ҮСӨН Мурзапар: Кубат акенин керней тазалагычы

Мурзапар ҮСӨН

Кубатбек Жусубалиевдин жоруктарын эстегенде…

Анда союздун гүлдөп турган учуру эле – дейт мурдагы Ош телеберүүсүнүн көзгө басар алып баруучусу раматылык Улукбек Мамытов.

Кукем шаарды жерип Алайдын Кердегейиндеги Кызыл-Үңкүрүнө кыр боорлото там салып, көчүп барган эле. Мен телеберүү жумушунан бошоп, Алай райадминистрациясына инструкторлук жумушка орношо иштеп аткан кезим. Кар улуу жааган кыш күндөрүнүн биринде биринчи катчы мени чакырып, Фрунзеден барган бир жазуучуну: «Сен Кубатбек Жусупалиевге бир кабырга жакын эмессиңби, бул жигитти анын Кызыл-Үңкүрүндөгү үйүнө баштап бар» – деп табыштады.

 

Минген машинебиз араң эле кыбырап Кукемдин кыр боорундагы тамынын этегине жетип өрмөлөп, андан ары жүрбөй токтоп калды. «Мындан ары чыгалбайт, жөө барышыңыздарга туура келет», – деп шофер мейман экөөбүздү кар малтатып чыйыр жолго салды. Өлдүм-талдым дегенде энтелей энтигип чыгып барсак, кыштын кычыраган мындай суугунда Кукемдин тамы өрт алгандай эшик-терезесинен коюу түтүн буркурап чыгып жатыптыр. Кыбыр эткен жан көрүнбөйт. Чыгып барсак, Кукем темир мештин астында желмогуз кемпирдей жата калып от үйлөп жатыптыр. «От үйлөгөн ким болду?» – деп түтүнгө какап-чакап башбаксак: «Э, келгиле, силер белеңер?» – деп түтүндүн арасынан какап-чакап Кукем чыга келди. Саламдаша учураша: «Не болду?» – десем, «Энеңди урайын, мештин оту күйбөй ушинтип отурам» – деп келген мейманга: «Айыл турмушу ушундай, үкам, чыдайсың анан жашайсың», – деп күлгөн болду. Мен: «А, кернейге ыш толуп тартпай жатыптыр да», – деп нарыдан бери кернейлерин алып чыгып, кагып-силкип тазалап кайра ордуна коюп от жаксам, дуулдап күйүп берсе: «Ой, сен мешке от жагуунун мастери турбайсыңбы», – деп калган болчу.

Ошентип арадан бир ай өтпөй кайра эле биринчи катчы өзүнө чакырат. Кабыл алуусунда болсом, колума бир барак өтүнүч катты карматат. Окусам Кукем, биринчи катчыга: «Ой, жанагы керней тазалагычыңды жөнөтпөсөң болбой калды, от күйбөй түтүнгө ышталып өлө турган болдум», – деп жазып бирөөлөрдөн берип жибериптир.

Ошентип, бир кыш Кукемдин керней тазалагычы болуп кызмат өтөдүм, – деп күлүп калды эле раматылык Улукбек Мамытов.

«Эт жебейм»

Жумуш менен Фрунзе калаасына барып калбайымбы. Анда Султан иним (Султан Раев) «Кыргыз руху» гезитин негиздеп, баш редактору. «Келип калыпсыз, чай ичели» дегенден Панфилов багында «Ак өргөө» деген ашкана болчу эле, ошого баратсак алдыбыздан куркуюп баягы эле кейпинде чалдардын ак жегдеси (көйнөгү), башында шапке, бутунда керзи өтүк, чучуктай жынсы шым. Саламдаша учурашып: «Жүрүң биз менен, чайлашабыз», – деп таклип кылсак, жок дебей ээрчип алды. Султанды (чоң калаанын төбөсү көрүнгөн чыгармачыл адамдардын баары эле «Султан палван» дешет). Кукем да ар бир сөзүндө: «Палван, гезитиң чыгып атабы, жазып атасыңбы?» – деп сурап отурду. Султан нарыдан бери үчөөбүзгө биринчи, экинчи кыла тамак келтирди. Ошондо Кукем итиркейи келе: «Мен деген эт жебейм, тамак ичпейм», – деп ордунан тура барып, нан менен бир чайнек чай салынбаган кайнак суу алып келип, биз болсо: «Мунусу кандай, ичсеңиз болот эле», – деп коюп тамакка карасак, ал шорулдата дак суу менен нан жеп отурду. Дагы сөз арасында: «Бул чыгыш ойчулдарынын гигиенасы ушундай, биз да көнүшүбүз керек», – деп коёт. Султаке мени, мен аны тиктейм. Неси болсо да тең бөлө ичип алдык: «өтпөгөндүкү бер арык» – деп. Кийин гезиттердин биринен: «Кукем эт жеп калыптыр» деген макаланы окуп, сүйүнүп калдым. Көрсө, Кукемдин ырыскысын бирөөлөр бизге окшоп тең бөлүп жеп: «Мен эт жебейм», – деп бирөөлөргө жедирип жүргөн экен.

