ТӨКӨРОВ Азамат: ТАХИР МАЛИК: ШАЙТАНАТ (УЛАНДЫСЫ)

3

Чынында бул түйүндүн чечими анчалык деле оор эмес эле. Чечимге Ноила өлтүрүлгөн түнү из салынса да, анын аткарылуусу 1988-жылдын 31-декабрында ишке ашты.

Атасын алып кетишкенден бери ушул күн, Григориян календары боюнча жаңы жылды тосчу күндүн түнү Асадбек үчүн аза тутуу түнүнө айланган. Ал бой жеткен учурунда да, үйлөнүп, бала-чакалуу болгонунда да, кийинчерээк айланасына адамдар топтолуп, кудуреттүү күчкө ээ болгондо да жылдын ушул акыркы түнундө жалгыз калат эле. Бул күнү эч ким анын тынчын алчу эмес. Аныгыраагы, анын көзүнө чалдыкканы эч кимдин эрки жетчү эмес. Бул күнү анын кандай гана маанилүү иши болбосун кийинкиге калчу. Алды пешайбан ошол эки бөлмөлүү эски үйүнө барып, чырактарды жандырбай, тапчанга чок таштабай таң атырчу. Жаңы жыл түнү анын эң ишенимдүү төрт жигитине да арам эле. Экөө көчөнүн берки башында, экөө аркы башында таң аткыча күзөттө сергек туруп таң атырчу. Ушул түнү кар эмес таш жааса да, миң даража суук болсо да бул адат бузулчу эмес.

… Асадбек ошол түнү атасынын айтканын кылбады. Жалилдердин үйүнө чыкпады. Оюнда жанагы адамдар тамашалашкандай, атасы мына азыр кирип келчүдөй эшиктен көзүн үзбөй отурду. Мына, эшик кыйч этип ачылды да, атасы баягы эки киши менен күлүп кирип келди. «Менин уулум азамат. Эч нерседен коркпойт десем бул кишилер ишенбей, мелдешип кеттик эле. Мына, алар уткузушканын мойнуна алышты. Жарайсың, кулунум. Баптадың!» — деп, уулунун маңдайынан сүйдү… Көчөдөн кирчү эшикти кирпик какпай карап отурганда көзүнө көрүндүбү, же көзү илинип кеткенде түшүнө кирдиби, бала аны баамдай албады. Атасынын кайтып келишине катуу ишенди. Тапчан муздады. Чыракты жакпады. Коркподу. Ишеним коркуудан үстүн келди. Кареги караңгылыкты тешти.

Аңгыча асманга Ай да көтөрүлдү. Толуп турган ай үйдүн короосундагы ак карды күңүрт агартып турду. Айдын нуру сынган көзүнө кагаз чапталган сынык терезе аркылуу үйгө да кирди.

Көчө жактагы эшик таңга чейин ачылбады. Атасынын кеткени минтип, жалган эмес чынга айлана баштаганда эшик кыйчылдап, ачылгандай болду. Атам! Ал ордунан шап турду да, эшиктен кирип келаткан Жалилди көрүп, ордунда катып калды. Жалил короого кирди да, эки жагын алаңдап карады. Анын мындай адаты жок эле. Үйгө түз бастырып кирчү. Короого кирип, эки жагын алаңдап карап, бир нерседен чочугандай үнүн пас чыгарып:

— Асад! — деди.

Мурда короого кирээри менен үнүн өктөм чыгарып:

— Асад! — деп бир кыйкырып коюп, туура үйгө кирип келчү досу бүгүн ошол адатын бузуп, бирөөнү чочутуп алгандан корккондой дагы бир жолу:

— Асад! — деди.

Асадбек досун көргөндө ыйлап жиберейин деди. Көздөрү каканактап чыкты. Денесинен өткөн суукту да, коркууну да эми сезди. Өзүн чакырып, эч кимден жооп болбогон соң, кайра артына кайтмакчы болгон досуна карап:

— Жалил! — деп бакырды да, короого карай атып чыкты. Жалил өңү бозоруп, сууктан эриндери көгөрүп, титиреп турган досун бир аз карап турду да, жанына басып келип, колунан кармап:

— Үшүдүңбү? — деди токтоолук менен. Асадбектин көзүнөн жаш куюлуп кетти. Өңгүрөп жибербеш үчүн астыңкы эрдин кесе тиштеди. Өзүнөн чоңураак баладан келтек жесе, же ойноп жатып жыгылып, бир жери ооруксунса ыйлап жиберчү. Күздө дагы он жети жаңгагын уттуруп жибергенде ыйлап жиберген. Азыр болсо өзүн ыйдан тыймакчы болду. Өзүндөгү кандайдыр бир күч ыйды тыйды. Ал азыр атасын аскерлер алып кеткенин, өзү караңгы, суук үйдө жалгыз, уктабай таң аттырганын айтып ыйласа да жарашмак. Досу аны шылдыңдап, келеке да кылмак эмес. Бирок, өзү түшүнбөгөн бир сыйкырдуу күч анын ыйын бууп турду. Муну кийин да көп эстеди. Ошондогу ыйды бууп токтоткон кандай күч эле деп өзүнө-өзү көп жолу суроо салды. Бул кайып күч ошондо анын ыйын гана токтотпой, алсыздыгын да жеңген, сырдуу кудурет да берген эле ошондо. Ошол маалда ал өзүндөгү кулдук сезимдин кишенин талкалады. Караңгы үйдө таң аткыча жалгыз, атасын күтүп уктабай чыккан Асадбектин бала жүрөгүндө ошол кыштын муздак түнү мээрим, аёо, боорукерлик деген сезимдерди өлтүрүп, таш боорлук менен жырткычтыктын үрөнүн сепкенин али бала Асадбек билбеди. Жырткычтыктын биринчи үнүн досу Жалил укту.

— Аларды өлтүрөмүн!.. — деди ый аралаш титиреген үн менен. Муну уккан Жалил коркуп кетти. Көчөдө ойноп жүрүп, жаңжалдашып калышканда:

— Карап тур, сени өлтүрөм, — деген сөздөрдү көп угушкан. Бирок, өлтүрүш кандай экенин билишпеген үчүн да, мындай сөздөрдөн коркушчу эмес. А Асадбектин ый аралаш титиреп айткан бул сөздөрү тек попуза эмес, аткарылышы анык болгон өкүм эле…

Ошондон бери жаңы жылдын алгачкы күнү Жалил бул үйгө кирет. Асадбектин апасы өлгөн жылы отуз биринчи декабрдын кечинде келген эле, «Мени тынч кой» деп, жолго салган.

