ШАЙДУЛЛАЕВА Топчугүл: ТОПЧУГҮЛ ШАЙДУЛЛАЕВА: «МОЛДО»

Аңгеме

Ошко  борбордон иш сапар менен келген төрт аял Сулайман тоону көрмөкчү болуп эми гана тоонун таш жолуна бут койгондо кайдан чыга калганы белгисиз, алардын бет алдыда бул жердин  молдосу пайда боло калды. Ал  аялдарды  баштан аяк  бир карап алды да, ызырына  тилдеп кирди:

– Бейыйман албарстылар, жок дегенде башыңарга жоолук салып албайсыңарбы? Ыйык тоого келгениңерди билбейсиңерби? Кудай жалгабаса, кебетеңер курусун! Силерге  окшогондордун таманы  үчүн бу тоонун ташы да убал…

Ушинтип күбүрөнгөн  топучан чал биртоп наалып, капа болуп, анан аялдарды көздөй колун шилтеди да, тоо башындагы  Бабур күмбөзүндөгү кичинекей тамга этек-жеңин күбүй кирип кетти.

Тоонун ыйыктыгына баятан  өзүнчө  суктанып, кыялданып келаткан төрт аял  бушаймандана бири-бирин карап алышты: төртөөсүнүн тең чачы кыска, жылаңбаш, төртөө тең шымчан… Булардын бирөөсү чет элдик айым эле. Эч нерсеге түшүнбөй калган ага:

– Биздин кийген кийимибиз молдого жакпай калды, – дешти.

Кантсе да  келген соң  Бабурдун үйүн көрбөй кантип кетишет. Тоону айлана  басып төрт аял баягы буларды тилдеген молдо  отурган үйгө келишти. Ал жерде чал кирип чыккандардын өтүнүчү менен куран, дуба окуйт экен, ал үчүн ага ким канча көңүлдөн чыгарса, ошончо пул сунушат. Төрт аял да кезекке турушту.  Ушуларга дубанын не кереги бар дегенсип, бүшүркөй караган молдо аларды канчалык жек көрсө да «дуба окуп коюуңуз»  деген  бу төрт аялдын  сунушун кабыл этти. Кабак бүркөй көнүмүш адатынча тизелеп куран, дубасын  айтып кирди. Алакан жайып бата тилегенден  кийин чет элдик айым молдого  биринчи болуп озуна  50 долларын бере койду, анын артынан башка аялдар бири 500, бири 300сомдорун  сунуп калышты.

Молдо бул жерге келгенден бери келген-кеткенден мындай чоң акча алып көргөн эмес эле. Адатта 5-10 сом, ашып кетсе 20 сом беришчү.  Азыр  бир айда таба албаган акчасын бая өзү тилдеген «кебетеси жаман» аялдар берип салышты. Молдо заматта өңүн, үнүн  өзгөртүп, аялдарды дагы бираз отургула дегенчелик кылып, үйдүн төрүндөгү, таман астындагы ташка басылган издер тууралуу кенен айтып берип, бул колу ачык аялдарга өзүнүн бар билимин, билгенин, кызматын көрсөткүсү келип бөйпөңдөп жиберди. Балким, ичинен өзүн ыңгайсыз да сездиби, айтор  бу төрт аялдын «суук» кебетеси  эми абышкага көрүнбөй калгандай, ал аялдардын кайдан келгенин, кандай иш менен жүрүшкөнүн, бала-чакасынан өйдө сурап кирди.

Бая булардан Сулайман тоонун ташын аяп жаткан абышка, азыр аларды Бабурдун үйүнөн чыгаргысы келбей, дагы кайсы жерге кантип сыйынышты, тоонун касиетин айтып сөзү бүтпөй койду…

27.04.2006