ШАЙДУЛЛАЕВА Топчугүл: ТОПЧУГҮЛ ШАЙДУЛЛАЕВА: «ДОЛУ»

Аңгеме 

Дайранын боюндагы кыштакта  жайгашкан элдин турмушу ушу көбүрүп-ташып аккан сууга байланышкан. Ата-бабалары да илгери ушул суу жээгин пааналап отурукташып, шалы эгип тиричилик өткөрүшкөн экен. Шалы суу боюнан башка жакка өспөй турган өсүмдүк эмеспи. Жай ортологон кезде дарыя ашып-ташып, суу боюндагы шалыларды айосуз жутуп, жалмап, ээ жаа бербей, аны эч кандай күч башкара албай калчу. Дарыяга жакын кыштактагы кээ бир адамдардын пейили, мүнөзү да ушул сууга окшоп кетер эле.

Суу ашып-ташкан маалда  алтымышка таяп калган Азимкан абышканын байбичеси да «толкуй» баштачу. Чалы же балдары саал эле айтканына көнбөй койсо болду, «дайрага агып өлөм» деп алкынып калчу. Андайда балдары да, абышкасы да, келиндери да кемпирдин көзүн карап, аны дайра жакка баспаса экен деп ою менен болуп калышчу.

Ушул жазда да долу кемпир адатынча абышкасына  таарынып дайрага жөнөгөн. Кой-ай дегенге көнбөй, дал дайранын жээгине маасы, көлөчүн чечип «секирикке» даярданган учурунда  абышкасы балдары менен келип калган. Кемпир жылда бул адатын бир жолу карматса, быйыл эки-үч ирет удаа кайталап жиберди. Балдары чоңоюп, өзү кексе адам болуп калса да, баягы эле чалына көрсөтө жүргөн үстөмдүгүн, долулугун койбоду же келиндеринен уялбады. Эр болсоң бир сөзүнө каршы болуп көр, үйдү айланып өтсө эле болду, дайрага жетет.

Ошондо да үйүнөн алкынып-жулкунуп чыккан. Насвай ийлеп жаткан чалы ал тарапты карап да койбоду. Балдары деле эч нерсе болбогондой өз иштери менен алек. Ызасы кайнаган кемпир дарбазадан атырылып чыгып, арт жагына бир кылчайган, бирок чуркап чыккан эч кимди көрбөдү, «куугундун» жогун көрүп, дендароо боло түшкөн кемпир дайранын дал жээгиндеги дөңсөө жердеги уулунун үйүнө кайрылды. Келини чачын жууп отурган.

– Ой, келин, мен жашоого тойдум, кайын атаң мени ушуга жеткирди! Кир когун убагында жууп берип жакшылап карагыла. Ко-ош! – деп андан ары жөнөдү.

Келин аны бир карап алып чочуп кетти. Анан  бирдемени эстегендей ишин уланта берди.

Дарыяга жакындаган сайын кемпир артына кылчак-кылчак карайт. Жалбарып кой дечү киши эмес, чак түштө балык уулаган анча-мынча балдар да көрүнбөйт. Ал дайрага жетип, суу боюндагы ташка көчүк басып жүзүн жууп, муздак суудан ууртады эле, ачуусу тарап кеткенсиди. Кайра үйгө кетсе болот эле, артынан келгендер көрүнбөйт. Албуут сууга карап туруп кемпирдин жүрөгү шуулдап, кейпи учту: чын эле агып өлөбү эми? Биртоп убакыт өтсө да бир жан жок. Маасысын чечип, бутун жууйт, куп гана ындыны өчө түштү, кайра маасысын кийе баштады. Аны алыстан карап, аңдып турган абышкасы чыдамы кетип, бир маалда:

– Ай, кемпир, бул ачууңдан кайт! – деп артынан келип кучактап калды. Кемпир дароо өңүн өзгөртө:

– Куураган какбаш, бир мүнөт кечиккениңде экинчи маасымды да чечип, сууга боюмду таштайын деп турдум эле, – деп жиберди.

Баягыдай балдары жөлөп, келиндери дүрбөп, «апакелеп» алды-артына түшүп, үйүнө алып келбегендерине шагы сына түшкөн кемпир жол ката үйгө келатып, балдарына таарынды. Карыган атасына аңдытып коюп, үйлөрүндө беймарал отурушканын элестетти. «Чоңоюшту, катын алышты, эми аларга эненин кереги эмне? Бечара абышкамдан башкага менин өлгөнүм баари бир тура» – кемпир ушуларды ойлоп, ушунча жыл жашаган өмүрүндө биринчи жолу азыр абышкасына ыраазы болду. Байкуш ушул эле түтпөйт тура. «Отуз уулум болгончо…» деп ошон үчүн айтат да. Ал да балдарына окшоп артынан барбаганда эмне кылмак? Дайрага өзүн таштайт беле?» Абышкасын мындан ары капа кылбай  жүрөйүн деген ой  көңүлүнө  “кылт” этти.

Бирок жаз келип, дайра кайра ташып жатканда Азимкан абышка капыстан каза тапты. Чалы өлгөн соң долу кемпир кыйла ал-күчтөн тайыгансып калды. Көрсө, кемпирди оолуктуруп, алкынтып дайрага чуркаткан абышкасынын гана деми тура. Эми ал «дайрага агып өлөм» демек турсун, күүлдөгөн суу тарапты карагысы жок.

Дайра болсо адатындай толуп-ташып албууттанат, жолуна илээшкен эмне болсо жула качып, эч нерсени тоотпой, эч нерсеге карабай.

Топчугүл ШАЙДУЛЛАЕВА

08.12.96