* * *

1949- жылдын 31- декабры Асадбектин жүрөгүнө: «Жашоо катаал. Жашоонун өзү кудум согуштай. Оозуңу ачып отурганың — өлгөнүң» деген акыйкатын мөөрлөгөн. Ошол күнү ал согушка аттанган. Арадан жылдар өтүп, бул согушта жеңдим дегенде, турмуш, жашоо деген согушта өзүн жалгыз жеңүүчү санап калганда, жашоо ага дагы күтүлбөгөн жерден сокку урду. Урганда да талуу жерине урду. Өзөртө койгондой болду. Ошондо гана өзүнүн ушунчалык кудуретке, күчкө ээ болуп турса да ушунчалык алсыз экенин сезгендей болду…

Эки күн мурун кызы окууга кеткен боюнча үйгө келбей калды. Жигиттери шаарды тытып жиберишти. Эч жерден табылбады. Кызы окууда болгон. Танапистен кийин жоголуп калган. Ата-энесинен капа болуп, же бир көңүл койгон жигити менен качты деген ой Асадбек үчүн жат эле. Асадбек душмандарына өтө ташбоор болгон менен балдарына мээримдүү ата эле. Бирок бул мээримин тизгиндеп, балдарын эркелетпейт болчу. Ошол үчүн да кызынын мындай жеңил ойлуулукка барышына ишенбейт эле. Кастары менен ар күнү, ар саатта аянбай күрөшкөн, ар бир мүнөттө бир кооп болуп кетишин туюп жашаган адам өтө тез пикирлеп, тез жыйынтык чыгарганга үйрөнүп кетет. Анткени булардын жашоосунун мыйзамы ошондой. Бир көз ирмемге алаксып, тайсалдай турган болсоң колтугуңун астынан бычак урушу мүмкүн. Асадбек да тез токтомго келди. Анын акимдиги туздан курулган хан сарай экен. Жамгыр жааганда бул сарай эрип кетишин эсепке албаптыр. Кызынын уурдалышы (уурдалганынан эч шек санабады) ошол жамгырдын башталышы экенин сезди. Кызынын уурдалышы дагы бир нерсени, шаарда жаңы топ пайда болгонун каңкуулап турду. Асадбек Ташкен мындай турсун, бүт СССРдеги топторду билет. Ал кылмыштуу топтор да Асадбекти урматтап турушчу. Айрымдары корккондорунан коёндой титиреп турушчу. Ташкендеги кылмыш топторунун башчылары ага каршы баш көтөрмөк турсун, анын атын айткандан тайсалдап турушчу. Аларга «Кудай бар! десең ишенишпес-ов, бирок «дубалдын кулагы бар» десең ишенишет. Алар көчө боюндагы дарактар мындай турсун, жерде өсүп турган чөптүн да кулагы бар. Ооздон чыккан ар бир сөз «Бек акеге» жетип турат деп ишенишчү. Чынында да ошондой эле. Алардын ар бири Садыр кумарпозго окшоп өлүп кетиштен коркушчу…

… Садыр кумарпоз Паргана өрөөнүндөгү белдүү жигиттерден эле. Бир оюнда жарым миллион утуп алып, зыяпат берген. Ошондо менменсинип дөөгүрсүп жибердиби, же ажал тилинен тарттыбы, айтор: «Асадбегиңер мага кулдук уруп келсин. Кааласам алдына бир сындырым нан коём, кааласам сөөк таштайм» — деп жиберди. Садыр кумарпоз бул сөздөрдү мастыгында айтты да, эсинен чыгып кетти. Эки күндөн кийин ал жашаган көчөдө асфальт басчу техникалар, үстүлөрүнө сары кемсел кийген жумушчулар пайда болду. Төрт-беш күн мурун ал Аткаруу Коммитетинин (Исполком) башчысына «Биздин көчөгө да асфальт төшөйсүңөрбү, же шагыл төгүлгөн боюнча тура береби?» — деген. Бул жумушчуларды көрүп: «Менин да сөзүм жерде калбай турган болуптур»- деп сыймыктанып койду. Колу-коңшулары да: «Пулдун күчү да. Кумарпоз болбогондо көчөбүзгө ит да, бит да карабайт эле»- деп кеп кылып калышты. Узун көчөгө эки күндө асфальт жаткырылып бүттү. Ошол күндөн баштап кумарпоз да көрүнбөй калды. Ал «сапарга» чыкканда бир-эки ай жоголуп кетчү. Муну коңшулары да билишчү. Бирок бул жолу беш-алты күндөн кийин «Кумарпоз эч жерде жок имиш» деген сөз чыкты. Он күндөн кийин Садыр кумарпоздун үйүнүн дарбазасында «Үй сатылат» деген тактай пайда болду. Аялы үйдүн сатылышын да күтпөй: «Эрим чоң шаардан бардык шарты менен үй алыптыр» деди да, жүк-тагын жыйнап, бул көчөдөн көчүп кетти. Медучилищени бүтүп, турмушка чыккыча бир жылга жетпей медайым болуп иштеген аялдын Ташкендеги жиндиканага башчы болуп калганын уккандар «Тооба» деп, жакасын кармашты. Айрымдары «Пулдун күчү да» дешти. Ушу көчөдөн өткөн арабакечтер кумарпоздун үйүнүн тушуна жеткенде, аттарынын бышкырып, үрккөндөрүн сезишчү. Бирок «Астапыралла» дегенден нарыга өтүшпөдү. Баарына жан ширин да.

Асадбекти билгендерге ушунун өзү жетээрлүү эле. Анын кудуретинен шек санап жүргөндөр да бул окуядан соң ага таазим кылышчу болду. Анткени Асадбек менменсинип, дөөгүрсүп, басаар жолун билбей калган кумарпозду ошол бир сөзү үчүн бул чөлкөмдө колдонула элек жаза менен жазалады. Тирүүлөй адамды асфальтка кошуп көмүп койду.

