ТӨКӨРОВ Азамат: МАРК ЦУКЕРБЕРГ – ЖАКАҢДЫ УУЧТАТКАН 21-КЫЛЫМДЫН ГЕНИЙИ

Марк Цукерберг – дүйнөдөгү эң жаш жана ооматтуу бизнесмендердин сап башында. Анын өмүр-таржымалы жүз миллиондогон адамдарды кызыктырары калетсиз. Марктын ысмы дүйнөдөгү эң чоң социалдык желе саналган – 1,3 миллиард колдонуучусу бар Facebook менен тыгыз байланышкан. Жаш полиглот (бир нече тилде эркин сүйлөгөн адам) жана программист Марктын расмий айлыгы 1 гана доллар болгон, бирок буга карабай ал миллиардер! Анын байлыгы 50 млрд АКШ долларын коколойт. Ал кантип дүйнөдөгү эң жаш миллиардерлердин жана эң таасирдүү адамдардын бири болуп калды?..
Марк Элиот Цукерберг 1984-жылдын 14-майында Нью-Йорктун четиндеги Уайт-Плейнс шаарчасында жөөттөрдүн үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Анын ата-энеси медиктер. Атасы Эдвард стоматолог, апасы Карен психология жаатында алектенет. Рэнди аттуу эжеси, Ариел жана Донан деген эки карындашы бар. Марк динчил үй-бүлөдө бой жеткен. Бирок ал азыр атеисттик көзкарашты тутунат.
Марктын компьютерге болгон тунгуч кызыгуусу 10 жашында ойгонот. Ушул жашында атасы ага персоналдык компьютер белек кылып, программалоонун эң жөнөкөй BASIC тилинен түшүнүк берген. Жогорку класстарда окуп калганда ал өзүнүн эң алгачкы компьютердик оюндарын түзгөнгө жарап калган. Анын бул иштерине чогуу окуган достору да көп көмөк кылышкан. Бири оюндун идеясын айтса, дагы бири анын сүрөтүн тарткан.
1996-жылы он эки жашында Марк өзүнүн эң биринчи ZuckNet деген тырмак алды программасын жараткан. Ал программа аркылуу Марк үй-бүлө мүчөлөрү менен локалдык тор аркылуу баарлашууга мүмкүнчүлүк жарата алган. Башталгыч мектепти аяктаган соң өз билимин жана кызыгуусун андан ары өркүндөтүү үчүн престиждүү саналган Phillips Exeter Academy мектеп-пансионуна (жатак-мектеп) тапшырган. Бул мектепте компьютердик программалоону жана байыркы грек тилин тереңдетип окуткан.

