ТУРДУБАЕВ Жолдош: ЖОЛДОШ ТУРДУБАЕВ: БҮБҮ БАТМАНЫН КӨЗ ЖАШЫ ЖЕ АЯЛБАЙ КАЛГАН АСЫЛЗАТ

«РухЭш» сыйтынын «Сен кимсиң, Аялзат» сынагында экинчи орунду жеңип алган макаланы окурмандарга кайрадан сунуштайбыз…
Эзелки мааниси боюнча аяр мамиле менен бапестелүүгө тийиш болгон аялзатын бүгүн кандай карап жатабыз? Эркектердин өзүмчүлдүгү, күйүмсүздүгү улут келечегине балта чаап жаткан жокпу?
Эсиргени экиден, кутурганы төрттөн…
Азыркы кезде үйдүн да, сырттын да түйшүгүн аркалаган жалгыз бой энелер көп. Акчаны мен ашыкча табам деп эрине үстөмдүк кылгандар бар, алты саны аман туруп бекерчиликке (аракечтикке да) берилген күйөөсүн багып, анын акмакчылыгына чыдаган аялдар да аз эмес.
Аялдын эсебинен митедей жан баккандардын арасында ырыскыны кудай берет деп коюп кырк күндүк, төрт айлык дааватка чыгып тентигендери да кыйла. Бир үй-бүлөнү бакканга чамасы келбесе да кош катын алат элем деп чамынган эргулдар көп. Дагы ала бер деп менчик үйү жок, батирде күн кечирип жүргөндөрдү деле үгүттөшөт «таксырлар».
Эки жыл мурун кара далы кызды никесиз жашоого болбойт деп үгүттөп, бир дааватчы экинчи (балким, канчанчы экенин өзү деле билбесе керек, улам үйлөнө берип) аялдыкка алып, келип-кетип жүрүптүр бекер түнөккө, даяр тамакка, ысык төшөккө. Бирок келиндин курсагы чоңойгон сайын сакалтайдын да келиши азайып, такыр изи сууптур. Акыры «-ынчынын» айы-күнү жеткенде туугандарынын бири кокусунан көчөдөн «жездекени» көрүп калып, жетелеп барыптыр төрөт үйүнө. Ошол жерден да бирдемени шылтоолоп азыр келем деген бойдон качып кетиптир тигил дааватчы.
«Кыргыз байыса катын алган» кайрадан модага айланууда. Акчасы жетсе ала берсин дегендер бар. Үй-бүлөлүк турмуш акча менен эле өлчөнөбү? Полигамияны (көп аялдуулукту) шилекей чачырата мактап-жактаган «таксырлардын» бирине: «Чиедей балдары менен жесир калган, багар-көрөрү жок келинди албайсызбы?» — дегенде, мен «б-у» (колдонулган) машине минбейм дептир, адамды буюмга теңеп… Кызындай эмес, небересиндей кыздарга көз арткандар, жаш кыздарды гүлдөй тепсеп кордогондор көбөйдү төрт аял алуу «укугуна» шылтоолоп.
Күйөөсүнө катын алып бергендер бейишке кирет дегенге ишенип, токол алууга эрин өзү үгүттөгөн бир келин күнүлөштөрүнүн катары калыңдап кеткенде чыдабай ажырашып тынды эки-үч жыл мурун, паранжысын чечип ыргытып. Чүмкөнүп отурса, тирүүлөй жетим калган балдарын кантип бакмак эле…
Полигамдын «махабаты», педофилдин «шахабаты»
Кийинки аялдарын алуу үчүн биринчилеринин уруксаты болушу керекпи деген суроого биздин молдокелер шарият менен Куран жол берип жатса, аялыңдан уруксат сурайсыңбы деп жооп беришет. Чындыгында Курандагы аяттардын, Мухаммед пайгамбардан деп баяндалуучу түркүн хадистердин ичинен булар өздөрүнө жаккандарын гана сөз кылып, көп никелүү эркектин жоопкерчилиги тууралуу айтылган, жазылгандарды жаап-жашырышат экен:
“Эми эгер (алардын арасында) адилеттүүлүк кыла албайм деп корксоңор, бир эле аялга (үйлөнгүлө). [4:3]
Анан, биротоло (сүйгөн аялдарыңарга) ооп кетип, (жакпай калган) аялыңарды арасат таштап койбогула. [4:129]» (Курандан)
Биздин молдолор калыс болсо, Мухаммед пайгамбардын өрнөгүнө түздөн-түз тиешелүү бул фактыны да элге жеткириши керек эле:
«Бир жолу Фатиманын (кыргыздар бул зайыпты Бүбү Батма деп аташчу. – котормочудан) эри азрети Али (р.а.) Абу Жахлдын кызына үйлөнмөкчү болду… Балким, азрети Али бул никеси Фатиманын тынчын аларын такыр ойлобогондур. Ал (Фатима) атасына келип, өзүнүн капаланган себебин айтты. Кызынын капа болгонун көргөндө, Эки дүйнө өкүмдары өзү да абдан кыжаалат болуп, дароо эле минбарга чыгып, мындай деди: «Мен Алинин Фатимадан тышкары дагы бир аял алгысы келгендигин уктум. Эгер ушундай нике зарыл деп бекем ишенсе, Фатима менен ажырашууга тийиш, анткени бул нике аны капалантат. А Фатима – менин жанымдын бөлүгү. Ким аны капа кылса, ал мени да капалантат, кубантса, мени да сүйүнтөт».
Бул сөздөрду угуп тургандардын арасында Али да бар эле. Ал ошол замат чечиминен баш тартып, өзү абдан жакшы көргөн бүбү Фатимага кайрылып барды».
Бул окуя таанымал дин аалымы Фетхуллах Гулендин «Мухаммед пайгамбар – адамзаттын теңдешсиз асыл уулу» («Пророк Мухаммад венец рода человеческого») деген китебинде баяндалган.
Бүбү Батма кадыр-баркы чексиз Мухаммед пайгамбардын кызы болгондуктан нааразылыгын ачык айтып, күнүлөштүктөн кутула алган экен, а канчалаган келиндер «кааласаң ушул, каалабасаң кете бер» деген кескин жооптон (талактан) коркуп, көз жашын жаздыгына төгүп жүргөнүн кайсы молдо билет?..
Жашы жете элек кыздарды күйөөгө берүүнү жактагандар жубайлардын жарандык абалын мамлекеттик каттоодон өткөрмөйүнчө молдо нике кыйбашы керек деген мыйзам долбоорун колунан келишинче каралашты. Долбоорду иштеп чыккан Аида Салянованын сунушун бурмалап, дегеле никеге каршы деп жалаа жапкандар да болду. Кыздарды канча жашынан баштап турмушка узатуу керек деген суроого Чубак ажы: «Эркектин шахабатын (кумарын) козгогудай болгондо, б.а. 12-13 жаштарда», — деп койду. Секелектерге көз арткан педофилдерге кандай жагат бул жоопкерчиликсиз жооп!
Убалды ойлогула, ата-энелер!
Албетте, үй-бүлөлүк мамилелерди бир гана диний көз караш менен, болгондо да чала молдолордун бурмалаган, бир жактуу чечмелөөсү менен чектелген такыр жарабайт. Кыздардын турмуш курууга физиологиялык жактан канча жашынан жетилип даяр болору илимде эчак эле аныкталган. Кыздардын инсан катары өз бактысы, укугу үчүн жооптуу болушу үчүн рухий, маданий, психологиялык жактан тарбиялоого үй-бүлө менен кошо мектеп жана коомчулук кам көрүүгө милдеттүү.