Ушундай экен, Асадбекке ким даап кол көтөрдү? Кол көтөргөндө да бычакты как жүрөктүн толтосуна сайыптыр. Ал ар бир «топтун» адамдарын, иш усулун көз алдынан сыдыргыдай сыдырып чыгып, жок, булардын эч кимиси мага минтип кол салганга жүрөктөрү даабайт эле деген жыйынтыкка келди. Бул иш капылеттен болбогон. Өтө мыкты даярданышкан экен демек. Балким буга өзүнүн адамдары аралашкан болсочу? Кызын чаламандын чак түшүндө, көпчүлүктүн арасынан уурдашкан. Демек, кызы машинага чейин өзү басып барган. Кызы тааныбаган адамдын артынан ээрчибейт. Кызы менен чогуу окуган курдаш кыздын да жоголгонун угуп, түйүндүн бир учун тапкандай болду. Муну угаары менен акыркы бир жыл ичинде камактан кайткандар менен кызыкты. Элчиндин да кайтканын укканда ойлонуп калды: «Арадан он жыл өтүп кеттиби? Эки айдан бери эмне кылып жүрдү экен? Эмнеге мага келбеди? Атуудан алып калганымы анык билет. Билип туруп келбегени кызык…». Асадбек жигиттерине Элчинди, дагы жакында камактан чыккан беш кишини катуу көзөмөлгө алууну тапшырды.

Көңүлү тынч эмес экенине карабай отуз биринчи декабрь күнү атасынан калган эски үйүнө кетти. Намаз дигерден өтүп, шамга жакындап калганда көчө тараптагы эшик ачылып, аялы көрүндү. Атасы да ушундай маалда кирип келген. Атасы эшикти шарт ачып кирип: «Кулунум!…» — деп сүйүнүчтүү кыйкырган эле. Аялы болсо эшикти сындырып алыштан чочугандай акырын ачып, абайлап жапты. Мүңкүрөй басып, үйгө жакындады. Атасы келгенде балалыгына барып, жанында турган адамдарды саамга унута түшүп, ордунан кубанып ыргып турган. Аялы көрүнгөндө болсо… таштай катты. Аяк-колу жансыздай болуп, денесин муздак каптады. Биринчи эле башына «Кызым табылыптыр…»  деген куш ой келди. Бирок бул оюнун өмүрү чагылгандын отунан да кыска болду. «Шум кабар алып келди…» деген ой мээсин эле эмес, бүт денесин каптап алды. Манзура — эринин көзүнө бир да жолу тик карабаган, ишине аралашып: «Эмне иш кыласың? Пулду каерден таап жатасың? — деп сурабаган, аялдын милдети эрдин сызган сызыгынан чыкпоо, балдарды төрөп, тарбиялоо деп билген аял — минтип беймаалда эринин үстүнө уруксатсыз кирмек эмес. Көчө жактагы эшиктен айбанга чейин он беш кадам. Айбан болсо эки кадам. Асадбектин назарында Манзура бул жолду бир нече саатта басып өткөндөй болду. «Тезирээк бас!» — деп кыйкырып жибергиси келди. Бирок шум кабарды бир секунд болсо да кечирээк угайын деген ой аны токтотту.

Манзура астананы аттагандан чочулап, эрин бакырайып тиктеп калды. Анын карашында коркуу бар эле. Асадбек отуз жыл бирге жашап, бир жолу да уруп, сөкпөгөн эле аялын. Ошентсе да ал эринен тайсалдап, коркуп турчу. Адамдардан эринин таш боорлугу жөнүндө көп угуп, ошондон улам коркот дейин десек, бул сөздөр кийин чыккан. Асадбек биринчи жолу көшөгөгө кирип келгенде анын көздөрүндөгү отту көрүп, Манзуранын жүрөгү» шуу» дей түшкөн. Бирок бул от жаңы үйлөнгөн жигиттин көзүндөгү кубанычтуу от болсо да, Манзуранын мээсине сиңип калган. Атасы ачуулуу, тажаал киши болгондуктан, апасын күн ара тепкилеп калчу. Ушуну көрүп чоңойгон Манзуранын мээсинде «Эрим баары бир бир күнү урат» деген ой орноп калган.

Асадбектин Манзура менен отуз жылдык турмушунда аны бир жолу чекесине чертмек турсун, катуу айтып какпаганы — аны аялын катуу сүйгөндүгүнөн эмес эле. Анткени, таш боордук, ырайымсыздык, жырткычтык жашаган жүрөгүндө махабатка орун жок эле. Ошентсе да ачуусун аялынан чыгарган эмес. Манзуранын «Тамак даяр» деп жалтактап турган мажирөө мүнөзүнө кээде жини келгенде, «Балдарды өзүңө окшош мокок кылып койбо» дечү. Билемин, өзүнө жакпаган, же каршы чыккан адамды эч аябай мыкаачылык менен өлтүртүп жиберген адамдын үйдө кой оозунан чөп албаган момун болуп калганына ишенбейсиз. Бирок мен сизге Асадбектин апасы жөнүндө али айта элекмин. Туңгуч уулу жөрмөлөп калганда эрин согушка узаткан, эки айдан соң кара кагаз алган, согуш бүткөндөн бир-эки жылдан соң «Өлдү» деген эри тирүү кайтып келген, экинчи баласын төрөп чыкканда эринин камалып кеткенин уккан, экинчи уулу Самандар үчкө чыгып-чыкпай өпкөсүнөн кагынып, оорудан улам колунда узап кеткен, бул күйүттөргө чыдабай, ар таңда көрөгө чай кайнатып, эрин күткөн, жер төшөктү тоголоктоп алып: «Самандарым, менин, Самандарым» — деп, өлгөн баласын эркелетип ойноткон аялдын тагдырын көрүп чоңойгон Асадбекти аялга кол көтөрөт деп ойлойсузбу? Жок! Башканы билбейм, бирок Асадбек анчалык наамарт эмес эле. Ошон үчүн дагы Садыр кумарпоздун аялын көчөгө таштап койбогондур? Ошон үчүн дагы Ноилага бычак сайган жигитти сүргүн кылгандыр? Бирок азыр бул кептердин орду эмес. Азыр Асадбектин атасынын эски үйүндөбүз. Асадбек капкараңгы үйдө, аялы астанада турат. Ал астанада токтоп калган аялына «Иши кылып куш кабар айтса экен» деп үмүттүү тигилди. «Тезирээк айт!» — деп бакырды ички бир үн. «Жок, шашпасын…»- деди башкасы. Экөөнүн үнсүз карашы төрт-беш секундча созулду. Бул убакыт Асадбек үчүн бир нече сааттай туюлуп кетти.

