РАИМЖАНОВ Мамат: МАМАТ РАИМЖАНОВ: КАРГА (ШЕДЕВР)

АҢГЕМЕ

Кар балбалактап жаап атты.

Бири-бирине тийишчүдөй көк тиреген эки зоонун ортосунда, ашуунун тик түбүндөгү кошулушунда, алакандай тектирчедеги бал челектей үйдү кар такыр көөмп салган.

Айлана жымжырт. Кулак тунган жымжырттык коргошундай басып, нылдай оор туңгуюк өкүм сүрөт.

Тегеректе гана кар астынан сороюп, ар кайсы жерден чачылган темир-тезектин: арматуралардын, калтектелген зымдардын, рельстердин, дагы кандайдыр бир техникалардын чачылган тетиктери — какжыраган сөөктөрдүн үйүлгөн дөбөсүндөй болуп, асканын дүпүйгөн таштарынын арасында кунарсыз көрүнүштү элестетет.

Жымжырттык. Өлүү дүйнө өкүм сүрүп, «как» эткен карга, «кук» эткен кузгун көрүнбөйт. Демейде анда-санда чыйк-чуйк эте койчу тоо чымчыктарынан да дарек жок. Жадегенде тектирченин этегинен кошулушуп, өкүрөңдөп агып жатчу эки суунун чулдурагы угулбайт. Как эткен карга жок.

Морусу соройгон жанагы бал челектей болгон үйдүн ичинде үч күндөн бери токсонго жакындап калган, так жашы белгисиз, элдин баары Абашка атоочу чал өлүм астында жаткан. Абашка — ушул жердин кожоюну. Геологдор аны тамашага чаптырып ушинтишчү.

Он жылга жакын мурун тагдыры адамдын буту баспаган ушул эки зоонун ортосуна — геологдордун бир партиясына айдап келген. Ошондон бери Абашка жайдыр-кыштыр ушул жерден чыкпай, өмүрүнүн соңку кездерин өткөрүп, кароолчулук кылып келет. Анын асан чакырып койгон чыныгы атын эч ким билчү эмес, начальниктен тартып, жер казгандарга чейин «Абашка» деп чакырып көнүп калышкан. Өзү да көнүп калган. Кийинки убактарда өзүнүн атын өзү да унутуп калган эле.

Абашка үч күндөн бери өлүм алдында жатты. Эч жери деле ооруган эмес. Тек гана денеси оорлошуп, өзүнүкүнө окшобой, уйку-соонун ортосунда жата берди. Денесинде түшүнүксүз бир өзгөрүүлөр болуп жатты. Ал өлөрүн экинчи күнү сезди. Негедир буга таң калган да, корккон да, кубанган да жок. Чамасы, ичээр суусу, көрөр күнү түгөнүп калганы, бул дүйнөнүн акыркы ирмемдери өтүп жатканы ушул болсо керек. Бирде уйкуга кеткенсип, бирде акыл-эси даана иштеп, өткөн өмүрү бир сыйра көз алдынан чубуруп жатты…

Ал кийиинки эки жыл ичинде такыр эле жалгыз жашап калган. Эки зоо ортосундагы геологдор иши күтүүсүз токтоп, кыш айларында бул жакка мурункудай эч ким деле каттабай койду. Күүлдөгөн-шуулдаган техникаларды эки жылдан бери четинен кайсы бир жактарга ташып кете беришип, бузулган, керексиз темир-тезектер үйүлгөн боюнча дат басып жатат. Куду согуш талаасын элестеткен ар кандай аркайган темирлер, будкалар, бузулган тактай үйлөр үрөй учуруп кала берди. Чал болсо эч кимге керексиз ушул темирлерди кайтарып жүрдү.

Өгүнү, кеч күздө Абашкага кышкы азык-түлүгүн алып, начальниктин өзү келиптир. Начальник экөө көпкө сүйлөшүп олтурду. Айтымында, мына эми ишке кирет деген бул кендин проектиси дагы белгисиз мөөнөткө созулуп жатыптыр, начальник дагы билбейт экен, бирок… үмүт деген үмүт.

— Өзүңүз билиңиз, — деди начальник, — кетем десеңиз, азыр кошо жүрүңүз… — Начальник шоопур үчөөлөп ташып кирген продуктуларды, көчүк айланбаган чалдын үйүнө жайгаштырып жатып айтты, — Ушундай Абашка, та-ак чай жазга жетээр, канттан да берип жиберем… Эрте жазда кабар алдырам…

Чалдын эч жакка кетпеси тигиге да, өзүнө да белгилүү эле. Узатып жатып, «Каа-арк!» эткен үндөн экөө тең борчуктун үстүндө бейкапар дүңкүйүп отурган карганы жалт карап калышты.

