күнүндө башталды.

Адаттагыдай эле Ыдырыс эрте туруп, кемпири Канчайымдын мешке от жагып жатканын көрдү да, чай кайнагыча койлорун төшкө коё берүүгө сыртка чыкты. Күздүн кап ортосу болсо да эшик бир топ ызгаар экен. Ыдырыс шашкалактап чыгып кетип, эки-үч мүнөт өтпөй бакырып кайра кирди.

— Ыя, Канчайым, ыя кудай!

— Эмне?

— Тиги… кой короодо… ыя кудай, ыя тоб-бо!..

— Ок, эмне болуп кетти?

— Сыр көрүндү го чамасы!

— Кантет, акшыңдап. Жөн айтчы.

— Бала ыйлап жатат?!

— Кандай бала? — Кемпири шалдайып отуруп калды. Анан эсине келип кайра сурады: — Ал эмнеси?

— Ким билсин? Кадимкидей эле ыйлап жатат!

— Көзүңө көрүнгөндүр?..

— Жок. Короонун эле бурчунда жатат. Кошуналарды чакырайынчы…

— Коё турчу, антаңдабай. Оболу өзүбүз…

Экөө эрчише ууруну аңдыгансып, бирин-бири капталга укулашып кой короонун оозуна келишти. Ыдырыс сарайдын оозун бекиткен тактай керешкени акырын түртүп баш бакты. Койлор чыйрыккансып, ыкташа бир берки бурчту, бир Ыдырыс чалды карашат.

— Тигине жатат…

— Кана?

— Тигине, бассаң. Жүрөк деген жок. — Ал кемпирин сарайдын ичин көздөй түрттү.

— Өзүң эле кыйынсың. Ыйлабайт ко…

— Азыр эле ыйлап жаткан.

Чал-кемпир акырын жылып кол башындай чүргөккө жакындашты. Аңгыча мышыктай ыңаалап наристе ыйлап коё берди. Экөө тең тык токтошту.

— Алчы… — Кемпирин капталга нукуду Ыдырыс.

— Коё турчу адамды шаштырбай.

— Ала бер. Катынсыңбы, эмнесиң? — Ыдырыс кемпирине дем берген болду кичине. Канчайымдын жүрөгү токтоп, ары ыйык нерсени, ары чокту колуна кармагансып жатып баланы жерден алды:

— Бала экен чын эле.

— Бала болбой… Кана көрсөтчү?

— Араң эле жаны калыптыр.

— Бол, үйгө алып кир. Оозуна май жалата сал.

— Киндигин да кескен эмес турбайбы, ботом. — Канчайым мештин жанында Ыдырыстын эски көйнөгүнө ымыркайды ороп жатып кобурады.

— Өзүң кесе сал, хэ-хэ. Киндик эне болуп калдың. Ким таштады экен ыя?

— Таң, ким билсин. Кудай сүйгөнүнө берет да. Бизди билген бирөө таштап кеткен го, багып алышсын деп.

Чал-кемпирдин жалгыз Расия деген кызынан бөлөк баласы жок болчу. Ыдырыс менен Канчайым бул жөнүндө ойлонушканы менен көп деле көңүлгө алышчу эмес. Бир гана Ыдырыс кез-кезде муңканып калар эле. Эми минтип, бир топ карый түшкөндөн кийин балалуу болуу качан эле унутулуп калган. «Кудайга тоббо» деп жашап жатышкан.

— Эми эмне кылабыз?

— Таң. Эмне кылмак элек?

— Ушу сенин «таңың» күйгүзөт да. Мунун ата-энесин таап бериш керек да. — Ыдырыс чепеңдеген жеңил киши боло турган. Ачууланганы да бат, айласы кеткенде абдырап калмайы да бат болчу.

— Ата-энеси болсо таштап кетишеби?

— Анан асмандан түшмөк беле. Бирөөнүн шылдың үчүн кылган иши да!

— Кудай берген бала. Расияма ини кылып багып алам…

— Эмне кыл дейсиң? — Канчайым кайра сурады.

— Билбей турам. Сайраны чакырып келейинби? Эмизсин. Араң жаны калыптыр дейсиң го өзүң.

— Азыр сүт бышырып берсемби?

— Кой, Сайраны эле чакырып келе коеюн. Баласына кошуп эмизип турар.

