СААЛАЕВА Гүлмайрам: ГҮЛМАЙРАМ СААЛАЕВА: КУЙРУК

АҢГЕМЕ

— Мы-ы-на, сага!

Жаңы эле соткасынан кимдир бирөө менен сүйлөшкөн Кумаркүл, диванда чалкалап телевизор тиктеген күйөөсүнө карай деп калды:

— Бейшебай иниң 7-ноябрга 60 жылдык тоюна чакырып жатат.

— Чакырса барабыз да,- деди тигиниси камаарабай.

— «Байа калганга» эле даярсың, акчаны кантебиз? Ага чейин  эки той, эки ашка барабыз. Осмондун особнягы он жылда араң бүтүп, там той өткөрүп атса деп ага 4000 коштук. Эми эки ашка 3 миңден — 6 миң, эки тойго 5 миңден — 10 миң алып барыш керек. Анан Бейшебайыңа 5 миң? Кыш-күрөө жакындап келатат. Тапкан тергенди той-ашка берип эле жылаңач калабызбы?

— Мынча эмне эрте чакырып жатат, бир айдан ашык убакыт бар турбайбы?- деди күйөөсү.

— Акчасын эртерээк камдап алсын деп жатат. Азыр элдин баары саресеп болуп калган. Тойго канча кетет, канча түшөтүн эртелеп эсептеп-чоттоп, ким келет, ким келбейт, ким канча апкелээринен бери болжоп коет.

Кумаркүл кудай момун күйөөсүнөн үн чыкпаарын, баарын даяр кылып туруп, бас эми деп алдына салса жөнөп берээрин жакшы билет. Кучунашы кармай түшсө, “барбайм”,- деп  чалкасынан кетмейи да бар.

Эркек мүнөздүү тарсылдаган бул аял күз келээри менен башталчуу той-аш кампаниясына  даяр эле болуп тургансыган. Кудайга шүгүр, куйрук тартылаар куракка жетип калса да иштеп, орто маяналуу кызматы бар. Нарындын шарты менен пенсияга чыккан, анысы бюджеттик мекемеде иштеген уулунукунан жогору. Батмандап таап жаткан балдарынан акча сурабайт. Бирок чу дегенде эле мынчалык удаама-удаа чакырыктар болуп кетээрин күткөн эмес. Азыр “рингге” чыга электе эле «ногдаун» кеткен мушкердин абалында турат.

Бул ишембиде эң кичүү инисинин келинин төркүлөткөнчө куданын алдына барышат. Барбай коюуга дегеле мүмкүн эмес. Өзүнүн айлык маянасы  тиерге көп бар. Эки небересинин туулган күндөрү да удаа келатат. Алар сөзсүз тайенесинен белек күтүшөт.

— Эмне кылса экен? Балдарым батмандап табат дегени менен, алардын да өздөрүнө чак түйшүктөрү бар. Берген күнү да: «Силер конок үчүн эле жашайсыңар, тиги той, бу той, конок жесин, тийбе, конок кийсин, бизден коногуңарды жакшы көрөсүңөр. Салынуу кашык, Кыш койгон кышын алат, таш койгон ташын алат, Бергендин алмагы бар, силерге да келет дей бересиңер,- дээр.

Кумаркүлдүн эсине өгүнү кичи автобустан көргөн  жарнама түштү. «Тойго барыш керек болуп жатабы? Бирөөдөн акча сурап, басынба. Алтындарыңды алып келип тапшыр да, акча алып кет»— деп аягына эки, үч телефон номурларын бериптир. Ал номурлардын бирин телефонуна “Алтын” деп сактап койгон эле.

Апасынан мураска калган чоң алтын шакегине, кыздары тартуу кылган жоон алтын чынжырын кошуп алып Ломбардга барды Кумаркүл. Боор эти менен тең болуп калган кымбат буюмдарынан биротоло айрылчудай кыйналса да, тапшырды. Үстөк пайызы деле анчалык чоң эместей, 21 миң сомду бекер бергенсип, «бул жакшы неме турбайбы, буюрса, эки айга жетпей чыгарып алам да», — деп жолуна түштү.

Эртеси эле эки кичи автобус жалдап, 25 киши Нарындын «8-Мартына» кудага жөнөштү. Эмнегедир элет жеринде ушундай дасторкон жасалат деп ойлобоптур. Жөн эле түркүн дүйүм даамдан көз адашып, үстөлдүн бели ийилет. Шаардагы жашылча-жемиш бул жакта деле толуп туруптур. Айылдык келиндер кыйын деген чын, кечинде койгон салатын эртең менен койбой, кайсы маалда жасап үлгүргөндөрү белгисиз, эртең менен баарын жаңыртышыптыр. Буту-бутуна тийбей, колу-колуна тийбей тызылдап тейлеп да, ырдап да, бийлеп да жүрүшөт. Баары эле артисттерден кем эмес ырчы экен. Баргандан келгенге чейинки эки суткада куданыкынан башка дагы үч-төрт үйдөн түштөндүрүшүп, бир тай, канча кой жеп жиберишкенин эсептей албай адашып деле калышты.

