ТУРГУНБАЕВ Сүйөркул: СҮЙӨРКУЛ ТУРГУНБАЕВ: ААЛЫКЕ, СТАЛИН, ЧЕРЧИЛЛЬ, АЙТМАТОВ

Жазуучунун жандептеринен

Сексенинчи жылдарда «Кыргызстан маданияты» гезитинде сын бөлүмүн башкарчумун. Кийин, он жылдан кийин Ч.Айтматовдун кеңешчиси (сын боюнча) болуп үч жыл иштедим. 1982-жылдын жайы катуу ысыганы эсимде. Кумурскалар да куйкаланып кетти, чөптөр да, жан-жаныбарлар да акактап ыйлап турат, жараткан Теңирим жамгыр берегөр деп, жер үстүндөгү кыбырагандардын атынан Теңирге жалынып, ыр да жазып жибергем.
Ошондо июль айынын баш чени эле. Түшкө жакын редакторум Исабек Исаков: «Сүйөркул, сени Аалы Токомбаев саат 3кө чакырып жатат, бир иш бар окшойт, барып кел» – деди. Эмне үчүн башка убакка эмес, саат үчкө чакырды экен деп, ойлонуп келатам. Өткөн жылы да бир келдим эле, өзүнүн чакыруусу менен келсем, Аалыкенин улуу уулу Тарас Токомбаев байке келинчеги менен бар экен. Анда алар менен Аалыке болуп чогуу түштөнгөнбүз, анан экинчи кабатка – Аалыкенин иш бөлмөсүнө көтөрүлүп, шашпай олтуруп бапестеп, ирээттеп даярдаган, биздин акын-жазуучулардын Аалыкеге жазган каттарын: «Силердин гезитке атайын даярдадым» – деп мага берди эле. Ал материалдар биздин редколлегиядан алты ай бою өтпөй көпкө кармалганы да эсимде.
Эми эмнени берет болду экен деген ой менен дарбазанын алдына келгенимди билбей калыпмын. Ары жактан арылдаган дөбөттүн үнү угулду. Ким келип дарбазаны ачар экен дегенимче, Аалыкенин итке кыйкырган үнү угулду. Өзү келип, итти уясына камап, дарбазаны ачты. Көрсө, бу жолу Аалыке үйдө жалгыз экен. Түз эле мейман бөлмөгө баштады. Өзү тамактанып отурган үстөлгө чакырып, бир тарелкага кесме куюп, алдыма койду: «Мен азыр эле тойдум, ушул маалда түштөнөм, балдар азыр эле сенин алдыңда чыгып кетишкен, шашпай тамактана бер, мен чай ичейин» – деп, өзүнө карагаттан салып чай куйду. Мен болсо Аалыкеден сүрдөп, тердеп-тепчип кесме ичип атам. Үстөлдө жылкы менен койдун аралаш тууралган эти да бар.
– Сен өзүң эмне жазып жүрөсүң? – деди Аалыке.
– Анча-мынча ыр жазам, анан адабий макалаларды да жазып жүрөм, – дедим.
– Китептериң да болсо керек… Биз эми карыбадыкпы, дүкөн кыдырып баспай калбадыкпы. Китептериңер чыкканда бизге окшогон чалдарга берип турсаңар дурус болот эле, билбей калат экенбиз, – деп Аалыке суроолуу карады.
– Алакандай үч-төрт китебим чыкты Аалыке, аларды сизге көрсөткөнгө жүрөк даабайт. Колго толорлук бир китебим чыкса, сизге биринчи сунат элем, – дедим апкаарып.
– Деги каердин кулунусуң, айылың кайсы? – деди Аалыке дагы сүрдөтүп.
– Эми, Аалыке айылымды сиз билесиз да, Арстанбап деген жер.
– Оо, атактуу жердин баласы турбайсыңбы! Бир кезде силердин жер дүйнөлүк талаш болгон, – деп Аалыке кепти аябай берилип баштады. – Уинстон Черчилль Улуу Британияга эки жолу премьер болгонун билесиңер. 1940–45 жана 50-жылдарда Иосиф Сталин менен көп мамилелешкен. Ошондогу сүйлөшүүлөрдүн биринде силердин Арстанбап жергеңер жөнүндө өтүнүп, аны мүмкүн болсо баалашуу же алмашуу жагдайында сөз козгогон.
