ШАЙДУЛЛАЕВА Топчугүл: ТОПЧУГҮЛ ШАЙДУЛЛАЕВА: «ПАЛЬТО»

Аңгеме

«Мектепке бекер кийим келип, аны мугалимдер окуучуларга бербей өздөрү эле бөлүп алып жатыптыр» деген сөз айыл ичине заматта тарады. Мугалимдер менен «салгылашууга» айыл ичиндеги ургаачы аттуунун баары мектепти көздөй жеңин түрө  атырыла жөнөштү. Түштөн кийин мектеп алдына  аялдар гана эмес, кемпир-чалдардан өйдө толуп кетти. Кана-кана деген үндөр, бирин-бири түртүшмөйлөр, мектепке кирүүгө жол жок, эшикти  үч-төрт мугалим кайтарып турат. Сабактар токтоп калыптыр. Окуучулар жүрөт ар кайсы жерде чурулдашып. Мектеп ичинде  болсо бир класска кирип алган 10-15  мугалим эки мүшөк гумжардамга чет элден келген эски кийимдерди окуучуларга кантип бөлүштүрдү билишпей, ары-бери ыргытып жатышкан.

Бул жерде келген кийимдердин түзүгүрөөгү деле калбады. Адегенде мектеп директору  тандап алды, андан соң эки завуч, алардан кийин мугалимдер өздөрү. Баары алып бүткөн соң калганын  эшикте тургандарга эптеп-септеп бөлө албай эстери ооп жатат. Бирден бөлүп бергенге жетпейт. Эмнеси болсо да акыры кийимдерди мүшөк-пүшөгү менен сыртты көздөй ыргытмак болушту. Ортого алып өздөрү бөлүп алышсын дешти. Олбурлуу физкультура мугалими жарымдай түшкөн эки мүшөктү эшикке алып чыкты да жарданып тургандардын бут алдына  таштап койду. Тургандар жабыла  мүшөктөргө  жабышышты. Алганы алып, албаганы албай, бир паска тополоң боло түшүштү.

Топ жоруга ыргытылган тарптай болгон мүшөктөр көз ачып-жумганча ичиндеги кийим гана эмес, өзү да тыптыйпылы чыкты. Эл иргебей, колуна эмне урунса алууга аракет кылды.  Бир маалда тытылган мүшөктөрдү да тургандардын бирөөсү илип кетти. Кийим жетпей калгандары мектептин ичин көздөй атырылды. Мугалимдерден тартып алабыз дешти. Бөлүп алган кийимдерин кайда катаарын билбей, мугалимдердин бири үстүнө кийе калды, бири жаба калды, бирөө астына салып отура калды…

Кийим тийбей калган эки кемпир көчө менен бир болуп сүйлөнүп баратты:

— Гумжардамың менен күм-жам болгулагыр, илгери мындай кийилген кийимдерди кийгенден жийиркенчү элек, заманың түшкүр, адамдарды эмне кылып койду… — деген кемпирлердин бири заманга таарынды.

— Бу деректир деректирдей ток мүнөз күтпөйбү, жарымын эле ошо өзү алып койду деп жатышат… – кемпирлердин экинчиси ачкөзгө айланган, уят-сыйыты жок мугалимдерге наалыды, аларды каргады, шиледи.

Булар менен бирге бараткан кийим тийбей калган дагы бир аял кемпирлердин сөзүнө кулак төшөмүш болгону менен оюнун баары башкада эле. Мектепке, бекер кийимге байланышкан  качандыр бир кездеги окуя анын эсине түшө берди.

Ошондо да мектепке  бекер кийимдерди алып келишкен. Азыркылардан айырмаланып, ал кийимдер жапжаңы эле. Аны мектеп жетекчилери томолой жетимдерге, атасы жокторго жана майып окуучуларга таратып беришчү. Ошондо бул аял үчүнчүбү, төртүнчүбү класста окучу. Эсинде, күнү  бүгүнкүдөй эсинде. Буга кыпкызыл, топчулары жалтыраган жылуу, тукаба пальто беришкен. Класс боюнча ушуга гана  тийген. Анткени кыздын атасы өлүп калган эле. Ошондо мектептин деректири, класс жетекчиси болуп келип окуучулардын көзүнчө беришкен. Бирок пальтону алып жаткан кыз кубангандын ордуна өксүп-өксүп ыйлаган, эсинде пальтону албаймын  деп да айткан. Кемсинген, намыстанган, жетимдигин, атасыздыгын  ого бетер сезген. Класс жетекчиси аял киши эле, кызды кучактап, бетинен өөп жатып араң соороткон. Классташтары болсо анын партасына кагазга оролуп таңылган кыпкызыл эч кимде жок сонун пальтону карап суктангандын ордуна, кыздын жанына даап жолой албай, аны аяшып, ошол күнү сабак бүткөнчө класстагы тентек балдар да шоктонбой, күлкүчү кыздар да күлбөй,  атасы жок кыз үчүн баары кайгырып, томсоруп отурушкан.

Азыр наалыганы басылбаган эки кемпирдин ортосунда  келаткан аял мугалимдерди да, заманды да каргаган жок. Өзүн жаман көрүп турду бул аял. Эмне үчүн гумжардамга келген кийимдерди алам деп барды. Өмүр бою бирөөнүн берген жардамынан намыстанып чоңойбоду беле, жана кызы  чуркап барганынан келе калбадыбы…

03.05.2007