— Сүйлө… — деди үнү бош. Деп жибергенин өзү да байкабай калды. Үнү өзүнө араң угулду. Тили да күрмөөгө келбей, араң айлангандай болду. Манзурага анын үнү кайыптан угулгандай сезилди. Сүйлөй албай, жутунуп койду. Асадбек өзүн колго алганга аракет кылып:

— Табылдыбы?  — деп сурады.

Манзура «Ооба» дегендей башын ийкеп, ыйлап жиберди.

— Тирүүбү? — деп сурады. Эмне үчүн минтип сурап жибергенин өзү да билбей калды. Канчалык таш боор, мыкаачы болсо да канында аталык инстинкти ойноп кетти.

— Кудайга шүгүр, тирүү…- деди да, Манзура сөзүнүн калганын ичине жутуп, астыңкы эрдин кесе тиштеп, ыйлап жиберди. Ушул бир ооз «Тирүү» деген сөз Асадбектин жанын өзүнө кайтарып берди. Шарт ордунан туруп, эки аттап аялынын жанына жетти да, эки ийнинен кармап, катуу бир силкип:

— Тирүү болсо эмне ыйлап атасың?! Эмне шойком баштап жатасың?!- деп кыйкырып, ушул маалга чейин аялынын чекесине чертпеген адам, шапалак менен жаакка чаап жиберди. Ушул шапалак гана жетпей тургансып, Манзуранын тилине жан кирди:

— Тирүү… Бирок… Айталбайм…

— Айт деп жатам! Эмне болуптур? Азыр бууп өлтүрүп салам!

Асадбектин бул сөздөрү попуза эмес эле.

— Кызыңызды…

Асадбек эмне сөз экенин түшүндү. Аялын кое берди да, өзүнчө:

— Мындан көрө өлтүрүп кетишпептир. Ким болсо дагы мокок бычак менен союптур. Мени өлтүргөндө мынчалык ырахаттаналбайт болчу. Эми өмүр бою менин азаптан толгонгонуму көрүп ырахат алам дептир да. Арпаны кам оруптур. Ким болсо да менин көзүмдөн азапты көрүп, жыргайм деген оюн таш каптырам. Жүрөгүн өз колум менен сууруп алам! — деп күңгүрөндү.

4

— Оозуңду жап! Бар, үйгө бар! Үнүңдү чыгарба! Бирөө-жарым сураса таежесиникинде эле дегин!

— Вай, атасы, таежеси жок го? — деди Манзура.

«Бул гөлөйгөн катын эптеп бир шылтоо да таба албаса…» — деп кыжынды Асадбек.

— Эй, нашүт, таежеси болбосо… маңина уруп кетиптир де. Ооруканада экен де. Бар үйгө! Токто! Ким менен келдиң?

— Жамшит менен.

— Жамшитке айт, сени таштап коюп, Жалилди алып келсин!

Жалил азыр шаардын күн чыгышындагы көп кабаттуу үйдө турчу. Инилери чоңоюп, тар үйдө кысылып калганда Асадбек шаарисполкомуна бир ишара менен бул үч бөлмө үйдү алып бергенин билбейт. Өзүнчө, ишканамдагылар көп жылдык эмгегимди сыйлап, кезексиз үй беришти деп жүрөт. Асадбек Жалилге үйдү шаардын чок ортосундагы бышкан кыштан салынган үйлөрдөн деле алып бериши мүмкүн эле, анда эле мүнөзү кежир Жалил үйдү ким алып бергенин сезип калмак да, тээжиктигине салып, баш тартып коймок. Качан эле жөнөкөй өзбек жумушчусуна шаардын борборундагы бышык кыштан салынган үйдөн батир насип этиптир дейсиз, Жалилдин буга окшогон икир-чикирге башы жетет да.

Жалил шамга аралаш кирип келгенде, ал чогу өчкөн тапчандын жанында үңкүйүп отурган. Досунун саламына да алик албай, үндөбөй тиктеди да, колун сунду. Жалил «Бек аке сурап жатат сизди» дегенде эле бир нерсе болгонун сезген. Эч нерсени сурабай, туурап жаткан нарынын да таштап, колун бир чекеде турган чачыкка аарчыган да, Жамшиттин артынан жөнөгөн. Досунун үңкүйүп отурганын көрүп, бир жагымсыз иш болгонуна дагы ынанды. Ошон үчүн да үндөбөй жанына көчүк басты. Башка учур болгондо:

— Азрейилдин өзү болсоң да мени менен адамча учураш! — деп бакылдамак.

Асадбекке бул жарык ааламда бир гана досу тең келип, тик карап сүйлөп, кээ учурда ашатып сөгүп калчу. Мурду бучук, жүзү тегерегинен келген, калың кара каштуу бул адам бир аз сертирээк көрүнсө да, кырдач мурун, чап жаактардан ыманы ысык көрүнчү. Асадбектин жакын досу болгон үчүн оёндордун отурушуна катышып калчу. Аны оёндор Асадбектен коркушканы үчүн урматташат десек жаңылабыз. Урматтын өзөгү башкада: Дайыма жар үстүндө жүрүп, эртең кимдин амири менен ким колдуу болуп өлүп кетиштен чочуп жашаган оёндорго анын эч нерседен тайманбай туруп чындыкты сүйлөгөнү, калп сүйлөгөндөрдүн көзүнө чындык менен сайгылаганы жакчу. Бирок алардын баары инсан өмүрү жалаң жакшылык жаратуу үчүн берилгенин эстеринен эчак чыгарышкан. Асадбектин жүрөгүн кек көр кылса, булардын көбүн байлык, бийлик, текебердик, кумар көр кылган. Кээде анын кептери куюшкандан чыгып кетет. Атургай, Асадбектин да жини келет. Башка адамдын оозунан ошондой ачуу сөздөр чыкса, өкүм дайын эле деңчи, бирок Жалил өзү айткандай, бул «Шайтан сарайда» чындык менен тазалыктын, алардын арамга толо жашоосундагы бир аруулуктун символу эле. Ошого да ага эч ким каяша айтчу эмес. Каяша кайрыгандар да анын жөндүү сөздөрүнө муюп, сөз таппай калчу. Асадбек аны же көңүлү куунагында, же жүрөгү сыгылып, дартташчу адам издегенде жокточу. Аны чакырып келген жигиттен:

— Кожоюнуңдун көөнү кандай? — деп сурачу.

