ТУРСУНОВ Эрнис: ДҮЙНӨ АКЫНДАРЫ ЭРНИС ТУРСУНОВДУН КОТОРМОСУНДА

Шандор ПЕТЕФИ
(1823-1849)
Венгрия

Өбүү болсун жүз эсе
Өтө, ширин, эң артык,
Өбүшүүдөн эмне артык?
Өзүң карай бек тартып,
Өөп турсаң сен балкып,
Андан өткөн эмне бар?
Айтсаң болсо, эрке жар!

Көрк болбойбу гүл деген,
Көркөмдүктү түрдөгөн.
Аял болсо, шат болсун,
Чарчы болсун, чак болсун.
Өзүңө окшош жароокер
Өбүшкөнү бат болсун!

Тартып турса сүйгөн жар,
Ташкөмүрдөй күйгөн бар.
Өбүшүүнүн өртүнөн
Өнө боюм көлкүгөн.
Эч ким сендей өппөгөн
Эргип барам көк менен!

Жаным, өпсөң өзүң өп,
Жарыкты өчүр тезирээк.
Караңгылык жарыктан,
Кандай ысык сезилет.
Өрт кезиңди кызганба,
«Өлүп» берем кысканда!

Үйлөнгөндөр — жуп болот,
Үйлөнбөгөн — бук болот.
Караңгылык — жарык да
Каалагандай куп болот.
Түнү-күнү бир болсок,
Түбөлүккө кут болот!

Федор ТЮТЧЕВ
(1803-1873)
Россия

Күн желеси
Жамгыр токтоп… Күн желеси капыстан
Жарк-журк этип көк бетине жабышкан.
Алкак болуп жашыл-кызыл абада,
Алтын жаадай ал көрүнөт алыстан.

Бир жак учу көк токойго сайылып,
Бир жак учу сур булутка малынып,
Асман теңин бөлүп турган алтын жаа,
Араң турат калдыркандай кайыгып.

Кайталангыс кубулушта мына бул,
Кандай гана көз кубантар бакыт бар!
Карма бачым, Күндүн сулуу кулагын,
Көз ирмемдик көрүнүшкө канып кал!

Ян СУДРАБКАЛН
(1910-ж.т.)
Кытай

О, күлгүн кыз!
О, күлгүн кыз, назиксиң да тунуксуң
Окула элек китептеги ырлардай,
Чырымталсың, жүзүмталсың, сылыксың,
Чын жүрөктөн айтылуучу сырлардай.
Бирок айкын көрүп турам,
Алды жакта кимдер бар?
Касаба бар, азгырылуу, түйшөлүү,
Кара шамал коркунучтуу түндөр бар.
Жүзүң жүдөп, ичтен жеген оору алып,
Жүрөк түшүп калтырачу күндөр бар.
Көрүп турам, көп коркунуч кырында,
Кенебестен басасың.
Бул куракта сүйүү деген бороон бар,
Бууракандуу түндү сезбей жатасың.
Булгана элек, суук колдор жете элек,
Булут мисал жеңилсиң да тазасың.
Буулугуу бар, толгонуу бар, толкун бар,
Бул курактын көрө элексиң жазасын.
О, күлгүн кыз, жазгы гүлдөй жайнаган,
Ойлоп кетем обонсуң деп сен өзүң.
Торгой менен таңда туруп сайраган,
Толкуп кетем үнүң уксам мен өзүм.
Унутулган өмүрүмдөй,
Укмуш сенин элесиң.
Жаштыгымдай, жакшы ырымдай,
Эске келе бересиң!

Юлиан ТУВИМ
(1894-1953)
Польша

Бакыт
Азыр мага баары бир,
Алтын шаар гүлдөгөн.
Артык эмес, аны бил,
Ал жупуну дүйнөдөн.

Мага болду — баары бир,
Маалыматтуу миң киши.
Мага кымбат, аны бил,
Маектешер бир киши.

Мейли, күлгүн-күлбөгүн,
Мээмди жейт китептер.
Китеби жок билгемин,
Ким эмнеге кирептер.

Бир түп бактын түбүндө,
Билдим бейпил жашоону.
О, жараткан, раазымын,
Ойлонтконго ошону.

