ТУРДУБАЕВ Жолдош: «БУКА» ЖЕТЕЛЕГЕН ЖАЗУУЧУ

Жашоо кумары жана жалгыздык

Көйнөктүн кири жууганда кетет,
Көңүлдүн кири айтканда кетет.
Кыргыз макалы.

Достордун жүз көрүшүүсүнөн өткөн дөөлөт жок бул дүйнөдө.
Саади

Баарлашуу – адам жашоосундагы башкы баалуулук.
Антуан де Сент-Экзюпери

Белгилүү жазуучу, филолог окумуштуу Бейшебай Усубалиевдин 90-жылдарда жазылган «Бука» повести Советтер Союзу урагандан кийинки арасат мезгилдеги адамдардын жан маанайын чагылдыргандай көрүнөт. Бирок бул чыгарма ошол кездеги эле кырдаалды эмес, адам жашоосунда дайыма болуучу, көбүнчө анча байкалбай, турмуш оордогондо кыйла катуу сезилип, ошондо деле көпчүлүккө түшүнүксүз бойдон кала берчү рухий дүйнөнүн карама-каршылыктарын көркөм иликтөөгө арналыптыр.

Үшкүргөн сөгүнүү

«- Ээ энеңди!» — деген сөгүнүүдөн башталат чыгарма.

Бука жетелеп, анын аркасы менен арак ичкенге кынык алган Мураттын күбүрөгөн же ичинен кайрыган ойлорундагы мындай орой сөздөр көбүнчө бирөөнү акаарат кылуу үчүн айтылбайт. Алар каармандын бир нерсеге таң калуусун, нааразы же кыжаалат болгондугун ж.б.у.с. маанайын туюнтат. Муну ал өзү да сезет:

«Кимди сөккөнүн билбеди. Сөгүнгөнүн, болгондо да бардык күчү менен катуу сөгүнгөнүн туйду. Анан ичи бошоп, жеңилдей түшкөнүн туйду. Сөгүнүү деле үшкүрүккө окшош тура».

Ичесиң деп наалыган аялынын каргап-шилөөсү, «не могу!» деп уңулдаган орус тилдүү кызынын ыйы да чындыгында үшкүрүккө окшош. Муну Мурат туюп турса да, жетик түшүнбөйт, аялынын сүйлөнгөнүн, жемелеп-жектегенин, эми гана бой тартып келаткан кенже кызынын ыйлаганын жөн гана баш ооруткан тажатмадай көрөт («чоң радио», «анан радиого айланат»), бул ызы-чуудан батыраак алыстап кеткенге шашат. Же, балким, өзүнүн көкүрөгүндөгү кыжаалат жагдайды аялынын түшүнөрүнө көзү жетпегендиктен ушинтет.

Баш каармандын букасынан качырганга уйларын жетелеп келген айылдаштары акысына акча эмес арак беришет, аны да баш жазалы дегендер тегеректеп, чогуу түгөтүшөт. Мурат аракка жакындыгынан эмес, тааныштарынын көңүлүн кыя албаганынан аларга кошулуп ичет. Эч болбосо буканын жем-чөбүнө сарптайын деп арак ордуна акча сурагандан да уялат. Ырас, бутунун баткагы менен төркү бөлмөгө кирип барып кулаганчалык мас да болот, бирок ал аракеч эмес – жалгыздыктан качкандыгы үчүн ичет.

Мурат менен анын чөйрөсүндөгүлөрдүн ичкиликке алдыруусу канааттандырылбай кала берип жүргөн баарлашуу, сырдашуу, түшүнүшүү муктаждыгына байланышкан. Канчалык ичинен сөгүп, акаарат кылып турганы менен, Мурат боорукер, күйүмдүү – ал аялын тынбай какшанганы үчүн «радио» деп жаман көрсө да, ага боору ооруйт. Кызын да ичинен аяйт. Айтмакчы, баш каармандын карама-каршылыктуу турпаты чыгармада мындай берилген: «Кийинчерээк Мурат экиге бөлүнүп кеткенсийт: ички Мурат, сырткы Мурат. Муну ал аялы менен акыйнек айтышып отурганда даана байкайт. Ички Мурат сырткы Мураттын ичине кирип алган, ал көрүнбөйт да сүйлөбөйт. Болгону ойлогонсуйт».

