ТОКОМБАЕВ Аалы: ААЛЫ ТОКОМБАЕВ: ӨЛҮМ КИМДИ КОРКУТПАЙТ

АҢГЕМЕ

Анын Чолпон деген аты издеп тапкандай, өзү да куду чолпон сыяктуу сулуу эле.

Чолпон кыз кезинде далай жаштардын жүрөктөрүн толкуткан. Менсинген жигиттер арак ичпей мас болуп, кыялдын терең дарыяларына чөмүшкөн болучу.

Чолпон жигиттерден келген толгон каттарга анча терикчү эмес, жылмайып гана кылдаттык менен ачып, окугандан кийин:

— Ардактуу замандаш! Кат жазганыңыз айып эмес. Бирок экинчи убара болуп, мен үчүн калем кармабаңыз,- деп кана кыска жооп жазар эле. Мындай жооп далай жигиттерди уялтып, тердеткен болсо, далайларын таттуу кыялга салып дегдеткен болучу.

Кат жазган жигиттердин бир канчасы, акындардын лирикаларынан көчүрүп жазса, бир канчасы өзүнчө ыр жазууга аракет кылып өздөрүнүн акындыктарын көрсөтүүгө тырышышчу.

Чолпон адабиятты эң жакшы түшүнчү, адабият сабагынан “жакшы” деген баадан төмөн түшүп көргөн эмес.

Чолпон десе чолпон эле экенсиң,
Чолпон мени түртүп кетээр бекенсиң.
Чолпон мени түртүп кетсең өлгөнүм,
Чолпон анда, чолпон эмес экенсиң.

Чолпон болсоң, анда жылдыз болгонуң,
Чолпон эмес, Ай болсоң да болгонуң.
Чолпон болсоң, акын айтып жатканын,
Чолпон окуп макул болбой койбогун! —

деген ырды “акыныбыз” тердеп-кургап, сонун жаздым деп эле ойлогондур. Бирок Чолпон андай дөөдүрөгөн ырлардын далайын окуган. Ошонун сыңарындай, бул ырды ачып окуур менен, боорун тырмап жатып күлүп, эжесине көрсөттү. Анын шайыр эжеси:

— Сенин акын жигиттериң эрип кете жаздаган тура, — деп сиңдисин ызалап тамашалай баштады.

Чолпондун курбу кыздары, биринен сала бири:

— Макул болбой койбогун деген турбайбы. Макул болбосоң, анда сенин шоруң катты. Акын агай, ырың отко тийген майдай эритип жиберди деп, тезирээк жооп жаз. Кайран акын эми кандай ыр жазар экен, — дешип шордуу “акынды” келеке кылмакчы болушту…

Өмүр өзүнүн закондуу чыйырынан жаңылбайт эмеспи? Чолпон дагы тарыхый сызык боюнча, Сабыр аттуу жигитке баш кошту. Сабыр жүзү жарык, сүйкүмдүү жаштардын бири. Сөздү кирпичтей тизип, орду менен чебер сүйлөгөн, жумшак көңүл, ак куба жигит эле.

Бул эки жаштын кошулушу, издеп тапкандай, куп жарашты да калды. Бирөөлөр:

— Сабыр өмүрлүк жарын, гүлдүн көркөмүнөн тапты,- десе, кай бирөөлөр:

— Чолпон өмүрдүк жубайын, акылдын тереңинен тапты,- дешчү…

Эсепсиз минуттар өттү. Суулар эки ирет күрпүлдөп, күкүктөдү. Булбулдар эки ирет балапандарын учуруп, укмуштуу гүлдөргө сайратып, сирень гүлүнүн арасындагы  уяларынан алыстап, гүлдөн-гүлгө кондуруп да жиберди.

Сабыр бир күнү кызматынан кайтты. Ал кабагын салып:

— Ой, чиркин, ай! Ар кимдин кесиби өзүнө кызык. Бирөөгө өмүр табылбаса, бирөөлөр элдин өмүрүн күтөт,- деди. Чолпон столдун үстүн тазалап, Сабырдын алдына тамак койду да, анын башын сыйпалап:

— Сага эмне болду? Эмне кызык көрдүң?- деп аны эркелете баштады. Ал тамагын ичип олтуруп:

— Азыр айтам. Бала чиркин жандан таттуу. Баланы эчтемеге теңөөгө болбойт. Алар өмүрдүн булагы, келечектин ээси. Баланын тарбиясын сен жакшы үйрөн, — деп бираз токтой калды да, кайтадан:

— Карпыктын кичине баласы оору эмес беле. Ошол чарчап калды, — деди.

