ТУРДУБАЕВ Жолдош: НАЗГҮЛ ОСМОНОВА: ПАСТЕРНАК КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ – МҮМКҮН ЭМЕСТИКТЕРДИН МҮМКҮНДҮГҮ

«Вероятно, ни один человек не может быть поэтом, не может даже любить поэзию, если он, хотя бы в малой степени, не душевнобольной»
(Томас Бабингтон Макелей – британский госдеятель, поэт, историк).

Киришүү

Акындар мага мезгилдер менен доорлорду туташтырып, байланыштырып, өздөрү жашаган учурдун асылдыктарын кийинки кылымдарга жеткирип турган үзүлбөгөн алтын жип сыяктуу сезилет. Алардын ар бири өз заманын ырга салат. Ошол кылымдын кайгы-кубанычын, ак-карасын, чындыгы менен жалганын жалындуу жүрөгүнөн, ыпысык кан тамырынан өткөрүп, ырга айлантып, жан дүйнөсүнүн ыпысык толкундарын кошуп окурманга сунат…

Иван Сергеевич Тургенев айткандай: «Поэзия бир гана ырда эмес: ал бардык жерди, айланабыздын баарын курчап турат. Мына бул дарактарга караңыз, мына бул асманга көз жибериңиз – туш-тараптын баарынан жашоо деми жыттанат, кайсы жерде сулуулук менен жашоо болсо, поэзия да ошол жерде».

Пастернактын өзү поэзия тууралуу мындай дейт:

«Это — круто налившийся свист,
Это — щёлканье сдавленных льдинок,
Это — ночь, леденящая лист,
Это — двух Соловьёв поединок».

Борис Пастернак – жыйырманчы кылымдагы орошон орус акындарынын бири. Анын алгачкы китептери 1910-жылдары жарык көрөт, бул жылдар орус адабиятынын тарыхында орус поэзиясынын «Күмүш кылымы» деген ат менен тарыхта калды. 1890-жылы 10-февралда Москвада жарык дүйнөгө келген. Анын поэзиясы бир жагынан, ошол мезгилдин башкы поэтикалык агымдарынан болгон футуризм менен тыгыз байланыштуу. Пастернактын татаал тили, андагы неологизмдер, лексика менен синтаксистин көп маанилүүлүгү, айтылар ойдогу карама-каршылыктар Маяковскийден да кездешет. Эки акын да бири-бирин жогору баалашкан.

Экинчи жагынан, Пастернак дайым өзүнөн мурунку акындарды кастарлап, кадыр-баркын бийик туткан, асыресе анын поэзиясы Пушкин, Лермонтов, Блок, Фет, Поль Варлен, Рильке жана башкалардын поэзиясы менен терең чырмалышып, байланышкан.

Пастернактын ырларына дүйнөтаанымдын карама-каршылыктуулугу, окшош маанилүү сөздөрдү ар кандай өңүттөн кароо, ойчул кыраакы сезимдер таандык. Дээрлик ар бир ырында бизди курчаган дүйнөнүн укмуштуудай кооздугуна таңыркоо, турмушту майда-баратына чейин (гүлдөр, дарактар, чымчыктар ж.б.) сүрөттөө, мунун баары биригип бир бүтүндү түзөрүнө ишенүү бар.

Пастернакты окуганда поэзия жамгыры сага мөндүр болуп төгүлөт, акын бул дүйнөнүн ажырагыс бөлүгүндөй, акындын өзү кереметтей туюлат. Акын колдонгон метафора, сөз айкаштары канчалык татаал болсо да ошол татаалдыктын өзү поэзия экенине көзүң жетет. Албетте, Пастернактын ырларын окуп-түшүнүү, анын маңызына жетүү окурмандан ички чоң даярдыкты талап кылат.

