РАИМЖАНОВ Мамат: МАМАТ РАИМЖАНОВ: АЛБАРСТЫ

АҢГЕМЕ

Жол мастери Темир адам ишенбес окуяга кез болду. Адамдар өмүрүнүн кайсы бир учурунда ушундай таң калыштуу окуяны башынан кечиришет. Бирок аны байкабай калышат. Кээде байкашса да өздөрү ага көп түшүнө бербестен, акыр аягында көзгө көрүнбөгөн сыр катары эсептешип, жаңкы окуяга акылдары айран таң болот.

Ошентип, жол мастери (аты Темир дебедикпи) кечээ күнү кыяда 17-оюрмадагы (жолчулар серпантин деп да аташат) бульдозерду дабандын түбүндөгү жолчулардын турагына айдап түшүп келаткан. Темир 15-оюрмадан бурула бергенде тике маңдайындагы борчук таштарда өзүн тиктеп турган бир сары кызды көрүп, оозун ачып калды. Оозун ача тургандай эле кеп да: кузгун курк этпеген дабандын ач белинде, болгондо да күздө, анан минтип сары кыз…

Тиги болсо Темирди тиктеп турат. Анан «токто» дегенсип колун жаңсап коёт, өзү болсо зооканын бетинде, Темир моторду басаңдатып, кабинадан түштү да үн салды:

— Бери түшүп келбейсизби? Эмне турасың?

Бир карасаң секелектей, бир карасаң бойго жеткен кыздай көрүнгөн немени же сиз дей албай, же сен дей албай, аралаш сүйлөп калды. Секелек сары кыз көзгө илешпей, борчук таштардан заматта Темирдин жанына жетип келди. Жакшылап байкаса, өтө эле жаштай көрүнөт, кайра саресеп салса өзү менен тең чамадай. Жол мастери жапжаш, кылмурут жигит эле. Окуусун жаңы гана бүтүрүп, ушул алыскы дабанда иштеп жатканына тогуз ай болгон.

— Эмне кылып турасың бул жерде?

— Таң калбай эле кой. Дабандын бели суук болуп, этектейинчи деп түшүп келаткам. Андан көрө бир чектирчи.

«Балекет неме го…» Жол мастери ушинтип ойлоп койду, анан жолчулар кийчү сары шырымалынын жан чөнтөгүнөн сигарет алып сунду.

Тиги неме өңү ботала-сотала болгон жынсы шым кийип алыптыр. Чөнтөгүн каккылап коюп кайра сурады:

— Отуңду берчи.

Төрө сигаретти тескери тиштеп алыптыр.

Темир бырс күлүп жиберди:

— Оң тиштесең боло.

— Мындайбы?

— Ооба, ошондой.

Секелек сары кыз сигаретти оңдоп оозуна салаарда, оозундагы тиштери бир бөлөкчө экен. Албарстынын бир мүчөсү билинип калат деген кеп бар эмеспи. Секелек сары да муну баамдап калды: бир-эки соргондон кийин ыкшып, какап-чакап, тамекини тигиндей ыргытып койду эле, дүрт этип, ийиктей от чыга, кайра жалп өчтү. Темир чала шаардык, чала айылдык тарбиядагы жигит болчу. Арийне, мунун албарсты экенин жазбай түшүндү. Ошентсе да сыр берген жок. Анын үстүнө өзүнүн каратэсине да ишенет. «Албарстыны кудай алсын, сейпейген бир макулук да» деп айткан ыраматылык айылдагы чоң энесинин сөздөрү эсинен али кете элек.

— Колуңдан келбегенден кийин чекпе да.

— Өмүрүмдөгү жалгыздыктан кыйнала силердин салтыңарга аралаша кетем…

Албарсты улутунуп алды да, май куйругун чайкап койду. Дегеле өмүр бою бирге жүргөнсүп, жигит да заматта тигиге үйрөнө түшүптүр: эми кандайдыр бир кооптонууну да сезбеди.

«Оңбогурду карасаң». Жол мастери дагы ушунтип ойлонуп койду. Бойдок неме да, шаардагы аягы суюк селкилерге айтчу аягы суюк уландардын сөзүн шарт айтып салды:

— Бир аз кичине «иш» кылбайлыбы?