Менин да бул жөнүндө кимдир бирөөлөрдөн кулагым чалганы бар эле, бирок Аалыкенин оозунан укканым абдан ишенимдүү болду.
Арстанбаптын кооздугу жана табигый байлыгы, жапайы жемиш дарактары, айрыкча жаңгагыңар менен ак мистеңердин, айвансарыңар менен алма, алчаңардын касиети жөнүндө Черчиллдин жашырын чалгынчыларынын берген маалыматы болгон. Мамлекеттик деңгээлдеги бардык маселелер, алыш-бериштер эң мыкты сүйлөшүлүп, макулдашууларга кол коюла турган болгондо, Черчиллдин бул Арстанбап деген жер жөнүндө жылдырып сөз чыгарып отурганы Сталинди күдүктөнтөт. Анын үстүнө жер шарынын жарымындай болгон бакыйган державаны башкарып отурса, анын кайсы булуң-бурчунда эмнелер бар экенин билип коюптурбу. Ошон үчүн Сталинди мындай жер жөнүндө маалыматы болбогон. Черчиллдин бул суроосуна Сталин өз кыраакылыгынан жазбай: «Господин Черчилль – бул соболуңуз боюнча жоопту эртең саат 10до аласыз» – деп сүйлөшүүнү бүтүрөт.
Анан өзүнүн чалгынчыларынын (КГБсынын) чоңдоруна катуу тапшырма берет. Эртең саат 9.00дө Черчилль сураган жер жөнүндөгү толук маалымат менин столумда болсун! – деп буйрук кылат.
Ошондо биздин «жер шимшүүрлөр» түнү менен күпүлдөп жана тызылдап иштесе керек. Эртеси айтылган убакта Арстанбап жергеси жөнүндөгү бардык маалымат: аянты канча, канча эл жашайт, жан-жаныбар канча жана кандай түрдөгү бак-дарактуу токою, жемиштердин сорту жана сапаты, канча көл-көлмөлөр бар, канча суулар агат, кандай дары-дармек чөптөр, эгин-тегиндин түрлөрү, жашылчалар өсөт ж.б. справкалардын баары Сталиндин столунда болот. Аны менен таанышкандан кийин биздин Сталин: «Тумандуу Альбиондун кексе премьери мени алдагысы келген экен» деген ойго келет. Бирок мунусун эч билгизбей, саат ондогу жолугушууга даярданат.
Эки мамлекеттин жетекчилеринин сүйлөшүүлөрү жогорку деңгээлде мамыр-жумур маанайда аяктайт. Бирок Черчиллдин кечээки, акыркы өтүнүчү жөнүндө Сталин унутуп калгансып, түк ооз ачпайт. Ошондо чыдамы кеткен Черчилль: «Господин Сталин, кечээки менин акыркы соболума жооп бербедиңиз го» – деп өзү эстетет.
Ошондо Иосиф Виссарионович: «Господин Черчилль, бизде бардык маселелер макулдалышы мүмкүн, бирок жер эч качан сатылбайт жана күрөөгө да коюлбайт, мөөнөттүү пайдаланууга да берилбейт» – деп, мурутунан күлүп коёт…
– Ошентип, силердин Арстанбаптын, айрыкча жаңгагыңар менен фисташкаңардын кадырын Сталин да билген, – деп Аалыке өзүнчө канааттануу менен сөзүн аяктады.
Мен да ичимен Аалыке боюнча элден уккандарымды («А дейсиңер, бу дейсиңер, Аалыга жетпейсиңер», «Аалы өтө сынаакы адам, акын-жазуучулардын баарына ат койгуч, атүгүл Сталинге да «кызыл мүштөк» деп ат койгон дегендерди, дагы башкаларын) эстеп отуруп, Айтматовго ат койгонун сурагым келип:
– Аалыке, уруксат этсеңиз сизге бир собол айтайын, – дедим.
