ТУРДУБАЕВ Жолдош: ЖОЛДОШ ТУРДУБАЕВ: КОМПЬЮТЕРДЕ ОҢОЙ ИШТЕП, ТАЗА ЖАЗАЛЫ

Гезитке жиберилген тексттер электрондук форматта болсо иш алда канча ыкчам жүрөрү белгилүү. Бирок орусча гана тамгалары бар машинка менен иштегенсип, азыр компьютерде да “ө”, “ү” жана “ң” тамгаларынын ордуна “о”, “у”, “н” деп эле терип, “үйдү” “уйга”, “көнүмүштү” “конумушка”, “оңду” “онго” айлантып жатышат. Ушул үч тамганы кантип терип, гезитке даректелген текстти кантип туура даярдоо керектиги жөнүндө сүйлөшөлү.

Кыргыз ӨҢҮ өчпөсүн

Чындыгында Word программасы бар компьютерлердин баарында кыргызча тамгалар табылат.

Текст тергенге ачылган беттин баш жагын карасак, файлдын шарттуу аталышынан кийинки эле сапта “Файл”, “Главная”, “Вставка” ж.б. функциялардын тизмегин көрөбүз. “Вставка” аркылуу беттин оң жак четиндеги “Символго”, эгер сиз колдонгон компьютерде кыргызча тамганы эч ким ушул жактан издей элек болсо, андан ары “Другие символы” дегенге кириңиз. Андагы сейрек колдонулуучу белгилердин арасынан биздин үч тамгабызды оңой эле таап аласыз.

Кааласаңыз, бул тамгаларды ошол жердеги “Сочетание клавищ” функциясы аркылуу кайсы бир тамгалардын айкалышына байлап коюңуз. Мисалы, азыр көпчүлүк “ү” тамгасын Ctrl жана орусча “у”, “ө” тамгасын орусча “о”, “ң” тамгасын орусча “ң” тамгалары менен чогуу басып жазышат (Ctrl + о = ө; Ctrl + у = ү; Ctrl + ң = ң).

Айрымдар бул айкалыштардын ордуна “ё”, “/”(же “ъ”) жана “щ” тамгаларын эле байлап коюшат. Бул ыкманын ыңгайсыз жагы – орус тилиндеги тексттерди тергенде убарачылык жаралат. Ошондуктан мен биринчисин колдоном. Бирок улам эле кыргызча тамгаларга келгенде экиден клавищ басып отурбай, тезирээк иштеш үчүн булардын ордуна “=”, “ъ” жана “щ” деп терип кете берем. Анан аягында бул үч тамганы баягы эле “Символы” → “другие символы” → “автозамена” функциясына кирип, бирден үч команда (“заменить все”) менен алмаштырып коём.

Айтмакчы, ушул “Автозамена” функциясы аркылуу көп колдонулуучу узундан узун, терилиши кыйын сөздөрдү, сөз айкаштарын, бүтүндөй фразаларды текстке автоматтык түрдө кыстара жүрүү үчүн шарттуу  белгилерге байлап койсо болот. Мисалы, “өркүндөтүү” деген сөздү мен компьютериме “=ркъ.”, “Билим берүү жана илим министрлигин” “бим.”, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн” “кр=.” деп киргизип койгонмун. Эгер муну туура пайдаланса, текст терүү иши бир нече эсе тездетилет, орфографиялык ката да азаят.

Эгер текстти тергенде кыргызча тамгаларды компьютериңизден такыр эле таба албай кыйналсаңыз, алардын ордуна “о”, “у” жан “н” деп тербестен, “=” (же “ё”), “ъ” (же”/”) жана “щ” (же дагы башка кыргызча текстте дээрлик колдонулбай турган белгини) эле жазып, ошол бойдон эле жиберсеңиз, мазмуну жакшы (гезитке чыгарууга жарамдуу)  болсо, тамгаларды бул жактан кыргызчасына автоматтык түрдө алмаштырып алабыз. Бирок баары бир өзүңүз кыргыз болгон соң, кыргыз ӨҢҮн компьютериңизге киргизип, колдонууга аракеттенгениңиз оң.

Сиздин кат бизге жетсин бат

Эми электрондук почта аркылуу макала жиберүүнүн 1-2 эрежесине токтололу. “Кому” деген сапка гезитибиздин дарегин келтиресиз: kutbilims@mail.ru

Анан “Тема” деген сапка макаланын кайсы темага же маселеге арналгандыгын жазасыз. Мисалы: “Математика сабагында интерактивдүү усулдарды колдонуу ыкмаларынан”.

Ылдый жактагы бош алкакка жиберилип жаткан текст, фото ж.б. жөнүндө эң зарыл маалыматтарды жазсаңыз болот. Негизги материал (текст, фото ж.б.у.с.) өзүнчө файл түрүндө тиркелгени оң. Автордун аты-жөнү, кайсы мектепте кайсы сабактан окутары ж.б. тууралуу маалыматтарды, ошондой эле телефон номурун да негизги тексттин этегине эле жазыш керек.

Тексттин таризделиши – иштин тездетилиши

Гезитке жарыялаш үчүн жазылган текст 12-ен кем эмес өлчөмдө, Times New Poman же Arial шрифттери менен терилгени, материалдын көлөмү 2 бет же андан да аз болгону (4 беттен ашпаганы) жакшы. Фотолордун сапатына (пиксел жыштыгына, дааналыгына ж.б.) да көңүл буруңуз.

Макалаңыз кызыктуу, окурмандаргы керектүү экендигин билдириш үчүн эң урунттуу ойлоруңузду, тезистериңизди биринчи абзацка аннотация сыяктуу жазсаңыз, бизге күн сайын жаап келип жаткан материалдардан айырмаланып, көзгө оңой урунушу мүмкүн.

Жазыла берип тажатмага айланган жалпы сөздөрдү, белгилүү эле фактыларды кайталап жаза бериштин кажети жоктугун сиз жакшы билесиз. Бирок айтыла жүргөн маселе боюнча оригиналдуу оюңуз, сунушуңуз да чыгышы ыктымал.

Сабак иштелмеси сабаттуу жазылса

Гезиттин методикалык тиркемеси болгон “Кутбилим-сабакка” сабактардын иштелмелери суудай агылып келип турат. Арасында анча-мынча кызыл дандуусу чыга калат, бирок көпчүлүгү саман-топонго окшош десек, сиз таарынбайсыз – анткени андайларды жибербейсиз. Башкалардыкын эле көчүрүп алып, автор катары өзүнүн аты-жөнүн жазгандан уялбагандар да бар, тилекке каршы. Андайларды ашкерелегенге мугалимдер жардам бериши керек, анткени редакциядагы 4-5 киши (кээде материал бир эле кишинин колунан өтөт) байкабаган уурулукту жалпы көпчүлүк көрбөй калбайт.

Айтмакчы, жакында макала жибердим эле деп улам эле телефон чала берген бир мугалимдин текстин ачып окусам… 90 пайызын Гапыр Мадаминов агайдын китебинен көчүрүп алыптыр!.. Эми мындан ары колу туткактарды сайтыбызга чыгарып, фейсбук барактан элдин талкуусуна коёбуз. Бизде жарыяланып жаткан макалалардын мазмуну, сапаты тууралуу жакынкы мезгилден баштап гезиттин Фейсбуктагы баракчасынан да талкуулаганга мүмкүнчүлүк ачылат. (Гезитке жиберилүүчү материалдарды компьютерде оңой жана туура терүү боюнча кеңештерди “Кут Билим” гезитинен окуңуз)