ТӨКӨРОВ Азамат: ТАХИР МАЛИК: ШАЙТАНАТ (УЛАНДЫСЫ)

ПОВЕСТЬ

2

Хамдамдын сунушун али ойлоп көрүшкө үлгүрө элегинде депара ИИБ башчысы капитан Мирсултонов кирип келди.

— Оо! «Ат айланып казыгын табат» — дейт. Ишти өзүбүздөн баштаганың жакшы болуптур. Бул жакта мына, биз барбыз. Карап турбайбыз. Колдон келишинче жардам беребиз. Бардыңбы? Эмне деп жыйынтыкка келдиң? — деди ал Захиддин колун кош колдоп кармап учурашканча

— Али бир жыйынтыкка келе элекмин, — деди Захид.

— Анын эмнесин ойлоносуң? — деди капитан, — Өзүң көргөндүрсүң? Баары бештен белгилүү болуп турат. Камакка алууга санкция бере бер.

«Бул эмнеге Намазовду камакка тезирээк алышыма кызыгып калды? «Баягы баягы, Байкожонун таягыбы?» Жалган далил, жалган күбөлөр дайын. Тиякта соттор да өкүм чыгарганга шай турушса керек? «Тигилер» үчүн бирөөнүн тагдырын чечиштен асан иш жок. Алар ким да, мен киммин?» — деген ойлор учту Захиддин башынан. Капитан да андан жооп күткөнсүп утуру столду черткилеп коюп аны теше тиктеп турат. Захид Хамдамдан тамеки сурап, түтүнүн көккө үйлөгөнчө капитанга карады:

— Туура айтасыз, камакка алыш керек. Бирок бул жерде эмес, шаар түрмөсүндө отуруп турат, — деди Мирсултоновду мынай карап, — Тиги эки күбөнү да түрмөгө которобуз.

«Эки күбөнү» уккан капитан сергектене түштү.

— Аларды дарыланганы ооруканага жөнөтөбүз, — деди.

— Дарылаганга да үлгүрөбүз, — деди Захид капитанга сырдуу карап, — Ага чейин үч-төрт күн түрмөдө отуруп турсун. Али сурак бүтөлек, — деди.

Башчы Захидден оңдуу жооп алалбашын билип Хамдамга суроолуу тиктеди.

— Күбөлөр жалган көрсөтмө берип жатышат окшойт? — деп башчысына карады. Кайра Захидге карап:

— Чайналбай ачыгын айт да, — деди да, башчысына бурулуп, — Бул винзаводду дагы чукумакчы окшойт, пейлин билесиз го, — деди.

Мирсултонов столду дагы черткиледи.

— Жакшы, жакшы, — деди Захидге карабай, — Бул өжөрдүн пейлин билем. Мурун акыл айтсам отурган ордун жоготкондон коркот деп ойлойт эле. Азыр башчысы башка, — деп Захидге карады да, кебин улады, — Бүкүрдү көр түздөйт экен. Сен бүкүр болсоң да жүрө бер. Ал жакка шашылба. Сага «Чаксинланы» айтып берген белем? — деп күлүмсүрөдү да сөзүн улады, — Бир уйгур жигит бар экен. Чачын тасырайта алдырып келатса төбөсүн аары чагыптыр. Баягы аарынын артынан кууп келсе бир эски дубалда ийин бар экен, аары ошол ийинге кирип кетиптир. Уйгур чыбык алып, ийинди абдан чукуптур. Заматта ызылдаган аарылар учуп чыгыптыр. Ана шондо башынан допусун чечип, жалтыраган башын аарыларга тосуп: «Чаксинла эмди, адаш!» — деген экен.

Адатта бул кепти мурунку башчысы Мирсултонов аския катары айтып каткырып күлүп калчу. Бул жолу олуттуу айтты.

