САБИРОВА Барно: БАРНО САБИРОВА: «ЖАНА»

АҢГЕМЕ

Ал буга чейин оюна да алган эмес. Бир эле сөз анын тагдырын өзгөртүп саларын. Эми мындан ары кайсы кагазга кол койсо да этиет болору бышык. Бирок бул жолкусу ал үчүн эстен чыккыс сабак, кала берсе да ачуу сабак болчудай. Азыр да ошол тээ мындан 3 жыл мурдагы окуяны эсине түшүрүп олтурат.

Бир нече жыл бою жыйган-тергендерин чогултуп, ичпей-жебей ушул темир тулпарды алышпады беле. Жык-жыйма базардан машинаны алып, аны тариздөөгө нотариус издеп жөнөп калышкан. Нотариуска барганда сатуучу менен кардар экөө тең паспорттору менен журналга кол коюп, машиналуу болгонунда нотариустун эмне деп айтканы эсинде да жок. «Сатты-алды деп тариздесек убакыт да көп кетет, анан калса чыгым да көп болот. Мен башкы ишеним катты жазып берем, анан үч жыл ичинде бирөөгө өткөрүп алып, кайрадан айдап жүрө бересиз», — деген сатуучу жигит эпилдеп-жепилдеп.

Аларман дароо макул болгон. Мына талаада ысыкта бешене терин агызып иштеп, мээнетинин акыбети кайтып, минтип машиналуу болуп отурат. Машина тандаганга аялын да алып барган эле. Анын да эмгеги бар. Ал деле айыл-апага көп чуркабай, эринин айтканы менен болуп, эрдин бекем кымтынып жыйынды да. Аялы айтмакчы алтын алдырган жок, башкаларчылап төркүнүнө да ташынбады. Эми аны машина сатып алганга алып барбаганда кимди алып бармак. Албетте, инисин да ээрчитип алды. Кантсе да жалгыз иниси. Иниси бардын ырысы бар демекчи, темир тулпарды иниси да айдап көрсүн, тияк-быягына чыгып карасын деген. Өзүнөн алты жаш кичүү иниси машинаны ага караганда жакшырак түшүнгөн сыңары.

Анан баары нотариуска барганда башталыптыр, көрсө. Ага эми акылы жетти.

– Болгону, өзүңүз эле кожоюн болосузбу же дагы бирөөгө жазып коелубу? Эгер мисалы, конокко барып мас болуп калсаңыз, машинаны айдап келүүгө  бириңе керектир… — дегенде ак көңүлү кармап калып:

— Ооба, туура. Ошентели, — деп дароо макул болгон. — Иниме да жазалы. Анын атына да ишеним берели, — деп кубанып кеткен.

Ошондогу ак көңүлдүгүнүн азабын эми тартып турду. Мындай  шашылыш акча керек болуп калса, автоунаасын тезинен сатып жиберери түшүнө да кирген эмес. Анан калса, машинасын жанынын ары жагында көрчү. Аялы да ар качандан бир качан:

— Ой, ушул күндөшүмдүн азабы өттү. Мен жаңы көйнөк кийбесем кийбей калам, күндөшүмө темир-тезек, май-сай сөзсүз керек, — деп калчу.

Мындайда, аялынын кыжырына тийбеш үчүн алдын ала айлыгын алып келип берип, барчу жагына жеткирип, анан бир ыгын таап айтчу, машиненин бир жерин усталарга көрсөтүш керектигин. Муну да көбүнчө аялдын зарыл жумушу чыгып, төркүнүнө бараткан жолдо айтса, көңүлү элеп-желеп болуп,  ой-дитинин баары  туулган айылы болуп турганда күйөөсүнө да көп каяша айта албайт. Аргасыздан макул болот.

«Турмушуң эшек араба, туулдуң калдын балээге» демекчи, эми минтип аялынын төрөтү оор болорун айтып, медиктер жүрөк үшүн алышты.  Жигиттин дүйнөсү аңтар-теңтер болду да калды. Операцияга өтө эле көп акча керек. Же жыйынып койгон башка байлыгы жок. Бир эле ылаажы бар. Мындайда, машинасын аяйбы? Сатса сатып деле жиберет. Өзү отузга келгенде араң жеткен көлүгүн сатса, аялы төрөгөндөн кийин кайра сатып алаар. Ал теңдүүлөрдүн көбү машинасы жок деле жүрүшпөйбү. Албетте, астынан шамал өтүп, дөңгөлөгү чимирилип турганына не жетсин, бирок башка арга жок. Ойлонууга деле чоло жок.