Бекеринен аны өз заманынын эң интеллектуал акыны дешпеген чыгар. Ал 20-кылымдын чоң акындарынын бири. Алгачкы ырларын 23 жашында жарыялаган. Чыгармачылыгында бурулуш жараткан «Доктор Живаго» романын 1955-жылы жазып бүткөн. Мындай караганда өзү менен замандаш акындарга салыштырмалуу узак жашаган өмүрүндө Пастернак көп деле эмгек жаратпагандай сезилет, анын бардык ырларын топточу болсок, бир томдукка сыят. Акын өз өмүрүндө 500 ыр жазган деп айтылат. Ырларынын салыштырмалуу аздыгы бир чети акындын дайым жан багуу үчүн котормо менен алектенгени, турак-жай, жеке жашоосундагы кыйынчылыктар менен түшүндүрүлөт. Пастернак акын болбой калышы да мүмкүн эле, өзү айткандай, «Многим, если не всем, обязан отцу, академику живописи Леониду Осиповичу Пастернаку, и матери, превосходной пианистке». Ал музыкант, философ болушу мүмкүн эле, бирок акындыкты тандады.

Орус адабиятынын тарыхында Иван Бунинден кийин үлкөн таланттарга берилүүчү Нобель сыйлыгына татыктуу болгон. Акындын өзү бул тууралуу толкундап-өрөпкүү, сыймыктануу менен укканын айткан жайы бар. Бирок сенек мезгилдин жалпыны селейткен агымында бул сыйлыктан баш тартууга мажбур болгон. Сыйлык кийин уулуна тапшырылган. Пастернакты бир эле учурда агымга каршы сүзгөн, агым менен сүзгөн эки мүнөздүү акын деп эсептешет.

Жыйырманчы кылымдын үлкөн акындары Владимир Маяковский, Анна Ахматова, Марина Цветаевалар менен достук мамиледе болуп, анын Марина Цветаева менен жазышкан сүйүү каттары акындын биринчи аялы Евгенияны акылдан ажыраткан. Анна Ахматованын күйөөсү менен уулун түрмөдөн чыгаруу үчүн Сталинге чейин кайрылган.

Пастернак кыргыз тилинде

Пастернакты башка тилге которуу эмес, түпнускасында окуп-түшүнүүнүн өзү канчалык кыйынчылык жаратарын жогоруда айтып өттүк. Андай болсо, аны кыргыз тилинде сүйлөтүү канчалык даражада ишке ашты? Акындын татаал дүйнөсүн кыргызча сүйлөтүүгө кимдер батынып, алардын кимиси ийгиликке жетише алды? Акындын ырларын түпнускасында окуп олтуруп, деги эле Пастернакты башка тилге которуунун өзү мүмкүнбү деген ойго келесиң. Мүмкүн, албетте. Себеби, интеллектуал ойдун генийи Пастернак түшүнгөн нерсени кыргыз окурманы, кыргыз акындары да түшүнөт. Бирок ошондо да анын чыгармаларынын маани-мазмунун түпкүрүнө жете баалап, абыдан түшүнүп, түшүнүп тим болбой аны кыргыз тилинде түпнускага тете сүйлөтүү үчүн болсо, дал ошол Пастернактын деңгээлиндеги акын болуш керек.

Пастернакты кыргызча сүйлөтүүгө чынында эле мыкты акындар аракет кылышыптыр. Мисалы, акын, драматург жана котормочу, Кыргыз эл акыны Эрнис Турсунов, белгилүү журналист, акын жана публицист Алым Токтомушев, адабиятчы, публицист, мыкты журналист, “Азаттыктын” блогери Жолдош Турдубаев, кыргыздын мыкты акындарынын бири, журналист Атахан Кожогуловдор.

Булардын ичинен Алым Токтомушев Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев айткандай, “Пастернакты пир туткан. Аны катуу кадырлап, катуу сүйгөн. Ал аны ыр жазган акындардын бардыгынан, балким Шербеттен да (А.Токтомушевдин аялы) катуу сүйгөн”.

Ал эми Пастернактын кумири немис элинин улуу акыны Райнер Рильке болгон.