— Койсоңчу… Адамдын баары ушундайсыңар. Мен сени мындай эмес деп ойлочумун.

— Адамдын баары эмес! Өзүң эметип аласың да… — Жол мастери таарына түштү: — А мени кайдан билесиң?

— Куттуу күнү ушул дабанда изимди тебелеп жүрбөйсүңбү!

— Аа, да… А сен ушул жолдордо эле басып жүрөсүңбү?

— Үч жүз жылдан бери.

Темир апыртып жатканын кара деп ойлонуп койду:

— Жолдун салынганына 5-6 жыл араң болбодубу?

— Мен мурун эле ушул дабанда жүрчүмүн.

— Эми кайда барасың?

— Этектеги кара үңкүргө.

— Жүр анда, кеттик.

Албарсты тарткынчыктады, бирок айный алган жок. Ээрчип кабинага түштү. Бульдезор калдыр-шалдыр эте болгон ылдамдыгы менен дабандан түшүп келатты. Улам өңкөңдөгөн сайын албарсты Темирдин каруусунан, санынан кармай, улам ыктай түшөт. Дабандын түбүндөгү үңкүргө жеткенде жол мастеринин делебеси дагы тутанды. Болбой, тигинин жынсы шымынан бурдай апчыды эле албарсты:

— Акетай, акетай! Койчу, койчу! — деп чыңырып жиберди.

Анан укмуш болду. Чыбаштанган жыт чыгып, албарсты сары улак болуп калса болобу. Жол мастери катуу чочуп кетти: эшикти шарт ачып, сары улакты жол четине ыргытып жиберди. Улак болсо адамча сүйлөп турат:

— Эми насиптеш болуп калдык, дабанды тазалаганда кайрылып эрмектеше жүр.

Темир тракторду дарылдата жүрүп кетти. Өзү да жолчулардын турагына жакындап калган. Четки вагондогу үйгө кирди да, шалдырап, суй жыгылды. Бул түнү кандай жатканы белгисиз. Эртеси таң заарынан сырттагы бака-шака үндөн чочуп ойгонду. Ич кийимчен башын эшиктен чыгарса, үркөрдөй болгон жолчулар баягы сары улакты «Тос эле тос!» деп кармай албай жүрүшөт. Кечээги эме. Акыры куркуйган Жамшит шыйрактап калды.

— Чабандардан калган го?

— Кимден калса да сонун ысылык болду!

— “Берейин деген кулуна — белен кылат жолуна”.

Сары улак чыңырып маарап жатат.

Темир улактын маараганын кадимкидей түшүнүп жатты:

— Акебайлар! Коё берип койсоңор боло!?

Капысынан: “Кудай уруп айтып ийбегей эле” деген оюнан өзү да ичиркенип ийди.

Жолчулар топурашып албарстыны вагон-ашканага жетелеп жөнөштү. Албарсты дагы эле чыңырып жалынып баратат.

— Бол, бычакты алып чык!

Ушул оокумда дагы бир шумдук сыр болду. Жамшиттин колундагы сары улак — сапсары күчүккө айланып, кыңшылап турат.

— Баа-а! — деген Жамшит теректей болуп сулады. Алаңдаган жолчулар вагон-үйлөргө биринин артынан бири, куду бирөө таңылчак ыргыткансып, учуп кирүүдө.

— Өх! — деп көңүлү тынчыган Темир эшикке чыкканда, сыртта бир жан жок.

— Ой, барсыңарбы, чыга бергиле.

Ошол күнү кечке жолчулардын оозунан албарсты жөнүндөгү уламыш-жомоктор түшпөдү.

Жамшит гана өкүнөт:

— Кап, көкүлүн кыркып калбай… Пай-пай!

Көкүлүн эмне кыласың? Шымыңды тазала!

— Ха-ха-ха!

— Хе-хе-хе!

Кечинде жолчулардын баары төшөнчүлөрүн бир вагонго чогултуп, бирге жатышмак болду. Жол мастери гана өз бөлмөсүнө басып кетти.

1986-жыл.