— Чатак, — десе жөнөткөн машинеде келчү. А эгер:

— Куунак, — десе кежирлигине барып:

— Мени апам машинеде туубаган. Бара бер, автобуста барам дечү. Бирок, бул сапар отуз биринчи декабрда жоктогонун угуп, таң калып да, жүрөгү бир шойкомду сезип да, унчукпай Жамшитти ээрчиди.

— А, үкөм, тынччылыкпы? — деди Жалил, алакан жайып, бата кылышкан соң. «Ооба» дегенсип баш ийкеп койду Асадбек. Ал досун чакырышы чакырып алып, кепти эмнеден башташын билбей отурган эле. Чөөлөр кызынын эмес, өзүнүн намысын тебелегенине ызасын ичине жутуп отурду. Сыртта кар жок, Ай да караңгы болгону үчүн үйдүн ичин көзгө сайса көрүнгүс караңгылык каптады.

— Самандар өлбөгөндө кыркка кадам коёт эле, — деди ал бошоң үн менен. Жалил бул бошоң чыккан үндүн артында турган ызаны сезди. Көптөн бери досун мындай абалда көрбөгөн үчун да эмне деп жооп беришти билбеди.

— Эми… өмүрү кыска экен… Таза боюнча кетти.

— Бул жалганда не акем бар, не үкөм… Жалгызмын.

— Сөзүң үйүңдөн да суук го. Жалгызмын дейсиң. Жалгыздык жалгыз Кудайга жарашат. Сенин үй-бүлөөң бар. Балдарың бар. Агам жок дейсиң. Мен киммин? Тайнеңин эриминби?

Жарымы попуза, жарымы азил аралаш бул сөз ортодогу муздактыкка жылуулук таштагандай болду.

— Агамсың сен, агамсың, — деп калп жылмайды Асадбек. Бирок анын бул жалган жылмаюусун караңгылык жутуп алды. Жалил да көрбөдү. — Самандар тирүү болгондо…

— Токто! Сөздү чайнабай ток этээр жерин айт! — деп Асадбектин тизесине чапты.

— Самандар Кудайдын сүйгөн пендеси экен. Наристе боюнча, таза боюнча кетти. Кудай ыракматы кылсын. Сен экөөбүзгө окшоп желкесине күнөөнү жүктөп кетпеди.

Жалилдин бул сөздөрү ага кубат берип, сергектентти. «Мага эмне болду? Эми ушуга арманымды айтып, көз жашымды төгөйүнбү? Эми мени ушул сооротсунбу? Эмне дейт? Азыр ушундай болуп калган дейби? Же сен бузган кыздардын аталары да сендей көз жаш төккөн дейби? Ошолордун убалы урду дейби? Мен… эч кимдин кызына тийген эмесмин да? Жигиттерим… Ооба. Өзүм бузбасам колумдагы жигиттерим канчанын тагдырын бузду. Ошолордун кесири… Жок!» — деп ойлоду.

— Жалил, сен бара бер.

Эмнеге чакырдың да, эмнеге айдап жатасың дебеди Жалил. Ордунан турду.

— Жамшит таштап коёт.

— Мен машинеде туулбаганмын. Беш тыйын берсем автобус «гыр-р» этип жеткирип коёт.

— Эрте менен келип убара болбо, — деди.

— Өзүң билесиң, — деди Жалил.

Асадбек аны көчөгө узатып чыкты. Бурулушка чейин чогуу басышып, Жалил кайырлашып, аялдамага карай басты. Асадбек алчанын түбүндө токтоп турган көк «Жигулини» көздөй басты. Машиненин астыңкы эшиги ачылып, тармал чачтуу, шыңга бой, чымыр денелүү жигит түштү. Асадбек токтоп отурбай, басып баратып эле:

— Элчин деген атарчыны жердин түбүнөн болсо да таап келгиле, — деди да, жолун улады. Муну сырттан көргөн адам тармал чач жигит салам берди, Асадбек алик алды го деп ойлошу мүмкүн эле. Ал үч кадам баспай, көк «Жигули» байгеге чабылган кунандай ордунан жылды.

5

Элчин жамбаштап алып, телевизор тиктеп жаткан. Көзү телевизордо болгону менен, ой-санаасы башка жакта эле. Камактан кайтканына да эки ай болуптур. Камакка түшкөндөгү алгачкы күндөрү ным, сасык камерага көнүшү канчалык оор болсо, кайткандан кийин да кенен бөлмө, жумшак төшөккө көнүшү ошондой кыйын болду. Туура, мамык төшөктө суналып жатканда денең ырахаттанат дечи, бирок анын жүрөгүндөгү азап тынчтык бербей, кудум тикендин үстүндө жаткандай сезчү өзүн. Бул үйдө он жыл болбоптур. Он жылдан бери мында Ноиласынын күлкүсү, шыбырап сүйлөгөн кумарлуу үнү угулбайт. Камакта өткөн алгачкы жылдары ал Ноила менен бирге эле. Башында ал акыркы көргөндөгүсүндөй, эрдин кесе тиштеп, бир аз жылмайгандай, бирок көздөрү жумулуу эле. Ал Ноиласы менен дайыма сүйлөшчү. Анын көздөрү дайыма жумулуу, жүзү муңайым күлүмсүрөт турчу. Анан… бир нече жылдан кийин көздөрүн ачты. Бирок, анын көздөрү Элчин сүйгөн жоодур көздөр эмес эле. Бул көздөрдө «Эмнеге? Кайсы күнөөм үчүн?» деген собол бар эле. Ичин эңшерген бул көз караштагы суроого жооп тапканга милдеттүү эле. Бирок, эмне деп оңдуу жооп беришин билчү эмес. Мына ушул абал, мына ушул рухий азап ага тынчтык берчү эмес. Үч-Кудуктагы мээ кайнаткан ысык да, Сибирдеги сөөктөн өткөн суук да ага мынчалык азап берчү эмес. Жан дүйнөнүн азабын душманыңа да бербесин экен. Соттун өкүмү окулуп жатканда, адвокат: «Адам өлтүрүү — эң чоң күнөө. Буга бир гана жаза — атуу жазасы колдонулат. Бирок сага «жакшы адамдар» ортого түшүп жатып, жазаңды он жылга кесүү менен алмаштырышты. Сен мага эмес, ошо «жакшы адамдарга» ырахматыңы айт» — деген. Кийинчерээк руху кыйма-чийме болуп эзилгенде ошол «жакшы адамдарды» көп эстеди.  Ошол «жакшы адамдар» ага боор ооруп, жакшылык кылбай эле, нак тозоктун өзүнө тирүүлөй ыргытышканын билди.