Бул чакан макалада мына ушул Алым Токтомушев менен Жолдош Турдубаевдин мисалында Пастернакты кыргызчалатууга болгон далалатты (далалат дегенибиздин себеби, Пастернак али кыргыз тилинде толук сүйлөй элек – авт.) айтып өткүм келип турат.

Алым Токтомушев 1947-жылдын 9-январында Жумгал районунун Кайырма айылында туулуп-өскөн. Орто мектепти ошол айылдан окуп бүткөн. Ал өмүрүн жалаң чыгармачылыкка арнап, алгач “Мугалимдер гезитинде”, “Кыргызстан маданияты” гезитинде алгач корректор, анан адабий кызматкер, Кыргызстан жазуучулар союзунун катчысынын кеңешчиси, кийин “Асаба”, “Агым”, “Республика”, “Алас” гезиттеринде баяндамачы, башкы редактордун 1-орунбасары, акыркы жылдары “Жаңы Ала-Тоо” журналында бөлүмдүн редактору болуп иштеген.

Төмөндө Алым Токтомушевдин котормосундагы Борис Пастернактын ырын окуп көрөлү.

Борис ПАСТЕРНАК

Любить иных тяжелый крест,
А ты прекрасна без извилин,
И прелести твоей секрет
Разгадке жизни равносилен.

Весною слышен шорох снов
И шелест новостей и истин.
Ты из семьи таких основ.
Твой смысл, как воздух, бескорыстен.

Легко проснуться и прозреть,
Словесный сор из сердца вытрясть
И жить, не засоряясь впредь.
Все это — не большая хитрость.

*      *      *
Башкаларды сүйүү өзүнчө баш оору.
Апыртмасыз, апкөй тилсиз сен анан
Изги жансың. Изгилиң жашоонун
Жандырмагын чечкен менен барабар.

Акыйкаттын, жаңылыктын жаздагы
Шек-шуудуру көңүл моокум кандырган,
Аба мисал таза дагы, ак дагы
Акыл-оюң, алган таалим-тарбияң.

Жүрөктөрдөн сөздүн чаңын тазалап,
Кайра көрүп төрөлүүнү, эргүүнү.
Алды жакка тепселбестен жашамак
Бул турмуштун билинбеген эрдиги.
Июль, 1973-ж.

Бул котормону жакшы деп мактаса да, акындын кээ бир ойлору туура эмес берилген деп сындаса да болот. Мисалы, «И жить, не засоряясь впредь. Все это — не большая хитрость» деген сапты кыргыз акыны мындайча берет: «Алды жакка тепселбестен жашамак. Бул турмуштун билинбеген эрдиги». «И жить, не засоряясь впредь» деген саптарды кыргызча «алды жакка тепселбестен жашамак» деп которуп жатат. Менимче, бул жерде түпнускадагы ой туура эмес берилген. Мен минтип котормокмун: «Мындан ары булганбастан жашасак. Мунун баары кыйын деле эместей».

Мына ушул сыяктуу Пастернакты кыргыз тилинде сүйлөтүүнүн татаалдыгы анын чыгармачылыгынын ой-кырларын ачуу кыргыз адабиятында али алдыда аткарылчу иштерге кирерин далилдейт.

Акындын дагы бир «Ночь» аттуу ырын Жолдош Турдубаев которгон. «Которушка аракет кылган Жолдош Турдубаев» деп карапайымдык менен кол койгонуна карабастан, бул котормо түпнускага жакын, ырдагы өзөктүү ойлорду орду менен бере алган.

Борис Пастернак

Ночь
Идет без проволочек
И тает ночь, пока
Над спящим миром летчик
Уходит в облака.

Он потонул в тумане,
Исчез в его струе,
Став крестиком на ткани
И меткой на белье.

Под ним ночные бары,
Чужие города,
Казармы, кочегары,
Вокзалы, поезда.

Всем корпусом на тучу
Ложится тень крыла.
Блуждают, сбившись в кучу,
Небесные тела.

И страшным, страшным креном
К другим каким-нибудь
Неведомым вселенным
Повернут Млечный путь.