Начальник Абашканы тиктеп, жүрөгү «тыз» эте түшкөн ошондо. Чалдын кайгырууну да, коштошор алдында жалгыз калып жаткан ажырашуунун муңаюусу да билинбеген жүзүндө аянычтуу көрүнүш — адамдын боору ооругандай көрүнүш бар эле. Жетимсиреген чалдын өңү начальникти айласыз кайдыгерлик менен карап туруптур.

Дүрүлдөгөн мотор үнүнөн улам, дагы бир жолу «кар-рк» этип алып, карга да учуп кеткен.

…Ошондогу капилет пайда болгон карга Абашканы бир топ күнгө дапдаарытып, эсин эңгиретип койгон. Көпкө чейин колунан кандайдыр бир буюмун жоготуп койгонсуп, жүрөгү түпөйүл тартып, көңүл кош тартып жүрдү. Кийинчерээк өзүнүн бар-жок экенин да сезбей, инстинкт боюнча көнүмүш иш катары жашап жатты. Көбүнчө чалдын эсине азыр өзү да дарегин так билбеген көкүрөк күчүгү, кенже уулу тартыла берчи болду.

Чалдын башынан нелер гана өтпөдү… Токсон жыл оңой бекен. Турмуштун ачуусун да, таттуусун да эчен көрдү. Эчен ирет кубанып, эчен ирет кайгырды. Толуп-толукшуган, эч бир бөксөрбөстөй көрүнгөн күндөрү ай. Эми баары бир мүнөттүк эскерүүгө сыйбай калды.

Таттуусунан ачуусу көп дүйнөнүн жалаң кайгысы чалдын эскерүүсүн басып туруп алды. Кыйраган турмушу, түрмөдөгү сансыз жылдары, карыгандагы тентимиш күндөрү, кайрадан бир келген ырахаты, ушул эки зоо ортосуна келип калган учуру — ушулардын баары Абашканын көз алдынан чууруп өтүп, татыктуу баасын алалбай туруп алды.

Чал өзүнүн ден соолугуна, тыңдыгына кийинки убактарда таң калып жүрчү. Кийин бул тууралуу ойлобой да калган. Болгону — эң кичүү уулу эсинен кетпей улам-улам элестеп туруп алчу болду.

Мына, минтип үч күндөн бери иретсиз келген ар бир эскерүүсүнүн ортосунда ошол көкүрөк күчүгүнүн элеси, болгондо да, акыркы түрмөгө кетип бара жатканда, беш баласынын ичинен, томпоңдоп чуркап келе жаткан ошол кичүү уулунун элеси сүрөттөй карегинде катып калыптыр.

Абашка эрки боштордон эмес эле, кээде ашкере таш боордук кылып да койчу. Ушунча жашап бир жолу да мууну бошоп мүңкүрөбөгөн. Эми минтип үч күндөн бери, томпоңдоп чуркап келе жаткан алты жашар баласынын үнү кырк жылдан кийин чалдын кулагын чуулдатып жатканын карасаң.

Кар жаап жатты. Үчүнчү күнү Абашка элдир-селдир ойлордон тазаланып, көңүлү сергек тарта баштаганын сезди. Талыкшыган бою жеңилдеп, мурункудай болбосо да, өзүн кадыресе тың сезип калыптыр. Үч күндөн берки тумандаган ойлорун жыйынтыктай албай, бир топ убакытка чейин тунжурап олтурду.

Чал өткөн турмушун дагы бир ирет көз алдынан өткөрдү: кечээ эле чымын-куюн болуп, кулунчакты ат кылып ойноп жүрчү балалыгы, окуучулук күндөрү; студенттик күлгүн курагы; кечээ эле жаңы үйлөнгөн кези, колуктусу менен куушуп-жулмалашып, шибер үстүндө кучакташкан боюнча тоголонуп жатышкан бир ирмеми; шарактаган күндөрү, жаштык-мастык доору; алгачкы уулунун кубанычы — ушулардын баары кечээ эле болуп өтүптүр… Андан кийинки кырсык… Түрмө… кайрадан шарактаган мансап да, байлык да, бийлик да гүүлдөткөн турмушу — булар да кечээ өткөн.

Ушул жерге келгенде чал «селт» деп алды. Өзүнө баш ийбеген бир күч менен кырк жыл мурун «атаа-алап» чуркап келаткан кенже уулу ушул жерден көз алдына жарк эте түштү.

Абашка эми шаша түштү. Ал түшүндү улуу иштин маанисин. Ушу кечке чейин, анан да үч күндөн берки кубаныч-кайгысыз, эч кандай сөөлөтсүз күтүп жүргөн убакыт чукулдап калганын түшүндү. Өзүнүн бой түзөп, пендечилик сапардын акыркы мүнөттөрү өтүп атканын даана сезди. Баятан берки жеңилдеп калганы — бой түзөп жатканы турбайбы көрсө.