Жаза мөөнөтү жарымдап калганда, Ноиласынын көзүндөгү «Кайсы күнөөм үчүн?» деген собол «Өч ал!» деген буйрукка алмашты. Өч алуу пикири ага ошол күндүн эртеси келсе да, өзүнчө: «Мен бир бечара атарчы болсом, бели бакубат бул жырткычтардын тобуна тең келмек белем? Колумдан эмне келмек?» — деп, өзүнүн алсыздыгынан күйбөгөн жери күл болчу. Түрмөдө түрдүү тагдыр, түрдүү кулк-мүнөздүү адамдарды көрүп: «Мен деле эркекмин! Мен деле өч алам!» — деген ишеним пайда болду. Элчин түрмөдөн ушул ишеним менен кайтты. Бирок… Үйүнө келгендеги биринчи түнү аны Ноиланын арбагы ар бурчтан пайлап тургандай боло берди. Түн уйкусу төрт бөлүнүп, утуру чочуп ойгонуп, ойдолоктоп жатып таң атырды. Экинчи түнү болсо бул азаптарга чыдай албай, түн ортосунда көчөгө чыгып кетти. Таң аткыча ар көчөдө жолбун иттей каңгып жүрдү. Таң атып, күндүн мурду көрүнгөндө, өзүнө-өзү жини келип, «Ноила мени ушул үйдө он жыл күттү. Мен бир түндүк азапка чыдабай качып чыктым. Өч албасам менин эмнем эркек?»- деген ойго келди да, үйүнө кайтты. Көкүрөгү үч-төрт күн ичинде согуш майданына айланды. Ал жерде жанын кыйнаган жан дүйнө азабы менен мен алардан өч алышым керек деген кектин оту согушуп жатты. Акыры жүрөгүндөнү кек үстүн келип, өзүн колуна алды да, бир кезде өзүн атуудан алып калган «жакшы адамдардан» өч алуунун жолун кыдыра баштады. Өч демекчи, өч алуунун түрү көп. Камактан чыккан күнү эле «жакшы адамдардын» бир нечесин мууздап, же үйлөрүн өрттөп таштаса болмок. Бирок бул алар үчүн өтө оңой жазадай туюлуп, ал кооптуу, узун жолду тандады. Ал ошол жырткычтардын арасына кирип, аларды бирден бууп өлтүрмөк болду. Бууганда да алардын ар бирин өз колдору менен буугусу келди. Алардын көзүнөн да азап, муң көргүсү келди. Ошентип, өч алуу үчүн биринчи кадамын таштады. Эми бул адам кейпиндеги зөөкүрлөр аны өздөрү издешет. Чын эле өздөрү айткандай ар-намыстуу болушса, аны өздөрү бул жырткычтардын ордосуна апкиришет. Эми эки-үч күн ичинде издеп келишет деп жатканда, күтүлбөгөндө, жаңы жыл киришине жарым саат калганда Асадбектен адам келишин күтпөгөн эле. Аны издеп келген бул тармал чач жигит Жамшит эле. Жамшит — он сүйлөсөң бир сүйлөгөн, теңтуштарына окшоп, оюн-күлкүнүн артынан куубаган, каткырып күлмөк бул жакта турсун, жылмайганды да көбүнчө насыя кылып кете берчү бир сырдуу жигит эле.

Кем сөздүүлүк, бир сырдуулук эч качан кемчилик саналган эмес, тескерисинче, мыкты сапат саналган. Ошон үчүн, сиз дагы, окурман, чыгармадагы жаңы каарман — Жамшиттин бир сырдуулугун андагы мыкты сапат деп билиңиз. Бир окуядан улам боорукерлик, мээрим, тартынуу деген түшүнүктөрдөн оолак калган бул жигиттен башка эч нерсе издебей деле койсоңуз болот. Баса, аз жерден унута жаздапмын, анын мойнуна кылыч такасаң да сатып кетпеген бир адаты бар. Ал Асадбекке берилүү менен кызмат кылат. Ошол окуядан кийин ал күчтүү, таш боор адамдарды катуу сыйлап калган. Асадбек ал үчүн эң күчтүү адам эле. Анын бул сатып кетпеген кашкөйлүк сапаты зулум үчүн кызмат кылганына карабай, андагы эң мыкты сапаты эле.

Элчин бул жигитти сыртынан таанычу. Камала элегинде Асадбектин үйүнөн эки-үч жолу көргөн. Ошон үчүн дароо тааныды. Жамшит өзбектердин канына сиңип калган адат менен, «Сиз баланча акесизби, сизди түкүнчө аке чакырып жатат»- деп жасакерленип отурбай, эшикти ачты да, аны бир сыйра көз жүгүртүп карап: «Сизди Бек акем чакырып жатат» — деп коюп сырттагы машинесин көздөй жөнөдү. Элчин анын мындай тоң моюндугуна бир чети жини келсе, камакта жатканда түрдүү мүнөз адамдарды көргөн үчүн да өзүн токтоо кармады. Жүрөгү бир жамандыкты сезди. «Асадбекке жеттиби? Ким сатышы мүмкүн?» Мына ушул ой анын башында кийинип жатканда да, машинеге отурганда да каңгып жүрдү. Тармал чачтуу бул жигит башка сөз айтпаган үчүн да жүрөгү дүпөйүл болуп:

— Чексем болобу? — деп сурады аны кепке тартмакка.

Жамшит аркасын карабай туруп:

— Болот, — деп койду.

— Бек акеңиз жакшыбы? Көрбөгөнүмө дагы он жыл болду, — деди Элчин.

Жамшит салондогу артты кароочу күзгүдөн аны бир карап койду да, унчукпады. «Демек, абал чатак. Асадбек билген болсо эмнеге чакырып кел деди. Өлтүрүп кел десе иш оңой чечилет эле го? Он жыл мурун өлүмдөн алып калды эле. Эми эмне кылат?» — деп ойлоду.

Элчин Асадбекке каршы аттанганда дадил эле. Азыр эмнеден чочуп жатат? Үч-Кудуктун түрмөсүндө да, Сибирде да аны конвойлор да, зектер да катуу кыйнашпады. Кийинчерээк мунун себебин билип калды. Көрсө ал «Асадбектин адамы» экен. Туура, Сибирде Асадбекти эч ким тааныбайт эле. Бирок «Ок жыланды» баары таанышчу. Элчин өмүрүндө ок жыланды көрбөгөн. Бирок, ок жылан адамдын таманынан кирип, мээсинен тешип чыгат дегенди уккан. Асадбекке «Ок жылан» деген лакап атты берген адам ушуну назарга тутканбы? Элчин так ошол атагы Алайга, даңкы далайга кеткен «Ок жыланга» каршы чыгып, биринчи кадамын таштады. Бул кадамы биринчиси жана соңкусу болуп калбас бекен?

