СООРОНБАЕВА Айсалкын: АЙСАЛКЫН СООРОНБАЕВА: АПАМА КАТ

Жаным апа! Жакшы, күүлү күчтүү жүрөсүзбү? Атам кандай жүрөт, ден соолугу жакшыбы? Бала-чака, небере-чөбөрө, тууган-урук тынчпы? Жаным апа, мени ойлоп сары-санаа тартып жүргөндүрсүз. Мен мынтип кырктын кырынан ашып, небере күтүп жатсам да сиз үчүн баягы эле кара-тору секлек кызмын. Ооба, сиз мени сагынып, саргая күтүп, отуруп-турган сайын жаман кызым алган жары менен эсен болуп, бала-чакасы аман болсо экен ,- деп кудайдан миң мертебе суранып, менин үй бүлөмдүн убайын тартып жүрөсүз. А менчи мен, ак сүтүңүздү берип чоңойткон, эч нерсеге теңдеши жок улуу, ыйык апа, сизди эстегенге убактым жок, көр тирликтин айынан талаа-түздө жүрөм.

Балдарым эл катары ичсин деп тамактын чүйгүнүн берем. Дос, жарынан калбасын деп дүкөндү түрө кыдырып, кийимдин кымбатын сатып берем. А сизгечи, түрдөп кийим сатып берген мындай турсун, айда-жылда бир акча которуп койсом, ак сүтүңүздү актагандай мардайып, көпкө чейин унутуп коёт турбайымбы. Эх таш-боор, мерез, эненин баркын билбеген көр пенде экемин. “Эне балам дейт, бала баламт дейт” деген макал төгүн жерден чыкпаган экен го. “Чыккан кыз чийден сырткары” дегендей, өз көмөчүмө күл тартып , өз тирилигим менен болуп жүрүп, убакыттын көзгө илешпей өткөнүн да байкабай калган турбайымбы.

Апа, мен бир аптадан бери ооруп, төшөк тартып жатып калдым. Оорум сыздаткан сайын сизди ойлоп, карааныңызга зар, мээримиңизге куса болуп жүрөм. Үстүмө үйрүлүп түшүп, “Садага болоюн эне кызым айраны көмө катыкталган кордодон ичип, тердеп жылуу жат”- деп жуурканымды кымтылап жаап, жанымда чарк айланып жүргөн сиз жок, өзүмдү ээн талаада жалгыз калгандай сезип, бугум ичиме батпай буюгуп, көөдөндө сизге болгон кусалык ээ-жаа бербей, көзүмдүн жашы он талаа. Азыр кимдир-бирөө келип, сага эмне болу? -десе эле баа деп, бакырып жарылчудай өпкөм-өпкөмө батпай эзилип турам.

Апаке, сиз ойлобоңуз, эмнеге жалгыз олтурат деп. Жалгыз эмесмин, жанымда күйөө балаңыз уктап жатат. Неберелериңиз менин тынчымы албайлы дегенсип секин шыбыраша сүйлөшүшүп, ара чоло кыткылыктап күлүшүп, интернетте олтурушат. Мен өзүм эне болуп, үч баланы тарбиялап эрезеге жеткирсем да, сизди эстегенде балдарыман өтүп, бала болуп көкүрөгүңүзгө башымы койуп эркелегим келет. Жаным апа, түмөн түйшүктү бир заматта бүтүрө калчу туурулган колдоруңуз менен чачыман сылап, “Сексейген жаман кызым барган жеринен баар таап бактылуу болсоң экен”- деп тилек кылып, мээримиңизди төгүп, бешенемен жыттаган күндөрдү сагындым. Өз үйбүлөм түгөл жанымда олтурушса да бир нерсе жетпегендей сагынычтан сабылып жүрөм.

Бул жетпеген нерсе – сиздин мээриминиз, сиздин алтын сөздөрүңүз го, апаке. Кээ бир күндөрү сүрөтүңүздү карап отуруп; «Садага болоюн апам» деп алам да, сиздин айтканыңызды эстеп кетем. Сиз, «Кой антип сүйлөбөгүлө. Менден садага кетпегиле, мен силерден садага кетейин жаман күчүктөрүм», — деп калчу элеңиз. Жада калса биздин сүйлөгөн сөзүбүздөн да чочулап, жамандыкка ыраа көрбөй, чарк айланып турасыз. Балдарыңыз үчүн отко-сууга түшө калганга да даярсыз. Жаным апа, жан дүйнөмдү буйуктурган бурганакты сизге кат жазып, кичсине болсо да баскым келди. Эч нерсеге теңдешсиз менин асыл заада апакем, сиздин карааныңыз эле мага тоодой жөлөк, түгөнбөгөн мүрөк. Сизге болгон сагынычты, кусалыкты ырлар менен дарылап, бугумду ырга айландырып жүрөм. Жаным апоов, сизди абдан-абдан сагындым.

Тоо башынан нурун чачып күн чыкса,
Апа, сиздин жүзүңүзгө төгүлсүн.
Түнү уктап, эрте менен турганда,
Алтын нурлар чачыңызга өрүлсүн.

Апакебай, жолуңузга саймалап,
Тулаң чөптөн килем жасап төшөйүн.
Ат арытып алыс жолдон барганда,
Таазим этип таманыңдан өбөйүн.

Канча кызмат кылсам дагы сиз үчүн,
Ак сүтүңуз актай албайм билемин.
Карылыктын доорун сүрүң апаке,
Оорубаңыз, узун өмүр тилейим!

Апакебай, дем-күч берип чыйралтып,
Аман-эсен, бизге кубат болгула.
Атам менен өмүр сүрүп жүз жылга,
Акыл айтып, төрүбүздө болуңуз..

РухЭш: Алыстагы мекендештердин сагыныч катын күтөбүз!