— Сен ошол «Чаксинлага» окшойсуң. Бирок сен аарынын эмес, ажалдын уюгун көөлөп жатасың, бала, жаның экөө болсо да жөн эле жүрө бер. Адилетпарвар боло бербе. Сен теледен көргөн «Адилет, чындык» дегендер кушканада койлорду баштаган мойнуна коңгуроо байланган серкеге окшош. Аларга жин дагы тийбейт. Бычакка сага окшогон аңкоолор илинет. Азыр мени коркок дейсиңби, башка дейсиңби, каалаганыңдай атагын, бирок мага асмандагы адилеттен жердеги жаным азиз. Сен да басаар жолуңу ойлоп бас, жаның өзүңө керек эмес болсо жакындарыңа керек, — деди.

Мурун колунда иштеп жүргөндө талаш маселелерде кагып-силкип койчу эски башчысынын азыр жан күйдүрүп айткандарына таң калды. Мирсултоновдун чыныгы кейпи кайсынысы — мурдагы кеп укпас кежир адамбы, же азыркы боор толгоп турган адамбы? Кыштагына барган сайын апасы да «Адилеттүүлүк деп өзүңдү көп эле отко-чокко ура бербе» — деп көп намыйкат кылчу. Ал го энеси, жети жат Мирсултонов да мунун тагдырына күйүнөбү?

3

Захид эрте менен кабинетине барбай, түз эле шаар түрмөсүнө келди. Темир тосмолордон өтүп тергөө канасына кирди. Беш-он мүнөт өтүп, оор темир эшик кыйчылдап ачылып, сакчы кылмышкерди апкелгенин айтты. Намазов эки колун аркасына алып, башын шылкыйтып кирип келди. Анын басышы илең-салаң эле. Кудум буттарын оор темир чынжыр менен тушап койгонсуп, буттарын араң эле шилтейт. Башын ылдый салган. Мойнунан бүт дүйнөнүн жүгү ныгыра басып тургандай желкеси бүкчүйөт. Унчукпай буттарын сүйрөй басып келип, темир буттары полдогу бетонго кошо куюлган темир үстөлгө көчүк басты. Захид чөнтөгүнөн тамеки алып чыкты да, Шарипке сунду. Шарип титиреген колдору менен бир даана тамеки алды. Захид ширеңке жакты. Намазов тамекисин күйгүзүп, катуу-катуу тартты да, түтүнгө какап жөтөлүп жиберди да, Захидди күнөөлүүдөй карады:

— Кечиресиз, чекпеймин.

Намазов чын эле тамеки чекчү эмес. Азыр тамекини эмнеге алды да, эмнеге күйгүзгөнүнө түшүнбөдү. Захидди алая карады. Анын алайган көздөрүндө коркуу да, таң калуу да бар эле. Түрмөгө кандай кылып түшүп калганына башы маң эле. Эсинде калганы булар — «Мен мунун баарын ачыкка чыгарам! Далилдеп бергенге күчүм жетет!» — деди башчысына. Башчысы да «Көтөрүп турган асманың болсо таштап жибер!» — деди. Экөө кыйла кырды-бысак болгон соң ал башчынын кабинетин «тарс» жаап, чыгып кетти. Эки сааттай өткөндөн кийин Шариптин канасына башчысы кирди. «Сөзүм сөөгүнө жеткен экен, эми «Өткөн ишке салават» деп, мени жайгарганы кириптир да» — деп ойлоду Намазов. Бирок башчысы эч нерсе болбогондой күлүп сүйлөп:

— Ээ, кана тезирээк бол эми, калган ишти эртең кыласың. Сыртта машина күтүп турат, — деди.

Мындайды күтпөгөн Намазов дендароо боло түштү.

— Каякка? — деп түшүнбөй сурады.

— Каякка, каякка? Кайда болмок эле, Сатардын үйүнө, атасынын «жыйырмасы» экен, бол эми, — деди ббашчысы.

Той-топурга эптеп бир шылтоо айтып барбай коё берчү, бирок бата кылчу жерден такыр калчу эмес Шарип. Ошон үчүн да башчысын унчукпай ээрчиди. Эшикке чыгышканда дагы экөө отуруптур машинада. Төртөө Сатардыкына жөнөштү.