Кукемдин Кызыл-Үңкүрүн сел алганда

Ошондо да Чоң-Алайдын Жекенди айылына тууганчылап кетип аткам. Кукеме жолугуу ою-түшүмдө жок болчу. Гүлчө кыштагынын Чоң-Алайга бурулуш чоң боюнда алыстан эле көргөндүн баарына таанымал куркуюп Кукем колтугуна ором гезитти кысып туруптур. Түшө калып саламдаша аны-муну сураша туруп калдык.

– И-ии, Куке, жол боюнда бирөө-жарымды күтүп турасыңбы? Денсоолук, үй-жайыңыз кандай, жакшыбы? – десем.

– Жакшы болмок беле, көзгө басар Кызыл-Үңкүрүмдү сел алып, аргам түгөп райкомго даттанып келбедимби. Ошо, бирди-жарым улоо болсо кетип калайын деп турганым.

– Анан жардам боло турган болдубу? – десем.

– Кайра аржаңдап күлүшпөдүбү: «Кызыл-Үңкүр жерге кирсин, өзүңүздү кошо алып кетсе не болот ыя?» – деп. Бул адамдардын жаратылыш менен да жумушу болбой калыптыр дүнүйө деп. А сен өзүң кайда жол алдың?

– Чоң-Алайдын Жекендисине, тууганчылап.

– Ой, мен биринчи мугалимдик кесипти ошо айылдын мектебинен баштагам. Жанагы «Күн автопортиретин тартып бүтөлек» повестимди да ошо жерде жазгам. Көптөн бери ал тарапка барбайм. Көргөн-билгендерге менден салам айтып кой, – деп калды.

Кийин Кукем сел алган Кызыл-Үңкүрүнүн айласын таптыбы-жокпу деп жүрсөм, бир жолу Бишкектен барган оператор Кукемдин ошол Кызыл-Үңкүрүнө кетчү чыйырда артынан мышыгын эрчите тартканын көрүп калып: «А, Кукемдин Кызыл-Үңкүрү жайында турбайбы, Кукемдин жоругу жолдо калсын»,– деп бырс эте күлүп албадымбы.

Кезек жетелек

Ыраматылык акын Улукбек Мамытов өлдүм-талдым дегенде бир ырлар жыйнагын чыгарып, Кубатбек акесине окутканы алып барып бербейби. «Куке, бул ыр жыйнакты окуп көрүп мага ой пикириңди айтсаңыз деп жалпактап: «Ой, сен өзүбүздүн алайлык жигит турбайсыңбы. Анча-мынча теледен көрүп калам. Ой, сен акын да турбайсыңбы», – деп жолго салат. Арадан айлар өтүп: «Бу Кукем жыйнакты окуп бүткөндүр, дагы бир жолугайын», – деп Кызыл-Үңкүрдөгү үйүнө барса, кичинекей бакчасын аралап жүргөн болот мышыгын эрчитип. Учурашпай жатып: «Ой, сен жанагы диктор жигитсиң да. Жанагы ырлар жыйнагыңа келгенсиң да. Аныңа али бери кезек жетпейт ко. Кезекке коюп койгом. Ишенбесең жүр», – деп үйүнүн далисине катар тизилген дөңгөч жыгачтарды көрсөтөт. «Кукем айткандай эле эң акыркы дөңгөчтө жатыптыр менин шордуу китебим. Араланган голо жыгачтардын үстүндө бирден китеп, алардын ээлери да мага окшоп кезек күтүп жүргөндүр да; Кукем качан окуп, оюн айтат деп. Ошондон бери мага да кезек жетпейт деп барбай жүрөм. Кукемдин китепке болгон мамилесин карабайсыңбы, ар бирине аяр мамиле жасап дөңгөч текчесине коюп гана окуйт экен, – деп күлүп калды эле ыраматылык Улукбек Мамытов.

Кимибиз «последний герой»

Окурмандар кээде: «өзүңүздү тааныштырып койсоңуз?»– деп суранышат. Аларга мен өзүмдү минтип тааныштырам. Кыргызстан өлкөсүндө кимибиз «последний герой» болобуз деп дербиш боло жашаган эки жазуучу бар. Бири эң улуусу Алайдын Кердегейинин Кызыл-Үңкүрүндө ушу күндөрдө да жашоосун улантып жаткан жазуучу Кубатбек Жусубалиев болсо, экинчиси ушу кезде Баткендин Кара- Тоосундагы Кара-Үңкүрдө жашап жаткан жазуучу сөрөй Мурзапар Үсөн дегени мен болом, – деп Кубатбек акеме окшоп мылжыя күлүп коём.

Анан: «Кимиңиздер «последний герой» болгону жатасыздар?» – деп суроо узатышат.

