ТӨКӨРОВ Азамат: АЗАМАТ ТӨКӨРОВ: ЖҮЗ ГРАММ

АҢГЕМЕ

Жайдын толуп турган убагы. Төбөдөн тийген күн мээни куйкалайт. Шаарга атайын түшүп калганым үчүн базарда дүкөн иштеткен досума жолуга кетмек болуп телефон чалсам, ал базардагы дүкөнүндө экен. Бир жагы шаардын ысыгынан пааналап, бир жагы көңүл жакын досум менен чер жаза сукбатташмакка жетип бардым.
Экөөбүз көк чайдан ачуу кылып демдеп алып, узун сабак кепке түштүк. Чак түш болуп калгангабы же күндүн ысыгынабы, айтор, кирген-чыккан кардарлар деле аз. Досум экөөбүз көк чайдан шорулдата ичип, боргулдана тердеп, кызуу кепке кирдик. Бир маалда дүкөнгө колуна беш куту айна салынган желим баштык көтөрүнгөн киши кирди. Баш баккандале өзүнчө наалып, сөгүнүп калды.
— Аке, тынччылыкпы? Эмне болду? — деди досум.
— Э, үкөм, мыногу айнаңды кайра алгын дагы, пулуму кайтарып бериң, — деп колундагы беш куту айнаны досума сунду.
— Э, аке, сиз буларды ачып таштапсыз го, биз кутусу бузулган товарды кайра албайбыз да.
— Аласың эле! — тиги киши албууттана опурулду, — Алдап сатышты билесиңер, «чортвазмилер»! Анан сулуу чымчык болуп «кутусу бужулса алвайвыш» дегениңерге өлөйүнбү! Аласың, жүдаа аласың! Азыр шул жерде пулуму кайтарып бериң!
— Аксакал, түшүндүрүп айтыңызчы, эмне болду өзү? Кантип алдаппыз сизди? — деди эмне болуп кеткенине түшүнө бербеген досум.
— Ий, өлүмүш болгон! Кантип «алдаппиш» дегенин мынанын көзүн чекчейтип туруп! — деп оолугат тиги киши оозунан шилекейин чачыратып.
— Ой, аксакал, деги жатыгы менен түшүндүрүп айтыңызчы, байболгур, эмне болду өзү?
— Эй, сен «кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп коюп», калп эле мага өлүмүш болбогун, уктуңбу?! — дейт башына баласынын өңү өчүп кеткен кепкасын кыйшайта кийген баягы киши тамекиден саргайган тишин көрсөтүп.
Бул кишинин эмне тополоң салып жатканына али да акылы жете бербеген досум:
— Э, аке, Кудайды карап сүйлөңүз, эмне кылып кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп салыпмын? Жөн койсо көтөрүп турган асманыңызды таштап ийчүдөй опуруласыз да, — досум да күчөндү. Ал да муштумун түйүп алган жиндеп. Тек алдындагысы аксакал киши болгон үчүн гана бир колунун ачуусун бир колунда досумдун…
Тиги киши да бош келбей, буурадай буркулдап берди:
— Көнгөн экенсиңер элди алдап! Унчукпай койсо тим эле төбөгө чыктыңар. Өкмөтү баш болуп!.. Баарыңардын тилиңер бир да! Заадиңер окшош… Көрсөтөм, силерге! Керек болсобу, сотко берем сени! Бияктын сотторунун алы жетпесе, тиги Бишкектин соттору атаңды таанытат!
— Ой, аксакал, деги бир түшүндүрө сүйлөңчү… обу жок опурулбаң а. Не болду өзү? Качан, каерде алдадым сизди? Эмне деп алдадым? — айласы кеткен досум долу кишиге карады. Бир жагынан айда, жылда бир келген менин алдымда досум ыңгайсыз абалда калды да. Окус эле кирип келген кардары минтип опурулуп атса…
— Эй, бери караң! — деди тиги эми досума эмес, түз эле мага док артчудай туттугуп. — Бери келип, моногуну окуң! Эмне деп жазылып турат? — башындагы кепкасын көтөрүп, желкесин кашынган неме пакетинен бир куту айнаны алып чыкты.

— Мине деп туру?
— «Ариел», — дедим айнанын кутусундагы жазууну окуп.
— Дагы оку! Оку «далши», мине деп тур?
— «Сто грамм бесплатно», — деп окудум.
— И! — деп тиги жан кирип бакылдады, — көрдүңбү?! Көрдүңбү?.. Бул жерге «што гыйам бешпылатна» деп жазып коюшуптур, үйгө барып ары аңтарып карайм, бери аңтарып карайм, түбүнө бекитип коюшканбы дейм. Түбүн карайм. Төгүп көрүп да карадым, ичинде айнадан башка таш балакет жок. Дагы буларың сыртына «Што гыйам бешпылатна» деп жазып койгонуна өлөйүнбү! — десе болобу…
Эмне дешти билбей тиги досумду карасам, ийни эле бүлкүлдөйт прилавканын аркасында. Кыйрап калыптыр, көзүнөн жаш чыкканча. Карапайым кардардын доосуна катуу күлгөн экен…