ТӨКӨРОВ Азамат: АЗАМАТ ТӨКӨРОВ: ЖАМАН КӨРЧҮ ЭЛЕ

АҢГЕМЕ

Экөө бир айылда жашачу. Бир дубал коңшу эле. Бирок эч эле кыртышы сүйчү эмес. Жаман көрчү. Эзелтен жаман көрчү. Эс тартканы жаман көрчү. Эмнеге жаман көргөнүн деле билчү эмес. Жини сүйбөйт эле. Алдынан чыгып калса айласыз салам бергени болбосо, ичинен сөгүп өтчү. Же бир-экөөнүн ортосун кара мышык аралабаган. Бу түбүң түшкүр дүйнөдө атасын өлтүргөндү деле кечирген адамдар бар экен. Кең пейил адамдар көп экен. Бул деле өзүнө зулум көрсөткөн канча адам менен азыр катышып жүрөт. Эч нерсе болбогондой жаркылдап жүрөт. Бирок ушу коңшусуна корошу жазылбай койду. Кызык, эмне жаза баскан айыбы бар эле ал шордуунун?

Таң эртең базарга түшкөн. Байлоодогу букасын пулдап, ордуна үч-төрт майда жандык алды да, ашкан пулун чай-тузга, майда-чүйдөгө иштетебиз деп, белине түйүп, мал базардагы быжыраган ашканалардын бирине кирип, боргулдана тердеп, көк чайдан ууртап, майы салаадан аккан самсадан бурдап отурду. Анан эле телефону шыңгырап калды. Колун кагаз майлыкка аарчып, телефонун алды. Чоң уулу экен. Эмне болуп кетти? Бу катын өлгүр дагы бир нерсе дайындайт ко деген ойдо телефонду көтөрдү:

— Алло!

— Ата, келатасызбы?

— Ии, баратам. Эмне болду?

— Тезирээк келиңиз, Асан аке пендечилик кылыптыр…

Жаман көрчү. Жини сүйчү эмес. Азыр эмнеге жаман көргөнүн билбей, жок дегенде көзү тирүүсүндө бир ооз жакшы сүйлөп, көңүлүн алып, бир пиала чай берип койбогонуна өкүнүп турду…