ШАЙДУЛЛАЕВА Топчугүл: ТОПЧУГҮЛ ШАЙДУЛЛАЕВА: «БЕШИМДИН КӨЛӨКӨСҮ»

Аңгеме

Жайлоодон жакага жөө шашып келаткан тестиер бала  айыл четине  жеткенде  жайкалып өскөн буудайды аралап, жайбаракат оттоп жүргөн башкарманын атын көрүп калды. Ат адатынча жасалгалуу токулган.

Бала жан жагын жакшылап караса башкарма көрүнбөйт. Ай талаада кыбыр эткен жан жок. Буудайды каалашынча бурдап жеп, куйругун ары-бери  шукшуңдатып коюп жалгыз ат гана турат. Бала атты карады да калды. Айылга жеткенче алдыда чоң суу бар, андан жылаңаяк кечип өтүш керек. Баланын аттан көзү өттү. Минип алып суудан өткөндөн кийин кое берсечи, бир чети бала айылдагы эң жасалгалуу  жорго  атка  эч ким жокто бир минип алгысы келди, бул кызыгуу, азгыруу баланы биротоло байлады. Жоргодон көзүн албай турган бала бир маалда  жакын турган атка чуркап барып, үзөнгүгө  бутун эптеп илип мине койду да чоң эрдик кылгансыппы же чочулаппы, дароо жан жагына бир карап алды, карап алды да саамга катып калды. Көрсө, ат оттоп жүргөн жерден алыс эмес буудай ичинде башкарма, кадимки эле алардын башкармасы айылдагы дүкөнчү келиндин үстүндө жатыптыр… Башкарма так маңдайындагы ат үстүндөгү баланы дароо көрө койду. Анткени ат бала мингенде бышкырып жиберген эле.

 

Ордунан олдоксон октоло өйдө болгон башкарма демиккен тейде кыйкырды:

– Оо, атаңды… бешимдин көлөкөсүндөй болгон жарыбагыр, түш аттан!

– Бала аттан  ыргып түшүп, артын карабай айылды көздөй чуркады. Коркуп да, чочуп да кетти ал. Уурудан качкан немече чымын-куюн болуп чоң сууга жетти да, күйүккөнүн басканга саамга отура калды. Бетин сууга чайыды. Ошол маалда атын чаптырып артынан башкарма баланы кууп жетти. Баланын ого бетер жүрөгү түштү. Бирок башкарма баягыдай ачуулуу эмес эле. Ал аттан түшүп, баланын жанына жакын  келди. Бала ордунан тура калды. Чын эле баланын  бою өз теңтуштарына караганда  сөлдөйүп кыйла  узун. Башкарма баланы баштан аяк бир сыйра карады да, колдон алды:

– Катуу айтсам кечир баатыр, сен бала эмессиң, чоң жигит болуп калыпсың, азыркы көргөнүңдү эч кимге ооз ачпа, макулбу, сени эркек дейт, сыр сактай аласыңбы?

Башын жерге салган бала макул дегенчелик башын ийкеп койду.

– Анда сүйлөштүк, – Башкарма чөнтөгүнө колун салып, балага бирдеме бермекчи болуп баратып кайра  тартып алды. Бир чети баладан чочуду, күнөө кылгансып жер караган баланын кабагы да салыңкы эле.

Башкарма баланы чоң суудан атына учкаштырып өткөрүп койду да, кайра артына, буудай талаа тарапка жүрүп кетти.

Бул окуядан кийин көп жылдар өттү. Узун бала чын эле сырга бек экен. Көргөн нерсесин  жан адамга оозунан чыгарган  жок. Башкарма менен кээде эл ичинде, жол-полдо карп-курп кездеше калганда  ал балага өзгөчө ийиле  салам берип  учурашып, кези келгенде эр жигит болуп бой тарткан баланы далыга таптап, мактап жүрдү, анын сырга бек экенин да айтканы бар.

Окуя  бара-бара унутулгансып калды.  Бирок баягы бала – азыркы эбак үйбүлө күтүп, очор-бачар болуп, кагылып-согулуп, токтолуп калган жигит чок болуп көзүндө калган  бир  ирмем көрүнүштү көп жылдар, көп ирет өзүнчө эстеп  жүрдү. Балалык кыялдар башына келип, кыздар менен жанашкан күндөрү, кийин-кийин аялынан башка  келинге көзү түшүп калганда…Башында мына ушуну жадына келтирген сайын, адегенде бала башкарманын бул жоругун, ошондогу буудай ичиндеги ооналактаган эки жылаңач денени таң калып, түшүнүп, түшүнбөй эстечү, анан кайсы бир жылдары жактырбай, ирээнжип эстеп жүрдү, жашы өткөн куракта болсо  башкарманы да, келинди да дилинде аяп эстей турган болду. Ушундай, бул окуя ага көөдөн тереңинде түк эстен кеткис болуп орногон эле.

18.02.2006