САДЫРБАЕВ Дооронбек: ДООРОНБЕК САДЫРБАЕВ: КЕРЭЭЗ

АҢГЕМЕ

Жакында бир укмуштуудай кат алдык. Бизге кантип жеткенин билбейм, ичин ачып көрсөк, мындан бир жыл мурун жарык дүйнө менен кош айтышкан курбум Абдыракмандан экен…

«Ассалом алейкум, Нурлан дос! — деп жазыптыр ал. — Бул катты өткөн жылдын кеч күзүндө ажалынан мурун мүрт кеткен досуң Абдыракмандан деп бил.

Досум! Мен сага о дүйнө, бу дүйнө ыраазы экенимди билдире албай жүрдүм эле, эми минтип ыгы келип калганы ырас болбодубу… Сенин: «жөлөгүмдөн айрылдым» — деп өбөктөп калганча өкүрүп батага келген жаш-карынын баарын өңгүрөтүп ыйлатканыңа, табытта жаткан менин да сай-сөөгүм сыздап, тирүү кезимде сенин баркыңды мынчалык билбегениме катуу өкүнгөм.

Ошентип, силер мени көөмп кеттиңер. Арадан жарым саат өттүбү, өтпөдүбү — билбейм, айтор силер катар отуруп чабдар бээнин этине киришкениңерде, аңкүр-мүңкүрдүн соттору мени какайтып тургузушуп алып, сурагына киришишкен. Алар, сурагын дароо эле бүтүрө салышканы менен, ошондон бери ары сүйрөп, бери сүйрөп жүрүп, өкүм чыгарышканына бар болгону бир гана айдын жүзү болду. Анткени, ошондогу соттордун биларманы: «Бул мусаапырды бейишке жиберейии десем, тиги жарык дүйнөдө жүргөндө, дегеле эч кимге жарытылуу жакшылык кылбаптыр!» — деп келатса, берки жардамчылары: «Бирок тозокко айдагыдай бул бечара тиякта жүргөндө да эч кимге жамандык кылбаган көңүлчөөк бир момун эле да»,— дешип каршы чыгышты. Бейишке жиберүүгө биларман-сот көнгөн жок.

Акыры эки жак бир пикирге келе албаган соң, менин ишимди ошол кезде отпускада жүргөн соттордун соту — аксакалдын кароосуна өткөрүп берүүнү туура табышты. Аксакал отпускадан келер замат эле менин ишимди карай койгон жок. Анткени менден мурдарак шор баскан тагдырларын көтөрүп алып, өкүм күтүп жүргөн далай макулук бар экен. Алардын баарын териштирип бүткөнчө, жана өзүңө жазгандай, бир жыл бою сандалып, аксакалдын аялы Кызыл ооз-кийме чач айымдын майда барат кызматын кылып, эптеп күн көрүп жүрдүм. Анан менин тагдырым да чечилди. Аксакал тигил да, бул да жардамчысынын сөзүн эки кылгысы келбеди көрүнөт: «Бул макулукту тозокко да, бейишке да жибербей, ушерде эле арабөк калтыралы. Биздин кызматыбызды кылып жүрө берсин» деп бүтүм чыгарды.

Азыр аксакалдын машинасын айдаган шоопурумун. Аксакал өзү дайыма кызматына жөө барып, машинасын көбүнчө Кызыл ооз-кийме чач аялы минет. Күнүгө дүкөндөрдү кыдырат, күн алыс төркүнүнө барат, кээде жөн эле эч ким жок ээн талаага чыгып машине тээп, ойноп келебиз. Мурдагы күнү кожоюндарым: силердин айылдык Жумабек деген карыяны суракка алышып: «Жаш кезинде далай ургаачынын көз жашын көлдөткөн шумпай неме болчу, муну тозокко жиберели!» — деп калышты эле, аны көөмп жаткандагы сенин «таякем эле таякем» — деп ыйлаганыңан улам жек-жааты болуш керек деп ойлоп, Кызыл ооз-кийме чач айымды ортого салып, бейиштин өзүндө болбосо да берирээктеги орто алышка мурап кылып орноштуруп койдум. Сенин жөн-жайыңды да ошол Жумабек карыя айтып берди.

Менин бала-чакама кез-кезде каралашып турат экенсиң,— аныңа рахмат.

Жаңы үй алыпсың — мунуң да жакшы. Жакында машина сатып алганы жүрөт дейт, мунуң жакшы эмес дос. Менин сага кыяматтык досуң катары айтаар керээзим: машине алам деген ойду жадыңдан чийип ташта! Кокус тилимди албай машина алсаң, он гүлүңөн бир гүлү ачыла элек аяштын кырчын бойдон жесир каларын ойлонгун! Мен ошол жагын учурунда ойлонбой, минтип ойрондолуп отурбаймынбы. Өзүң билесиң, жарык дүйнөдө экенимде мен дагы бир мекеменин ортон колдой кызматкери элем. Жоро-жолдош, тууган-урук жагынан да өксүгөн жан эмесмин. Өкмөт отун-суусу белен үч бөлмөлүү үй берип, анын ичине эл катары эмерек-семерек да курап алган элек. Анан кайдагы кара шайтан сайганын билбейм, айтор аяшың экөөбүз тең бир убакта «Машине сатып алсак!» — деп оолугуп калыппыз. Көп узабай күлгүн түстөгү «Жигули» деген машинелүү болдук. Аны алып келген күнү башка ылым санашкандар менен кошо жарым түнгө чейин аяш экөөңөр да кошо жуушпадыңар беле. Анан таң атканча мен силерди жаңы «Жигулиге» отургузуп алып үй-үйлөрүңөргө жеткизип келбедимби… Ошондон тартып мени балакет-мээнет буту-колумдан ороп-чулгап чырмап алды. Ошондон тартып, менин жоро-жолдош, жек-жаат, тууган-уруктарымдын жөө жүргөнү мындай турсун, автобус, троллейбуска түшкүлөрү да келбей калды… Кадам жерге болсо да:

— Абыке, жеткирип койчу! — деп эле жалдырап турушса, кантип жок дейм. Жеткирип жүрдүм.