— Агайын, таанышып алалы. Атың ким эле? — деп, Элчин бул жигитти мурда жакшы таанып, азыр атын эстей албай жаткан адамдай сурады.  Жамшит жооп бербеди. Карап да койбоду. «Тирүү калсаң билип аласың» — дегениби бул?

Машина «Эски шаарга» бурулганда Элчиндин ою онго, санаасы санга бөлүндү. Ал Асадбектин балалыгы өткөн бул «Эски шаардагы» эски үйдүн адатын жакшы билчү. Караңгы короого, андан кийин караңгы үйгө кирип баратканда да «Азыр далыма бычак сайылат» деген ойдо болду. Жок. Ал өлүмдөн коркподу. Анткени түрмөдөн башын канжыгага байлап чыккан. Ал өлүмдөн эмес, өч алуу жолундагы алгачкы кадамынан эле ээрден көчүгү кыйшайып, жеңилгенине ичи күйүп баратты.

Ал бул караңгы үйдө кежигесине бычак урулушун күттү. Бирок анын ордуна караңгыдан Асадбектин үнү угулду.

— Кел, апыз. Келдим деп бир жоктоп да койбойсуң, — деди. Асадбектин үнүндө кекээр да, табалоо да жок эле. Элчин бир аз жеңил тарткандай болду. Караңгыда үн чыккан жакка карап салам айтты.

— Келдим деп дагы койбопсуң. Мен сага бөтөн-жат эмес элем. Аздыр-көптүр ага-инилигибиз бар эле.

Бул сөздөрдөн «сени атуудан мен алып калганмын» деген ишараны туйду. Көзү караңгыга үйүр алганда, бөлмөнүн сол тарабындагы дөмпөйгөн тапчанды, дубалга жөлөнүп отурган адамдын караанын көрдү. Жолугушуу эмнеге караңгы үйдө болуп жатканына башы жетпесе да:

— Камактан кайткан инисинен агасы кабар алат го деп ойлопмун, — деди Элчин кине кылгандай.

— Келгениңи билгенимде учуп барат элем, — деди мыскылдагандай. Анан үнү кескин өзгөрдү:

— Апыз, чайналбай эркекче сүйлөшөлү. Катыныңын өлүмүндө менин колум жок. Сени жоготкондон мага эмне пайда болмок? Сен менин зыяпаттарымдын көркүн аччу элең. Тескерисинче, зыян тарттым. Өлтүрдүм деп мойнуңа алып, чоң ката кылдың. Өлтүргөн адамды биздин арабыздан эмес, бири-бириңерди көралбай, сурма ичирген сетерчилериңин арасынан изде, — деди. Ырасында эле бул иш Асадбектин буйругусуз болгон. Кийин, муну билгенде, ошол куюшкандан чыгып кеткен адамды аёосуз жазалаган. Азыр мунун аки-чүкүсүн айтып отурбай, күнөөлүүнү сетерчилердин арасынан изде деп койду тек гана.

Асадбектин бул сөзү Элчинге жаңылык эмес эле. Түрмөнүн сыз канасында жатканда кесиптештеринен да шектенген. Туура, «Баланча ырчы Түкүнчө ырчынын чайына сурма кошуп бериптир» деген кептерди көп эшиткен. Бирок көзү менен көрбөгөн. Азыр ким көп, ырчы көп. Авазы бары да, жогу да микрофонду кармап алып, ыйынганы ыйынган. Ар бири өзүн теңдешсиз, мукам үндүү булбул сезишет. Эсине бир аския түштү. Аскерге жалаң ырчыларды чакырыптыр. Катарга тизип:

— Катарыңар менен санагыла! — деген буйрукту угуп, саптын башында турган ырчы-аскер:

— Мен биринчи! — десе, андан кийинкиси дагы:

— Мен биринчи! — дептир. Үчүнчү, төртүнчү, бешинчилери да:

— Мен биринчи! — дешет. Буга ачууланган командир:

— Катарыңар менен санагыла! Эмне, «Биринчи» дегенден башканы билбейсиңерби? — десе, катарда турган бир ырчы-аскер:

— Жолдош командир! Биз ырчыларбыз. Бизде экинчи жок. Баарыбыз биринчибиз, — деген экен. Анын сыңары, биринчи болгусу келген ырчылардын колунан ар балээ келиши мүмкүн-ов, бирок бейкүнөө аялды зордуктап, бычак сайып өлтүргөнгө мажирөөлүк кылышат. Буга бөркүндөй ишенчү. Ошон үчүн Асадбектин бул сөзүн этибарсыз укту. «Ошол окуя болоордо адамдарыңыз мага ай сайын мынчадан төлөп турасың деп салык салышмакчы болду. Мен буга көнбөй койгонумда, азилдешип койдук деп, зыяпатка алпарышты. Ал жерде азилдешип кумар ойнодук…» — демекчи болду, бирок буга кандай жооп угушун билип, үндөбөдү.

— Менден бир ката өткөн. Көралбастардан коргогонду унуткан экенмин сени. Баягы, бир ырың бар эле го:

«Ойнобосо ким өзгөнүн найына,

Шум ниеттер жетип тынар пайына» — деген. Сен ошол найчыны издеп жатасың. Издебегениңде эркек эмес экен дейт элем. Сен… найчыны кыдырба. Ал эчак жазасын алган. Үйлөндүңбү?

— Жок.

— Тиричилик кандай болуп жатат?

— Өзбектин тою бар экен, эптеп атабыз.

— Тойдун да тою болот. Той деп эле ким чакырса бара бербе. Адамдар сенин макулдугуңду алыш үчүн апталап күтсүн. Теле менен радиодо сенин ырларың жаңырып турсун. Бул жагын мага коюп бер. Шерали менен Гуламдар сенин алдыңда сары чака болуп калат. Сен ырдаганда Артыктардын оозу Ошту карап калат.

