ТӨЛӨМҮШОВ Мырзаян: МЫРЗАЯН ТӨЛӨМҮШОВ: ДЕГЕН ЭКЕН…

Эрдикте чек жок

Айтылуу акын, прозачы, драматург жана котормочу Эрнис Турсунов бир күнү сырттан алагүү келип, балдарын олтургузуп алып, нуска айтат: «Эй, балдарым, алдың 3, артың 2 аял алдың, мобу мен кургур социализмден бир аял менен чыгып кеттим го. Ушу ну билесиңерби?» деген экен.

Качыкемден калган сөз…

Ал илгери Москвада литинституттун 2 жылдык жогорку курсунда окуп жүргөн чагы экен. Бир жолу трамвайда баратып, аялдын бутун басып алат. Аял кантсе да кечирим сурайт ко деп күтсө, Качыке (Качкынбай Осмоналиев) эч нерседен капары жок, кайра аялды матырайып карап калат. Кечиримден үмүтү үзүлгөн тигил зайып, «февраль» деп тетири карап кетсе, Качыкең бүткүл салонго угуза:

— А ты «Март», — деп заңк эткен экен.

Ошол эле Качыкенин айтканы…

— Бу Чыңгыз, Чыңгыз эле дешет. Мен анын чыгармасын окусам эч нерсе болбойм, өзүмдүкүн окусам эле жашым токтобойт, — дечү экен кайран киши.

75…

Ч.Айтматов Брюсселде паркта сейилдеп басып жүрүп: «75,75!» — деп күбүрөй берет. Аңгыча КМШ өлкөлөрүнүн биринин элчилигинен Чыкемди тааныган бирөө: «Чыңгыз Төрөкулович, эмне, бир нерсе жоготтуңузбу?» — десе.

— Ооба, — дептир Чыкем, — өмүрүмлүн 75 жылын жоготтум…

Камкордук

Тээ илгери, жаш кезинде Рамис Рыскулов психикалык ооруканада жатса бир бөтөлкө кефир, бир булочкасын көтөрүп, маркум Жоробек Султаналиев акындын алын сурамакчы болуп жетип барат.

— Рамис, жакшы болуп калдыңбы, качан чыга тургансың?» — десе, Рамис:

— Мен го жакында чыгам, өзүң качан келе тургансың?, — деген экен.

Опурталдуу абал

Рамис ыр жазып отурганда айрым сөздөрдү аялынан сурай калчу экен. Бир күнү аялы оюн-чындан:

— Ай, Рамис, алдагы жазган ырларыңдын көбү меники, жиниме тийсең бир күнү алып алам, — десе, Рамис ордунан ыргып туруп, өзү олтурган бөлмөнүн эшигин кулпулап алыптыр.

Өтө окшоштор

Жазуучулар жолуккан жерде сөздөн сөз чыгып, аягы күлкүгө айланат… Ошондой күндөрдүн биринде Бексултан Жакиев: «Биздин айылдыктар баарыбыз бойлуу, өңүбүз аксаргыл келип, кочкор тумшук болобуз» — десе, бери жактан котормочу Шаршеналы Абдылдаев: «Ооба, ырас эле силерди ошол айылдын башкармасына өтө окшош деп жүрүшөт» деген экен.

Кеч көрүлгөн чара

Советтик Жазуучулар союзунун акыркы пленумдарынын бири болсо керек. Уюштуруу маселеси каралып, секретарлыктан «түшпөс хан» болуп келаткан Муса Жангазиевди алып салышат. Пленумдан кийин бирге келаткан Б. Жакиев Н. Байтемировдон:

— Э-э, Насыке, Мусакемди ишинен туура эле алышты го, сиз кандай дейсиз? — деп суроо салат. Анда Насыкең өзүнө мүнөздүү чорттугу менен:

— Жок, Бексултан, туура алышкан жок, 19 жыл кеч алышты, — деген экен.