РЫСБАЕВ Сулайман: СУЛАЙМАН РЫСБАЕВ: БАЛДЫРХАН

ТЕЛЕВИЗОР КӨРГӨН ООЗ

Кечинде телевизордо кызыктуу кино болду. Жомок экен. Балдар баары уктабай көрүп отурушту. Садыр гана кээде үргүлөп кетип, кайра ойгонуп кетет.

Аны көргөн агасы Сабыр ийнинен тартты:

—  Эй, сен уктап жатасыңбы?

—  Жок, көрүп атам…

—  Эмне, оозуң менен көрүп атасыңбы?

—  Жок…

— Анан эмне көзүндү жуумп, оозунду ачып отурасың…

«АТАМ АПАМДЫН БАЛАСЫ»

Кичинекей Бектен сурадым:

—  Бек, сен кимдин баласысың?

—  Атамдын…

— А атаң кимдин баласы?

—  Атам?.. Атам… апамдын балачы…

«ЭКӨӨБҮЗ ТЕҢБИЗ»

Элнуранын маңдайкы эки тиши түштү. Ал үчүн бул чоң окуя болгонсуду.

— Менин эки тишим түшпөдүбү!.. — деп ар кимге көргөзүп чыкты.

Чоң энеси Алимандын да мандайкы эки тиш жок эмеспи.

Аны көрүп Элнура минтти:

— Эми биз чоң энем экөөбүз тең болуп калдык…

ЭКИ БИР ТУУГАН

Короодо мотурайган эки бала ойноп жүрүшүптүр. Экөө  абдан окшош экен.

– Эй, бул сага ким болот? Бөбөгүңбү? — дедим улуусуна, жанынан өтүп баратып.

— Ооба, — деди ал такалбай, — бул менин бөбөгүм. А мунун атасы — менин атамдын бөбөгү…

СААТТЫН ЧЫКЫЛДАГЫНЫН СЫРЫ

Казыбек жумушуна кетип жатып, колуна тагынчу саатын таппай калды.

– Аны Айдар билет…–деп аялы эки жашар уулунун чөнтөктөрүнөн издеп кирди.

– Чаат… чок!..

Атасы шашканынан саатынын табылышын күтпөстөн, ишине кетти. Айдар болсо саатты  көрсөтпөй  катып алып, үйдүн артына барып, колуна балканы алды да, «чыкылдаган» неменин сырын билмекке балка менен бир чапты. Айнеги «шыңгыр» эте күбүлүп түштү. Саат дагы деле чыкылдай берди. Балка менен дагы бир чапты эле, капкагы ачылып, экиге бөлүнүп калды. Тыңшаса, дагы деле «чыкылдайт». Таңгалган Айдар эми мык менен пружинасын чубады. Ошондон кийин гана саат чыкылдабай калды.

Эми анын эмне үчүн  «чыкылдап» жатканынын сырын тапкансып, ыраазы боло өйдө турду.

МӨНДҮР

Жайлоодо бир күнү мөндүр жаады. Жердин бетине ак момпосуй төгүп койгонсуп, бармактай мөндүрлөр жайнап калды.

Аны көргөн Бекзат мынтет:

– Чоң ата, мынча мөндүрдү асманда отуруп алып ким томолоктойт?

«МЕН ДАГЫ ЧАРЧАДЫМ…»

Такунун мурдунун көк суусу акканы качан калар экен? Бешке чыгып калды го. Эми эле тазаласа, эми эле кайра булайып агып чыга келет. Анда ал чөнтөгүндөгү бет аарчысын унутат да, жеңи менен аарчый салат. Ошенте берип, жеңинин какмар болуп жүргөнүн да байкабайт. Ойной берет.

Аны көрүп апасы  минтти:

— Э, Таку, сени мурдуңду тазала деп жүрүп чарчадым го, капырай.

Анда Таку кебелбей:

— Апа, а мен мурдумду тазалай берип чарчадым…

КУУРЧАГЫМДЫН БУТУ ҮШҮДҮ

Эртең менен болчу. Үй суук эле. Апасы Айгеримди кийинтип, чай берди да, мешке от жагууга кетти. Бир аздан соң келсе, Айгеримдин бутундагы жылуу байпагы жок. Апасы кызынан сурады:

—  Э, кызым,  жылуу байпагынды неге чечип таштадың? Бутуң үшүп калбайбы, кызым?

Анда Айгерим;

— Байкуш куурчагымдын буту үшүп калыптыр, кийгизип койдум…