ШАЙДУЛЛАЕВА Топчугүл: ТОПЧУГҮЛ ШАЙДУЛЛАЕВА: «АБЫСЫНДАР»

Аңгеме

Район борборунан айылга келин алып келгендер  түн жарымда кетишти. Күйөө болгон киши жашы эбак алтымышты аркалаган, кемпиринен айрылып биртоп жыл бой калган эле. Эртели кеч бирин-экин малы, тамаркасы менен алектенген бу жоош-момун чал балдарына кемпир алам деп да айтпады. Бирок уулдары менен инилери  абышканын акыркы учурда чүнчүй баштаганынан улам, ага жубай табууну чечишкен. Эми  минтип ага кемпир эмес, кырктын кырына эми келген, бетинин кызылы кете элек келин туш болуп отурат.

Жаш келинди адеп көргөндө абышка чочуп кетти. Мындай жаш аял алам деп ойлобосо керек ал. Келин да чочуп кетти, абышканы мынчалык картаң деп ойлогон эмес эле. Тамак-аш берилип, сый көрсөтүлүп, нике кыйылганча жубай болчу эркек менен ургаачы бири-бирине уурдана карашканы болбосо, үн катышпады. Баятан кызмат кылып жүрүшкөн инилеринин келинчектери ички үйгө буларга төшөк салышты да, үйлөрүнө жөнөштү.

Жолдо баратып эки абысын өзара шыбыраша калды. Бирин-бири тааныбаган, биринчи жолу көрүшүп жаткан эркек менен ургаачы кантип жакындашып, кантип төшөккө жатышат болду экен? Эки келиндин ою бир жерден чыкты. Экөө тең жарыгы али өчө элек кайнагасынын терезесин бир карап алышты.

– Терезесинен карабайлыбы, – деди жашыраагы, айылда өзүнүн чапчаң кыймылы менен дайым той-ашта мактоо сөз укканы. – Бизди көрүп коюшмак беле?

– Пардачы, терезени парда тосуп турбайбы? – Экинчиси баргысы келбей кетенчиктеди.

– Парда жупжука, ичиндегинин баары көрүнөт.

Район борборунда көп жыл дүкөнчү болуп иштеген, жакшы кийип-ичип жүргөн, ачык, шайыр келин менен айылдан алыс чыкпаган, койдой жоош  кайнагасынын бүгүнкү биригүүсү кандайча болор экен деген кызыгуу бу кичүү абысынды  азгырды да калды.

Ал көңүлсүнбөй, кетенчиктеген абысынын колдон алды да, экөө кайнагасынын жатаар бөлмөсүнүн терезесинин түбүнө келишти. Чын эле парда парда аты эле болбосо, ичиндегинин баары көрүнөт экен. Булар келип терезени акмалап жаткан учурда жубай болушкандар төшөк салынган үйгө кирип калышкан экен. Кайнагасына жубай болчу келин  шаша-буша чечинди да төшөк ичине кирип кетти. Андан соң абышка чечине баштады. Ал шашпай чечинди. Керээли кечке эшикте чарба менен жүргөн чал ар дайым  кабаттап жылуу кийинчү. Адегенде анда-санда сыйга бир кийчү кара костюмун чечти, аны бапестеп ордуна илди, анан ичине жүн салып шырылган камзирин, анан токулган кофтасын, көйнөгүн… абышка жай кыймылдап, сансыз кийимдерин чечкен соң, ич кийимчен төшөккө жакындап келатып эшикти бекитти, чала-була жабылган парданы мыктылап жапкысы келдиби, айтор терезе тарапка басты.

Баятан оозунан шилекей акканча абышканы биринчи жолу көргөнсүп, эси ооп карап турган терезе артындагы эки абысын өздөрүн көздөй басып келаткан кайнагасын көргөндө, чымын-куюн качып жөнөштү. Абышка аларды көргөн жок, шашпай парданы оңдоп жакшылап жапты. Жарыкты өчүрдү. Мештеги от өчүп калбасын деп ага көмүрдөн мол салды да саамга буйдала түштү: «Кап, жана малга да чөптү сала келбей, унутуп калган турбаймбы, эми кийинип тышка чыгайын десе, тиги төшөктө жаткан келин эмне дейт, кыштын күнү түн узун, малга чөп бербесе да болбойт». Чал  сыртка чыгып келгенге кайра  кийине баштады.

Муздак жууркан ичинде бүрүшүп, малга чөп салганы кеткен чалды күтүп жатып келин эмнелерди ойлоду экен? Ал көзүн жуумп алып алгачкы келин болуп барган  түндү эстеди. Анда баары башка эле. Келген үйдөгү мамиле да, үй да, тосуп алган адамдар да баары көзүнө жакшы көрүнгөн, ошол үйдөгү буюм тайымдан өйдө баары ага ыйык  сезилген эле. Баарынан да аны ээрчитип келген  күйөө болчу жигитичи. Көзүнүн агы менен тең айланып, жанынан карыш жылбай, ошол түнү өзгөчө мээримдүү, өзгөчө жароокер эле… узатып келген досторучу. Шарактап, ырдап бийлешип…

Кийин тагдыры таш капты келиндин. Жолдошу жол кырсыгынан кокус  каза болуп калды. Жаңы баскан уулун энесине калтырып коюп, район борборунда дүкөнчү болуп иштеген ал тиричиликтен кыйналган жок. Жалгыздыктан, дүкөнгө кирип-чыгып тийишкендерден тажады. Өзүнүн артынан чубап айтылган ушак-айыңдан тажады. Анан минтип айылга келип, чал да болсо бир эркектин этегин кармап тынч жашагысы келди эле…

08.11.2005