Сатарлардын көчөсүнө бурулганда катар тизилген машиналарды көрүштү. «Адам көп экен» деп койду ичинен. Үйдүн жанына жетишип, машинадан түшүшкөндө отуз-кырктай адам бар экен. Булар мааракеге келгендер эле. Ичкериде орун аз болгон үчүн кезекте турушкандар. Түпкүлүгүндө бата кылганы келсе да, ушинтип кезекке туруп калганды жаман көрчү, өзүм бир алым аш үчүн тургандай сезип кетчү Шарип Намазов. Азыр да көпчүлүктү көрүп, өзүн ыңгайсыз сезген Шарип тизилгендердин артына турду. Анын жанына башчысы басып келди да, «Жүрүңүз» деп ээрчитип жөнөдү. Алар түз эле ачык турган дарбазадан үйдүн короосуна киришти. Буларды алыстан көргөн Сатар шыпылдай басып келди да, «Оо, азиз меймандар! Бул жакка жүрүңүздөр!» — деп ээрчитип жөнөдү.

Буларды ичкеридеги кенен, өтө асемделип жасалган үйгө апкирди. Дастаркондо мөмө-жемиштин түрү жайнайт. Патир нан, таттуу-маттуудан дастаркон деле көрүнбөй калыптыр. Ачык турган эшиктен куран кырааты угулуп турбаса, буларды мааракеге эмес, кудум эле зыяпатка чакыргандай. Шариптин оозун ачырып башчысы кыраатын келтирип курандын аятын тилават кылды. Чайнектерде чай кирди. Бир пиаладан чай ичишкен соң, эми ашты апкиришсе керек деп ойлоп отурду Намазов. Бирок аш эмес, дагы эки чайнек чай апкиришти.

— Агынанбы, кызылынанбы? — деп сурады айдоочу.

— Өлтүрсө да кызылы өлтүрсүн, — деп мултуңдап койду башчы.

«Мааракелерде ичилип жатыптыр» дегенди укчу, бирок көрбөгөн эле. Ал кудаакөй эмес эле, башчыга окшоп кыраат менен куран окушту да билчү эмес, бирок мындай жерде ичкенди абийири жактырчу эмес. Ага да куюп узатканда бир жийиркенип алды да, башчыга карап:

— Бул жагы орусча болуп кетти го? — деди.

— Иче бериңиз, күнөөсү менин мойнумда, — деп койду башчы. Анан Шарипке жылмая карап, — Мунун өзү адал, кайипи арам, — деди да кошумчалап койду, — Баары ниетке жараша болот. Ушул күнгө келип али эч ким жүзүмдүн суусун арамга чыгарган эмес.

Бирок Шарип ичпей койду. Кийинки куюлганда башчы үнүн бийик чыгара:

— Сатар муну атам бейишке чыксын деп куюп жатат, кимде-ким бул тилекке кошулбаса ичпей эле койсун, — деди.

Шариптин ичпей койгону үчүн Сатардын атасы бейишке кирбей, тозок отунда күйүп аткансып баары аны жабыла карашты. Үйдүн бир бурчунан маркум аны «Сен ичпей коюп мен минтип тозок отунда күйүп жатам», — деп жекире карап тургандай сезилип кетти. Узатылган пиаланы шап көтөрдү.

Андан кийинкилери элдир-селдир эсинде. Ал жерден чыгышып бирөөнүкүнө барышты. Ал жерде да ичишти. Башчы менен айтышып калды. Алдындагы идиш менен башчысын чапканын билет. Андан кийинкиси такыр эсинде жок. Көзүн ачса камакта экен. Оюна биринчи келген ой: «Бирөөнү өлтүрүп коюпмун да» деген ой болду.

— Мен Захид Шариповмун, шаардык прокуратуранын тергөөчүсү болом. Айыбыңызды билесизби? — деди Намазовго тигилип Шарипов.

— Жо-ок, — деди Намазов. Анын үнү өзүнө араң угулду.

— Сиз кара дарыпурушчулукта айыпталып жатасыз. Үйүңүздөн ири өлчөмдө кара дары табылды. Портфелиңизден дагы. Желим баштыктардан бармак изиңиз табылды, — деди.

— М-ме-ен… Кара дар-ы-ы?… С-сиз ад-даш-падыңызбы? Балким менин айыбым б-башкадыр?..

— Дагы кандай айыбыңыз бар?