Бир күнү биздин бөлүмдүн башчысы:

— Баатыр, тулпарыңдын туягын качан сынатасың? — деп калды.

— Качан кааласаңыз, ошондо.

— Анда, бүгүн Токмокко — жездемдикине барып келбейлиби?

— Барса, барып келели…

Токмоктон эртеси келсек, өзүм менен столдош отурган курбум Кеңеш:

— Абыке, бир жолдоштук кылып Таласка алып барып келбесең болбойт. Көздөй көргөн, жападан жалгыз таятам бар эле, ошо пендечилик кылган экен деп жашып кетти эле, жок дегенге даабадым. Таласта үч күн жүрүп келсем, аяшыңдын көз жашы он талаа болуп ыйлап отуруптур.

— Эмне болду, тынччылыкпы?

— Атам катуу ооруп жатыптыр!

Үйдөн даам татууга буямам келбей, «Жигулини» зуулдатып Жети-Өгүздү көздөй жөнөдүм. Бозого тоюп келатып аттан жыгылып колун кокустатып алганы гана болбосо, кайнатамдын ден-соолугу азырынча түзүк экен. Эртеси кайнатам, кайненем болуп, анын сасык тумоолоп, ноокастап калган кудачасын көрүп көлгени Тогуз-Торого бардык… А жерде айыл-ападагы жек-жааттарды ташып келип, эт желгенден кийин аларды үй-үйлөрүнө жеткирип, тоо этегиндеги булактан суу ташуу милдети да менин мойнумда болду.

«Мынчалык келгенден кийин биротоло учураша кетели» — деп аерден түз эле Алайдагы кудаларды көздөй жол тарттык. Ош, Ала-Бука, Таш-Көмүр, Суусамырды аралап бир жарым ай дегенде шаарга келсек, аялым экөөбүздү тең кызматтан эбак эле чыгарып коюшуптур.

«Эчтеке эмес, кызмат жерге кирсин! Кызмат табылат, тууган табылбайт» — деп бизге көңүл айтканы келгендерди үйлөрүнө жеткизип жүрүп дагы бир ай өттү. Ошентип жүрүп суук тийгизип алыпмын, төшөккө жатып калдым. Муну уккан жоро-жолдошторум, тууган-уруктарым үзбөй келип, алымды сурап кетип жатышты. Бир күнү түшкө чейин жамгыр жаап, түштөн кийин карга айланып, аалам алай-дүлөй болуп турганда Кум-Арык колхозунун чабанына турмушка чыккан ортодон үч эле ата өткөн Сырга деген карындашым, эмчектеги баласын көтөрүп, 3 жашар кызын жетелеп атайы менин табымды сураганы келиптир. «Ушундай борошого карабай убарагерчилик тартып келгенин кара! Боор чиркин түткөн эмес экен» — деп ичимен ыраазы болуп коём.

Тамак ичилгенден кийии карындашым «кетсекпи?» — дейт. «Конуп алып эртең чыккыла!» — десек, күйөөсү базарга кетип, бир короо койду 12деги баласы гана көзөмөлдөп калганынан санаасы тынбай турганын айтат. Алиге чейин алардын колхозуна автобус каттай элегин каңкуулайт. «Машинеңиздин жыргалын кайындарыңыз эле көрө береби же биз да бирар жарым жолу түшсөк болобу?» — деп өпкөлөгөнүн билгизет.

Айла канча? Карындашымды балдары менен отургузуп алып Кум-Арыкты карай жонөдүм. Этим күйүп-жанып, тишим шакылдайт. Көзүм ала чакмак. Эптеп Кум-Арыкка да жеттик. Алардын короосу айылдан ары беш чакырымдай тоо жакта экен. Бирок ошол беш чакырымга айдоо менен барганы жаман болду. Айылдан бир топ алыстай түшкөндө машинем баткакка батып ордунан жылбай туруп алса болобу. Карындашым балдары менен машинеде отурат. Анан ушундай бороондо сыртка кантип чыгышмак эле. Тобокел деп чечинип таштап, айдоонун четиндеги ок арыктан козудай-козудай сүйрү таштарды көтөрүп келип машиненин жолуна тизип атып беш саат дегенде араң чыктык…

Карындашымдын «чай ичип кетиңиз» — дегенине көнбөй, кайра тарттым. Кантип келатканымды билбейм. Дем алсам оозу-мурдуман от чачырайт. Көзүм чанагынан чыгып, мээм болкулдайт. Жол көзүмө бир көрүнсө, бир көрүнбөй күйүп-жанып келатам. Бир убакта көзүм ирмелип кетиптир. Кайра ача койсом, жол боюндагы телеграф мамысы шуулдаган бойдон так маңдайыма жакындап келатканын бир билем. Башка эч нерсе эсимде калбаптыр. Анан силер, чабдар бээни союп көөмп салдыңар… Менин машинеден көргөн жакшылыгым ушул, Нурлан дос. Эми сенин да мен көргөн мүшкүлгө кириптер болушуңду каалабай өзүңө айтаар жападан жалгыз керээзим: машине сатып ала көрбө!

Кыяматтык досуң Абдыракман».