Дароо баягы нотариуска барды. Нотариус кудум бул кагазды биринчи көрүп аткансып, аябай үңүлүп карап турду да:

— Паиз кайда? — деп сурады, — Аны чакыртыш керек. Ал ким эле?

— Ким болмок эле, ал менин иним. Чет өлкөгө иштеп кеткен. Кеткенине эки эле ай болду. Аял алып, аялы менен кеткен, жолдоруна араң тыйын таап. Жумушка киргенине деле эки жума араң болду окшойт…

— Чакыртпаса болбойт. Ишеним катта жазылып турат. Бул машинаны башка бирөөгө сатууга сиздин жана иниңиздин укугу бар. Бириңер экинчиңерсиз сата албайсыңар.

— Кандайча, машинаны мен сатып албадым беле? Менин акчама алынган. Инимди жөн эле мас болгондо сени ташыйт деп айтпадыңыз беле…

— Сураш менин милдетим. Ошентип айтсам макул болгонсуңар да, туурабы? Же мен сурабай туруп жазып салдым беле. Чакыргыла, бүттү. Ансыз сата албайсыңар. Башка жол жок.

Эми айласы чындап куруду. Инисин чакырса, келсе келип деле кетет. Бирок анын келип-кетиши эле машинанын жарым акчасы болуп атпайбы?

Айласыздан машинасын калдыратып, ооруканадан кайтты. Эми аялынын көзүн кантип карайт? “Жаным көзүмө көрүнүп жатса, ошол темириңди аядыңбы”,- дээри бышык. Анан калса, дайыма эле ушул машинадан кызганып турчу эмес беле.

Кечинде иниси жана келини менен сүйлөшкөнүн эстеп кыжыры келип турду. Эмне эле бул жаш келин кайын агасынан тартынып койбойт. «Машинанын тариздесеңиз, жарым акчасын бересизби? Ал Паизге да тиешелүү турбайбы»,- деп тыкылдаган. Анын баарын качан түшүндүрмөк эле. Ушул инисин үйлөгөндө тапкан тыйын-тыпырынын баарын сарптап, тойдун чыгымынын дээрлик баарын көтөрбөдү беле. Эми кантип жаңы келин эсептешип калат дегенде ичиркене түштү.

Чарчаганынан чечинбей эле төшөккө кыйшая түштү. Уктап жаткан. Түшүндө машина саткан жигитти издеп жүрөт. Ал караандатпай качып жүрөт. Кыйкырса үнү чыкпайт. «Өткөрүп берчи, ишеним каты жок эле». «Жана» деген сөз жанга батты деп түшүндүрөйүн десе, үнү чыкпайт. Анда машинаңды кайтарып ал десе, ого бетер оолактап качып баратат…

Эшик тыкылдады. Эми көргөнү түш экенине бир чети сүйүнүп кетти. Чындыгында эч кимди күткөн жок эле. Дарбаза кычырап ачылып, аял киши баш багып, дароо эле сөзгө кирди:

— Азыр жүрүңүз, болуңуз батыраак. Мынабу машинаны биротоло өткөрүп алыңыз. Болбосо анын мойнунда машиналары көп болуп, салык инспекциясы кысып жатат. Айтыңыз, машина сиздики экенин… Салыгын да өзүңүз төлөңүз… Салыктан качып, ишеним кат алып жүрө беришет, азабын менин жолдошум тартат. Болуңуз батыраак.

Күтүлбөгөн бул сунуштан да, үч күндөн бери тарткан машакатынан да дароо эс-акылын жыя албай шашып калды. Бул чынында, көктөн издегени жерден табылгандай кеп эле да. Эми мигрант болуп кеткен инисинин да макулдугунун кереги жок болчу. Эми сатса, да эч кимден бир ооз уруксат сурабайт. Мындан ары «жана» деген бир сөздү өтө кылдат колдонуп, деги эле ушул сөздөн оолак болгусу келип турду. Нотариусту эми желкесинин чуңкуру көрсүн. Машинасын сатса да бирөөгө башын ачып сатып, «жана» деген сөз менен азапка салбайт. Машинасы менен мындан үч жыл мурда машина саткан кожоюндун үйүнө барганда, чын эле машиналар токтотулчу чоң короону салыкчылар мөөр басып кулпулап салып, кайсы бир кагаздарды толтуруп жаткан экен. Сатуучу бала ага “чын эле ал машиналар сатылган, алардын салыгын мен төлөй албайм”, — деп  убараланып жатыптыр.

