ТӨКӨРОВ Азамат: АЗАМАТ ТӨКӨРОВ: БАЖА

АҢГЕМЕ

Эшикке чыкканда али караңгы экен. Кар кыламыктап жаап жатат. Садыр палван түз эле агылга жөнөдү. Агылга кирип, жарыгын жакты да, Торгашканын жанына келди. Акурдан чечип, берегирээк жетелеп келип, шыпка аса байлады. Бүгүн улак бар. Садыр палван мындай жерден калбай калсын. Атын кере асып байлап, күпайкесинин чөнтөгүнөн макүркө, гезит алып, гезитке макүркөнү орой коюп, тили менен бир сыйра шилекейлеп папурус жасап, анысын чеккенче ойлоно кетти.

Азыр мындай гала улактар аз болуп калбадыбы. Көбүнчө эле «беш-беш» дей коюшуп, бештен он атчан чучуктай бир немени үзөңгүгө байлап чаап жөнөшөт. Илгери ошентип улакты үзөңгүгө байлап эле көр эр болсоң. Как пешенеңе камчы сап ойноп, артынан «Ээ, катын!» деген кыйкырык угулчу. Же бара-бара эркектер катындашып баратабы, айтор казактарчасынан үзөңгүгө байлап алып катынча чабышты эч ким эрөөн-терөөн көрбөй калды. Бу улак дегениң «галалап» чапканга келеби. Гала улактын бир гашти бар го, чиркин! Ат майданда жүз-эки жүз ат бир чуркап, туягынан даңкан учуп, тамаша кылганы келгендер жандай чаап, айкырык-кыйкырыкка аралаш ат майдан өзүнчө бир шаңга бөлөнүп, дене-бойду титиретет эмеспи.

Улак жерге түшүп калса ортодо отуз-кырк ат быкпырдай кайнап, улам жеткени эңип кетмекке эңкейе берип, анысын бирөө же капталдан, же арттан,же алдынан ат менен койдуруп… Дагы бирөө галанын бу башынан аркы башына ат салып, топ атты шамшардай жиреп, атынын күчүн сынап, да бири ортодо эңилген палванга көмөктөшө атын ордунда айландырып, ояк-буяктан ат салгандарды аттын замбардай соорусу менен жиреп… Бир эңилгенде беш-он адам бир эңилип, ичине чылгый туз тыгылган улакка бир жармашканда жыйырма-отуз кол бир чапкенедей жабышып… «Ээ, — деп папурустун пүчөгүн түкүрүп, керзи өтүгү менен тебелеп, — «Беш-беши» да улак болдубу? Мына, илгери Арипжан палвандын улак чапканын көргөн казактар «Уа-ай, эр кыргыз! Мына кыргызды караңдар, аттын үстүнө малдаш токунуп алыптыр!» — деп таң калган дешет. Өттү го, кетти бир доорлор» — деди өзүнчө кобуранып.

Улактын кайнап аткан убагы. Ортодо отуздай ат галада. Берегирээкте тамаша кылгандар жөөлөйт. Садыр палван ортодо. Торгашкасы да мындайга кадик. Эңилген ээсинин ою менен болуп, улам бир жактан жакындаган атка соорусун тосот. Туз салынган оор улактын арткы шыйрагынан кармаган палван жерден эңген барабар Торгашканы ичке теминди. Баятан ушуну күтүп тургандай ат да алдындагы аттарды көкүрөк менен омуроолоп, булкунуп жөнөп калды. Мына-мына-а! Улактын арткы шыйрагы үзөңгүдөн өйдөгө көтөрүлдү. Садыр да өзүн түздөп, бир булкунса улак «күп» деп эле жалга түшчүдөй. Анан астейдил боюн түзөп, арткы шыйрак менен колду үзөңгүгө кайрып алса, анда эле Садыр палвандан эрмин дегени улакты сууруп алсын. Ушу кезде жерге сүдүрөлүп келаткан улактын колуна Карыбек жармашты. Бу Карыбек да оңой жоо эмес, түгөттүкү! Кайыш камчысын капшыра тиштеп алыптыр. Улакты колдон тартты. Эми улак эки аттын ортосунда салаңдап барат. Торгашка менен Карыбектин Бозсарысы жана бой салышып, биринен бири озуп кетмекке жан үрөшөт. Аңгыча Садырдын иниси Тилеген экөөнүн ортосуна кире калды. Мингени чөөкар ат. Күлүктүгү өзүнчө бир даңаза болсо, топ жарганда галанин бу башынан о башына курч макидей шылып өткөнү өзүнчө даңаза. Эки аттын ортосуна кирген чөөкарга камчы салды Тилеген. Саны ачышкан чөөкар бир жулкунуп алып, эки аттан нас түкүрүм алдыга озду. Такымга басканга үлгүрө элек Карыбектин колунан улак жылмышып кетти. Тилеген шап аттын оозун тартып, солго тез бурду аттын башын. Жанына келип калган Карыбектин Бозсарысын чөөкар ат көкүрөк менен капталга катуу сокту. «Эк, эн-неңди!» — деп сөгүнгөн Карыбек аттан ыргып кетчүдөй болуп барып боюн түздөп кетти. Эми Тилеген Садырды жандай чапты. Шап эңилип, улакты белден кучактай калып, олбурлуу денесин түздөгөнчө улакты Торгашканын жалына таштай салды. Ушуну эле күткөндөй Садыр да оң бутун көтөрө калып, улактын колун бурай такымга баса калды. Мунун баары көз ачып жумганча болуп өттү. Жандай чаап келаткандар Тилегендин амалына, Садырдын чапчаңдыгына шыпшынып алышты бир.