Чал-кемпирдин айлалары кетишти. Бир тыянакка келе албай коюшту. Ыдырыс улам кайра “Бул бизди бирөөнүн шылдыңдаганы” деп туруп алды. Чалдын саал кежирлиги да бар эле. Анын үстүнө баланы тойгузуу керек болчу. Акыры алар коңшуларга айтууну туура көрүштү. Бир алдын чындап эле чочулашты. Оңойбу анан. Балким, муну бирөөлөр издеп жүрүшкөн чыгар. Адам эмеспи кантсе да. Ыдырыс менен Канчайымдын үйүнө чогулгандар шыпшынып жатышты. Көпүрө-Мазар көчөсүндөгү кемпир-кесек, келин-кыздар бат эле чогулушту. Эркектер да келе башташты.

— Кой короодо жатыптырбы?

— Жок, тиги көмүрканада дейт ко.

— Антпей эле…

— Кое турчу, адамдын сөзүн жырбай.

— Деги азыркы жаштар эмне болуп кетти?

— Балким жаш эместир…

Улам келген-кеткендер көбөйдү. Ыдырыстын тамынын жанындагы барпайган кара жыгачтын астында туруп алып талкуулап жатышты.

— Тиги туура көчөдөгү Сарымсактын кызы ажырашып келди деди эле.

— Жо, ал кайра жарашып кеткен.

— Мен кечээ эле көргөмүн. Жүрөт болчу.

— Билбей эле сүйлөй берет экенсиң.

— Бул бөлөк бир жактан келген неменин иши.

— Ой, Ыдырыс аба, эми той бер, — сакал-чачы өскөн бирөө арсактап калды ары жактан.

— Оозуңа карап сүйлө, карыган адамды…

— Эмне экен, чын да…

— Мындай балдарды кезекке жазылгандарга берет дейт ко?

— Ал үчүн ата-энесинин макулдугу болуш керек.

— Бала эмне, оюнчукпу?

— Бирөө жетпей жатса, бирөө жадайт деген ушу.

— Муну милицияга билдириш керек…

— Сарымсакка айтпайсыңарбы?

— О, койсоңорчу, анын кызы жөн эле келип-кеткен. Төрөй турган деле боло элек.

— Өңү кандай экен?

— Кыргызга эле окшош. Деги эле чүрөктөй.

— Милицияга билдириш керек…

— Чүрөктөй болбой калсын…

— Антпе ымыркай немени, анда эмне күнөө.

— Жөн койгула бечараны. Баласы жокто ырас эрмек кылышсын.

— Милицияга билдириш керек.

— Төрөтканага эле бара койсо билинет.

— Тим эле чолпондой болгонун кара.

— Кудай кыздарга уят-сыйыт бере көр.

— Селсевет да жүрөт ко.

Наркы четте тиш кагып калган үч-төрт келин күбүр-шыбыр болуп жатышты.

— Ошонун өзү.

— Ырас айтасың!

— Мен байкап жүрөм, бети сепкилге толо болчу.

— Бөлөк ким болмок.

Бат эле участковой да келип калды. Айрымдардын кызыгуусу тарап кетип жатышты. Участковой үйгө кирип чыкты. Анан «тезинен төрөтканага алып барып врачтарга көрсөткүлө»-  деди да, өзү четте тургандарга карай басты.

— Кана, эмне дейсиңер?

— Ким билсин, биз эмне демекпиз…

— Карышкыр каракчыны көрүп «Таанып эле турам, бирок аты эсимде жок» дегендей да.

— Ха-ха, ха-ха.

Аңгыча бир-экөө участковойду четке чакырып чыгып, кулагына шыбырап калышты.

— Койсоңорчу?!

— Чын, анан ким болмок эле.

— Айылда бөлөк эч ким жок. Өзүң деле ойлочу.

— Да-а, текшерип көрүш керек.

Окуя барган сайын сырдуу тартып, детективдей өнүгө баштады, бирок бат эле чечилип калды. Төрөткананын тез жардамы менен келген врачтар баланын ден соолугун көргөндөн кийин таза деп табышты. Ошентсе да төрөтканага алып барып кароону туура дешти. Сактыкка кордук жок. Анан кийин анын башчысы участковой менен сүйлөшүп, баланын энесин табуу керектигин айтты:

— Жаман болот ко, жардам да берүү керек. Эненин ден соолугун сактап калуу милдет.

— Бул жерде мага мындай деп жатышат, — Участковой тиги аялга бир топ нерселерди шыбырады.

