ШАЙДУЛЛАЕВА Топчугүл: ТОПЧУГҮЛ ШАЙДУЛЛАЕВА : «КАНТОР КАТЫН»

Аңгеме 

Эл эчак  кечки тамагын жеп, жатууга кам урганда Зыйнаттын очогуна жаңы гана от жагыла баштайт. Кечки тамакты элден кеч ичкенге бу «кантор катындын» күйөөсү, балдары эбак көнүп бүтүшкөн. Зыйнат кызматынан ар дайым кеч келет, үйүнөн эрте кетет. Ар дайым ишинин көп экенине, оор экенине даттанат, бирок кызматын өлсө таштагысы келбейт. Өмүр бою ушинтип иштеп келет. Ага үйүндөгү бала тарбиялоо, толгон-токой түйшүктөн мурда кызматы өөдө. Өмүрүнүн маанисин да кызматынан көрөт. Зыйнат деп азан чакырып койгон атын Зина деп өзгөртүп да алган.

Таң эртең элден өзгөчө жасана кийинип, көчө бойлоп кызматына баратканда уюн саап, короосун шыпырып аткан, же очогуна от жагып балдарына эртең мененки тамагын даярдап жүргөн карапайым көчөлөштөрү аны суктана карап турганын туюп, ичинен кудуңдап, нээтинде өзүн алардан миң эсе өөдө сезип, ансайын мойнун койкойтуп, кайкалап өтүп кетет. Жолдон оро-пара жолугуп, ийилип учурашкандарды, ага карата кошомат кылгандарды көргөндө ичинен ого бетер менменсинет. Ушинтип айылдаштарынын  арасында  өзгөчө болуп калганына «кантор катын» өтө мактанчу. Ал иштеген район борборундагы канторго күн сайын агылып арызданган адамдар келип кетчү, алар аны кудайындай көрүп, жалынып жалбарып: «Зыйнат Расуловна, же Зина айым» деп ага кайрылып  жардам сураган учурда бу «кантор катын» өзүнчө эле бир чыйрала, сурдана түшчү.

Дүйнөнүн туткасын кармап тургандай каада күтө калчу. Анын бул сүрдүү жүзү өзүнөн чоңдорго барганда таптакыр жайдары тартып, нурдана түшөт. Кандай тапшырма берсең да даярмын, тилдесең да, сөксөң да макулмун, бир гана мени иштен бошотпосоң болду деген анын жүзүндөгү жазууну кайсы чоң болсо да окуй алчу. Ушундан улам аны каалагандай иштетишчү, тындырбай, үйүнө кетирбей, кээде майрам күндөрү да жалгыз өзү чоң конторду кайтарып дүжүр болуп калууга Зыйнат жан дилден кайыл эле. Эптеп эле андан чоңдор кыйкым таап, иштен бошотуп койбосо болду.

Убагында тамак жеп, убагында уктап аялы бар кишидей болбогон «кантор катындын» мугалим болуп иштеген жоош күйөөсүн айылдаштары бир чети аяп, боору ооруса, бир чети аны кемпай дешчү. Мындай катын менен бир күн да жашоого болбойт, айрыкча айыл жеринде.

Күндөрдүн биринде  «кантор катындын» эрин жумушка бараткан жолдон  Калипа кемпир тосуп туруптур, сөзү бар экенин айтып. Өзүнчө эле толкунданып, сүрдөп алыптыр, бечара. Кебин араң баштады, бирок ток этерин айтты:

– Менин кызымды ал, токолдукка, жакшы аял болуп берет сага, үйдөн качкан канторчу аял алып пешенең деле жылыбады, балам. Бул бейтаалай кызымдын багын ач, баласынан коркпо, мен аны өзүм эле багып алам. Канторчу аялыңдын оту менен кирип, күлү менен чыгат…

Кемпир ушунчалык жан-дили менен, мээрим чачып, муңайым бир өтүнүч менен жалбарып жиберди. «Кантор катындын» күйөөсү эмне дээрин билбей  дел болуп саамга туруп калды. Ал аялынан коркчу. Ушундан улам кемпирдин бул сунушунан чочуп кетти, күнөө кылган кишиче жан-жагын карап да жиберди. Жолун тороп, колдон алган кемпир муну жоопсуз кое берчүдөй эмес.

– Эмне деп атасыз, эже, менин аялым бар, анын  ким экенин жакшы билесиз. Мени эртең эле алып барып каматып салат, же болбоду дегенде үйдөн кууп чыгат…

Кемпир ого бетер «кантор катындын» күйөөсүн колунан кое бербей, өз оюн бекемдеп  кирди:

– Токолуң болсо, аялыңдын өзүнө жакшы да, кызматтан келсе үйү жыйналуу, тамагы белен, кир-коогу жуулуу, балдары каралуу, короосу шыпырылуу. Сен аны менен ачык сүйлөш, угушума караганда ага азыр күйөөнүн деле, бала-чаканын деле кереги жоктой… Деги намысың бар жигитсиңби, эшигиңе уй байлап, элге окшоп каймак-май жебейсиңби, карып калган ата-энеңе чай-пайың бербейсиңби? Өмүр бою баш көтөргөн катындын башы пас эри болуп жүрүп өтөсүңбү, катарда да, санда да жок болуп…

Кемпир эми катуулап сүйлөй баштады. Эч кандай жооп айта албаган, коркуп кеткен эркекти карап туруп, анын көзүндөгү баягы мээрим, убайым өчтү. Ачуусу келди. Түңүлгөн кишиче намыссыз эркектин баятан кабыштыра кармап турган колдорун өзүнөн өзү бошотуп, аз жерден анын бетине түкүрө жаздап, шагы сынган кемпир сүйлөнгөн тейде ачык турган дарбазасына шашып кирип кетти.

Чоң жолдун так ортосун жарып «кантор катындын» эри  жоого бараткансып адаттан тыш шашып басып келатты. Калипа кемпир анын көптөн бери көкүрөгүн өйүгөн жараатын оюп алгандай болду. Чынын айтса «кантор катын» менен  бир үйдө жашоо анын өзүн да эбак эле тажатып бүткөн. Бирок чолпондой болгон эки уулун кантип кыят?  Бир кезде чайналып-чайналып, акыры тим  калган, тагдырына моюн сунган.  Азыр кийген кийиминин этек-жеңи желбиреп, жоош, момун жүзүн ызалык каптады. Жүрөк тереңиндеги эчен жылдар уялаган арманы көмөкөйүнө келип, жумушка бараткан жолунан адашып, айылдын «мас көчөсүнө» бурулуп кетти. Ары-колуна келген эркек ал жерде биринчи эле кезиккен айылдашы менен түш оогончо арак ичти. Ушул күндөн баштап Көл боюндагы  айыл дагы бир аракеч менен толукталды.

13.02.2007