СООРОНБАЕВА Айсалкын: АЙСАЛКЫН СООРОНБАЕВА: ЖОГОЛГОН ПУЛДУН АЗАБЫ

АҢГЕМЕ

Күркүрөгөн күз айларынын биринде узакка созулган оорудан апамын иниси Аскарбек тагам дүйнө салып, талаа-түздөгү тууган-уруктар чогулуп ызы-чуу түшүп калдык. Тагамын аялы Гүлийпа тажеңем, тажияга керектөө үчүн эки бодо малын сатыш керек болуп, атама дайындаптыр. Атам таң үрүл-баралда мал базарга барып эки уйду сатып, акчасы колго тийери менен атты чаап, шашылыш үйгө келет. Атты короонун сыртындагы өрүккө байлай салып, шымынын чөнтөгүнө колун салса эле акчасы жок. Атам нарыдан-бери жан-жакыбелин сыйпалап, бир баскан жерин жүз басып издеп, таппаган соң эч кимге айтпастан кайра атты минип, аңыз аралап келген жолу менен базарга чейин издеп барып, таппай келиптир. Болгондо да биздин айылдан мал базарга чейин беш-алты чакырым жол жатат. Ал аралыкта канчалаган базарчылар – жөөсү жөө, атчаны атчан мал жетелеп өтпөдү.

Атам сырттан бозала болуп кирип келди. Биз атамын түрүн көрүп,

— Эмне болду? — деп элейип эле калдык.

— Ээ балдарым, чеки иш болду, — деди кубарып. – Сатылган малдын акчасын жоготуп алдым. Гүлийпа мага ишенип тапшырбады беле. Эми кандай кылам… — жаш баладай муңканып, кейип турду.

Жоктон бар кылып, жок эмне экенин билгизбей дайыма шартылдап жүргөн атамын ошондогу акыбалын аяп, ал тургай оозунан чыккан сөзгө ишенбегендей карап, заманабыз тарый түштү.

— Атаңкөрүү, мындай суммадагы акча эч кимден чыкпайт эми. Короодогу малдан сатып келейин десем, мал базар да тарап кетти,- деп оор үшкүрүп, бир оордунда тура албай чебелектеп жатты.

Аза күтүп олтурган жаныбызга акчанын азасы кошулуп, жүрөгүбүзгө томуктай нерсе пайда болуп, атамы аянычтуу акыбалдан кантип чыгарарыбызды билбей сары санаа боло баштадык. “Акча колдун кири” деген менен акчасыз эч бир ишибиз бүтпөй, акчасыз адамдар менен да жакшылыктуу мамиле кыла албай каларыбыз турган иш эмеспи. Бардык нерсеге жараган да акча, бир заматта азапка салып, акылдан алган да акча тура.

— Апаңарга угузбай тургула, күйүтүнө күйүт кошуп сары санаа кылбайлы. Мен болсо эки жактан акча сураштырайын,- деп атам жоголгон акчага ичи ачышса бир жагынан: — Ээ кокуй, ошончо акчаны этияттап салбайбы. Чоң эле киши ушундай болобу, чалагайым баланын ишин кылып деген элдин сөзүнө каламбы? — деп жети өмүрү жерге кирип, заманасы тарып турду.

Бир убакта өзүн колго алып,

— Кой, мынтип турганым болбос, кийимдерими которуп чыгайын, — деп мал базарга кийген жылуу кийимдерин которгону үйгө кирип баратып; адаттан тыш башкача үн менен кыйкырганын угуп – жүрөгүбүз алкымга тыгылды. Бир туугандар олтурган оордубуздан кантип атып турганыбызды билбейм. Бир заматта бирибизден бирибиз жол талашып атамын артынан бардык.

Атам колуна акчаны уучтап кармап:

— Балдарым, акчаны таптым! Акчаны таптым, эмгегим ак экен… — деп баягы кубарган жүзүнө кызыл жүгүрүп, сүйүнгөнүнөн бизге карай тызылдаганы экен.

Көрсө, «коюндан түшсө – кончко» деген макалдай кабат-кабат шым кийип алган атам, уйларды пулдаары менен акчасын ички шымынын чөнтөгүнө салганда – анысы жакшы салынбай калганбы, шымынын пайчасына түшүп, өтүктүн кончуна такалып жүрө бериптир. Кийин өтүгүн чечкенде гана акчасы булак этип чыга калган тура.

Атамдын сур булуттай түнөрүп турган көңүлү бир заматта чайыттай ачылып, сары-санаа ойдон арылып, аманттан кутулганына биз да кубанып, төбөбүз көккө жеткен эле.