Генрих ГЕЙНЕ
(1797-1856)
Германия

Аял
Шылуун менен шуркут өмүр сүрүштү,
Шыкылдашып, жанын чаап сүйүштү.
Келе жатса кытмыр эри кыбыңдап,
Керебетке кулап кетип күлүшчү.

Өтүп жатты шайыр-шатман күндөрү,
Өбүү менен эзилишип түндөрү.
Бара жатты эри бир күн айдалып,
Басылган жок сойкусунун күлгөнү.

Эри айттырды: «Шай түгөндү ал куруп,
Эркем, келчи, сагынычым кандырып,
Бассам-турсам кетпей койдуң оюмдан»,
Башын чайкап барбады ойсок каткырып.

Жер жарыга — аянтка асып салышты,
Жети ченде — мүрзөгө алып барышты…
А сегизде — башка менен шуркуту
Каткырышып каркыттары кагышты…

Ли БАЙ
(701-762)
Кытай

Көңүл калганда
Чын сүйүүгө татыгы жок болсо да,
Жагат тура гүлү ачылган жаш келин.
Карып кеттим, жарай албай мен сага,
Жашырбаймын мендеги ойдун эч жерин.
Өзгөрүлөт, гүлдүн өчөт иреңи,
Жаш келиндин сүйүүсү да ошондой.
Мен отурган ордум басат ал эми,
От башында айкаштырып койгондой.
Бир кезекте жапжаш элем мен дагы,
Өмүр өттү. Азыр жалгыз калгамын.
Жылдар өтөт чиркелишип айларың,
Кемпир болот азыр тандап алганың.
Күйөөсүнө өмүр гүлүн арнаган,
Эсиңдеби Чэнь ханшанын убалы?
Шөкөттөлгөн алтын сарай турагы —
Желе басып желип бүткөн убагы.

Саффо же ПСАПФО
Б.з.ч. VII кылым
Греция

Ашыклыкка гимн
Кудайбы дейм: сени менен олтурган,
Кумар жазып, колтугуңа кол сунган.
Көзүң көрүп, сөзүң угуп жалынган,
Махаббатка малынган!

Ал өпкүлөп ууртуңан, жылмайган,
А мен байкуш жыргалыңан кур калам:
Көрсөм сени ооз ачалбайм жалдырап,
Калат денем шалдырап.

Кан дүркүрөп кулак укпай, тил дудук,
Карек өчүп какшып калган бир кудук.
Өрт тийгендей өнө боюм бүт сенек,
Бүт титиреп бүктөлөт.

Калчылдатып басат мени кара тер,
Кадам бассам алуучудай кара жер,
Денем муздап, куусаң чөптөй кубарам,
Мен бир өлүк сулаган.

Сергей ЕСЕНИН
(1896-1925)
Россия

Фарс кайрыктары
Сээлдеди эски дарттын сүлдөрү,
Сергилеңмин мастык эзбей жүрөктү.
Соолуктуруп Тегерандын гүлдөрү,
Соо олтурам чайханада күнөстүү.

Орустарга мактап барсын дегендей,
Олбурлуу жан чайханага чарк урат.
Күчтүү демдеп кызылынан белендей,
Күчтүү арак, вино ордуна чай сунат.

Сыйла, бирок алаксытпа анчалык,
Сыйдан артык роза гүлдүү багың бар.
Бекеринен көз кыспады каш кагып,
Бет чүмбөтүн ача койгон ашык жар.

Орустарда жаз жытындай асыл жар,
Окчун үйдө ит сыяктуу байланбайт.
Сомсуз эле өбүшүүгө акың бар,
Согушпайсың, канжар мизи кайралбайт.

А бул жердин келбетине таң болуп,
Алоо таңга окшоштурам иреңин.
Белек кылып Хороссандан шаль жоолук,
Берер элем даңктуу Шираз килемин.

Кызыл чайдан ачуурак куй, кожоюн,
Кылым бою чындан калпка жаналбайм.
Билсең азыр өзүм менен өз оюм,
Бирок сенин милдетиңди алалбайм.

Эшигиңди кайтарсаң да канчалык,
Ээн жактан кире турган багың бар.
Бекеринен көз кыспады каш кагып,
Бет чүмбөтүн ача койгон ашык жар.