— Рахмат, Бек аке. Бул жакшылыктарыңызга мен эмне кылышым керек? «Эсептүү дос айрылбайт» дейт. Сиз көп сурабайсыз, билем. Нары барса сизге бир өмүр кул болушум керек да, — деди. Асадбек мындан ыраазычылык күткөн. Асадбек жөн эле мактанып айткан эмес бул сөздөрдү. Колунан келет болчу. «Кимге ишенип чоң сүйлөп жатат?» деп кыжынды. Асадбек көңүлүнө жакпаган сөз укса, көп сүйлөп отурчу эмес. Анын бир көз карашынан түшүнгөн оёндору өкүмдү дароо аткарышчу. Асадбекке каяша сүйлөгөн адамдын шору  шорподой кайначу. Элчин муну билип туруп ушундай деди.

Элчиндин максаты Асадбектин канатына кирүү эле. Бирок Асадбек айткандай эмес, башын бийик көтөрүп, аны менен тең ата сүйлөшүү менен алардын арасына кирүүнү болжогон. Эгер Асадбектин айтканына макул десе, көчөдө өзүн саткан шуркуяга тең болмок. Ошон үчүн атайлап каяша сүйлөдү. Асадбек болсо Элчинди мурда да жакшы билген эмес, азыр да анын түп мүдөөсүн сезбеди. Элчин ал үчүн ырдап жатканда жакасына пул кыстарсаң ыраазы болуп ырсайып турган катардагы бир ырчы эле. А ырчыларды ал адам катарына кошчу эмес. Менмин деген атактуу ырчыларды да мазактаганды башынан жакшы көрчү. Тойдо, ортодо ырдап жаткан ырчынын алдына келип, көңүлү кушбак болсо чөнтөгүнөн жүз сомдуктан экини сууруп чыгып, эки желкесине «погон» кылчу. Маанайы бузук болсо, жүз сомдуктан бирди жакасына кыстарчу. Асадбектин артынан ээрчип чыккан адамдар да, анын ырайына карап, же жүз, же эки жүз сомду»кыстыр-кыстыр» кылышчу. Ошон үчүн дагы жакасына жүз сом кыстарылган ырчы Асадбекти шылдың кылды деп эмес, «Бек акем» азил кылды дешчү да, кол куушура таазим кылчу. Элчин менен дагы биринчи ошондой тойдо көрүшкөн. Элчин ошондо жакасына пул кыстарайын деген Асадбекке каршылык көрсөткөн эле. Мунусу үчүн тойдон кийин эки жигит жакшылап ийлеп, дутарын сындырышкан. «Түрмөдө да акылына кирбептир бул баччагар» деп кыжынып койду ичинен Асадбек.

Караңгылыктын сүкүтүн Асадбектин каардуу үнү бузду:

— Сенден түзүгүрөөк кул дагы чыкпайт! Сен ырдашыңы бил! Башка иштерге тумшугуңу тыкпа! Сен мал эмессиң. Ал жактан мурдуңу агызып келген эместирсиң? Тишиңи кайрап жүрөсүң.

— Бек аке…

Элчин менин андай ниетим жок деп, сөздү чалгытмакчы болду эле, анын сөзүн Асадбектин үнү басып кетти:

— Доошуңду чыгарба! Мен сүйлөп жатам! Сен катыныңы өлтүрүп кеткенин да, түрмөдө жатып чыкканыңды да унут! Бирок Асадбекти унутпа! Мен азырынча тирүүмүн, кокус өлгөн болсом өлүгүмдөн дагы корккун! Көрүмдө да тынч жатпайм! Жаныңда кимдер бар?

Мындай күтүлбөгөн суроону Элчин күткөн эмес. Кызы жоголгондон кийин шаарды түп көтөргөн жигиттери жыт алдыбы? Же божомолдоп жатабы?

— Ата-энем өлүп кетишиптир, Кудай ыракматы кылсын…

— Чайналбай түз сүйлө! Кимдерди айтып атканымы эң жакшы түшүнүп турасың. Жаныңдагылар кимдер? Майда балыктар дайыма чоңдоруна жем болот. Силер чымынсыңар. Мен болсо бүркүтмүн. Айырмасы барбы?

«Бар, — деп ойлоду Элчин, — Бүркүттөр чымынды жей албайт да».

— Өзбектерби, же ошо жактан ээрчитип келген тилемчилерби? Башкалар болсо тез жогот. Өзүбүздүкүлөр да жетип ашат. Зерикпей жүрүшүң үчүн беш-он баланы сага тапшырам.

«Демек жанымдагыларды билбейт. Кызын зордуктаганымы дагы билбейт. Билгенде мени менен жомок айтышып отурмак эмес. Божомол кылып жатат»- деп ойлоду Элчин.

— Бек аке, жанымда эч ким жок. Жалгызмын. Өч алуу оюм бар. Бирок бирөөнүн жардамы менен алынган өч менин моокумумду кандырбайт.

— Касам ич!

— Кудай урсун!

Элчин такыбалыктын эмне экенин, айтылган касамдын кадырын билчү эмес. Күндө жүз урушуп, жүз жарашкан, бир нерсеге ишендиргиси келсе «Кудай урсун!» деп айтышкан жөжө короз жаш балдардай оңой эле касам ичип койду. Асадбек буга ишенбеди. Жай гана:

— Сен үйлөнүшүң керек. Тоюңда өзүм баш-көз болом, — деди. Ушундай деди да, башка сөз айтпады. Элчин ортодо сөз бүткөнүн билсе да, бир аз турду да:

— Кете берейинби? — деп сурады.

— Жөнө, — деди Асадбек.

Элчин караңгыда Асадбектин каарга толуп, канталаган көзүн көрбөдү. «Сен үйлөнүшүң керек. Тоюңда өзүм баш-көз болом» дегенин, кызымды сен аласың деп түшүндү. Элчинге да ушул макул эле. Анткени максатына жетиш үчүн басчу жолду кыйла кыскартмак бул. Бирок ал жаңылышты. Бийчи эптеп ырдай албаган сыяктуу, ырчы да жакшы бийлей албайт. Анын сыңары бул аты да, заты да ырчы Элчин кылмыш дүйнөсүнүн кыйтырлыктарын билбейт эле. Ал «Сарт санаасы менен байыйт» болуп, шакта жүргөндө, Асадбектер баригинде жүргөн. Бир ырчыга кызын бергенден көрө, аны өлтүрүп салуу оң эле Асадбек үчүн. Ошол оюн, кыялын жылоолой албай Элчин Анварга минтип балп этип отурат.

Которгон Азамат ТӨКӨРОВ