— Айыбымбы?.. — Намазов дароо жооп бере албай чайналып туруп жооп берди, — Бирөөнү ургандырмын? Эми масчылыкта болот го…

— Бирөөнү урган болсоңуз ишиңизди шаар прокуратурасы карайбы?

Намазовдун жүзүнө кызыл жүгүрдү. Бөкчөйгөн далысын түздөдү. Андагы бул өзгөрүүнү Шарипов да сезди. Намазов акырын жылмайып:

— Мен дагы бирөөнү өлтүрүп койдум бекен деп коркуп жатсам… Кара дары дейсиңер, — деп ууртуна күлкү жүгүрдү.

Жанатан баарын танат деп ойлоп отурган Шарипов эми чындап таң калды.

— Эмне, сиз наркотик сатууну айыптуу иш катары көрбөйсүзбү, же жеңил ишпи? — деп сурады.

— Жеңил күнөөбү, оор күнөөбү — аны ошо кара дары саткандар жооп берсин, — деди Намазов ишеничтүү түрдө, — Мен өмүрүмдө кара дарыны кармап көргөн эмесмин.

— Бирок сиздин үйүңүздөн, портфелиңизден табылды да. Кара дары сатуу — адам өлтүргөндөй эле оор кылмыш, билсеңиз, — деди теше тиктеген Захид.

— Эми силердин тилиңерде оорбу, жеңилби, ал силер аныктачу нерсе. Мен үчүн «Адам өлтүрүп камалыптыр» дегенден «кара дары сатып камалыптыр» деген жеңилирээк.

— Бирок кара дары жүздөп жаштарды жолдон уруп, ондогондорунун жанын алып атат го?

— Эми-и мунусун, — деди Захидге карап, — Ошо кара дары саткандар жооп бере берсин.

— Дагы бир жолу айтам, — деди Захид, — Сиздин үйүңүздөн кара дары табылган. Мына бул, — деп бир нече кагазды Гамазовдун астына таштап, — Судмедэкспертизанын жыйынтыгы. Сиздин каныңыздан героин табылган. Сиз бир эле арактан эмес, наркотиктен да мас элеңиз. Азыр болсо, — деди Намазовду тиктеп, — Билегиңизди караңыз.

Намазов шаша-буша пиджагын чечип, көйнөгүнүн жеңин түрө салды да, билегин карады. Билегиндеги жоон тамыры көгөрүп, ийненин изи көрүндү.

— Бүттү, — деди ал башын мыкчып, өзү менен өзү сүйлөшүп жаткансып, — Баары бүттү. Мен нак өлүмдүн өзү менен алышкан экенмин, — шашыла Захидди карады да, — Балдарым… Үйдөгүлөр каякта? Алар тынчпы? — деп сурады.

— Аялыңызды көрдүм. Балдарыңы…

— Балдарым апамкында эле.

— Сиз кимден коркуп жатасыз?

— Коркуп? Мен эч кимден коркпойм. Коркконумда бул жерде отурбайт элем.

Захид калың дептерин ачып, эрежеге ылайык сурагын баштады. Намазовдун аты-жөнүн, туулган күнүн сурады. Шарип кыска-кыска жооп берип жатты.

— Кара дарыны сизге ким жеткирип берчү?

— Билбейм, — деди Намазов кыска гана. Ал тузакка түшкөнүн, бул тузакты ким жайганын аңдап турду. «Балким тергөөчү да алардын адамы болушу мүмкүн» — деген күмөн ойдон улам бардык суроолорго «Билбейм» деп жооп берүүнү чечти. Тергөөчү да анын бул оюн сезди да, шашпай сурагын уланта берди.

— Кардарларыңыз кимдер эле?

— Тааныбайм.

— Канчадан алып, канчадан сатат элеңиз?

— Килосунбу?

— Айталы, килосун.

Намазов бул суроого эмне деп жооп беришти билбейт эле. Ошон үчүн кыйла ойлонуп, өзүнчө ичинен эсеп-кысап кылды да:

— Миң сомдон алып, бир жарым миңден сатат элем, — деди.

— Демек, ар бир килограммынан беш жүздөн калат экен да?

— Ооба, ошондой.