Бал челектей үйдүн кар тосуп калган тактай каалгасы качырап-кычырап, тунгуюк жымжырттыкты бузуп жиберди. Мүрүсү менен түрткүлөп атып, чал оор тактайлардан сомдолгон эшикти ачып, далдырап туруп калды. Салаңдаган кабагы ого бетер түнөрүп, кирпиктерине жабышкан ак карлар калдайып, зоолор үн-сөзсүз тунжурап турат.

Саамга кулак кескен тынчтык кайрадан нес кылып салды.

Аны капылеттен чыккан «кар-рк» эткен карганын үнү эсине келтирди. Кепинин сүйрөп туруп келе жаткан дөөдөй болгон бульдёзордун күзгү такчуу темиринде баягы күзүндө көргөн карга отуруптур. Кайдан-жайдан келгени белгисиз. Карганы көрүп чал өзүн тааныды. Тааныганына таң калган жок. Ошол күздөгү көргөнүнөн бери эле өзүнүн жаңы денесинен учуп чыгып, каргага айланып кеткенин кандайдыр бир сезимдер менен туюп жүргөн.

Азыр муну так билип, биротоло түшүндү. Же укканы, же окуганы эсинде жок. Бирок карылык кире баштагандан тартып эле Абашка негедир кийинки өмүрү карганын өмүрүндө уланчуудай элестетип, белгисиз бир ынаным, сезим-туюм анын аң-сезимине кирип орунтуктап алган болчу.

Чал селт этти да, шашып, колуна кармай чыккан, бети-башын да жууган, ары чай кайнатып ичкен чөгүнүн кылдырттатып тизеден өйдө мамыктай карды жиреп, өзөндү көздөй жөнөдү. Өзөндөгү суу али тоңо элек экен. Энтигип, жай кыбырап, сүткө түшкөн коңуздай болгон чал чөөгүндүн капортосундагы сууну көтөрүп бал челектей кепенин оозуна токтоду: көпкө чейин машакаттанып атып, карды таптады да, билишинче даарат ала баштады.

Ал эч убакта динди кармап намаз окуган эмес, бирок дин жөнүндө сабаты бар эле. Азыр эми бул дүйнөнүн соңку ирмемдерин өткөрүп жатып, кантсе да даарат менен узаганды каалап турду.

Кар балбалактап жаап атты.

Карга «каарк» этти, дагы бир жолу.

Чал өзү билген ишаратын жасап бүтүп, бал челектей үйүнө кирди. Эшик кыйчылдап-куйчулдап атып зорго жабылды. Каалганын илгичин илгенден кийин, жатып жүрчү жыгач керебетине келип, тыкандык менен, шашпай жууркандын ичине кирди. Эки колун көкүрөгүнө кайчылаштырып, жууркандын жакасын кайрып койду да, башын майланышып калган жаздыкка түздөп, шыпты тиктей суналып жатты.

Баятан берки тыңый түшкөн денеси бошошуп, кайрадан уйкуга кете баштагансыган абал бийлеп, бирок уктап да кетпей, чала түш көрүп жаткандай, өткөн өмүрү чууруп дагы бир ирет өтө баштады.

Карегине катып калган баягы сүрөт: мындан кырк жыл мурун томполоңдоп чуркап келаткан кенже уулу кадимкидей көрүнүп атты. Чалдын буттары манжаларынан тартып тизесине карай акырындык менен муздай баштаган эле.

Бульдезордун туура темиринде отурган карга чалды көрүп турду. Чал ага таң калган жок. Карганын жанында кайдан-жайдан дагы бир карга отуруп калды.

— Келдиңби? — биринчиси тигини көптөн бери билчүдөй, атамзамандан бери, миллион жылдан бери билчүдөй секин гана карап койду.

— Мына ушинтип кайра келдик.

— Кар көп жаайт…

— Кырк жылдан бери көрүнбөдүң го?

— Койчу, сага ошондой сезилип аткандыр. Баягы сени кармап кеткенден кийин эле биякка келе бергем.

— Ырас эле, мен билчүмүн. Бирок кийин кусаланып кеттим.

— Эч нерсе эмес. Учалыбы?

— Коё тур… Тиги биротоло бир жаңсыл болсун.

— Таштагың келбей турабы? Бүттү да, өзүң да чарчап калыптырсың.

— Сен кырк жыл эсимден кетпей койбодуңбу…

— Сага ошондой сезилип атканы — эмиле келбедиңби? Бир аз учсаң ал күндөрүң көз ирмемге турбай калат. Ал жакка канча барып келбедикпи?

— Сен эрте келе берипсиң… Мен көпкө жүрүп калдым.

— Кой, болду. Тиги да бүттү окшойт… Эми биротоло өзүңө келдиң. Мен сени ушерден табам деп жүргөм. Кеттикпи?

— Кеттик…

Эки карга канатташ учуп баратты.

Кар балбалактап жаап жатты.

Июль, 1997