РЫСБАЕВ Сулайман: СУЛАЙМАН РЫСБАЕВ: СӨЗ ЖӨНҮНДӨ ДАСТАН (2-ЭТЮД)

Сөз — элдик педагогиканын феномени
Элибиз сөзгө өзгөчө маани берип, ага зирек мамиле жасашкан, сөздүн маанисин, ролун көтөрүп, урпактарды элдик сөздүн күчү менен тарбиялоону көздөшкөн. Cөз элдин абийири, ар-намысы, ал тургай, өмүрү менен тең бааланган. Сөзгө жыгылып, сөзү менен көгөргөн, сөзү менен элге кошулуп, сөзү менен элден чыккан. Сөзү менен элге таанылган, эл бийлеген акимден, сөз билген чеченди бийик санашкан.
Ошон үчүн элибизде, учурашкандан кийин алгачкы сөзүн: «И-и, элде эмне кеп бар? Кеп сал. Кеп сала отур, кеп ур», — деп баштап, анын сөзүн уккусу келген, сөз күткөн. Ал кандай сөз айтса же айтып келсе, ошого карап баа берген.
Узак жолдо баратса: «Ат жалына казан ас», «Узун жолду кыскарт» деп ширин сөздү, узун кепти башташкан, санжыра айткан, болмуштарды сүйлөшкөн.
Чечендерге «кеби ширин», «тили бал», «бал тилдүү», «тилинде мөөрү бар» деп баа берип, сөзүнө тан берген. Тескерисинче, сөз билбеген дөдөйгө: «Сөз билбеген дудук», «сөз баалабаган, сөз бакпаган эссиз» катары баа берип, сөз баасын билүүгө чакырган. «Үйдө баатыр, жоодо жок, үйдө чечен, тышта дөдөй» деп сындаган.
Адамга баа берүүдө да «ал жөнүндө эл эмне деп жүрөт» деп, эл ичине байкоо салган. Ошол үчүн калк айтса, калп айтпайт деп, элдин сөзүнө ишенишкен. «Жакшыны сөз ээрчийт, жаманды чөп ээрчийт» деп жакшы адамдын турпатын, кылган кызматын аңыз кылып айтышкан.
Уул-кызына берген тарбиясына жараша ата-энени да сөз ээрчиген. Ошол үчүн ата-энелер уул-кызына «сөзгө сөлтүк кылбай, кепке кемтик кылбай» тарбиялуу болуусун өтүнгөн. Же бир жагымсыз окуядан кийин: «Баягыдан кийин сөзгө сөлтүк болдук, кепке кемтик болдук» дешип бармагын тиштеп өкүнгөн.
Сөзү элге же үйүнө өтпөгөн адамды «анын сөзү суу кечпейт», «сөздөн калды» дешип басынтышкан. Ошол үчүн «аштан калсам да, сөздөн калбайын» деп, өз абийирин бек турууга аракеттенген элибиз.
Сөзгө жыгылып, же элге уяты чыгып, же сөздөн кармалса, аны «оозунан сөзү түштү», «бутунан мүдүрүлгөн турат, оозунан мүдүрүлгөн турбайт» деп келекелешкен.
Бирөөгө кыйчалыш учурда шашылыш кайрылууга туура келсе «кечирип кой, ширин сөзүң оозунда» деп илбериңкилик менен, анын сөзүн урматтап, убактылуу токтото туруусун да өтүнгөн.
Таза, так, көркөм сүйлөгөн, оюн орундуу айткан адамдын кебин көңүл коюп угуп, кулагын салып, «кулак сенде» деп кулак кужурун кандырган. «Жомок курсакты тойгузбаса да, кулакты тойгузат» деген ошо да. Андай сөз билген адамдар, сөз баккан чечендер тоолук элибиздин эрмеги болгон. Кыскасы, алардын театры да, киносу да, урпакка таалим-тарбия берер академиясы да сөз болгон. Эки ооз сөз билбеген, эки жол ыр билбеген кыргызды тоолук элибиз «кыргыз эмес» деп билген. Мунун өзүн-сөздү баалагандыгы, сөздү айтуу маданиятын, аны угуу адебин элибиз баалагандыгы деп түшүнүүгө тийишпиз. Ал дагы улуттук педагогикабыздын негизин ээлеген-сөзгө баа берүүбүздү түшүнтөт.