Билбейм, ал кишинин Кызыл-Үңкүрүн байырлаганына көп жылдар болуп кетти го. Жашы да менден кыйла улуу. А менин Кара-Үңкүрүмдө жашаганыма жыйырма жылдай болуп калды. Бир келсе эт жештен дагы жарышабызбы деп коём. Анан дагы Кукем экөөбүздүн ишибиз «последний герой» болобуз деп көгөрө үңкүрдө жашап жүрүп, аюу палванга айланып кетпесек эле болду деп, ал жагынан дагы корком. Ушу үңкүрдөгү «последний геройлукту» Кукеме берип мен жеңилдим деп, кол көтөрө четке чыга берсемби деп да ойлоном. Бирок буга көгөргөн намыс жол бербей, өлсөң-тирилсең үңкүрдө жашайсың деп жемелейт. Коркпо «последний герой» болуп өлсөң ушу Кара-Үңкүрүңө коюшат деп көңүл жубатат көшөрө көгөргөн намысым. Мына ушундай, окурман, дербиш боло үңкүрдү байырлаган жазуучу шордууга да кыйын. Мелтейе «мен последний герой» болушум керек деп жапайы аюу палвандай үңкүрүңдөн чыкпай уктап жата берсең андан бетер.

Айтарым, кимибиз «последний герой» болобуз, анын али дайыны жок». Кээде ушу герой-сорою да куруп калсын, Кукеме эле бердим деп Кара-Үңкүрдөн да безгим келет. Мына ушундай окурман, үңкүрдөгү жапайы жашоону арзуу кылбагыла деп коём.

Кукемдин «Айгүл-Тоого» келиши

Ыраматылык белгилүү жазуучу Мурза Гапаров айтылуу Айгүл-Тоого эки жолу келип, акырында окурмандарды тамшанткан «Айгүл-Тоо» аңгемесин жазбадыбы. Биринчи жолу келгенде менин үйүмдө мейман болуп, тоонун керемет гүлдөрү менен кездешип, ушунчалык сугун арта суктанып кеткени күнү бүгүнкүдөй эсимде.

Анан эле Мурзакемдин артынан куркуюп Кубатбек акем келип калбайбы. Көрсө, Айгүл гүлүн өз көзү менен көргөн жазуучу көкүрөккө сыйбаган эргүүлөрүн Кубатбек досуна айта салса, эртеси эле самолет менен жөнөп каларын айтып, Мурзакенин шаштысын алган экен. А десе көнбөй, эми жазда десе болбой айласы кеткенде Баткендеги жазуучу иниси Аскар Режабалиге телефон чалып, Кукемди тосуп алуусун, Айгүл гүлүн көрсөтүүнү өтүнгөн экен.

Кийин Кукемдин Айгүл-Тоого келишин Аскар досум минтип эскерип бырс эте күлүп атпайбы. «Ой, жоругу жолдо калсын Кукемдин. Кантсе да кыргыздын белгилүү жазуучусу Кубатбек Жусубалиев келатат десе кантип тосуп, кантип меймандаштын ташпиши түшүп, аэропортто самолеттун келишин күтүп, ооматтуу, салабаттуу жазуучуну элестетип турбадымбы. Кайдан, кыялымдагы мен элестеткен адам таптакыр адам жылмаярлык абалда, чалдардын ак жекдеси (көйнөгү), дамбалы (чалбары), бутунда керзи өтүк, башында жаштардын кепкасын кийген бирөө түшүп келатса оозумду ачканча бүшүркөп, чын эле Кубатбек акем экен деп кучак жая тосуп алдым. Жанында кошо түшүп жаткан жүргүнчүлөр мындай сырдуу кийинген адам кандай дештиби, бүшүркөй тиктеп өтүп атышты. Бул эми Кукемдин тосуп алуу аземиндеги көрүнүш. А тоодогу гүлгө баргандагы, үйдөгү аяшың мейманчылаган кызыкты айтпа. Ушундай да тамак жебей, айран, сүт ичкен мейман болобу деп таң калганычы. Анан Айгүл-Тоого жол алдык. Кукемдин тоого жеткендеги жоругун айтпа.

«Ой, бул тоодо да үңкүр бар турбайбы. Мен бул үңкүрдө бир түн жатышым керек, сен кете бер», – десе болобу. А десем болбой, бу десем көнбөй, гүлдү көргөндө: «Ой, менин ананайын кымбаттарым, бул жерде гүлдөп турушканын!» – деп ар бирин аяр сылап, жөн эле гүл менен гүл боло жаш баланын жоругун жасап, гүл алдына чөгөлөй жүзүнө сүрткөнүн кантесиң. Алды-артына түшө калып, жалынып-жалбарып: «Бул тоодо үшүйсүз, эртең жууркан-төшөнчү алып келели, анан түнөң», – деп атып араң үйгө алып келсем болобу. Ой, Кубатбек акем үңкүрдөн чыкпай ушинтип кыйнаса болобу, – дейт жылмая күлгөн Аскар досум.

Ошо жылы эле Мурза Гапаровдун «Айгүл-Тоо» аңгемеси «Кыргызстан маданияты» гезитинде жарык көргөн. А Кубатбек акем ошондо Айгүл гүлүнөн кандай таасирлер менен кеткен али күнгөче жаза турганын окурмандарына берелек.

“Ала-Тоо”,  октябрь, 2016