— Ырас эле… Бирок «өлгөндүн үстүнө көмгөн» болот ко. Ошентсе да кызды табуу керек. Жаш неме эмне болду экен…

… Сүттөрдү бөлүштүрүп куюу цехин аралап, өзүн көздөй келаткан цехтин башчысы Салиманы, төрөткананын башчы аялын жана участковойду көргөн Расия катуу чочуп кетти селт этип. Колдору өзүнөн-өзү шалдая түшүп, жүрөктөрү түкүлдөп, кулактары чуулдап нес болуп, эч нерсени укпай туруп калды. Анан, эселек кыз кезинен жармашып келаткан өнөкөт адаты боюнча сол колунун бармагын ууртуна салып купкуу болуп чыкты. Денесин билинер-билинбес калтырак басып кетти. Төрөткананын башчысы көптү көргөн, ар кандай окуяларды башынан өткөргөн аял эле.

— Расия, айланайын, бир иш болуп кетиптир… Биз аныгына чыгалы дедик эле.

Расия айтылган сөздөрдү уккан жок.

— Жаштыкта жаңылыштык боло берет.

— Эми мындан аркысын ойлон, айланайын, дагы деле кеч эмес. Ал өзү ким эле? Биздин айылдан беле?

Расия мелтиреп үн катпады. Ал өтө сулуу болбосо да бир көргөн адамды кайдыгер калтырбаган, көзгө ысык, жылдыздуу кыз. Балбылдаган көздөрүнөн кулаган тунук жаштар тирсийген көкүрөгүнө таамп, сол колунун бармагын тиштегилеп турду. Жаны жер тартып, курсагынын ачканы кошулуп, башы тегеренгендиктен цехтин башчысы Салимага боюн таштап, кулап баратты.

…Бешинчи күнү дегенде төрөтканага Расиянын энеси келди. Бир алдын боору ооруса, бир алды элдин күбүр-шыбырынан жана чалы Ыдырыстын “Оо, кудайлаган” кейишинен улам итапкан жүдөй түшүптүр бечара.

— Айланайын ай, бир ооз айтып койбойсуңбу. Энең элем го акыры.

— Атам эмне деп жатат…

— Мээни эзип бүттү. Көчөгө да чыкпайт.

— Кыздар барыштыбы ага?

— Каякка?

— Силергечи. Үйгө.

— Үчөө-төртөө барышыптыр. Атаң сөгүнүп үйгө киргизбей койду.

— Эмне дешти?

— Эмне демек эле. Сага завуттун үйүнөн бир үй бошотуп койдук, чыкса баласы экөө кирет. Тазалап, сырдап, актап койдук дешет.

— Үйлөрүнүн кереги жок.

— Кой, андай дебе. Аларда эмне… Өзүңө өзүң кылбадыңбы, айланайын. Деги ким эле ал?

— Дагы эки күндөн кийин чыгарабыз дешти.

— Жакшы эле тойгузуп жатасыңбы?

— Сүт берип жатышат.

Баякыдан бери Расия алда канча өзгөрүп калган экен. Төрөт үйүндөгү аялдардын сөздөрү, нары бирге иштеген кыз-келиндердин тынбай келип-кетип турушу анын бетин ачып койгондон улам, Расия мурункудай жер карабастан ачык сүйлөп калыптыр. Балким, болору болду деп бир тыянакка келгендир. Энеси мунун баарын сезип турду. Кызынын кандайдыр бир сырды «айтсамбы, айтпасамбы» деп эки анжы болуп турганын да бат эле туйду.

— Айтмакчы, баягы Мырзабек дагы келиптир. Расия макул десе алып кетейин дейт.

— Дагы эле келип жүрөбү?

— Кечээ келиптир, «Мага баары бир, Расия макул болсо болду» дейт.

— Ал эмне, дагы деле тегирменде бекен?

— Ошондой го, таң. Окубай калганы менен дурус эле неме болчу. Өзүң болбой койбодуңбу. Байкуш жетим. Үйгө эле киргизип алсак болмок. Бир сөздү эки кылмак эмес, байкуш.

— Койчу ошону…

— Койчу деп жүрүп ушуну кылбадыңбы. Мырзабек эмне, элдин жаманы дейсиңби. Жетим өсүп, ар кимдин көзүн карап жүрүп «жер көз» болуп калганы эле болбосо…

Ары жактагы эки адам сөзгө аралаша кетти. Чамасы төмөнкү айылдык болушса керек.