— Койчу!- деп Чолпон чочуп кетти. Сабыр сөзүн узатып:

— Чочубай тыңша. Чиркин баланын жаны кандай бек. Мен барганда эрди көгөрүп, ийни менен араң гана дем алып жатыптыр. Көзүнүн чарасы бөксөрүп, кирпиктери серейип кыйналганы эми да көзүмө көрүнүп турат. Тилсиз баланын ооруганы курусун. Жаны чыга албай дирилдеп, ата-энеден айрылгысы келбейт. Бир сааттын ичинде үч үзүлүп, үч тирилди. Үчөөндө тең энесин тырмалап, анын көкүрөгүнө башын койду. Көрүп олтургандар чыдай албай:

— Кыйналбай, кетсечи дегенсип, бала менен кошо кыйналышты. Эне кургур кантсин, көзүнүн жашын мөлмүлдөтүп:

— Садагасы, кыйналбачы. Сүтүмдү кечтим…кечтим, — дейт да, көзүнүн жашын шыпырат… Бала бечара, куду улуксат күтүп тургансып, тырмалап баратып кежең дей түштү.

Карпык эр экен. Баласын маңдайынан өөп:

— Болор иш болду. Ыйлаба,- деди аялына.

— Карпык экөөбүз табытчыга барып баланын табытын алып келсек, саал кичирээк келип калды. Аны кайта алып бардык. Менин тамашам, кайда болсо да, калбайт ко: «Бала тирилип кетти. Эми ыйдын ордуна той кыламын. Келе, табыттын акчасын бериңиз. Сиз дагы тойго келиңиз» ,- дедим. Табытчы нааразы болгонсуп:

— Мейлиң, бирок тогуз сомун кем аласың -деп оозумду тиктеди.

— Жок, толук бериңиз. Сиз тирилгенге кубанбайсызбы?- деп оозумду жыйганча:

— Жок, мындай боло турган болсо, абыдан өлгөндөн кийин келбейсиңби? Табытты албаймын. Кереги болуп калат, сактап ал,- деди. Жүрөк шуу дей түшсө да эриксизден күлүп:

— Чочубаңыз, өлгөндү тирилтүүгө азыр күч жете элек. Тамаша кылам. Чоңураагын бериңиз. Так ушундай кылып жасап бериңиз,- дедим. Ал уялган да док.

— Азыр колум бош эмес. Алсаң, актайын аласың. Атактуу кишинин табытын жасап жатам, — деп, кыңылдып ырдап табытына мык кагууга киришти. Анын олтурганы табыттардын арасы болсо да, кабагы жарылып сүйлөй баштады: — Табытты мендей эч ким жасай албайт. Мен Ташкентте да, Алматыда да болдум. Мендей табытчы жок, — деп ышкырыгына күү келтирип, бир табытты алып бере койду. Табытты алып, кайра тартканда, мен бул кишинин көрүнүшүнө таң калдым.

— Таң калба, бул далайдын канын соргон, кулак Якобенко деген ушул,- деди Карпык…

Чолпон куду Сабыр сыяктуу боорукер, көңүлү өтө назик эле. Бала көрсө, аны эркелетпей өтчү эмес. Ал чебер жазылган адабий китептерди, айрыкча жаш балдар жөнүндө жазылган чыгармаларды, кайдан болсо да таап окуучу. Альбомунда ондогон майда балдардын сүрөттөрү, көргөзмөгө койгон эмедей ирети менен тизилип турчу.

Бала жөнүндө ыр менен айтылган куплеттерди кыркып алып, сүрөт альбомуна кошо жапшырчу. “Туулган адам”, “Атасы менен баласы”, “Ташкент нандуу шаар”, “Законду бузуучулар”, “Капитан Гранттын балдары” өңдүү толгон китептер анын үйүндө додо болуп турар эле. Испаниядагы согуш маалында өлгөн балдардын сүрөттөрү анын альбомунун ардактуу жеринен орун алган болучу.

Чолпон Сабыр менен Москвага барганда, Голландиянын улуу сүрөтчүсү Рембранддын “Жоголгон бала” деген сүрөтүн бир саатча тиктеп олтуруп: — Сүрөт, сүрөт экен. Жаны гана жетишпейт. Эмне үчүн ким гана болсун, баланы унутпайт?- деди да, Ленин баланы кантип эркелеткени тууралуу узун жомок кылып сүйлөдү. Аягында Маркстын баласынын кандайча өлгөнүн айтып: — Кайран балдар ай,- деп тим болду.