Кумаркүл эки куйрук алып ийүүгө үлгүрдү. Төртүнчү үйдөн эптеп куйруктан башка устукан алууну ойлонуштуруп, төрдөгү балпайган байбичеге назар салып отурду. Эмне деп эбин тапса экен? Аңгыча колго суу куюлуп, эт тартылчуу маал келди. Караса, куйрук дагы эле Кумаркүлгө келатат.

— Жоо-жок, келгенден бери эле куйрукту мен алып жатам. Мынабу төрдө отурган чоң кудагыйга бергиле,- безилдеп жиберди.

— Э, кокуй, ошондо болчу беле? Мен бул жактын кишисимин. Ал, алагой, өзүң эле,- деди байбиче да ыргып, секирип. Ары-бери түрткүлөп жатышып, акыры куйрукту байбичеге тартышты.

Кумаркүлдүн «куйрук албайм» деп безилдегенинин да жөнү бар: кудайдын кулагы сүйүнсүн, барган жеринде эле куйрук тартыла берип, келини Айкыз:

— Апа, куйруктарды бир жакка жоготпойсузбу, холодильникте орун жок калды, салат-малаттын бардыгы ачып жатат,- деп маселени кабыргасынан койгон.

Куйруктарды сызгырса, сызыгын да, майын да карап коюшпайт. Илгери сызыктан балдарына оромо кылып куурма чай, камырга кошуп сызык нан жасап жешчү. Майын суу майга аралаштыра боорсок жасаса, даамын, жумшактыгын айт. Балдарынын кабыргалары каркайып, кайырмакка илээр майлары жок, тамактарына май түшүп калган болсо, оозун тиштеп алчудай, дароо сузуп чоң эненин чынысына салмай.

Зуулдаган «Спринтерде» кудадан эки куйрук баш болгон, эки пакет чирээлеген устукандарын артынып, ырдаган-чоордогондордун арасында  келаткан Кумаркүлдүн оюна дагы эле куйрукка байланышкан бир окуя түшүп, бырс күлдү.  Келини экөө ошентип куйруктун кебин кылып отурушса, шанаңдап небереси Алинур келиптир мектептен, колунда сары пакет.

— Мама! Тетя Шааркан нам много-много мясо дала,- дейт пакетти сунуп.

Карашса, семиз койдун куйругу менен жамбашы экен (Шааркан булар жашаган үйдөгү экинчи кыргыз үй-бүлөнүн келини, кайнатасы согуш ардагери). А дээрге алы келбей, ыкшып күлүшкөн чоң энеси менен мамасын таң кала тиктеп, оозун аңырдай ачып,  туруп калды Алинур. Аны сөөмөйү менен көрсөтүп алып тиги экөө ого бетер ыкшыды.

Машинадан түшөөрү менен эле подъезддин кире беришинде отурган кошуналары баягы Галя менен Валя:

— Ан-нука, расскажите, кайсы тойго бардыңыз, канча алып бардыңыз?- дешти жарыша.

— Телевизор койсоң эле айлыгыбыз аз, пенсиябыз аз, өкмөт жардам бербейт, кара нан, карандай чай менен отурабыз деп ыйлайсыңар. Анан тойдон калбайсыңар. Көчөгө чыксаң карыш сайын кафе, ресторан. Бардыгы толтура, машинадан өтө албайсың… — сайрай башташты тиги экөө.

— Деги бир тойго канча акча кетет?- ток этээр жерин сурады,экс-эсепчи Валентина Николаевна.

— Ар кандай, Валя. Кишинин санына жараша, той ээсинин капчыгына жараша, беш миң доллардан он миң долларга чейин жумшалат.

— Ого, мен мындай акчага шаар сыртынан жомоктогудай үй сатып алмакмын,- деп койду ал баш чайкай.

— Өхх,- дей көчүк басты алардын жанына Кумаркүл, баштыгын чукулап тигилерге боорсок-соорсок алып берди.

— Спасибо, я бурсаки люблю,- деп койду Галя.

Оюн топтоп, тиги экөөнүн үстөккө-босток берген соболдоруна жооп айткысы келди Кумаркүлдүн. Бирок дароо эле кайра туруп жөнөдү.

Ал, тойдон чарчап келаткан.