Аялынын уул төрөбөдүм деп кайгырганы, төрөт азабына чыдабай ичиндеги баланы кескилеп алдырууга да кайыл болгондугу үчүн уялганы, эри менен сырдашкысы келгени – баары табигый, нукура турмуштагыдай. Бирок аларды нааразы кылган жагдайды Мурат өзгөртө албайт, буга умтулбайт дагы. Анткени арак ичүү – туюкка кептелген тирликтин сырткы, үстүңкү гана көрүнүшү, анын өзөгүндөгү өрт чалган күйүт сөгүнүү, каргап-шилөө түрүндө гана түтөп, быкшып тургансыйт. Бул күйүттү каармандар өздөрү да жетиштүү аңдап биле албайт.

Ырас, арак ичкендер көбүнчө реалдуу турмуштагы татаал маселелерди чечүү жоопкерчилигинен качып, убактылуу болсо да өзүн алдоого, жашоонун ачуу чындыгын унутуп алаксууга аракеттенет. Бирок мастык тарай баштагандагы азап… Мураттын жакын көргөн айылдашы Бердибектин өлүмүнө да ушул жагдай – катуу муктаж учурунда баш жазганга жүз грамм ичире койгон кишинин жоктугу себеп болгон эмес беле (муну эстеген сайын күйүтү козголот)…

Токсон кайрык

Бир караганда бул чыгарма бекерчилер эрмектеп окуса болгудай калжың сыяктанат: чала мас, оолжуган, баш-аягы жоктой ойлор, сөгүнгөн, кыжынган… сөздөр. Үзүк-жулук айтымдар бири-бирин толуктап улам эле кайталана берет:

«…Сүйлөшүшпөптүр да. Кер-мур айтышышчу экен. Бука… Бөтөлкө… Бөтөлкө… Бука… Тытышышмай. Актанмай. Баш шылкыйтмай… Сүйлөшкөнү ошол… Эртең менен гана. Аялы менен эртең менен гана жолугушмай. Андан кийин… Сүйлөшпөптүр. Мурат таңданды. Аялын аяп кетти. Чындап боор ооруду. Башын чайкагылай берди. “Каныбектин баласымын деди ээ, — деди анан шыбырап, өз оюнан кутулгусу келгендей…”

Чындыгында сырткы формасы боюнча оозеки кепти, болгондо да ички бүдөмүк ой-санааны туюнткан кепти билдирүүчү бул кайталоолор текстке кошумча маани берип, комуздун кайрыгындай жаңырган сайын ыргак-доошу даанараак угулуп, таасири артып отурат. (Бирок атактуу Джойс, Пруст же өзүбүздүн Бейшебай Усубалиев, Кубатбек Жусубалиевдей чоң жазуучулар колдонгон, филологдор «аң-сезим агымы» деп атаган бул ыкманы терең өздөштүрбөстөн туурачулар катуу жаңылып калышы ыктымалдыгын да эскертип коюш керек).

Бука жана адам

Аракка ашыкча берилип кетпесе, Мураттын бука жетелешине аялы деле анчалык терикпесе керек эле.

А бука – өзгөчө жандык, анын айрыкча ушул чыгармадагы бейнелик, метафоралык мааниси кыйла катмарлашып турат. Дароо эле көзгө урунган жагынан алганда, букасыз уйлардын туубастыгы, адам баласы деле табияттын айныгыс мыйзамын эске албай жашай албастыгы, буга маани бербей койгондо арты жаман болору ар бир окурманга түшүнүктүү.

Мураттын бөтөлкөлөш жазуучу досунун айтканы:

« — Катын албасам болбой калды, Муке… — деди ойлуу. Өзүмдү өзүм тыя алчудай түрүм жок. Мени катын эле тыйбаса…»

Ырас, ушул эле жерде үй-бүлөлүк турмуш деле дайым ойдогудай боло бербестигине ишарат жасалган:

«Аңырайган Мурат ичинен кыжына кетти: “Катындан эле жыргап жаткансып!.. Энеңди!..”»

Күйөөсү арактан башы чыкпай калгандыктан кумарын жазар деп Муратты үйүнө ээрчитип келген Лида аттуу орус келиндин сөгүнгөнү:

«…Көрүп турбайсыңбы, үйдө күйөөм жок экенин!.. Эмне үчүн келдиң дейм!.. Силер ушундан бөлөккө жарабайсыңарбы, ыя, ушул үчүн, ушул аракка чыланып сасып, былгып туруу үчүн гана туулдуңар беле, ыя!.. Жанагы сыболуч!.. Андан көрө чочко менен жатсаң!..» (Мурат «…ошол окуяны эстегенде эле, көз алдына диванга чалкасынан жатып алып, жадырап-жалдырай караган Лида тартыла калчу. Анан үңүлдөп озондогон үн кулагына кадимкидей жаңырып, дивандагы жадырап-жайнаган Лида кургакта жан айласын таппай чабалактаган балыкка айланып кетчү. Кандай таза, кандай ачуу үн!»)