Сабыр андан бетер баласаак. Капкайдагы балдардын оорусу жөнүндөгү китептерди жыйнап:

— Мына ушулардын бардыгын окуп чык. Мына бул, кызылча оорусу жөнүндө. Мына бул, карамык менен кептөөр тууралуу. Мына бул, көк жөтөлдүкү. Бул болсо трахоманыкы — деп Чолпонго китептерди өткөрдү да: — Трахома эң эле коркунучтуу. Мына бул сүрөттү көрчү,- деди.

— Чолпон көрө коюп:

— Алда байкуш ай! Карачы! Көзү түйрүлүп, кирпиги сайлап ириңдеп турат. Тигил көзүнө ак түшүп калыптыр,- деп чочуп, бүткөн бою дүркүрөп кетти. Анын оюна Карпыктын баласынын өлгөнү түшө калып: — Бала өлбөс болсочу. Карпыктын баласынын өлгөнү өзүм көргөндөй элестеп турат. Бөтөнчө анын тырмалаганычы,- деп Сабырга карады.

Сабыр анын сөзүн илип алып, андан башка, үч баланын өлгөнүн сүрөттөй кетти.

Чолпон Сабырды бажырайып тиктеп отурду. Качан Сабыр сөзүн бүткөндө:

— Баланы багуудан эле кетирет. Мен Болотбегиме чымын кондурбай багам. Болотбек торолмоюнча, анын жанынан карыш да чыкпаймын. Эптеп буту басса, жөжөдөй кылып ээрчитип алам,- деди.

Сабыр каткырып:

— Макул эле. Убагында көрөбүз. Андан көрө Калдардын кичинекей Үпөлүн алып кал, — деп трахоманын сүрөттөрүн карады.

— Макул, аларды көчкөндө алып калам. Жеңем деле «алып калгыла, эрмек болот» деп жүрөт,- деди.

Сабыр тамагын ичип жатканда телефон шыңгырады. Кашыгын тарелкасына сүйөп коюп, трубканы тыңшап:

— Макул, азыр,- деди да: — Ата кокуй ай, Бөжөкбайдын жалгыз баласы коркутуп жатат дейт. Байкуш Бөжөкбай, кечээ эле дары алып баратат эле. Мен барып келе коёюн,- деди.

— Бар, барып тез келе көр, — деп эшиктен кирип келе жаткан кичинекей Үпөлдү чакырды.

Үпөл тойтоңдоп жеңесинин жанына келип, анын берген шоколадын алды да, Сабырдын аркасынан бөйпөңдөп чуркап чыкты.

Чолпон керебеттин аягына келип, терең ойлонуп унчукпай  бир топ олтурду. Анын назик кыялына капкайдагы аянычтуу балдардын өлүмдөрү элестей баштады. Алардын кыйналгандары, жанталашып тырмалагандары анын көзүнө мончоктой тизилди. Бир кезде ооруп жаткан Болотбегин тиктей салып, анын жанталашып жатканын сезе койгон эмедей көзүнүн жашын тегеретип алды. Башын керебетке шылкыйткан бойдон, Болотбегинен көзүн айырбай:

— Садагаң кетейин, Болотбегим! Балапандай болгон карааныңдан айланайын… Жоодураган көзүңдөн кагылып кетейин… Кагылайын, ай… Эми кантем! Эрди көгөрүп баратат да… эми кантем… Болотбек! Кыйналдың ээ, кагылайын. Көзү айланып баратат. Эми эмне кылам! — деп бакырып телефонго жетти да:

— Сегиз миң сексен сегиз, сегиз миң сексен сегиз!- деп чаңырды… Ал баладан башка эчтемени ойлой алган жок.

— Сабыр! Сабырсыңбы? Тез… Тез… Доктор… Доктор… Яковго жете көр! Бала өлүп баратат!- деп трубканы иле койду…

Сабыр толук түшүнө алган жок. Дароо чуркап чыгып, жазуучулар союзунун машинасына минип, доктор Яковго жетти. Анын тамагын ичирбестен машинага салып үйгө карай зыркыратты.

Сабыр менен доктор машинадан жаңы түшүп жатканда, кичинекей Үпөл ыйлаган бойдон, керебетке башын сүйөгөн жеңесин тарткылап:

— Жеңе, жеңе дейм. Саая кичинекей бөбөгүн бейбей койду. Сен мага Болотбегиңди качан төрөйсүң?- деди.

Доктор менен Сабырга Чолпон эмне жооп берер экен?

Ушинтип, жаралбаган жандарды коркуткан шум өлүм, сенин жазаңды илим берсин.