— Небереңизби, байбиче? — Курсагы бүлкүлдөгөн, оозу жалжайган бирөө Канчайымга карады.

Канчайым ачык сүйлөбөй кыңк-мыңк этти.

— Уулуңуздукубу же кызыңыздыкыбы?

— Эмне?

— Бул келиниңизби же кызыңызбы?

— А-а, кызым…

— Менин да кызым төрөп… Экинчи неберем!

Жагжайган неме туш тарабы кыбыла болуп сүйүнүп алыптыр:

— Күйөө балам келиптир. Түн ортосу эле. «Ата эле ата, кырк жылкылуу болдуңуз», — дейт. Аман эле болушсун. Булар таалайлуу болбогондо ким бактылуу болот. Кырк жылкылуу болбой…

Расиянын да, энесинин да тиги бажактаган немени кыртыштары сүйбөй турушту. Акыры тигил экөө кызына алып келгендерин беришип, сестраларга кат-кат ыракматтарын айтып чыгып кетишти.

— Дагы эки күндөн кийин чыгарабыз деп жатышат, апа.

— Чыгарса эмне кылмак элең… Үйдө атаң гана жинденип жатпайбы. Деги аның ким эле, балам.

— Анын эми кереги не? — Расиянын жалжылдаган көздөрүнөн жаш кылгырып жашылдана түштү. Эриндери дирилдеп, кубарган өңдөрү ого бетер бозоруп баратты. Канчайым жашып калды.

— Деги сурап койдум да. Үйдө — атаң, бул жерде — сен. Куураттыңар го адамды.

— Ушул жерге эле таштап койсомбу анда?

— Ок! Ал эмнең. Ансыз деле бүткүл айыл укпадыбы. Үй беребиз деп жатпайбы тиги завуттагылар. (Канчайым сүт заводун «завут» деп койчу.)

— Мени кечирип кой, апа.

— Кантейин эми, айланайын, — Канчайым бышактай баштады, — жалгыз деп жүрүп ушуну кылдың да. Тилимди да албадың. Мырзабекке тийип ал, жаныбызда болосуң десек же ага көнбөдүң. Жоош, момун бечара эле. Окуйм деп жүрүп тапканың ушул болдубу?! Же уйдан жок, же уй байлаган жиптен жок.

Энеси кызы экөө бир топ бышактап алышты. Бир аш бышым сүйлөшкөндөн кийин Расия өзү иштеген сүт заводундагылар бөлүп берген айылдын четиндеги барак үйлөрдө турмак болду. Көпүрө-Мазар — чоң айыл. Ошондуктан бул жерде эки-үч чарбанын фермаларынан сүт алган завод, жолдорду оңдоочу участокко окшогон анча-мынча майда ишканалар да бар эле. Айылдын жергиликтүү калкы баракта жашагандар менен анчалык деле иштери жок. «Жазга чейин эптеп чыдап турармын, — деп ойлоду Расия ичинен, — андан кийин бир нерсе болор. Апам байкуш мага жазга чейин эптеп каралашып турса болду». Ошентип, дагы бир аздан кийин Канчайым кемпир көчөнүн башындагы, коктунун оозундагы иретсиз салынган үч-төрт үйдү көздөй кетип баратты.

Айыл тоону тиреп токтогон түзөңчөгө жайгашкан. Негизгиси ошол түздө. Бирок айылдын куйругу чачырап отуруп, жара бөлгөн жаңгактай болгон бодур таштуу капчыгайды аралап, берки чети кууш сайга кирип кетет. Ошол капчыгайда эки башы эки үйдөй кара ташка бекитилген солкулдак көпүрө бар. Көпүрө качан салынганы белгисиз. Эчактан бери эле турат дешет бул жердин карыялары. Кийинки кездерде бул көпүрөдөн эч ким деле өтпөйт. Анткени алардан ылдыйыраак жерде дарыяга жакын жаңы көпүрө түшкөн. Машинелер өтөт. Ал эми тиги көпүрөдөн бала-чака же мал-салын жайытка айдагандар гана анда-санда өтүп калышчу.

Күздүн ызгардуу кара түнүндө Мырзабек эски көпүрөдөн өтүп, борчуктагы кыяда бутун аярлап коюп түшүп келаткан. Эртең менен зоокалуу бетке айдап койгон эчкилерин издеп, убара болгон неме көзгө сайса көрүнгүс түндө араң бутун сүйрөп, сай жээгиндеги күрпүлдөп аккан дарыянын боюндагы эски тегирмендин жанындагы үйүнө тез жетсем дейт. Анын баамында шагылдуу боор бүтөйүн деп калды. Дагы аркан бою басса машине жолго түшөт. Аңгыча жапырак карагандын түбүндөгү тердиктей түзөңчөдөгү аял менен эркектин үнү анын кулагына үзүл-кесил угулуп калды.