— Көптөн бери сатат белеңиз?

— Көп болду. Үч-төрт жыл.

— Акчаны эмне кылат элеңиз?

— Акчаны?.. Жеп-ичип…

— Сиз эмне, мени алдаса боло берет деп ойлоп жатасызбы?

— Эмнеге? Суроолоруңузга туура эле жооп берип жатам го?

— Кара дарынын килосу миң сом бекен? Сиз өзү илимден башка нерсеге да аралашып көргөнсүзбү?

Илим деген сөздү укканда ул «Дептерим үйдө квлыптыр» деп жалган айткан окуучудай башын шылкыйтты.

— Жалганды эптесеңиз айтыңыз, — деди Захид ачууланып.

«Туура, — деп ойлоду Шарип, — Жалганды да эптеген айтат. Мен деле жалган жылмайып, калп эле кулдук уруп койгонумда эмдигиче академик болот элем. Насиба туура айтат, мен түптүз жыгачмын».

— Мен сиздин кара дарыпурушчулугуңузга ишенбеймин. Эгер чын болсо, кана, мени ишендириңизчи?!

— Ишендир дейсизби? Мен кылмышкер экениме сизди ишендиришим керекпи? Кызык го…

— Ооба, ишендириңиз. Чындыгында мен сиздүн кылмышыңызды далилдеп, камакка отургузушум керек. Бирок сиз мени чыныгы кылмышкер экениңизге ынандырыңызчы.

— Айыбымы мойнума аламын. Камата бериңиз. О дүйнөдөн кайтып келишпейт, бирок түрмөдөн адамдар эсен-соо кайтып келип жатышканын көрүп эле жүрөбүз. Бир-эки жыл бат эле өтүп кетет, — деди Намазов шалдайып.

— Бир-эки жыл деңизчи?! — деп Шарипов Намазовду кекээрлүү карап, ордунан турду. Ортодогу темир үстөлдү айланып өтүп, Намазовдун маңдайына келди. Уруп жибербесин деп тайсалдаган Намазов ордунан обдулуп турмакчы болду. Аны «Отур» деп ишара кылгансып, Захид Шариптин желкесинен басты да кебин улады, — Бул саякат узакка созулчудай.

— Мага десе он жыл болбойбу! — деди Намазов.

Жанатан ачуусун ичине жутуп жаткан Шарипов эми чыдап туралбады. Намазовду шарт эки желкеден алды да, бир-эки булкуп жиберди.

— Сиз мени менен мышык-чычкан ойнобоңуз! Ачыгын айтыңыз! Кимден коркуп жатасыз?! Кимден?!

Шарип Намазов прокурор Захид Шариповдун көздөрүнө карады. Бир мүнөт мурун эле жүрөгүнө ишеним берип аткан көздөрдүн ордуна заардуу да, каардуу да көздөрдү көрдү. «Эми төпөштөйт» — деп ойлоду ичинен. Ичине тийчү муштумду күтүп, ичин түйдү. «Урса урсун, — деп ойлоду, — Бала болуп башыма түк чыкканы келтек жесе жепмин да. Элге окшоп бирөө менен мушташпапмын. Эми минтип атым алыска таанылганда бир токмок жесем жепмин да. Лиссабондо азыр мен жөнүндө кеп кылып атышкандыр? Бул жерде минтип тепки жеп отурганым менен иштери жок» — деп ойлоду.

Шарип күткөндөй муш келип тийбеди. Захид Шарипов Шарип Намазовду желкеден аткый кармады да, бир*эки булкуп, коё берди.

— Мени менен мышык-чычкан ойнобоңуз! Сиз аалым адамсыз! Аалым болбогонуңузда эмнеден коркуп атканыңызды билет элем! Кимден коркуп жатасыз?! Азыр, — деди ачуусун жашыра албаган Захид, — Ордуңузга барыңыз да, жакшылап ойлонуңуз!

— Сакчы! — деди Захид. Темир эшик шарактап ачылып, сакчы кирди.

— Алып кет! — деп буйрук берип сүйлөдү Захид.