Албетте, адамдын жашоодогу азабы биологиялык муктаждыкка дайым эле шайкеш келе бербеген рухий (же адептик) ченемдердин талабына байланыштуу да эселенет…

Рухий өктөө

Бир кезде Бейшебай Усубалиев филолог-окумуштуу катары акын Сүйүнбай Эралиевдин «Миң жылдар мындан кийин да» деген үч куплеттик ырын талдоого 45 беттен турган изилдөөсүн арнаганы бар. Алыкул Осмоновдун «Жибек кийген эрке кыз» ырынын укмуштай көп маанилүү, катмар-катмар подтексти бар чыгарма экендигин да ушундайча ар тараптан далилдеп берген.

Жазуучунун өзүнүн «Бука» повестинин бул жерде айтылган да, сөзгө алынбай калган да ар бир эпизоду боюнча көркөм тексттин тийиштүү келкисине салыштырмалуу бир нече эсе узун талдоо жүргүзүүгө болор эле. Чыгарманын көркөм-идеялык өзгөчөлүктөрү боюнча атайын илимий эмгектер келечекте жазылып, мыктылары жазуучу болууну максат кылгандар үчүн окуу китеп катары да керектелиши мүмкүн. Бул эми адистердин иши. А окурмандар чыгарманы окуган сайын, окуя-баяндарды, сүрөттөөлөрдү эстеген сайын улам маанисин жакшы түшүнө береринде, ар ким өзү үчүн күтүүсүз жаңылык ача береринде шек жок.

Мен азырынча бул чакан макаланы жыйынтыктап жатып, чыгармада козголгон коом, жеке инсан турмушуна тиешелүү негизги маселеге кайра токтоло кетейин. Повестте аракечтикти жойбосо да азайтуу, психологиялык мындай туюктан адамды куткаруу үчүн медициналык же укуктук-администрациялык чаралар эле жетишсиз болору даана туюнтулган. Булар көбүнчө тескери натыйжа берип калышы мүмкүн (ичкиликке тыюу салынган жылдары клейден ж.б. заттардан самогон сыяктуу мас, маң кылгычтар көп жасала баштагандыгы да чыгармада абдан таасирдүү сүрөттөлгөн).

Мурат ашынган динчилдик аракечтиктен да кооптуу болорун сезет… Мурат баарын эле сезип-туюп турат. Жалгыз калып баратканын да билет. Улам барган сайын жада калса үй-бүлөсүнөн да алыстап, бул дүйнөдө ээрчишип букасы экөө гана калгандай. Анан жалтактай берет. Эмне үчүн жалгыз калгансыйт да, эмнеге жалтактай берет? Муратты ушул суроо эзип жатса да, аны (суроону) коюудан негедир качат. Ооба, ал өзү менен өзү күрөшүп жаткансыйт, бул жарыкчылыкта өзү менен өзү күрөшүүдөн артык шор жок көрүнөт, адам канткенде өзүн өзү жеңе алат болду экен?..

Мурат дал ушул туңгуюктан чыгар жол таппай, акыры асынып алат…

Соңку сөз ордуна же өзөктүү маселе

Жашоодогу эң оор маселе – жалгыздык: сырдашуу, чер жазышуу үчүн оюңду, кыжаалат абалыңды айттырбай сезип-туйгудай, өзүң түшүнө албаган баш ооруңду сенден жакшыраак баамдагыдай адамдын жоктугу. Бул темага философтор (айрыкча экзистенциалисттер), психологдор, педагогдор, социологдор да көп кайрылышкан. Б. Усубалиевдин бул чыгармасы жөнүндө баштаган учкай кепти ушуну менен токтото туруп, ага британиялык жазуучу, журналист Йохан Харинин «Ачуу кыйкырыктын изи менен: маңзатка каршы согуштун алгачкы жана акыркы күндөрү» деген китебинин да өзөк идеясы үндөшүп турарын белгилемекчимин.

Жолдош ТУРДУБАЕВ, адабиятчы

Булак: «Азаттык»