— Мурун эле келмек эмес белеңиз?

— Убакыт болбой. Командировкалап…

— Ылдый жолго түшөлүчү.

— Кой, бирөө-жарым көрүп коёт, — эркектин үкү аптыгып чыкты. — Эч кимге айткан жоксуңбу?

— Жок…

Мырзабек Расиянын үнүн билип, жүрөгү мыжыгып, башына кан тээп чыкты.

— Мен эми эмне кылам. Көчөгө баса албай калдым. Ата-энем байкуштар андан…

— Дагы бир аз чыдабайсыңбы? Тиги менен биротоло чечишейин.

— Өгүнү эле кетет деп жүрбөдүңүз беле?

— Болбой жатат. Эми ага ачык айтам го. Кааласаң жашай бер, аста-секин. Каалабасаң жол тигине дейм.

— Эгер аялыңыз кетпейм десечи?

— Анда… анда сен деле жүрө бересиң…

Экөө бир саам тым болуп калышты.

— Сиз мени алдапсыз да?

Эркектин үнү угулган жок.

— Сиз мени алдапсыз да…

— Кандай түшүнбөйсүң! Айтып жатам го сага.

Экөө ылдый түшүштү. Жаңы салынган даңгыраган чоң жолдун четинде жеңил машина туруптур.

— Эмесе, мобуну өзүңүз алыңыз. Бул сиздики. — Расия тигиге чүргөктөгү баланы сунду. — Мындан ары келбей эле коюңуз, бирок, бул сиздики!

— Койсоңчу, айттым го! Мен сени зордуктаган эмесмин, — тиги неме машинага отурду көрүнөт, эшиктин ачылганы, анан «карс» деп жабылганы түнкү муздак абада даана угулду.

— Ошондойбу! Эч жакка барбайсыз, болбосо баланы аласыз! Мен да эми барчу жактарга барам.

Аңгыча жеңил машина дүрр этип жүрүп берди. Каш-кабактын ортосундагы болчу окуя кандайча бат болгонун Мырзабек түшүнгөнү жок. Машинанын сол тарабында турган Расиянын чочуп чыккан үнү күрпүлдөгөн дарыянын шоокумуна сиңип жок боло түштү.

Мырзабек шагылды куюлтуп жүгүрүп келгенде ак шейшепке оролгон бала жолдун четиндеги эңкейиште жатыптыр. Ал эми Расиядан дарек жок. Күшүлдөп, энтигип калган жигит дарыянын боюнан Расияны көтөрүп чыкканда жылдыздыр толуп калган эле. Расия анын көзүнө асмандагы жылдыздар тээ секелек убагындагы Көпүрө-Мазардын тескейинде жайнап турчу байчечекейлердей көрүндү. Байчечекейлер ушунчалык көп, терип түгөтө албайт. Ары четте тегирменчинин уулу Мырзабек жетим да жүрөт. Ал да терип жүрүптүр. Расияны көрүп, нес болгондой жылмайып коёт. Бир оокумда ал эсине келди. Башын жөлөп же кайгырганы, же жылмайганы белгисиз Мырзабектен онтоп сурады:

— Сен аны тааныйсыңбы?

— Ики, — деп баш ийкеди тегирменчинин баласы.

— Мырзаш… Сен мени… сүйөсүң го, туурабы? Сенден суранаарым элге айтпа. Эч кимге айтпа. Макулбу? Суранам!

Мырзабек колтуктап сүйөп тургузмак болду эле көнгөн жок. Кулагынын түбүнөн кан сызылып агып жатыптыр.

— Баланы апама алып барып бер… Мени ташта. Жолдо жатыптыр де. Тигини айтпа, макулбу?!

Эртеси түш оогондо дөбөдөгү мүрзөдөн адамдар түшүп келатышты. «Периштедей кыз эле» дешти кээ бирлери. «Уят өлүмдөн катуу» деген ушу дешти айрымдары. Тегир менчинин баласы гана сайдын боорундагы кара ташта күрпүлдөп аккан дарыяны карап мелтиреп отурду.

1987-жыл.