Сакчынын жетегинде баратып Намазов өзүнчө ойлонду: «Үйуңөн ири суммадагы кара дары табылды дейт. Ириси канча? Он миңби? Он беш миңби? Мына бул тергөөчүсүнө да беш-он миң бергендир? Ошондо… Ошондо он беш,.. он миң,.. Жыйырма-жыйырма беш миң турат экенмин да. Чеки эмес, чеки эмес, кээ бир адамдар сары чакага да арзыбайт. Мен он беш-жыйырма миң турат экенмин. Ушунча акча сарптап мени бул жакка тыккандан алар эмне нап көрүшөт экен? Өлтүрүп жибериш кымбатпы же? Жо-ок, бир алкашка, же бир наркоманга үч-төрт жүз сом карматса «Кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты» кылып кетишет эле го? Же коркуштубу? Келип-келип менден коркушабы? Демек коркушуптур. Өзүмдөн го коркушпас, эл аралык даңкыман коркушуптур. Атак-даңк. Башкага билинбеген менен менин деле даңкым түзүк эле окшойт? Тигинтип чет өлкөлүктөр баалап, келишим түзүп аткан соң, демек өлбөгүдөй эле атактуу адам экенмин».

— Токто! — Анын оюн конвойдун үнү бузду, — дубалды карап тур!

Оор темир эшик шарактап ачылды. Намазов камерага кирди.

*  *  *

Захид айыпкерди алып чыгып кеткенден кийин да сурак бөлмөдө узак отурду. Кылмыш кыдыруу бөлүмүнүн инспектору менен прокурордун ишин салыштырды. Ал мурда прокурорлордун иши жеңил деп ойлочу. Аларды бир сылаңкороз элестетчү. Иштин баарын тергөөчү бүтүрүп берет. А булар жөн гана соттон өкүм сурайт дечү. Эмичи? Илим артынан сая кууган бир кездеги жаш аалым эле өзү. Агасынын өлүмү анын тагдырын түп тамырынан өзгөртүп жиберди. Бир кездеги жаш аалымдын колуна бүгүн аты алыска таанылып калган аалымдын иши буйруптур. Бул тагдыр тамашасыбы? Сыноосубу?

Анын жүрөгү сыгылып кетти. Дептерин ачты да, ага формулаларды жаза баштады. Бул анын адаты. Сыгылып кыжаалат болгондо, же бир нерсенин чечимин таппай калганда дептерин ачат да, математикалык формулаларды жаза баштайт. Аларды чыгаоа баштайт. Сандардын сыйкыр кучагына бой урат. Ал укук жаатына чоң арзуулар менен өткөн. Дүйнөдө калыстыкты, адилеттүүлүктү орнотмокчу болгон. Ай чапчыган арзуулары бар эле. Ал кезде катардагы бир кетменчинин баласынан улуу окумуштуу чыгышы даркүмөн эле. Жаз-күз талаадагы колхозчуларга жардам берип кетмен көтөргөн айылдык окуучулардан шаарда окууга тапшырып, илимдин артынан куугандар өтө сейрек эле. Ооба, айылдан да ЖОЖдордо окугандар көп эле. Алар көбүнчө актиптердин уул-кыздары болчу. Карапайым калктын балдарынан чыккандар миңдин бири эле. Алар көбүнчө мектепти бүткөн соң балдар армияга, кыздар турмушка узап кетчү. Армиядан келген жигиттер кайра эле ата кесип кетменчилик кылышып, колхозчу болуп айылда калышчу. Чыйрактары тракторист-шоопур болчу. Талаа иштери окуу программасына тоскоол болгон үчүн да сабактардан көп калып кетишчү.

Захид да көпчүлүк кыштактык балдардай эле илең-салаң окучу. Атасы сугатчы болсо, мен деле кетменчи болом да деп ойлочу. Бирок сегизди бүткөн жылы агасы чоң окууга өз күчү менен өтүп кетти. Ушул нерсе ага чоң шык берди белем, тогузунчу класстан окуусун оңдоп алды. Айрыкча алгебра, физикага кызыгуусу артып, сандардын сыйкыр дүйнөсүнө арбалды. Ал убактагы идеология боюнча эң мыкты окугандар алтын медаль алышчу да, келечегине кең жол ачылчу. Бир кездерде кедей-кембагалдын теңдиги деп курулган өлкөдө да калыстык тайып, эң жөнөкөй мектепте да жең ичинен соодалашмай оожалган эле. Медалга жетмек да тааныш-билиш болуп калган. Кептин кыскасы, Захид канчалык тырышып окубасын, «Адам жана коомдон» «төрт» деген баа коюшту да, медалды раистин баласына ыйгарышты.