Демек, бүгүнкү күндө улуттук тил илимибиздин бир салаасы катары калыптанып келаткан «Кеп маданияты» предмети азыр эле жарала калган түшүнүк эмес экен көрсө! Ал элибиздин рухий турмушунан эчен кылымдар бою эле бекем орун алган, «элдик билим» деп аталган тарыхый айрыкча бир көрүнүш десек жаңылышпайбыз.
Анын үстүнө, сөз билген чечендердин ар бир сөзү элдик накыл кептерге бай, таалим- тарбиялык күчү мол болгондуктан, алардын ар бир айткан сөзү макал-лакапка айланып, элдик афоризм болуп, эл оозунан түшпөй калган. Алар элдин энчи болуп, кан-жанына сиңген. Ошондуктан да, Ж.Баласагын бабабыз таасын айткандай, «элдин накылы-элдин акылы» болгон ал афоризм сөздөр, накыл кептер урпакка таалим-тарбия берүүдөгү көрөгөч акылман ой, негизги курал болуп калган.
Ушундан улам накыл кептин башаты болгон элдик чечендик сөздөрүбүз — элибиздин кеп маданиятынын өзгөчө баскычы болуп санала тургандыгын белгилебей коё албайбыз. Анткени элибиздин накыл сөздөрү — бир саптан кашыктап чогулган макал-лакаптарынан тартып, поэзия океаны болгон «Манаска» чейин, көркөм сөздүн күчү менен эрки ырга айланып, ал элдик көөнөрбөс казынанын кенчине айланган. Ал эми элдик поэзия океаны «Манастын» да күчү — сөздүн күчү экендиги талашсыз.
«Манас» демекчи, ал — көлкүп жаткан сөз бермети го, чиркин! Ошончо көлөмдөгү улуу, дүйнөдө теңдешсиз сөз берметин ушу биздин ак калпак кыргызыбызга эгедер кылып койгонун карачы, жараткандын! Андыктан, кыргыз тилибиз — дүйнөлүк деңгээлдеги коммуникациянын куралы боло албаса да андай улуу тилдер менен өзүнүн рухунун байлыгы жана күчү менен теңдеше аларында шек жок!
Бабаларыбыз Асанкайгы менен Жайсаң ырчы, Кетбука менен Жээрен чечен, Баласагын менен Махмуд Кашкарынын, Калыгул менен Арстанбектин, Нурмолдо менен Тоголок Молдонун, Молдо Нияз менен Молдо Кылычтын, Токтогул менен Барпынын керемет сөздөрүн эстейличи. Алардын айткан ар бир сөздөрү, андагы уюткулуу ойлору тоолук элдин адеп-ыйманынын чен-өлчөмү болуп, «оозеки мектеби» да, «оозеки китеби» да болуп, кылым карыткан кыргызымдын оозунан түшпөй калганы өзүнчө бир керемет ко.
Элибиздин эсинде керемет кеби менен калган Кыдыр аке, Садыр аке, Мойт аке, Сарт аке, Тилекмат аке, кечээки эле Мамбетаалы чечен менен Көкөтөй чечендер не деген адамдар эле.
Алар элдик дидактиканын идеяларын алып жүрүүчүлөр дагы жана аны андан ары байытуучулар дагы болушкан. Ошондой улуу сөз чеберлери элибизде көп болгондон улам да элдик накыл кептин казынасы бөксөргөн эмес, тескерисинче, күн санап байып, мазмуну тереңдеп отурган. Тоолук элибиздин акыл-эси улуу жазуусу өнүккөн элдердин хроникалык жазууларынан кем калбаганы ошондон экен да, бүгүнкү күндө да, кийин да элибиздин оозунан түшпөй, улуулардан калган үлгү, элдик керемет кеп кыргыз баласы жер үстүндө жашап турса өчпөй, жаңырып айтылар; кыргыз адеби менен ахлагынын чен-өлчөмү болуп, анын жыйынтыгы — «улуу сөз илими» деп аталган улуттук фольклорубуздун көөнөрбөс мазмунун толуктап турар. Ал илим элибиздин «фольклордук педагогикасы» илими деп аталууга толук акылуу.