Мектепти бүтүп жатып дипломдук иши үчүн Synapse деген программаны ойлоп табат. Бул программа интернет колдонуучулардын уккан музыкаларына карап, алардын музыкалык табитин аныктаган. Али мектепти бүтөлек Маркка дүйнөдөгү эң ири IT-гиганттардын бири Microsoft компаниясынан сунуш түшөт. Компания кыр мурут Марктын программасын сатып алганы 2 млн $ сунуштайт жана али ээгине сакал бүтөлек боз уланды программист болуп иштөөгө чакырат. Бирок Марк бул гигант компаниянын сунушун четке кагат. Программасын болсо 2 млн долларга баалаганына ыраазычылык билдирип, «Эргүү эч качан сатылбайт» деген кескин жообун берет.
Келечегинен көптү үмүттөндүргөн жаш программист Марк Цукерберг 2002-жылы күтүлбөгөн жерден апасынын таасири астында Гарвард университетинин психология факультетине тапшырат. Бирок психология факультетинде окуп жатып да өзүнүн программа түзүүгө болгон кызыгуусун калтырбаган. Психология менен бирге эле түрдүү информатикалык курстарга катышып, жаңы программаларды жаратуунун үстүндө иштей берген. Гарварддын 2-курсунда окуп жатканда студенттер үчүн CourseMatch программасын түзгөн. Бул программанын артыкчылыгы – студенттер үйрөнүп жаткан сабактары боюнча бири-бири менен онлайн тажрыйба бөлүшүүсүнө мүмкүнчүлүк жараткандыгында эле.
Facemash – Марктын Гарвард университетинде окуп жүршөндөгү экинчи долбоору болгон. Бул сайт аркылуу студенттер өздөрүнө жаккан сүрөттөргө добуш беришкен. Бул проектиси үчүн «хакер» университеттин маалымат базасын бузган. Бул иши үчүн университеттен айдалышына аз калган. Көпчүлүк жеке сүрөттөрүнүн ачыкка чыгышына нааразы болгондуктан, ал альтернативалуу жол тутуп, паролдонгон альбомдорду түзгөн.
Цукерберг Facemash’тын программалык камсыздоосунун негизинде коммуникациялык шедеврди жаратууну ниет кылат. Гарварддын студенттерин локалдык тор аркылуу баарлашуунун жаңы формасына алып чыгууну максат кылат. Курсташтары Крис Хьюз, Эдуардо Саверин жана Дастин Моковиц менен бирге бир жума ичинде жаңы сайт жасап чыгышат. Ал сайт Facemash’тен бир нече эсе популярдуулукка жетет.
Саналуу гана күндөрдүн ичинде Facebook долбоору Гарварддын жатаканасынын дубалдарынан чыгып, АКШ жана Канаданын университеттерине жайылат. Facebook’тун негизги идеясы – анын колдонуучулары өз баракчасына сүрөттөрүн жана өзү жөнүндөгү каалаган маалыматты жайгаштыра алуусуна кеңири жол ачуу болгон. Акырындап бирдей кызыкчылыкты колдогондордун өз ара тайпалары түзүлгөн.
Фейсбук түзүлгөндөн бир нече ай өткөн соң Марк өз долбоорунун мындан ары жайылтылышына оңбогондой акча керектигин түшүнөт. Ошондо ал Билл Гейтс өңдүү Гарвардды таштайт да, ата-энеси анын окуусуна деп топтогон 85 миң долларды өз долбоорунун келечеги үчүн сарптайт. 2004-жылдын жайында ал Пало-Альтого көчүп келет. Өз долбоорун юридикалык тарап катары каттоодон өткөрөт да Фейсбуктун генералдык деректири болуп калат.
Кийинчерээк ал өз долбооруна Американын биртоп бай жана таасирдүү адамдарын тартканга жетишет. Алар Америка интернетинин дөө-шаалары Шон Паркер, Питер Тил, Рид Хоффман эле.
Марк Цукербергдин жылдызы жанган учур 2007-жылга туш келет. Ушул жылы дүйнөлүк гигант Microsoft Марктын Фейсбугун 15 млрд долларга баалап, анын 1,6% акциясын 240 млн долларга сатып алат. 2008-жылы программист Дублинде компаниянын (Фейсбук) эл аралык штаб-квартирасын ачат. Ал эми 2009-жылы компаниянын эң алгачкы кирешеси жөнүндө дүйнөгө жар салып чыгат.
2015-жылы Фейсбук дүйнөнүн эң көп колдонуучусу бар экинчи сайтка айланат. Марк Цукерберг болсо расмий түрдө эң жаш миллиардер деп таанылды. Эң кызыгы, ал миллиардер болгон учурда анын компаниядан алган айлыгы бир доллар эле.
2012-жылы ал 2002-жылдан бери ысык мамиледе болуп келген Присцилле Чанга үйлөнөт. 2015-жылы Макс аттуу кыздуу болушат. Дүйнөнүн эң бай адамдарынын бири Марк Цукерберг жеке жашоосун эл алдына алып чыга бербейт. Алар кыздуу болгуча ижара үйдө турушкан. Колуктусунун боюнда бар экенин билгенден кийин ал «Өз үй, өлөң төшөгүң» деген накылга амал кылып, Пало-Альтодо компаниясынын штаб-квартирасынын жанына 7 млн долларга «куркулдайдын уясындай» эле үй салдырат.


2016-жылы Forbes журналынын версиясы боюнча Марктын байлыгы 50 млрд долларды чапчып, байлык жагынан Гуглдун түзүүчүлөрү Сергей Брина жана Ларри Пейджадан, ал турсун Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Жеффа Безостон (байлыгы 49 млрд $) да бай деп табылды.
Даярдаган Азамат ТӨКӨРОВ
P. S. Мына, достор! Биз күндө колдонгон Фейсбуктун түзүүчүсү жөнүндө аз да болсо маалыматка ээ болдук деп ойлойм. Алдыда да мындан кызыктуу материалдар менен көрүшкөнчө…