Салыкчы:

— Бул машина сиздикиби же убактылуу айдап жүрөсүзбү? Машинанын ээси ким? — дегенде:

— Машинанын ээси — мен, эч кандай «жана», «же» дегендерди билбейм. Айткыла, салыгыңарды… бир машинага үч жылдын салыгы канча болот экен?- деп кызыга сурады. — Өзүм эле төлөйм, машина меники.

Салыкчы:

— Сиз каттоо кызматы аркылуу өзүңүзгө өткөрүңүз! Ошол жерден баарын эсептеп беришет.

Дароо эле темир тулпарына минип, сатуучу жигиттти коштоп ал жакка барышты да, дароо сатып алуу-сатуу келишимин түзүштү. Келишимдин ар бир үтүр-чекитине үңүлүп карап, ал жерде «жана» деген сөз жок болду бекен деп издеп жатты. Эптеп эле машинаны өзүнө өткөрсө болду, анан кайра бирөөгө сатып жиберет. Аялына да ооруканага бара албай бушайманданып жатты. Төрөлө элек баласына керек болуп жатса, темирди аямак беле. Келген кардарга дароо өткөрүп берет.

Нотариуска барышты. Машинаны мурда саткан жигит буга чейинки ишеним катты чакыртып алып, эми жигиттин атына өткөрүп берди. Аялына жумшайм деген акчасы чыпчыргасына чейин короду. Машина базарды көздөй жөнөдү. Мейли, эми машина сатылса эле баары чечилет. Ушул ой менен баратып, уйкусу келгенин сезди. Сыртка чыгып таза абага сергип, машинасына кайра олтурду да жаңы эле алган документине үңүлө карай берди.

Көзү жабышып, кантип уктап кеткенин да сезбеди. Бир кезде аны чөнтөк телефондун жаңырганы ойготту. Чочуп кетти. Машинанын ичи ысып кетиптир. Телефонду караса — бөтөн номер.

— Байке, сүйүнчү! Уулдуу болдуңуз. Мына келинчегиңиз менен сүйлөшөсүзбү?..

Эмне дээрин билбей туруп калды. Телефондун ары жагында жаңы төрөлгөн баланын ыңаалаганы угулду. Аялы күйөөсүнө:

— Эч кандай операциясыз эле төрөдүм. Убара болбо, машинаны сатпай эле кой. Калтырган тыйыныңды сүйүнчүгө таратып бердим. Камтама болбо. Машинаны сатпа, эми машина менен жалгыз мени эмес, уулубузду кошо багышың керек, — деп дагы бир топ нерсени бежиреп жатты.

Жигит сүйлөй албай турду, анын тамагы буулуп, көздөрүнөн ылдый кантип жаш куюлуп кеткенин сезбей турду.

Аялынын сөздөрүнө «и-и… и-и» дегенден башка жооп таппай турду. Телефонго кыска билдирүү түштү. Окуп көрдү. «Мен 2 жумага алган айлыгымды салып жибердим. Машинаңызды сатпай эле койбойсузбу. Тыйын керек болсо дагы жиберем. Ал машинада менин бир тыйын да акым жок».

Салынган акчанын коду деп сегиз орундуу санды жазыптыр, акчанын суммасын көрүп да таң калды. Дагы бир кыска билдирүү түштү. «Мен машинадан баш тарткан кагазды жөнөтөм,- деген.

Жетине албай турду.

Инисине чын пейилден ыраазы болду. Телефондон “Инилүү болдуң, мен ата болдум”,- деген кыска билдирүү жөнөттү.

Эгер машинаны мындай оңой тариздебегенде, «жана» деген сөздү албай эле коймокмун деп ойлоду. Инисине да машина алганга жардамдашсам болор эле деген ниет кылды.