– Айт, айт, балам, тарткынчыктабай, – деди жибип Аалыке. Лев Толстой деген орустун он тогузунчу кылымда теңирден түшкөндөй жазуучусу кар тизеден келген кыштын улуу чилдесинде аялы Софья Андреевнага таарынып, ооруп калып, анан кайсы бир станцияда жаны чыгып баратканда, маңдайында турган Иисус пайгамбар менен: «Бу дүйнө сенден калды беле, неге сен элдин баарын өзүңүн кебетеңе табынтып, мени да капыр кылып таштадың?» – деп сөгүшүп атып жан берген экен. Михаил Лермонтов (жаш Лерма – бизче жаш Айдар), Пушкиндин өлүмүнө ыр жазып чыга келген акын, өзүнүн чөйрөсүндөгү адамдардын баарына ат койгонду жакшы көрчү экен. Менин Турар Кожомбердиев досум өзүнүн курсташтарынын баарына ат койгонду жакшы көрөт. Мисалы, мага «Доктор Сукарно» деп ат коюп таштады. Сиз болсо Чыңгыз Айтматовго: «Чоң таман журналист» – деп, Төлөгөн Касымбековго: «Каксоо жердин чегирткеси» – деп ат коюпсуз, муну кандайча түшүнсө болот? – дедим.
– Э-э, балам, мен да өзүмө «Чалкар», анан кийин заманга жараша «Балка» деп ат койгом. Эми Чыңгызыңар Сыдыкбековдун: «Көк асаба» романын «милитаризм жыттанат, Кытайдын милитаризми, ар бир главасында баш кесилип, кол, бут, мурун кесилип, кан суудай агылып» – деп тийишпедиби. Анан кыргыз менен казактын, өзбектин жаш жазуучуларынын чыгармаларын устаттык менен пайдаланып, өзү жавропачыл, батышчыл болуп, кара кофеге канып, кыргыздын үстүндө ары-бери басып атпайбы, – деп жиберди. – Анан жанагы Сарногоев деген акыныңар мага «Баатыр акын» деп ат коюп атпайбы, мурдагы замандаштарым мени «Сакоо акын» дешчү эле, Сарногоев болсо Чыңгызыңарга да: «Чыдап келсе кыргызга, чыпалагы күйбөйт» деп атпайбы, – деп Аалыке карагат чайын ууртап, чынысын көмкөрүп, эми чайга бата кылалы дегенсиди.
… Анан экинчи кабаттагы Аалыкенин иш бөлмөсүнө көтөрүлдүк.
Аерден бүт эле кагаз жайнаган, столунан биздин гезит үчүн даярдаган он чакты ырларын берди. Редакцияма келип, анын ичинен иргеп, жети-сегиз ырын «Кыргызстан маданиятынын» бир бетин толтуруп, өзүнүн ажардуу сүрөтү менен жарыялаганыбыз эсимде. Ошол ырлардын ичинде кийин Асанкалый Керимбаев обон чыгарып, бүт эл ырдап жүргөн «Мунарым» да бар эле.
Мени узатып чыгып баратканда, Аалыкенин эшигинин алдына чоң түп өрүк бышып, төгүлүп туруптур. Көзүмө көчөдө төгүлүп жаткан майда өрүктөй көрүнгөн. Бирок Аалыке:
– Э, балам, сенин үйүңдө бала-чакаң барбы? – деп сурап калды.
– Бар, Аалыке, бар, – дедим.
– Мынабу өрүктөн ала барып, аларга да бер, – деп кагаздан күлөк жасай коюп, жаш баладай элпектик менен өрүктөрдү ага толтура терип салып бергени көз алдымда турат. Анан: – Муну сен, көчөдөгү ит өрүктөрдөн деп ойлоп атасың го. Андай эмес. Бул ошол, силердин Арстанбап өрүгүңөрдүн сорту. Муну көчөт кезинде өзүм апкелип тиккем. Түбүнө муз тоңдуруп, кеч гүлдөтпөдүмбү. Болбосо үшүк алып кетмек. Өзүң билесиң го, быйыл жемиштин баарын үшүк алып кетпедиби, башка жерде өрүк жок, – деп күлүп узаткан.
Аалыке берген өрүк деп, үйгө алып келип, балдарыма да ооз тийгизгем. Даамы таптакыр башкача, балдай таттуу, өзүм бала кезде жеп чоңойгон өрүктүн дал эле өзү. Насыке, Насирдин Байтемиров айткандай, «өзүнүн көзү»…