В пространствах беспредельных
Горят материки.
В подвалах и котельных
Не спят истопники.

В Париже из-под крыши
Венера или Марс
Глядят, какой в афише
Объявлен новый фарс.

Кому-нибудь не спится
В прекрасном далеке
На крытом черепицей
Старинном чердаке.

Он смотрит на планету,
Как будто небосвод
Относится к предмету
Его ночных забот.

Не спи, не спи, работай,
Не прерывай труда,
Не спи, борись с дремотой,
Как летчик, как звезда.

Не спи, не спи, художник,
Не предавайся сну.
Ты вечности заложник
У времени в плену.

Түн
Уйкуга баткан дүйнө
Үстүнөн учкуч өтүп
Кеткенче булуттарга
Мемирейт ажайып түн.

Ал чөгүп мунарыкка,
Жок болуп житти сиңип,
Жоолуктун бурчундагы
Белгидей койгон чийип.

Тээ жерде – түнкү шаарлар,
Жаштары шапар тепкен,
Бүт баары – чоочун жайлар:
От жаккыч, бекет, поезд…

Булутту каптап канат
Көлөкө түшүргөндө,
Ааламдык тулкулар бүт
Адашып, аралашат.

Кооптуу шукшурула
Бейтааныш ааламдарга
Саманчы жолун бурган
Учурду так эстеп кал.

Чеги жок мейкиндикте
Жер жактан оттор жанат:
Жертөлө, отканалар –
Уктабайт от жаккычтар.

Парижде там башынан
Чолпон же Алтын Казык
Тигилет жарыяга
Кайсы зоок жазылганын.

Эски там чатырында,
Ажайып бир алыста
Ким бирөө түн күзөтөт
Саамга уктабастан.

Бүт асман ушул түндө
Түйшөлткөн сыяктанып,
Ал карайт бүлбүлдөгөн
Планетага кусаланып.

Уктап калба, Сүрөткер,
Ыкшоолукка жеңдирбе.
Түбөлүктүн өкүлү сен
Туткундалган мезгилге.
(«Түн». Которгон: Ж.Турдубаев)

Ошентип, кыргыз адабиятында Пастернактын чыгармалары бирин-серин гана которулганына күбө болдук. Буга жогоруда айтып өткөнүбүздөй, акындын  татаал тили, анда кездешкен неологизмдер, лексика менен синтаксистин көп маанилүүлүгү, стилистикалык карама-каршылыктар себепкер.

Мындан тышкары, Пастернактын котормосундагы У. Шекспирдин «Гамлет» пьесасын Алым Токтомушев кыргыз тилине которгонун белгилеп кетсек болот. Бирок бул эмгектер азырынча кол жазма түрүндө А.Токтомушевдин шакирттеринин бири, акын жана котормочу Олжобай Шакирдин колунда сакталуу турат. Олжобайдын айтымында, ал кол жазмаларды ирээтке келтирүү мүшкүлү азырынча оор, себеби, «Гамлет» пьесасын которууда А.Токтомушевдин кол жазмалары арасында (бир чоң тетраддын ичиндеги «Гамлет» менен бирге) башка темадагы ырлар да аралашып кеткен экен. О.э. айрым жерлеринде суроо жараткан аттап кетүүлөр бар. Андыктан, мындай олуттуу эмгекти ирээтке салуу үчүн эбегейсиз убакыт керек экенин белгилейт О.Шакир…

Пастернактын татаал дүйнөсүн кыргыз тилинде ачып берүү котормочулар үчүн олуттуу бир парз сыяктуу. Бул демек, өз доорунун улуу сүрөткери Борис Пастернактын эмгектерине биз дагы далай кайрылабыз деген кеп.

Эң акырында айтпай кетүүгө болбой турган дагы бир нерсе, кыргыз адабиятын дүйнөгө тааныткан залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун «И дольше века длится день» романы дал ушул интеллектуал акын Борис Пастернактын «Единственные дни» деген ырынын акыркы саптарынан алынган.