Жалына улак түшкөн Торгашка да чымын-куюн болуп барат. Паттага жете бергенде Садыр аттын башын оңго бурду. Паттага улакты таштаардан мурун улак чапкан майданды бир кайрып албаса бу улакчы дегениңин кумары канбас-ов! Улактын дене-бойду балкыткан ырахаты да ушул болсо керек-ов, чиркин! Улак жалда такымга басылган. Эми эр элемин десең сууруп ал. Торгашка мойнун созуп, туяктарынан даңкан учуп, көкүлү шамалдан артка кайрылып зымырайт ко бир! Жандай чапкандар «Ашыр эле, ашыр!» — деп кыйкырышат. Аңгыча камчы ураар жагынан жандап келген бирөө кыйкырды:

— О, бажа! Ашыр бажа!

Бул ким эле дегендей Садыр жалт карады. Тааныбады. Үкүнүкүндөй тосток көздүү, бетинин жарымын сакал баскан бу кара киши ким эле? Кайсы бажам болуп кетти деп ойлонду Садыр.

— О, бажа! Бир ашыр, бажа! Соорун сеники, бажа! Ат арманда кетпесин, эки аптадан кийин кайнатанын ашы. Ашына союңка берем деп койдум эле, өлөөрүндө жалына бир улак тийип кетсин жаныбардын, бажа! Бир эрдик кыл, бажа! Соорунун ичек-пайчасы менен сага берем, бажа! — деп бакылдайт үкү көз.

Аңгыча эсине эки аптадан кийин өтчү кайнатасынын ашы түшүп кетти. Кой, ким болсо да болбостур, ашырайын деп ойлоп, улактын буту-колун такымдан бошотуп, белден кучактап тиги бейтааныш бажасынын атынын жалына салып берди. Жөн эле салып бербей, тияк-биягын оңдоп, такымына басып берди да, өзү жандай чапты. Тиги бейтааныш бажасы «Аа-айт!» — деп бир бакырып, алдындагысына камчы салды. Жандай чапкан чабандестер да бул сырдуу бажанын, ары коноктун алдынан улакты жула калганды оң көрбөй, жанаша чабышты аттарын.

Тиги бажа улакты паттага таштап, чекеге чыгып шенеңдеп туруп калды. Садыр аны көздөй бастырды.

— Ассалоом алейкум!

— Валейкум ассалом!

— Саал тааныбай турам, атың ким, бажа?

— Абдрашит, — деди үкү көз.

— Абдрашит деген бажам жок эле?..

— Э, палван, бала болгонсуңбу?

— Ооба, — деди Садыр таң кала.

Жанатан улактын кызуусуна кирген атчандар эми булардын кебине кызыгыша, ороп алышты.

— Мен дагы бала болгонмун. Ошо балалыгыңда эшек «мингенсиңби»? — деди Абдрашит.

Жардап турган эл дуу күлүп жиберди. Садыр палван же күлөөрүн, же сөгөөрүн билбей кызарып-татарып эки жагын каранды.

— Ооба, — деди оозу бош, анткени кезегинде чогуу эшек «минишкен» теңтушттары да бар эле, жалган айта албады. Анан: — Эркектин биринчи катыны эшек да, — деди сөздү жайгармакчы болуп, дуу күлгөн элге кошулуп.

— Мен да «мингем», демек бажабыз да, — деди үкү көз.

Эл ансайын дуу күлдү.

Аңгыча атын теминип, булардын жанына Сарыбай самапалчы жетип келди. Артынган куржунунда бир жашик арак бар, бирөөсүн сууруп чыгып:

— О! «Бажа бажаны көрсө башы кычышат, балдыз жездени көрсө…» деген кеп бар. Экөөңүн бажалыгыңарды жууп бергеним болсун, — деп бөтөлкөнү Садырга кармата койду.

— Ушунча адамга мунуң балээ болобу? — деди Садыр палван.

— Пулуңа чечек чыкканбы? Сатып алып жууп бер бажаңы, — деп кайсарлана каткырат Сарыбай.

Элдин ичи дуу күлкү, кыраан каткырык. Бири-биринин бала кездеги шоктугу эсине түшүп кеткендер:

— Эй, бажа! Жүр, башыңы тырмап берейин, — деп сандарын чаап каткырышат.

Алар анткен сайын соодасы жүргөн Сарыбай самапалчы мылжыңдап жылмаят.