ШАЙДУЛЛАЕВА Топчугүл: ТОПЧУГҮЛ ШАЙДУЛЛАЕВА: «МОМУШ АЗИЛКЕЧ»

Аңгеме

Согуш аяктаганына бир жылдай болуп калган. Фронтко кеткендер арасынан  дайыны билинбей кечиккен Момуш коңур күз күндөрүнүн биринде, кечке жуук айылына бир мүшөк туз артынып кирип келбеспи. Айылда туз тартыш эле. Учурашканы келген эл-журт анын үйүн басып эле калды. Бирөөсү аке деп, бирөөсү таяке деп, дагы бири дос деп, айтор  туз сурагандардын ичинен бир да жат киши табылбайт.

Алар ага миң ыраазылык айтып, алкап, бата берип жатышты. Ошончо алыс жолдон мындай оор жүктү азап менен  көтөрүп келгенин унутуп, өзүнө өзү ыраазы болгон Момуштун ак көңүлү кармап, жайдары. Айрыкча бул күнү келгендерге уучтап туз  салып берип аткан  келинчеги Санамбүнүн оттой жанган бактылуу көздөрүнө карап, көзү тойбой, ичи элжиреп, сагынычы ашып-ташып турду. Келген-кеткенге азил-тамашаларын төгүп, баягы өзүнүн Момуш азилкечтигин айылдаштарынын эсине салып, баарын күлдүрүп отурду.

Түлөө аяктап, эл тарап, апкелген тузунун да теңинен көбү түгөнгөндө, түн  кирип  калган эле. Момуш тышка чыгып, бир сыйра короо тамын тегерене басып, үйүнө киргенде келинчеги  идиш-аягын жыйнап, бөлмөсүн шыпырып, төшөгүн салып атыптыр.  Анын ыкчам кыймылы чырактын бүлбүл жарыгында дубалга түшкөн узун көлөкөсүнөн даана көрүнүп турду. Төшөгүн салган соң Санамбү башынан жоолугун  алды да узун чачын тарап, караңгыда араң көрүнсө да  төрдөгү илинген кичинекей күзгүгө келди. Бети-башын каранды…

Бул маалда сырттан кирген Момуш чечинип жаткандын ордуна төшөк четине  отурду да, катуу үшкүрүп жиберди. Күзгүдөн бурула берген Санамбү чочуп кетти:

— Момуш, эмне болду?! Бир жериң ооруп турабы? – Узун, коюу чачы далысына жайылган, ич көйнөкчөн Санамбү күйөөсүн кучактап калды.

Момуш келинчегинин бети-башынан аймалап өөп, бирок көзүнүн жашын андан жашырбай, ыйламсырай үн катты:

— Санамбү, мен согуштан майып болуп кайттым… — Кантип?.. Кайсы жериң?.. Эмне болуп?.. – Санамбү удаа-удаа суроо катып, күйөөсүнүн колу-бутун, денесин сыйпалап кирди.

— Бул жерим, — Момуш шымын чечип,  ак чүпүрөк менен таңылуу турган жан жерин көрсөттү, — ок жулуп кетти…- Момуштун ого бетер үнү дирилдеп чыкты.

Тартыла таңылган алааны ойо тиктеген Санамбүнү  саамга нес басты. Бир маалда күйөөсүнүн кучагынан булкуна  чыккан ал   салынуу турган төшөккө  боюн таштап өксөп ыйлап кирди.

Анан башын көтөрүп Момушты карады. Ал болсо муну  сооротуунун ордуна күнөөлүүдөй баягы отурган тейде төшөк четинде бүкчүйүп калыптыр. Келин эми ичиндеги бук-арманын төгө баштады:

— Эргазы эсепчи канча артымдан чуркады эле, бир жолу да макул болбопмун. Абыш кайнагам алып эле алайын десе андан  жаа бою качыпмын.  Тукеш   чолоктун  аскерге жөнөгөн уулу бадеркесин көтөрүп канча келди, бир чыгып койбопмун, же атыр самынын алсамчы ошол боз баланын… Мен алыста  күйөөм кан кечип жүрөт, мени сагынып жүрөт, ал келет, биз бала-чакалуу болуп узак жашайбыз депмин. Дебей калайын, кашайган турбаймынбы, же эрден жок, же башкасынан болуп, мен сени… Ушул күндү, ушул түндү, ушул саатты канча жылдар эңсеп күтпөдүм беле,  эми эмне кылам, кудайдын бул эмне жазасы, бирөөгө этегимди ачкан жок элем…

Келинчегинин сай сөөктү сыздаткан сөздөрүнө, ыйына туруштук бералбай, бир маалда Момуш ордунан шак турду да, каткырып күлүп жиберди. Анын күлкүсү бөлмөнү эле эмес, короону жарып, көчөгө угулду. Ал төшөктө туйлап, боздоп жаткан келинчегине жакын келип,  таңылган жерин чечип жиберди:

— Санамбү мен тамашалап койдум, мен эч кандай майып эмесмин, мен жөн эле сени…

Санамбүнү эми дагы саамга нес басты. Ал таңуусу чечилген жерди дагы  ойо карады да, күйөөсүнүн мурдатан эле ушундай азилкеч, тамашачыл экенин эстеди. Анын бу кыялын унутуп калыптыр. Көрсө, бул да  күйөөсүнүн көп тамашасынын бири тура. Ошончо жыл бөлөк жакта, согушта  жүрсө да баягы бир сөздү жөн сүйлөбөгөн, уурту күлкүдөн арылбаган пейили калбаган тура. Муну неге  ойлободу. Келин  күйөөсүнө кошулуп күлө албай, же аны бу тамашасы үчүн уруша албай кыжаалат болуп туруп калды.

— Кечирип кой, Санамбу жаным, жубайым. Сенин актыгыңа ишендим, сенин чынчыл, түз экениң билчүмүн, шондой болсо да бир  тамашалап коеюн дебедимби…

Ыйы тып басылган  Санамбү күйөөсүнө болгон  узак жылдан берки сагынычын да, азыркы тамашасы үчүн таарынычын да билдире албай,  чырак жарыгында  төшөктүн так ортосунда отурган тейде  тескери карап чачын өрүп жатты, ичинен азыр эле оозунан чыгып кеткен сөздөрү үчүн өзүн өзү жектеди. Төшөк үстүнө тизелей отуруп калган Момуш болсо  келинчегине жакындай албай, айласы кетип, азыркы эле тамашасы үчүн өзүн жаман көрүп турду.

Момуштун тамашасы көп эле. Анын көбү унутулду. Бирок  согуштан келген биринчи түндөгү  анын тамашасы  эрди-катындын   эси-көөнүнөн чыккыс болду.