Буга арданган атасы бир уюн сатты да, Захидди Москвага жөнөттү. Захиддин атасы демекчи, ал кой оозунан чөп албаган момун эле. Өмүр бою сугатчы болгонуна карабай уулдарынан үмүтү зор эле. Чоң уулу Ташкентте окуйт. Эми минтип Захиди Москвада окуп калса дегенде ичинен ак эткенде так этчү. Элеттик момун адамдын пейли да кызыктай эле. Баёо, ишенчээк, энөө дагы эле. Тээ кайсы бир жылдары, анда биринчи жолу телевизор алып калышты. Ошол телевизордогу сулуу диктор айымга көз кысып алып бир ай кудуңдап сүйүнүп жүргөн.

Физика мугалими Захид менен Москвага бирге келген. Биринчи эле жазма сыноодон «Үч» алды Захид. Сынактан чыкканда чогуу барган агайына иштеп берди. Туура чыкты. Агайы экзамен алгандар менен чырылдап талашып-тартышты. Анысынан эч нап болбоду. Ооз эки сынактан «Төрткө» тапшырды. «Орус тилинен «Эки» алышты да, дарбызы колтугунан түшкөн сарттай болушуп кайра артка жөнөштү. Кайра айылга келген Захид кетменин колуна алды да, атасына кошулуп сугатка чыкты.

Ошентип окшош күндөр өтүп жаткан күндөрдүн биринде кыштакта «Захидди Москвадан издеп келишиптир» — деген сөз чыкты. Издеп келгендердин бири төбөсү таз орус, экинчиси тармал чачтарын ак баскан өзбек экен. Орусту таанып калган. Ошондо экзаменде «Үч» койгон орус. Тармал чач өзбекти тааныбады.

— Сен чыгарган теңдемени мен түзгөн элем, — деди орус, — Анын эки чечими бар эле. Сен үчүнчүсүн чыгарыпсың. Ойлоп көрсөм, сен чыгарган жолу ыңгайлуу экен. Кийинки жылы Москвага барасың. А бул, — деп тармал чачын ак басып кеткен өзбекти көрсөтүп, — Хабиб Сатторович, Ташкент Мамлекеттик Университетинин профессору, менин шакиртим. Сен менин кенже шакиртим болосуң.

Бул сөздөрдү уккан Захид өтө кубанды. Өзүн Ломоносов атындагы Москва Мамлекеттик Университетинин студенти сезип кетти. Бирок Захид менен бирге барган агайы ишти бузду.

— Захид Москвага барбайт. Кана, айтыңызчы, окуу жайыңардан Өзбекстан үчүн канча орун бөлүнгөн? Бирөөбү? Быйыл ал орунга ким өттү? Сизге жалган, мага чын, министрдин баласы өттү. Сиздин теңдемеңизди дагы «Эң жакшы» кылып теңдегендир? Жадыбалды билеби, жокпу мага караңгы, бирок эң жогорку баа менен өткөнүн анык билем. Бизде, Өзбекстанда министрлер көп. Балдары да көп. А биздин ар жылы бирден уй сатканга чамабыз чак, — дедт да, кебин улады, — Аалымдар, эл башкарган мыктылар — баары байдын балдары, амалдардын балдары. Атасынын алтындаоына окугандар. Өмүр баянында ке-дей-дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган, жетимканада чоңойгон деп жаздырып алышкан. Захид эч жакка барбайт!

Агайынын бул кеби Захиддин атасына да макул келди. Бирок узак тартышуудан кийин Захид эмдиги жылы Москвага эмес, Ташкентке окууга тапшырмак болду. Ушундай жыйынтыкка келишти.

(Уландысы бар)

Которгон Азамат ТӨКӨРОВ