ШАЙДУЛЛАЕВА Топчугүл: ТОПЧУГҮЛ ШАЙДУЛЛАЕВА: «КНОПКА»

Аңгеме

Узун бойлуу киши али жолго жүрө элек баласын ар дайым колуна көтөрүп жүрөт. Баласы да атасынын мойнунан бекем кучактап, анын тер нымшыган бешенесин улам-улам өбө берет. Баласы өпкөн сайын атасынын кайраты,  кубаты ашып, колунун чарчаганын, талыганын да унутуп кете берет. Наристе ошон үчүн элчилеп коляскага түшпөй калды. Коляскага салса эле ата менен баланын аралыгы өтө узап кеткендей, колясканы тарткан узун бойлуу киши уулуна улам эңкейе берип, биротоло эки бүктөлүп кала турган. Уулу да коляскада жөн отурбай, улам артын карап, атасын чакыра берет. Анан ата-бала  бул экөөнүн жакындыгын бузган колясканы бекем катып салышты.

Булар шаарда бийик кабат үйдө турушат. Узун бойлуу киши баласы көз ачып бирдеме боолгологондон  тартып ага  кнопка басканды үйрөтө баштады. Анткени алар күн сайын эшиктен үйгө келатып, адегенде лифттин кнопкасын, сегизинчи кабатка жеткен соң өздөрүнүн үйүнүн эшигинин кнопкасын басышат. Уулун колуна көтөрүп жүргөн кишинин жада калса радиосу, телевизору да кнопка менен иштейт. Мына ушул кнопкалардын баарын наристенин быйтыйган колу басат, атасы карап турат, экөө тең мындан чоң ырахат алышат. Бала эс тарткан сайын кнопкалардын сыйкырдуу күчүнө таң калып жүрдү. Бири аларды өөдө көтөрөт, түшүрөт, бирөөсү коңгуроо чалат, үчүнчүсү телевизор менен радиону  сүйлөтөт, же үнүн басат.

Эмчектеги бала апасынын кнопка-топчулуу көйнөгүнүн көкүрөк тушундагы жалтырак кнопканы бармагы менен баса баштаганда, апасы анын курсагы ачканын түшүнчү да эмизе баштачу. Бала да ушуга көнүп алган. Кнопка басканды аябай жакшы көргөн бала кийин мектеп жашына жеткенде андан көңүлү үч көчкөндөй калды…

Ушул күндөрү узун бойлуу атасы менен  кнопкалуу көйнөк кийген апасы катуу урушуп кетти. Бала тынбай сүйлөп да, кыйкырып да, ыйлап да жаткан апасына кантип жардам берип соороторун билбей, акыры адаты боюнча анын көйнөгүнүн топчуларын  кармалап, бозоруп калды. Булкулдаган ачуулуу апасы өзүнө жабышкан уулун түртүп салды. Жыгылып түшкөн бала ыйлап жиберди. Узун бойлуу киши тура калып аялын сабап кирди. Эми бала атасын кантип токтотууну билбей, мушташкан эки адамдын буту-колуна чалынып, өзү да кыйла токмок жеди. Бул окуядан кийин апасы ооруканада көп жатып, кабагы салыңкы атасы иче баштады.

Бала мектепке барды. Мектепте да, үйдө да ойлоп санааркаганы эле кнопка. Кнопка басылганда жүрөгү бир «зырп» деп алат: сабакта ар кайсыны ойлоп отурган баланы чырылдаган коңгуроо чочутат. Үйдө болсо атасынын беймаал түнүчүндө келип, эшиктин кнопкасын бар күчү менен басканы, төшөктө жаткан апасынын бир «шуу» үшкүрүп алып кылдырап барып калганы ачканы, жер тиктеп, сүзө тургансып турган атасын жекире караганын ойгоо жаткан бала туйчу. Кийин атасы түнүчүндө да келбей калды. Бала кнопкаларды ким ойлоп тапты экен деп өзүнчө кыжаалат болот. Ошол ойлоп тапкан киши эмне үчүн адамдарга салчу кнопканы ойлоп таппайт, кишинин радионукуна, телевизордукуна окшогон кнопкасы болсо не. Анда апасы оорулуу, атасы аракеч болбойт эле, кетип да калбайт эле. Эми эле алар уруша баштаганда бала акырын байкатпай барып, алардын кнопкасын басып токтотуп салмак. Анан баары ойдогудай, жакшы болор эле.

Бир күнү мектепте баланы чоң балдар коркутуп коюшту. «Эгер, – дешти алар, – душмандар бизди карап өз жеринен бир кнопканы басса эле биз секунтта тыптыйпыл болобуз». Көздөрү алая түшкөн бала акыры чыдабай аларга суроо берди: «Бизде да барбы ошондой кнопка?» «Ооба, сөзсүз да», – дешти балдар. Мындай тири укмуш кнопкалардын бардыгы баланы биртоп чочутуп, ойлонтуп койду. «Бүт адамдарды, жан-жаныбарларды, үйлөрдү, чөптөрдү, гүлдөрдү, сууларды күлгө айланткан кнопканын кимге кереги бар, аларды неге ойлоп табышат? Муну жасаган киши бир адамды арак ичпес кылуунун, эки адамдын урушпасынын кнопкасын ойлоп таппайбы?» Бала уктабай, түнү бою ойлонуп жатты. Эртеси мектепке барып кечээги чоң балдарга минтип айтты: «Билесиңерби, мен чоңойсом адамдардын өзүнө салынчу кнопканы ойлоп табам, ошондо жанагы силер айткан коркунучтуу кнопканын баары жок болот, андан эч ким коркпой калат, анын кереги да жок болот».

Чоң балдар кичине баланы карап, анын олуттуу тарткан кебетесин шылдыңдап бир каткырып алышты да, класстарына кирип кетишти. Бала ыза болгон жок. Ал ушул оюн ойлоп жүрө берди. Жайында кыштакка барып бул тилегин таятасына айтты, ал киши шылдыңдаган жок, кайра «Тилегиңди кудай берсин!» деп кубаттап койду. Биздин да балага айтаарыбыз ушул.

22.02.1998